mainkaptal

Пользовательский поиск
  Покко өтпөгөн популизм

ДЕКРЕТ
Колдогусун качырып ийип, алыстагысына асылып…

Убактылуу өкмөттүн 12-августта чочугансып экс-президент Аскар Акаевдин кол тийбестик укугун алып салуу декретин чыгарышы коомчулукту дагы бир жолу таңдандырды. Албетте, өлкөнүн экономикасын талкалап, олчойгон коррупциялык системаны түзүп берген, Кыргызстанды белчесинен карызга батырып, ишканаларды "маданияттуу" тоногон, Аксы окуясында элге ок аттырган тунгуч президент кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Мында эч кандай талаш жок. Бирок азыркы бийлик өзү толук мыйзамдаша албай, айткандары кылган аракетине дал келбей жатканда бул маселени козгоонун зарылдыгы бар беле? Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровдун демилгеси менен токулуп, убактылуу өкмөттүн 11 мүчөсү кол койгон декреттин өзү мыйзамдуубу?
Убактылуу өкмөт мындай декретти кабыл алууда Акаевдин Үзөңгү-Кууш менен Каркыраны саткандыгы, Аксы окуясына айыптуу экендиги сыяктуу бир катар фактыларды эске алыптыр. Эске салсак, 2005-жылы тунгуч президенттин үстүнөн жүздөн ашык кылмыш иши козголгон. Бирок экс-президентти Россия дароо канатына калкалап, аны жаңы бийлик колуна берүүдөн баш тарткандыктан, экс-ажонун бир да иши сотто каралган эмес. Анда да Аскар Акаевди Кыргызстанга экстрадиция кылуу демилгесин Азимбек Бекназаров көтөрүп чыгып, акыры эч жыйынтык чыгара албай тынчыган. Азыр да Россия Аскар Акаевди бербей турганын билип туруп убактылуу өкмөттүн мындай чечим чыгарышы түшүнүксүз.
Акаевди кол тийбестигинен ажыратууга каршы чыккандардын бири "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев. Анын айтымында, бул декрет шайлоо алдындагы популизм. "2005-жылдагы Конституция боюнча өзүнөн ыйгарым укукту алып салган президент экс-президент статусуна жана кол тийбестикке ээ. Мыйзам тескери күчкө ээ болбогондуктан, Аскар Акаевди кол тийбестиктен ажыратуу декрети эл аралык укук нормаларына, мыйзамга каршы келет" дейт экс-финансы министри. Туура, Темир Сариев айткандай, бул декрет Азимбек Бекназаровдун эле популисттиги экени талашсыз. Ал миң кыйкырбасын Россия Аскар Акаевди "ме" деп эле бере койбойт. Ушуну билип туруп буга чейин декретке кол койбой жатып кол койгон президент Роза Отунбаева мындай чечим Россия менен Кыргызстан мамилесине кандай таасир берерин ойлогон жокпу?
Биринчи президенттин "Мен Россия жетекчилиги бул документти мыйзамсыз, антиконституциялык чечим катары карап, ошого жараша жооп кыларына ишенем" деп айтышы эле бийликтин аны жоопко тарта албастыгын айтып турбайбы. Эгер Россия тунгуч президентти бергиси келсе 2005-жылы эле кайтарып бермек. Бул убактылуу бийлик лидерлерине эмес, сокурга деле маалым. Дагы бир эске алуучу жагдай, ушул эле Азимбек Бекназаров, президент Роза Отунбаева чуркап жүрүп элдик референдум аркылуу кабыл алган Башмыйзамда "Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ экендиги жана анын негизинде бардык мыйзамдар, нормативдик укуктук актылар кабыл алынары" жазылган. Ушул эле Башмыйзамда президентке айыпты Жогорку Кеңештин депутаттары, Башпрокуратура, атайын түзүлгөн комиссия гана кое алары айтылат. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү "муну кабыл албасак Кыргызстан укуктук талаага кирбей калабыз" деп бекиткен Башмыйзамда декрет аркылуу президентти кол тийбестиктен ажыратуу деген пункт жок. Анда эмнеге убактылуу өкмөт шашылыш декрет "демдей калды"? Саясый упай үчүнбү? Же саясат талдоочулар айткандай, элге эрмек таап алаксытыш үчүнбү? Балким бул Аскар Акаев айткандай, шайлоо алдындагы саясый авантюра болуп жүрбөсүн?
Азимбек мырза эки президенттин тең эл алдында жоопкерчилиги бирдей экендигин айтат. Анда бийлик экөөнү тең кол тийбестиктен мыйзамдуу жол менен ажыратып, Кыргызстанга алып келип кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек. Тилекке каршы, бул жакын арада, убактылуу бийликтин тушунда боло койчу иш эмес. Анткени Россия, Белоруссия азырынча эч кандай "декрет" деген документти тааныбайт. Экинчиден, колдон жетелеп чыга калгыдай эки президент тең көчөдө ойноп жүрүп кошунанын тамаркасына өтүп кеткен балдар эмес. Үчүнчүдөн, убактылуу бийлик келгени мурунку эки бийлик учурундагыларды бириктиргенден эки-үч эсе көп адам өмүрү кыйылды. Мунун баарын эл, дүйнөлүк коомчулук таразалап, кимдин ким экенин аңдап отурат.
Албетте тунгуч президентти кармап келип мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартып, опсуз жегендерин кустурганды эл жапырт колдойт. Мындай декреттин, демилгенин чыгышы да жакшы. Бирок, бул жерде эске алчу маселе - эл алдында айткан сөздү аткара билүү. Болуптур, декретке кол коюлуп элге жарыяланды. Эмнеге анын аткарылуу мөөнөтү айтылбайт? Же Азимбек мырза элден айланса да болот, элдин башын айлантса да болот деген ойдобу? Кыскасы, мындай суроолор өтө көп. Кечээ эле колдо турган Курманбек Бакиевди кое берген бийликтин алты жылдан бери алыста жүргөн Акаевге жулунганы кыйгыл күлкүдөн башка эч нерсе чакырбайт.
Мелис СОВЕТ уулу

Аскар Акаевди кол тийбестигинен убактылуу өкмөт ажыратканы туурабы?
Ишенбай АБДУРАЗАКОВ,
коомдук ишмер:
- Аскар Акаевдин канчалык деңгээлде күнөөлүү экенине юридикалык баа берилиши зарыл. Кол тийбестик маселеси саясый мотивдин негизинде гана чечилип калса, эртең ал кайрадан талашка түшүшү ыктымал.
Алым ТОКТОМУШЕВ, журналист:
- 2005-жылы Салижан Жигитов, Ишенбай Абдуразаков сыяктуу саясат иликтөөчүлөр "Бакиев бийлиги мамлекет башкарууну революция мыйзамдары менен эле алып барса болмок" деп айтышкан. Анын ичинде бүгүнкүдөй президент Акаевдин кол тийбестигин декрет менен эле алып койсо болмок. Анткени күнөөсү ошондой деп атышкан. Бирок мамлекеттик жетекчиликке келип калган Ф.Кулов, Ө.Текебаев сыяктуу саясатчылар мыйзамдан тап жылбаган такыбабыз деп, Өмүрбек Чиркешович Акаевдин артынан Москвага барып, анын кол тийбестигин калтыруу жөнүндө кыргыз мамлекетинин атынан кол коюп келген. Акаев аны эл аралык сотко берсе да жеңип алат. Мен Акаевди кол тийбестигинен ажыратууга каршы эмесмин. Бирок, мамлекеттик мындай маанилүү иштерде Өмүрбек Чиркешович өңдүү эки жүздүүлүк кылбаш керек.
Мукар ЧОЛПОНБАЕВ, коомдук ишмер:
- Мыйзамга ылайык легитимдүү бийлик гана Акаевден кол тийбестик макамды ала алат. Убактылуу өкмөттүн андай укугу жок.
Сабырбек ЖУМАБЕКОВ, медицина илиминин доктору, профессор:
- Дасыккан саясатчы болбогондон кийин ушу өңдөнгөн саясый суроолорго конкреттүү жооп узатыш кыйын. Анүчүн мурдагы мамлекет башчылары кандай кырдаалда кол тийбестигинен айрыларын ийне жибине чейин иликтеп түшүнүш керек. Экинчиден, мейли сен падыша, хан, президент же катардагы жаран бол, бардыгыбыз мыйзам алдында бирдейбиз.
Жантөрө САТЫБАЛДИЕВ, вице-премьер-министр:
- Туура эле болду го дейм. Анткени Кыргызстандын бүгүнкүдөй кейипке келишине Акаевдин 14 жылдык башкаруусу күнөөлүү.
Өмүрбек АБДРАХМАНОВ, коомдук ишмер:
- Бу киши акыркы мезгилде басылмалар аркылуу азыркы бийликти кескин сындап жиберди. Унчукпай шүк отурса балким туңгуч президент бойдон кала бермек. Аны кол тийбестик укугунан ажыратууга ушу жагдай да түрткү болду окшойт. Ошентсе да Акаев Бакиевдин фонунда акталып кетет.
Эркинбек МАМАТОВ, КАМЭК көп профилдүү клиникасынын жетекчиси:
- Утурумдук өкмөт Акаевдин кол тийбестиги кайсы критерийлердин негизинде алынганын ачык айткан жок. Бу боюнча элге толук маалымат жетпеди. Анан кантип сурооңузга так жооп бермекмин.
Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясат таануучу:
- Эмне үчүн Ө.Текебаев ЖК төрагасы, А.Бекназаров башпрокурор, Т.Сариев депутат, А.Атамбаев премьер-министр болуп турганда бу маселени көтөрүшкөн эмес? Түштөн кийин Акаевди кол тийбестигинен ажыратып койгондору парламенттик шайлоого карата көргөн даярдык өңдөнөт. Болбосо убактылуу өкмөттүн өткөн жумада кабыл алган чечими документ катары юридикалык күчкө ээ эмес экенин бардыгы жакшы түшүнөт.
Бүмайрам МАМАСЕЙИТОВА,
экс-депутат:
- Туңгуч президенттин тагдырын утурумдук өкмөт чечти. Ал эми мыйзам боюнча бул маселени Жогорку Кеңеш караш керек эле. Кезинде парламент тарабынан Акаевден кол тийбестикти алуу демилгеси көтөрүлгөн. Бирок, аны эл өкүлдөрү колдогон эмес.
Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, коомдук ишмер:
- Менимче, туура эмес. Кандай болгон күндө да ал көз каранды эмес Кыргызстандын туңгуч президенти катары тарыхта калат. Мындай олуттуу маселени жети өлчөп, бир кесип чечүү зарыл.
Эрнис КЫЯЗОВ, тележурналист:
- Моралдык жагынан караганда, Акаевдин "менин кол тийбестигимди калтыргылачы" дегени уят иш. А кишиден кол тийбестик иммунитет сөзсүз алынышы керек. Себеби, кылмыш иштерин иликтөө үчүн Акаев суракка чакырылууга тийиш. Кол тийбестигинен ажыратылмайын көп нерсенин бети ачылбай, бүдөмүк бойдон кала берет. Бирок мурункулар туура эле жасап атабыз деген иштерди кийинкилери таптакыр жокко чыгарганын карап отуруп, кимисиники туура экенин түшүнбөй калган учурлар кездешип жүрбөйбү. Айтайын дегеним, убактылуу өкмөттүн тушунда чыгарылган декреттер канчалык деңгээлде юридикалык жактан негиздүү? Кудай эле сактасын, эртең бийликке дагы бир жаңы күчтөр келип, "мурункулар чыгарган декреттер туура эмес экен. Мына момундай жол менен барсак жаңылбайбыз" деп өздөрүнүн саясатын баштап кирбейби деген кооптонуу бар.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ

кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика