mainkaptal

Пользовательский поиск
  Кырдаал

Көпүрө
Союз "союлгандан" кийин КМШны айтпаганда да Орто Азия чөлкөмүндө өзүнүн бүгүн-эртеңки
тарыхый жолун, коомдук-саясый түзүлүшүн аныктап алууга ушунчалык көктүк менен умтулуп, бийликти узурпациялап алган хан-бектерин кан төгүшүп жатып кууп жиберүүгө чейин барган кыргыз элиндей бир дагы эл болбогондугун сыймыктануу менен айтсак ашыктык кылбас.


Акыркы апрелдеги кандуу окуялардан кийин бийлик тизгинин бир кишиге карматпай, парламенттик башкарууга багыт алганыбыз, айрым алыскы-жакынкы мамлекеттердин "аллергиясын" карматканын эстен чыгарууга болбойт. Айталы, Кыргызстандын парламенттик башкаруу жолун тандап алышына Орусиянын президенти Д.Медведев да ого эле шектенүү менен карай тургандыгын айтканы бар. Ал "…мындай мамлекеттик түзүлүштү кийирүү бийликтин бир топтон, экинчи топко өтүшүн шарттап, акыр аягында экстремисттик багыттагылар бийликке келип калышы мүмкүн" деген эле. Аны менен эле токтобой, "Кыргызстандын азыркы абалында түрдүү мүмкүнчүлүктөр көп, атургай мамлекет катары "оомийин" болуп кетиши да ыктымал. Андыктан улуттун мүнөзүн жана тарыхый өзгөчөлүгүн эске алган күчтүү бийлик керек" деп жүрөк түшүрөт. Орусиянын обурактуу президенти бул сөздөрүн бизде референдум өткөндөн кийин айткан эле. Ошондой эле президент Р.Отунбаеваны Астанадагы саммит учурунда гана ооз учунан куттуктамыш болгон.
Ырас, кимдин ким экени жамандык башка түшкөндө билинет дегендей, Орусия Кыргызстанга кыйын учурларда алгачкылардан болуп кол сунуп келет. "Досуң бергендин тишин ачпа" демекчи, аларды санап отурбайлы. Бирок, акыркы мезгилдерде айрым партиялардын лидерлеринин ат тезегин кургатпай Маскөөгө каттап калышын да көз жаздымда калтырууга болбойт. Жакында эле "Республика" партиясынын лидери Ө.Бабановдун орус президентининадминистрациясынын аппарат башчысы С.Нарышкиндин кабыл алуусунда болуп келишин кыргыз ММКлары "Маскөө ташын кимге салган жатат" дегендей талкуулап жиберген. Ага чейин "Содружество" партиясынын лидери Нифадьев, "Ар намысчыл" Кулов, "Акыйкат" партиясынын лөгү Жекшенкулов өңдүүлөр Кремлден "мээрим" издеп бир сыйра барып келишкен. Аныгында Кремлдин Кыргызстандын саясый турмушундагы орду өзгөчө. Бирок Кыргызстан парламенттик башкарууга аттанган күнү эле Орусия президентинин жогоркудай "жоромолго" түшүшү, биздин бул багытыбызды жактырбай тургандай таасир калтырат. Ошондой эле тигил же бул партияга көз кысып, алар аркылуу алдыдагы шайлоодо "шайтан оюндарын" уюштуруп жиберип, "ушундай болорун билгенбиз, айтканбыз" деп оозун куу чөп менен аарчып чыга бербешине ким кепилдик бере алат?
Кыргызстандын парламенттик башкарууга багыт алышын жактырбаган, президент Медведевдин "күчтүү бийлик" керек дегенин күчөтүп "күчтүү президент" керек дешип күнү-түнү айткандан тажабаган Ниязов, Мадумаров өңдүү азаматтарыбыз бар экенин эске алсак, алдыдагы шайлоо аныгында эле кооптуу. Дегеле, көзү илинсе эле бийликтин бийик тактысы түшүнө кире берип, өңүндө да ансыз жашай албай калган, парламенттик болобу, президенттик болобу эптеп эле ээрде болууну көздөгөн саясый лидерлердин мындай дымагынын арты кандай болорун азыр айтыш кыйын. Айтылуу чекист Артур Медетбековдун "…айрым партиялар 500гө жакын куралчан адамдарын күнүгө машыктырып жатышат" деген маалыматын ММКлар басып чыккан. Тишине чейин саясатташкан кыргыз коомчулугу тегин жерден сүйлөй бербеген тажрыйбалуу чекисттин бул үрөй учурган маалыматын кулак сыртынан кетиришкени өкүнүчтүү. Күздөгү шайлоого карата мындай куралдуу даярдыктын максаты баягы эле бийлик экенин кайталасак да айталы. Партиянын жалпы саны 148ге барып калды деп жаттык эле, азыркы учурда анын 57си БШКдан каттоодон өттү. Калгандары кандай кадамга барат али белгисиз. Жогорку айтылгандардан улам алдыдагы шайлоонун жүрүшүндө кылдан кыйкым издеген ички-тышкы саясый күчтөр Кыргызстанды парламенттик башкарууга бет алган жаңы тарыхый багытынан ажыратып койбойбу, дегеле шайлоо чубактын кунундай чубалып кетпейби, саясый партиялар тарых, эл алдындагы жоопкерчиликти мойнуна ала алабы, жалпы эле калкыбыздын келечеги кандай болот деген суроолор кабыргасынан коюлуп тургансыйт. Албетте Р.Отунбаеванын ордосуна оңой болуп жаткан жери жок. Бир жагынан эркин басма сөздөр каалагандай экчеп жаткан бул ордо коомчулуктун коргоосуна да муктаж. Анткени легитимдүүлүгүн бүткүл элдик референдум тастыктап берген бул бийлик күздөгү парламенттик, андан кийинки президенттик шайлоолорго чейинки көпүрө болуп берүү милдетин аткарууда. Ал эми көпүрөсүн көңтөрүп салган ким гана болбосун аркы өйүзгө өтө албайт эмеспи.





  Ат жалында

Алдыдагы парламенттик шайлоодон кийин саясый абал кандай болот деп ойлойсуз?
Кубан Табалдиев, саясый серепчи:
"Украина варианты болбосок болду"
- Шайлоодон кийин өлкөдөгү саясый абалдын курчуп кетиши толук мүмкүн. Анын айрым белгилерин бүгүн эле байкоого болот. Мисалы, мурда элдин өзүндө түндүк, түштүк деген маселе бар эле. Эми партиялар да бул оорудан арыла албай, атургай ошол "жыртылбаган" тонду жамынып чыга калышчудай болуп турат. Мунун кесепетинен бөөдө журт бөлүнүп кетиши да мүмкүн. Шайлоодон кийин парламенттеги жылдызы келишпеген партиялар бир-бирине оппонент чыгып, тиреше берсе, Украина варианты келип чыгышы толук ыктымал. Анда эле парламенттик кризиске кабылганыбыз ошол. Ошол эле учурда парламентке өткөн, мурда анча белгисиз партияларды өздөрүнө жакындатуу үчүн ири партиялардын арасында айыгышкан кармаш болоору да турган иш. Айтор, кызыктын баары али астыда.

Жыргалбек Касаболотов, саясый серепчи:
"Эреже сакталышы керек"
- Шайлоо элдин башын биртоп эле айланта турган окшоп калды. Ошого жараша добуштар да чачырап, электорат үчүн чатак чыгып кетеби деп чочуйсуң. Мындай иштердин алдын алуу үчүн шайлоого аттанган партиялардын белгилүү бир эрежени сактап (алдын ала сүйлөшүлгөн эрежени), "жыгылган күрөшкө тойбойт" болбой, саясый топуктуулук күтүшү өтө маанилүү. Антпесек, парламенттик башкарууга барбай эле, бирин-бири укпаган "бардак" түзүлүшкө барып калаарыбызды бөркүбүздөй көрө берели. Андан ары мамлекет болбой калышка бир эле кадам калат. Ошондой эле шайлоонун дурус же буруш өтүшү биздин ар бирибизге да байланыштуу экенин унутпайлы.

Жамин Акималиев, академик, коомдук ишмер:
"Баары коомчулуктун колунда"
- Бул жолку парламенттик шайлоо татаал өтөөрү көрүнүп калды. Шайлоонун жүрүшүндө же бүткөндөн кийин кызыл чеке талаш-тартыштар болбой койбойт. Буга чыдаш керек. Муну баштан өткөрүүгө коомчулук да даяр туруш керек. Башка жол жок. Ошондой эле шайлоого катышкан партиялардын лидерлери, аттуу-баштуу мүчөлөрү саясый маданият деген бар экенин, атаандашты жерден алып көргө чаппай, кыргыздын төл сөзү менен айтканда кебез менен сойгондой жылуу-жумшак "чаап" түшкөнгө үйрөнүшсө, бири-бирин сыйлай билишсе, саясый жоопкерчиликти унутушпаса дээр элем. Мен баягы Акаев, Бакиев тушундагы балит технология колдонулуп кетеби деп чочулап турам. Жакында эле Таласка, Нарынга барып келдим. Учурда Ысык-Көлдөмүн. Карапайым адамдар айрым партиялар келип, канча берели дешип кадимкидей соодалаша баштады дегенди угуп жатам. Ушул чын болсо анда бул шайлоо эч качан бүтпөй тургандыгын белгилей кетейин. Баарыдан мурда коомчулук сыртта карап турбашы керек. Жалпы жоопкерчилик элде да бар. Эл саясый бийиктикти көрсөтсө, кандай партия болбосун чектен чыгып кете албайт. Андыктан барып келип эле эл чечет.

Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл акыны:
"Жеңиле билген эрдик"
- Бизде колунда бар, анча-мынча журтка төбөсү көрүнүп калган кимдир бирөө кызматтан түшсө же шайлоодон жеңилип калса жетип эле жердештерин көтөрүп чыкмай, жол тосо коймой, борборго чаап жетип, аксакал-көксакалын сүйрөп келип ак үй, көк үй алдында айкыртып турмай адат болуп калбадыбы. Алдыдагы шайлоодон кийин мындай көрүнүш кайталанбайт деп эч кимибиз айта албайбыз. Ушул бөтөн элге "бөө", коңшуларга "кокуй" көрсөткөн мындай адатыбыздан арылбасак, бүтүндөй ааламга шерменде болобуз. Ал эми шайлоодон жеңилген партиялар ызасын ичке катып, элди дүрбөтпөй, эр жигитче оюндан чыга бериши керек. Ага арданбай эле койсун. Мына президент Барак Обама бийликке келгенде, андан азыраак добуш менен эле жеңилген, артында миллиондогон колдоочулары турган Джон Маккейни жеңилгенин мойнуна алып, эл көзүнчө жадырап жайнап басып келип куттуктады го. Анын күйөрмандары деле биздегидей жол тосо салбай эле, тескерисинче ак жол каалап басып кетишпедиби. Демек, биздин дымагы ай чапчыган партияларыбыз, алардын кокту- колоттогу күйөрмандары жеңилгенди да билиш керек. Антпесек Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө шек келтирип алабыз. Эл өзүнчө, мамлекет өзүнчө эмес да. Ошондой эле Роза Отунбаеванын өткөөл бийлиги шайлоодон жеңилгендер мыйзамсыз аракеттерге барса, катуу жоопкерчиликке тартылат деп эле ачык айтсын. Себеби, шайлоону таза өткөрүүдөгү чоң жоопкерчилик алардын мойнунда турат.

Данияр Нарымбаев, коомдук ишмер:
"Терең ишенгим келет"
- Азыркы шайлоого катышып жаткан партиялардын лидерлери бирин-бири билген, саясый кырдаалды туура түшүнгөн адамдар экенине терең ишенгим келет. Алардын өз ара этикалык кодекске кол коюшу да бекер жеринен эмес. Саясый жоопкерчиликти сезип жатышат. Ал эми шайлоо учурунда чыр-чатактар, талаш-тартыш болбой койбойт. Алар мыйзамдын негизинде гана чечилиши керек. Бирок, бир саясый лидердин кызыкчылыгы Кыргызстандын, анын элинин кызыкчылыгынан жогору эместигин баарыбыз эстей жүрөлү.

Бетти даярдаган Темирбек
АЛЫМБЕКОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика