mainkaptal

Пользовательский поиск
  Түштүк түрмөктөрү

ОШ
Учту… Учкан жок
Кечээ белгисиз бирөөлөр "Мелисбек Мырзакматов шаар башчылыгынан "учуптур" деген ушак таратып жибербейби. Муну уккан 200-300дөй адам муниципалдык кызмат имаратынын алдына Мырзакматовду ордуна коюу талабы менен чыгышты. Ал ортодо мэриянын басма сөз кызматы мындай маалыматты төгүндөп, Мелисбек Жоошбаевич кызматтан кетпегенин, ал болгону өкмөт жыйынына катышуу үчүн борборго сапар тартканын, кайра келгенде эл менен жолугаарын билдирди.
***
Түштүктөгү окуянын себебин иликтеген эл аралык комиссиянын жетекчиси Киммо Кильюнен ордолуу Ошко жумушчу сапары менен барды. Ажерден губернатор Сооронбай Жээнбековго кезигип, сүйлөшүү жүргүздү. Жолугушуу маалында Сооронбай Шарипович облустагы жалпы кырдаал тууралуу маалымат берип, кандуу кагылыштын себептерине кенен токтолду.
***
Москвадагы консерваториянын аспиранты, атактуу пианист Азамат Сыдыков эмки жумада экинчи борбордо кайрымдуулук концертин өткөрөт. Ош мэриясынын маданият бөлүмүнөн кабарлашынча, Азаматтын өнөрү Султан Ибраимов атындагы драма театрында тартууланат. Сыдыковдун концертине жаз, рок, классика жанрындагы чебер артисттер да катышмакчы.
***
Этникалык кагылыштын кесепетинен үй-жайынан айрылган элдин көйгөйүн чечүүгө кыргыз бийлигинен сырткары, дүйнө коомчулугу да кызыкдар. Маселен, жакында БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы жагымдуу кабар таратты. Ага ылайык, бу башкармалык утурумдук өкмөт менен макулдашылган долбоордун алкагында Ошко 900 үй курууну пландап жатыптыр.

ЖАЛАЛ-АБАД
"Маараган" "тез жардам"
Облустук укук коргоо органы июнь коогалаңына байланыштуу иликтөө ишин аяктады. Натыйжада массалык башаламандыкты уюштуруп, улуттар аралык жаңжал отун тутандыргандарга карата ачылган 18 кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Дубан прокурору Каныбек Турдумамбетовдун маалыматына ылайык, алаамат учурунда Жалал-Абаддын 69 тургуну каза таап, 550 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Ошондой эле 558 объект өрттөлүп, анын ичинен 398и карапайым калктын үйү. Ал эми кылмышка шектүү деп 74 киши кармалса, 69 жарандын иши сотко жөнөтүлгөн.
***
Миграция министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын төрага орунбасары Айнагүл Надированын айтымында, акыркы жети ай аралыгында 1728 адам жумушка орноштурулган. Буга улай 827 адам атайын окуудан өткөн. Алар негизинен ветеринар, тигүүчү, чачтарач, электрик, ширетүүчү сыяктуу адистиктерде "сабатын" жоюшуптур. "Жыйынтыгында зарыл тармактарда, айталык, "Жалалабадэлектро" сыяктуу ишканалар керектүү адистер менен камсыз болушту" деп кебин жыйынтыктайт Айнагүл айым.
***
Кадимки "тез жардам" машинеси кой, эчки ташыган унаага айланганын көрдүңөр беле? Көрсө, алыскы Токтогул районуна караштуу Сары-Камыш айылында "тез жардам" машинеси сыркоо адамдардын ордуна маараган жандыктарды ташыйт экен.

БАТКЕН
Жанкечтинин жаман жол
Алигиче кыргыз-тажик чегарасы тактала элек. Мындан улам Баткен облусунун Тажикстан менен кесилишкен кокту-колоттору аркылуу жанкечтилер өлкө аймагына өтүп келиши ыктымалдыгын, андыктан, чегара тилкесин бекемдөө зарылдыгын губернатордун милдетин аткаруучу Султанбай Айжигитов билдирди. А кишинин ырасташынча, дубанда негизинен абал туруктуу. Бирок Лейлек жана Баткен районунда кооптуу участкалар бар. "Анын алдын алыш үчүн коркунучтуу аймактарга убактылуу чегара тилкелерин орнотуу зарыл" дейт Айжигитов.
***
Араанын ачкан кымбатчылык өрүкзарга да жетти. Обладминистрациянын маалыматына караганда, ундун мүшөгү 150 сомго жогорулаган. Бүгүнкү күндө дубан боюнча кылкандуу дандын тартыштыгы 10 миң тоннаны чапчыса, кампада болгону 5 миң тонна буудай бар. Жергиликтүү бийлик кризистин алдын алуу максатында Казакстандан ташылчу буудайды сатып алууну пландоодо.
"Жаңы Агым - пресс"




"Эртең элден чыгып калгым келбейт"

Аксы районунун Ак-Жол айылы - кыргызга таанымал инсандар комузчу Ниязаалы, төкмө акын Токтосун Тыныбеков, жазуучу Төлөгөн Касымбековдун кичи мекени. Аталган айылдын эли сыртта жүргөн балдарына "биз мында шак жесек деле өлбөйбүз, силер кантип жатасыңар?" деп тамашалап калышат. Чындап эле бул өрөөн жай башталары менен тыттын мөмөсү, андан кийин ак алмасы, айтор, алты ай бою жер-жемиши төгүлгөн берекелүү аймак.
Биз аталган айыл округунун башчысы Келдейбай САТЫБЕКОВго
кайрылып, элеттиктердин көйгөйү менен тааныштык.


- Келдейбай мырза, өткөн жылы апрель айында Ак-Жол айыл округуна караштуу аймакта жер көчкү жүрүп он алты адамдын өмүрүн алып кеткен. Учурда бул кырсыктан жабыр тарткандардын абалы кандай? Ушундай кырсыктарды алдын алуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
- Пенде болгон соң башка түшкөндү көтөрүүгө туура келет экен. Набыт болгон он алты адамдын жакындарына мамлекет тарабынан шарт түзүлүп, коопсуз жайга көчүрүлгөн. Бул окуядан соң чукул кырдаалдар министрлиги тарабынан мониторинг жүргүзүлүп, 28 кожолуктун үйү да кооптуу жерде экендиги аныкталып, аларды башка жакка көчүрүүгө тапшырма берилген. Учурда 3 млн. сом ссуда алгандардын ичинен алты үй-бүлө гана көчүп чыкты. Мындан сырткары, жер көчкүгө дуушар болгон атуулдардын ичинен он үй-бүлөгө айыл округунун фондунда жер участогу жок болгондуктан берилбей жатат. Ал эми табият кырсыгына кириптер болчудай жайда жайгашкан 25 адамга ссуда берилбеген. Экинчиден, алардын өз ордунан көчүп кетүүгө таптакыр ниети жок. Бирок кандай болгон күндө да жаратылыш кырсыгына туш болот деп шектелген аймактагы үйлөр башка жерге көчүрүлүш керек.
- Айыл эли дан эгиндери менен өзүн өзү камсыздай алабы?
- Акыркы жылдары аймагыбызда буудай эгилбей калгандыктан өзүбүздү өзүбүз эгин менен камсыз кыла албай жатабыз. Чындыгында ар бир үй-бүлө өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша базардан ун сатып алып, өз муктаждыктарын чечип келүүдө.
- Мал чарбачылыгы тууралуу эмне дейсиз?
- Биздин округдагы айылдардын шарты, жаратылышыбыздын түзүлүшү мал чарбачылыгына ыңгайлуу. Жайыт кенен. Кудайга шүгүр, кийинки мезгилде элдин жашоо-шарты бир аз жогорулап, малдын башы өсүп жатат. Бирок эл эмнегедир менчикти мыйзамдуу түрдө көбөйтүүгө эч кандай тоскоолдуктар жок экендигине карабай, бизге колдогу бар малынын бештен бирин гана каттатып келет. Ошондуктан так маалымат бере албайм. Бирок мындан да көп киреше алуу үчүн малдын асылдуулугун арттыруу колго алынбай жатканын ачык айтыш керек. Менимче, азыр ар бир эле айыл тургуну көбүнчө малдын сапатын эмес, санын көбөйтүүгө аракет жасашат. Бизде да ушул маселе бар. Учурда малды жасалма уруктандырууга убакыт келди. Азыр ушул маселени колго алуу зарыл.
- Айыл чарбасы кандай деңгээлде?
- Айыл элинин жашоо шарты, деги эле күнүмдүк жашоосу тамаркасы менен тыгыз байланышта экендиги баарыбыз билебиз. Жер жеке менчикке берилгенден бери тилекке каршы, жердин берекелүүлүгүн арттырууга кайдыгер мамиле жасалып келатканын танууга болбойт. Жерден жогорку түшүм алуу үчүн которуштуруп айдоо, агротехникалык эрежелердин сакталышы чоң роль ойнойт. Учурда айыл чарбабыз ушул жагынан аксап турат. Биздин айыл округунда 752 гектар айдоо жер бар. Анын ичинен 100 га. суулуу, 652 га. кайракы. Өткөн жылы жазда 312 га жер аянтына дандык жүгөрү, 380 га жерге май өсүмдүгү эгилген. Натыйжада 1467 тонна жүгөрү, 304 тонна семичке алынды.
- Айылга сырттан инвестиция тартылабы?
- Былтыркы жылда инвестиция тартуу жана өкмөттүк эмес уюмдар менен иштешүү боюнча биртоп алгылыктуу иштер аткарылган. Мисалы, АРИС аркылуу бардыгы болуп 1 млн. 462 миң сом каражат кирсе, АКТЕД уюму тарабынан бардыгы болуп 5 млн. сомдун тегерегинде каражат келген.
- Мектептердин абалы, билим берүү тармагы тууралуу кандай маселелер бар?
- Биздин Ак-Жол айыл округунда 1537 кожолук бар. Аймагыбызда жалпы жонунан 6791 киши жашайт. Округ негизинен 9 калктуу конуштан турат. Аймакта 3 орто, 1 негизги билим берүүчү жана үч башталгыч мектеп бар. Окуучулардын билим сапаты М.Сыдыков атындагы орто мектепте 51 пайыз, Т.Тыныбеков атындагы орто мектепте 54 пайызды, О.Ташкулов атындагы мектепте 59 пайызды түзөт. М.Сыдыков атындагы жалпы билим берүүчү мектептин жылытуу системасын түп тымырынан бери жаңылабаса, келерки кышта мектептин жабылып калуу коркунучу бар. Буга чейин жылытуу системасы мектеп директорунун жана эмгек жамаатынын күчү менен иштеп жаткандыгын айтпай кое албайбыз. Дагы бир маселе, дээрлик бардык мектептерибизде химия, физика, чет тили боюнча кадрлар жетишпейт.
- Алдыдагы парламенттик шайлоодо админстративдик ресурс катары колдонуласыңарбы?
- Биз атуул катары күздө өтө турган парламенттик шайлоо тынч, акыйкат өтүшүнө кызыкдарбыз. Ал эми айыл округунун башчысы катары партиялар боюнча калыс пикирдемин. Себеби мен ушул айылдын түбөлүктүү тургунумун, андыктан бийликтин, же дагы бир саясый топтун кызыкчылыгын коргойм деп эртең элден чыгып калгым келбейт. Алса ишин алышат да...
Зайырбек АЖЫМАТОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика