20.08.10 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Генералдан ачык жооп
Эркин гезиттердин бири "Эл арманы" партиясынын саясый кеңеш жыйынында Мирослав Ниязовдун кылык-жоруктары талкууланып, натыйжада аны төрагалыктан кетиришиптир" деген учкай кабар таратты. Мунун чын-төгүнүн тактоо максатында генералга кайрылсак, "мени эч ким кубалаган-эткен жок. "Бүтүн Кыргызстанга" кошулгандыгыма байланыштуу партия төрагалыгын Касым Исаевичке жылуу жумшак өткөрүп бердим" деди.
Акаевдердин айкырыгы
Туңгуч президенттин туңгуч кызы Бермет Акаеванын бетке чабарлыгын баалабаска арга жок. 2005-жылдагы төңкөрүштөн соң эч кимден коркпой мекенине келип, атакесинин намысын коргогонго аракет жасаган. Апрель окуясынан көп өтпөй дароо Бишкекте пайда болуп, убактылуу өкмөттүн ишмердүүлүгүн сындап турганы. Кечээ да маалымат жыйынын өткөрүп, Аскар Акаевди кол тийбестик укугунан ажыратуу тууралуу декрет юридикалык күчкө ээ эмес экенин, утурумдук өкмөттүн бу документине россиялык адистер арты менен күлүп жатканын шардана кылды. Ошондой эле жеке өзү парламенттик шайлоого катышпастыгын кыстара кетти.
Кыргызстанды 14 жыл бою азапта кармаганы аз келгенсип, апрелден бери жалаң табалап келаткан Акаев керт башы үчүн гана күйгөнүнө кыжыр келет. Же бечара кыргызга жалаң кулдардан башчы болуу жазылганбы?

Калемди кайрап жатат
Экс-"ак жолчу" депутат Кабай Карабековдун чоң саясаттан көңүлү үч көчкөн журттай калгандай. Себеби Кабай Жабаевич белдүү партиялардын чогуу кызматташуу сунушунан сылык баш тартты. Анын ордуна ал өзүнүн негизги кесибине - журналистикага кайтып барды. Карабековдун Россиянын "Коммерсантъ" басылмасында кабарчылык милдетти аркалап жүргөнү муну ырастайт.

"Куттуктайбыз"
Маданият министрлигинде Мукталы Бектеналиев деген берен бар. Бу жигиттин коррупциялык иштери жөнүндө учурунда ММКда көп эле баяндалган. Арийне, эски бийлик буга карата чара колдонгон эмес. Отунбаева өкмөтү Бектеналиевдин таржымалын жакшы билбейби, айтор, апта башында кайрадан министрликтин статс-секретарлыгына дайындаган чечим чыгарды. Мукталыны мукуратпагысы келбеген ким болду экен?

Айла жок амал
Курманбек Бакиевдин Тейиттеги үйүн ала допучандар калыбына келтирип жатканы басылмаларда көп жазылды. Өрттөлгөн үйлөрдүн орду турган соң, ал жер бала бакчага айланат. Экс-президенттин иниси Каныбек Бакиев ата журтунан безип баратып ушундай "керээз" айтканын чет эл басылмаларынын бири жарыялады. Бирок, бул амалы деле алардын кылмышын жаппайт го.

Ортодо эмне "соода" болду?
Наркы жумада Өмүрбек Бабанов тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди борбордогу эс алуу бактарынын бирине сейилге чакырды. Экөөнүн парктагы жолугушуусу жарым саатка созулду. Көргөндөрдүн айтымында, сүйлөшүү маалында килтеңдеген он чакты жигит элди ары-бери өткөрбөй, тигилерди катуу кайтарууга алган. Токтогулдун уулу болду-болбоду Казакбаевди өз партиясына кирүүгө үндөгөн чыгар деп биз бу жакта шыпшынып турубуз.

Ким кимдин кудасы...
Редакциябызга кесиптик техникалык орто окуу жайлары боюнча агенттиктин директору Т.Чолпонкулов тууралуу кызык маалымат түштү. Анда келтирилген фактыларга караганда, Чолпонкулов мырза жетектеген агенттикте биртоп былык иштер бар. Башта экс-президенттин иниси Каныбек Бакиев , экс-башпрокурор Элмурза Сатыбалдиевге таянса, эми Алмазбек Атамбаевдин кудасы экенин айтып, өз билгенин жасап атат дейт. Орто кесиптик окуу жайлардын кызматкерлери жакында өлкө башчысы Роза Отунбаеванын атына кайрылуу жолдоп, Т.Чолпонкуловду кызматтан кетирүү талабын коюшмакчы.

Ишенесиңерби?
Азыркы өкмөт мүчөлөрү боюнча түрдүү жөө жомоктор эл арасына эчак тарап кеткен. Маселен, вице-премьер Азимбек Бекназаровдун эски бийликтин айрым тыңчыкмаларынан миллиондорду "сындырып", бизнесмендерден "доля" өндүрмөйдү өнөкөткө айлантканын уксаң келмең оозуңан түшөт. Азимбек Анаркулович мына ушундай имиштерге УТРКнын түз эфиринен мындайча чекит койду: "Ыйык рамазан айында туруп айтайын, Кудай алдында, абийирим алдында тазамын". Бекназаровдун минтип Кудайды оозанып актанганына ишенбегендер да бар десең. Асыресе экс-бакиевчил чиновниктер, ашынган олигархтар. Айтор, эч кимге ишенбеген заманда жашап жатабыз…

Сулайманов суудан кургак чыктыбы?
"Ата Журт" партиясынын шайлоого карата түзүлгөн тизмесине жалаң эле экс-депутат, экс-министрлер кирип алыптыр. Алардын арасында үй камагына чыгарылган мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов да бар экен. Болгондо да алдыңкы катарда. Биздин билишибизче, анын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү аяктай элек эле… Кезинде жол курам деген долбоорлордон далайды кымтып калган кайран Нукең мыйзамды уруп ойнобой эле депутат болуп алгысы келеби, же өзүнүн үстүнөн козголгон кылмыш ишин өкмөттөгүлөр менен жең ичинен бүткөрүп алды бекен? Мындай жол менен бара берсек эртең депутаттык трибунадан Бакиевдерди деле көрүп калышыбыз мүмкүн окшойт.

Түрктөр баш терисин байкашат
Убактылуу өкмөт төрайымынын мурдагы орунбасары Өмүрбек Текебаев ушу тапта Түркияда жүрү. Өмүке бу сапарында түрк президенти Абдуллах Гүлгө, мындан сырткары, ал жактагы үч ири партиянын лидерлерине кезикти. Ал эми бүгүн Түркиянын экс-президенти Сулейман Демирел менен жолукмакчы. Саясат талдоочулар Текебаевдин бул жүрүшүн парламенттик шайлоого карата көргөн камылгасы сыпатында баалашууда.

Качан кыргызча сүйлөйбүз?
Жакында өкмөттүн ийгиликтүү татарлашып бараткан басма сөз катчылыгы бул жерде иштеп жүргөн кыргыздарды көчүккө тээп жумуштан айдайт экен деген күдүң-күдүң кептер жүрүүдө. Мындай иштин башында өкмөттүн маалымат борборун жетектеп келген Фарид Ниязов турат дешет. Ишенбейин десең жумушка алынып жаткандар жалаң эле тили буруулар же эне тилинде эки сөздүн башын кошуп жаза албаган "киргиздер". Ишенейин десең, кечээ жакында президент Р.Отунбаева өзүнө Султан Каназаров деген кадимки эле кыргыздын кара баласын пресс-катчы кылып алды.

Асанов айрылгысы келбейт
Жалал-Абад губернатору Бектур Асанов парламенттик шайлоого барбастыгын билдирип, "Эгемен Кыргызстан" партиясынын төрагалыгынан кетти. Анын мындай чечимге келишине өлкө башчысынын кысымы түрткү болгон. Роза Отунбаева "партия төрагалыгын же губернаторлукту тандаңыз" деген талап койсо, Асанов экинчи жолду тандаган. Дегеле кыргыз качан колунда турган бийликти жөн эле бере койчу эле. "Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө" деген жигиттер азыр көбөйбөдүбү.
"Жаңы Агым-пресс"