20.08.10 - 17-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Өзү менен өзү

ОМАР:
"Кээ бирөөлөр мен эң жакын досумун деп ойлоп жүрүшөт"
- Эмне үчүн Омар?
- Шоу бизнеске кадам таштаган адам сөзсүз ушакка, бут тосуу, жамандоолорго кабылат. Андыктан өзүмдүн чыныгы аты-жөнүмдү каралабашсын деп псевдоним менен чыгууну туура көргөм. Омар деп продюсерим Нурслан Сыдыгалиев атаган эле.
- Эмне үчүн продюсериң менен иштешпей калдың?
- Нурслан байке менен сүйлөшүү болгондо кыска мөөнөттө эле иштешебиз дегенбиз. Себеби, мен кайсы убакта болбосун, ыңгайы болуп калса эле дароо Америкага кетип калышым мүмкүн эле. Андыктан түшүнбөстүктөр болбош үчүн бул чечимге токтолгонбуз. Башкалардан айырмаланып, азыр ага-инидей жакшы мамиледебиз.
- "Новая волнага" барганда эмнеге казактардын ырын ырдадың?
- Ал убакта чындыгында жаштык кылыпмын. Анүстүнө бул долбоорду жамандагандай болбоюн, бирок конкурс үчүн даярдап барган ырларды ырдатпай коюшканын айтып койгонум жогорку суроого жооп болот деп ойлойм.
- Сыйлыкты тапшыруу аземинде Алла Пугачеваны таарынтып алган дешет?
- Сыйлыкты алардан мурун мен сөзүмдү даярдап, азыр моминтип сүйлөйм деп ойлоп жаткам. Анан эми сахнага чыгаарда мен ала турган сыйлыктын дипломунда "Дядя Ваня сыйланат" деген сөздү окуп алып, мен эмес турбаймбы деп дароо маанайым чөгүп, өзүмдү башкача сезип калдым. Эч кандай сыйлыгы жок Кыргызстанга эми уят болуп кантип барам, барбай эле койсомбу деген сыяктуу ар кандай ойлор келип, дендароо болуп тургам. Анан Пугачева Омар деп айтканда эч нерсени түшүнбөй эле тиги Дядя Ваняны карап кол чаап коем. Көрсө, ал сыйлыкты эки кишиге берүүнү чечкен экен. Чынында баары бүттү деп окуянын мындай вариантын күтпөй турганда, шок болуп эмне деп сүйлөөнү ойлобой эле, "Люблю Латвию, спасибо Вам! Люблю Кыргызстан, чоң ыракмат!" деп мага тандоо турунда жардам беришкен адистерге ыраазычылыгымды билдирип туруп, өз сыйлыгын мага тапшырган Алла Борисовнага ыраазычылыгымды билдирбей кетип калыптырмын. Башка катышуучулар 27-29 жаштагылар болсо, мен 18 жаштагы жаш бала болуп көп нерсени туура эмес кылып алыптырмын. Балким ошондо жакшылап ыраазычылыгымды айтсам орустун примадоннасы мага андан ары да колдоо көрсөтмөктүр. Өмүрүмдөгү унутулгус каталарымдын бири болуп калды окшойт.
- Ошол байсалдуу сапар учурунда бир нече орустун белгилүү продюсерлеринен сунуш болгон дешет?
- Сунуш болгон. Бирок жакшылап ойлонуп көрсөң, Россияда азиаттарды жаман көрүшөт. Орустан бөлөк башка улуттун өкүлү болгон ырчылар жыргап кеткен эмес. Мисалы, менин ырларымды миң кыйын продюсер "раскрутка" кылса деле "чурка" дешип жакшы кабыл алышмак эмес. Андан көрө аудиториясы аз болсо да, өз жеримде эле жүргөндү туура көрдүм.
- Алла Пугачеванын акчасын каякка жумшадың?
- Продюсерим Нурслан Сыдыгалиевге машина алып бердим. Өзүмө да "Мерседес" үлгүсүндөгү күмүш түстүү тулпар алгам. Калган акчанын баарын ата-энеме бергем.
- Америкага кантип кетип калдың?
- Бул менин бала кезден берки кыялым. Мектепте математикалык багыт менен кетесиңби же чет тили мененби дегенде, англис тилин тандап алгам. "Новая волнадан" келгенден кийин гезитке берген интервьюмда эми жакын арада Америкага барам деп койгон элем. Ошол кезде мага көбү "кетип калсаң, "жарк" деп чыгып, кайра бат эле унутулуп каласың, бир-эки жыл чыгармачылыктын үстүндө иштеп, анан бар" деп калышты. Бирок мен жалпы коомчулукка барам деп койгондон кийин калпычы болбоюн деп кетип калдым.
- Омар Америкада университетте окубайт экен, элди алдап коюптур дешет…
- Мен университетте окуган жокмун. Бөтөн элде, бөтөн жерде дароо университетке кирип кетүү кыйын. Мен тилди өнүктүрүү үчүн атайын колледжде билим алып келдим. Ал жакта окуунун бир жумалык акысы - 535 доллар.
- Омарга Курманбек Бакиев спонсор болгонбу?
- Курманбек Салиевич мага колдоо көрсөткөндөрдүн катарында болчу. Учурдан пайдаланып бардык демөөрчүлөргө ыраазычылыгымды айтам. Бирок чыгашанын басымдуу бөлүгү өзүбүздүн чөнтөктөн кетти. Экс-президент мага 6 миң доллар берген.
- Америкада кандай адамдар жашай алат?
- Бизге салыштырмалуу ал жакта жашоо шарты жеңил. Көбүнчө жыргал жашоону көтөрө албай кетишкендер жашашат. Максаттуу адам ал жакта бүт оюн ишке ашыра алат. "Американская мечта" деген сөз бар. Адам эмнени кааласа, ал жактан кыялын орундата алат. Мисалы, бизнес ачып байыгысы келген адамга өкмөт жардам берет. Мени бир нече миллионерлер үйүнө конокко чакырышты. Чайлашуу учурунда алар өзүнүн өмүр баянын, кеп-кеңештерин сүйлөп отурушат. Ошолор айтат, байууну каалаган адам Америкага келиш керек деп. Ал эми арак заводу бар бир миллиардер "Омар, эгер чоң ийгилик жаратам десең, көп кыялдан, көп адамдар менен дос болуп, мамиле түз" дейт. Анткени ал киши да ушул жол менен көптөгөн тааныштарынын, досторунун жардамын тепкич катары колдонуп, бай болгусу келип, ал кыялына жетиптир. Ал адамдын кеңешин мен кыргызстандык жаштарга ийгиликтин формуласы катары айтып койдум.
- Эмнени көп сагындың?
- Туугандарымды, досторумду сагынганым менен телефондон, интернеттен сүйлөшүп, жанымда эле жүрүшкөндөй болду. Өнүккөн техниканын жардамы менен жакындарыңа болгон кусалыкты жойсо болот экен. Бирок кыргыз жерин, абасын, суусун, тоолорун, жашоо шартын эмне кылсаң да баары бир сагына берет экенсиң. Булардын баарын алмаштыра тургандай альтернатива дүйнөдө жок экен. Алгач бир ай Америкага суктанып бул жак жакшы турбайбы деп жүрүп, кийинчерээк "ой, бизде мындай" деп кайра сагынычтан өз жеримди мактай баштадым.
- Америкалыктар кандай калк экен?
- Америкада бири-бири менен жакшы мамиле кылганы менен достук аз. Адамдар бири-бирине ишенбейт. Бизде көйгөйүн, арманын досуна айтып берет го, алар бир гана психологго айтышат. Ошол себептен ал жакта бул кесиптин ээлери көп акча табышат.
- Тамак-ашы жактыбы?
- Биздикилердин көпчүлүгү "ой, алардын тамагы начар экен" деп келишет. Себеби алар акчасын аяп фаст-фуд сыяктуу арзан нерселерди жеп, арзан кафелерге киргендиктен жакпайт. Дүйнөнүн бүт ашканасы Америкада десем туура болот. Ал жакта үйдө тамак жасаганга караганда кафе-ресторандарга барган арзан түшөт. Ошондуктан мен бардык тамактарды жеп чыктым, ашканасы мага жакты.
- Убактың кандай өтүп жатты, жалаң эле окуубу?
- Окуу беш күндүк убактымды алат. Дем алыш күндөрү кафе-ресторанда ырдап иштеп жүрдүм. Кыргыз тилиндеги репертуарымды да аралаштырып ийген күндөр болду. Бирок ал жакта көбүнчө ырчыга эмес, жандуу музыкага басым жасашат. Андыктан, көп деле ырдап кыйналган жокмун.
- Акыркы жылдагы окуялар ал жакта кандай өңүттө кабыл алынып жатты?
- Чынын айтсам, Кыргызстан маалымат майданда уттуруп жиберди. Дүйнөнүн баары кыргыздар революция жасагандан кийин урунарга тоо таппай башка улуттарга үстөмдүк кылып, аларды басмырлашууда деп түшүнүштү. Кыргыз журналисттери бир нерседен коркуштубу же тыюу болдубу, ачык бере алышкан жок. Туугандар, достор, тааныштар окуя чын эле кандай болгонун айтып берсе, дүйнөлүк прессадагы пикир таптакыр карама-каршы болуп чыгат. Мен канчасына андай эмес, туура эмес маалымат кетип жатат, чындыгында момундай болгон деп түшүндүрүп жаттым. Ошентсе да дүйнө эли кыргыздарды тиран эл катары кабыл алышты окшойт. Себеби, өзбектер атайын даярдангандай кордуктун айынан тим эле сыздап жатышкандай материалдарды интернетке жарыялап салышкан. Интернеттин Ю-туб сайтынан Кыргызстан деп маалымат издесең, жалаң эле өлтүргөн-житирген видеолор чыгат. Американын айрым каналдарында биздин абал түз эфирде талкууланып жатты. Ал эми 7-апрелдеги окуяларда атайын Обаманын кайрылуусу, талкуулар болду. Ыңкылап эмес, төңкөрүш болду деп маалымат беришкен. Алардын саясатчыларынын пикири боюнча биздин өлкөнүн мындай абалга келип жатышы, өлкөнү чын дили менен иштейин деген адамдар эмес, башкара албаган, туура эмес адистер жетектегендиктен болуп жатыптыр.
- Бизде эмне өзгөрүптүр?
- Көпчүлүк айта берет го чет өлкөдөн келгенде Кыргызстан айыл көрүнөт деп, менде андай болгон жок. Бирок, Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү нормалдуу болсо деле айрым көчөлөрдө саат түнкү 11де жарыкты өчүрүп салгандары жакпай жатат.
Шоу-бизнесте ырчылардын саны көбөйүптүр. Бул жакшы көрүнүш деп ойлойм. Анткени саны көп болсо сапатты тандап алууга, салыштырууга мүмкүнчүлүк болот. Америкалыктарга салыштырмалуу биздин элдин аябай агрессивдүү экени мага байкалып жатат. Маданияты төмөн экени дароо билинип калат экен.
- Чыгармачылыкта өзгөрүүлөр болобу?
- Эми жаңы стиль деп биздин менталитетке туура келбеген стиль менен кетчү болсом, анда күйөрмандарымды жоготуп алышым мүмкүн. Андыктан көнүп калган эле элдин талабына жооп берген багыт менен кете беребиз го.
- Кесиптештериңдин арасында ким менен жакынсың?
- Чыгармачылыкта баары менен жакшы мамиледемин. Ким менен өтө жакын дос экенимди айтпай эле коеюн. Себеби, кээ бирөөлөр мен эң жакын досумун деп ойлоп жүрүшөт.
- Учурда продюсерлик милдет өз мойнуңда тура?
- Тааныш көп, андыктан өзүбүз эле аракет кылып жатабыз. Миргүл деген продюсер кызды тааныйсыздар да, ошол киши мага дос катары уюштуруу иштериме жардам берип келет. Андан сырткары, Назира Асанкожоева деген эжекебиз багыт берип, колдоо көрсөтүп турат.
Кубат КУДАЙБЕРГЕНОВ