mainkaptal

Пользовательский поиск
  Ак үйгө очурат узун, өмүр кыска

Каптагаевдин кадыры менен карьерасы

Акыркы он беш жыл аралыгында Кыргызстанда президенттик администрациянын орду өзгөчө болуп келген. Кыргыз саясаты Мисир Ашыркулов, Аманбек Карыпкулов, Медет Садыркулов сыяктуу саясатта оң да, сол да жагынан бышкан аткаминерлерди көрдү. Администрация башчысы өзүн кай тарабынан көрсөтө алса, коомдогу орду ошого жараша аныкталчу. Ишти уюштура билүү интрига менен коштолуп, саясый оппоненттерди аренадан чаап түшүү үчүн абдан айлакер болуп, бир эле учурда президенттин да, коомчулуктун да көңүлүн таба билүү көрүнгөн эле саясатчынын колунан келбейт. Биз президент
Роза Отунбаеванын администрация башчысы
Эмилбек КАПТАГАЕВ тууралуу төмөндө сөз кылабыз.

Алгач Эмилбек мырзанын өмүр таржымалына кыскача токтолсок. Саламат атанын уулу 1957-жылдын 18-июнунда жарык дүйнөгө келген. Кичи мекени Ысык-Көлдүн Чоктал айылы. Эмгек жолун Улуттук илимдер академиясынын физика жана математика институтунун кызматкерлигинен баштаган. 1991-1993-жылдар аралыгында өкмөт алдындагы жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссияда башкы адистикти аркаласа, андан соң премьер-министрдин кеңешчиси болгон.
1989-жылы Бишкектин жака белинде жер басып алуу башталган. Натыйжада "Ашар" кыймылы түзүлүп, төрагалыкка Каптагаев шайланган. Ошол учурдагы кырдаалды - Кыргызстандын өз алдынча эгемендүүлүккө жетише электигин эске алсак, Эмилбек мырзанын коммунисттик системага каршы чыкканын эрдик катары баалаганыбыз оң.
Каптагаевдин карьералык өсүшү 1996-жылга барып такалат. Дал ошо жылдан тартып ал өкмөт алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Ысык-Көл облгубернаторунун 1-орунбасары, ал ортодо Жети-Өгүз районуна аким болгон.
Душман болуу бир паста
Жогоруда айтылгандай, Каптагаев өмүр бою мамлекеттик кызматты аркалаган. "Бизнестин ичегисине кан куюп", башынан ашкан байлык чогултканы боюнча так маалымат жок. Акыркы кезде ал "Улуу Биримдик" партиясын түзгөнү маалым.
"Улуу Биримдикчил" саясатчы президенттик администрация башчылыгына кантип келди? Дегеле, анын оппозиция катарына кошулушу да табышмактуу. Анткени ага Бакиевдин тушунда деле кысым көрсөтүлгөн эмес. Тескерисинче, "Ысык-Көл" биосфералык дирекциясынын генералдык директору (2006-2007-жылдары) болгон. Атүгүл маркум Медет Садыркулов менен жылуу алакада болгону тууралуу да маалымат бар. Анда неге Бакиев бийлигинин элдешкис душманына айланды?..
Кезинде эркин гезиттердин бири Эмилбек мырзаны оппозициянын политтехнологу катары сыпаттаган макала баскан. Былтыр президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин программасын ушу киши иштеп чыккан дешет.
Кылтыңдаган кылмыш иштери
Эмилбек мырзага карата эки президент тушунда тең кылмыш иши ачылган. Козголгон кылмыш иштеринин тамыры бир. 2004-жылы Ысык-Көл обладминстрациясынын өнүктүрүү фондунун балансындагы каражаттарды максатсыз пайдаланган деп шектелип, аз жерден темир тор артына кете жаздаган. Бирок ал иш аягына чыкпай токтотулган. Мунун себеби ачык түшүндүрүлгөн эмес. Бейрасмий маалыматтарга караганда, Каптагаевди чоң кырсыктан экс-ханайым Майрам Акаева сактап калган деп айтылат.
Арадан төрт жыл өткөн соң Бакиев бийлиги ошол эле кылмыш ишин кайрадан козгоп, Каптагаевдин эсебин табууга аракет жасаган. Кызыгы, анда дагы мурдагыдай сценарий кайталанып, сот тарабынан толук акталган. "Улуу Биримдиктин" лидери өзүнө тагылган айыптар негизсиз экенин, оппозициялык принципти тутунганынан улам бийлик тарабынан ушинтип кысым көрсөтүлүп жатканын ММКда кеңири билдирген.
Бир кызык факт. Каптагаев өкмөт астындагы дин иштери боюнча мамкомиссияны (1996-1999-жылдары) жетектеп турганда түрдүү багыттагы диний уюмдар каттоодон өткөн. Биздин колдогу документке ылайык, үч жыл аралыгында расмий катталган диний уюмдардын саны 165ге жеткен. Алар кайсы критерийлердин негизинде каттоодон өткөнүн изилдесең көп сырдын башы ачылчудай. Асыресе, финансылык тартип бузуулар, диний уюмдардын ишмердүүлүгү сыяктуу маселелер. Буга Каптагаевдин өзү не дээр экен?
Дагы бир факт, өткөн жылдын октябрь айында Эмилбек мырза "мени сабап кетишти" деп көзү-башы тоодой шишиген кебетеси менен журналисттерге маалымат берген. Ал сабалгандан бир айдан кийин гана бул окуя жөнүндө айтып, дегеле, сабалганы боюнча укук коргоо органдарына кайрылбаганы да таңгалычтуу…
Кимге ишенебиз?
Айтмакчы, Каптагаев түзгөн "Улуу Биримдик" партиясынын кадыры канча экенин "Жаңы Агым" гезити өткөн сандарында аныктаган. Бирок, администрация башчысынын бизге билдиргени боюнча "Улуу Биримдик" партиясы алдыдагы шайлоолорго катышпайт. Катышпаганы менен анын жанын койбогондор бар окшобойбу, "Туран" партиясынын лидерлеринин бири Каныбек Иманалиев өткөн жумада журналисттерге "Улуу Биримдик" партиясы "Туранга" кошулду деп расмий маалымдаган. ("Жаңы Агым" №6, 13-август) А Эмилбек мырзанын айтымында, анын партиясы эч кандай башка партияларга кошулган эмес. А Каныбек мырзанын айтымында, партиялардын кошулганы жөнүндө протокол бар. Кимисине ишенүүгө болот, билбейбиз…
Каптагаев тууралуу учкай маалымат
Үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун атасы.
Бала чагында художник болууну кыялданган. Бирок атасынын каршы чыкканынан улам математика тармагын тандаган. Физика-математика жаатында кандидаттыкты жактаган.
Туңгуч ажонун колунан "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы медалын тагынган.
III даражадагы мамлекеттик кеңешчи.

Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg, тел.:38-67-19




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

Яндекс.Метрика