06.08.10 - 7-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ушу акыркысы болсо экен

Ош алааматынан кимдер пайда тапты?
Учурунда гүлзарлуу, берекелүү Оштун абалы азыр жүрөк оорутарлык. Балким көз тийип кеттиби деген ой да келет. Себеби былтыр Ошко чет өлкөлүк туристтер менен барганымда экинчи борборго баары тамшанып, Сулайман тоонун сулуулугуна суктанып, бал татыган өзгөн күрүчүнүн шириндигине шилекейлерин жутуп кетишкен эле. Азырчы? Оштун кайсы булуң-бурчуна барбагын бардыгы шектүү, кайгыга толгон өкүнүчтүү көздөр менен карашат. Шаар ичинде баягы көздүн жоосун алган кооз имараттар, үйлөр жок, алардын ордуна карала болуп күйүп, күлү асманга сапырылган дубалдар. Кыргыз-өзбектер сыртынан сый мамиле жасаганы менен бири-бирине деген жек көрүү, таарыныч дале бар.

Бири-бирин аяп, амал менен аман калгандар
Учурда эки улутту элдештирүү-нүн жолун издешүүдө. Оштогу согушта эки улут бирин-бири аеосуз урушуп, өлтүргөнү маалымдалганы менен ошол эле учурда бирин-бири аяп, жарты нанын бөлүшүп жегендер болгон экен десем, кээ бирөө балким ишенбес. Сөзүм куру болбос үчүн Ош шаарындагы борбордук базарда соода кылган Сабира аттуу келиндин сөзүнөн келтирейин. Сабира Оштогу Вишневская көчөсүндө көп улуттар менен чогуу жашарын төмөнкүчө айтып берди:
"Алаамат болоорун эч кимибиз билген эмеспиз. Ошол каргашалуу күнү өзбек-кыргыздар кырылышып, бирин-бири аеосуз өлтүрүп атканы тууралуу суук кабар биздин кичинекей көчөбүзгө да жетти. Орус, кыргыз, өзбек, корей улутундагы кошуналарыбыз эми эмне болуп кетет деп үрпөйүп, сыртка чыкпай калдык. Кээ бир кыргыз-өзбек кошуналар үй-бүлөсү менен качууга кам уруп калышты. Ошондо көчөнүн аксакалдары чогулуп, кандай болсо да бул кагылышуудан аман калышыбыз керек. Андыктан баарыбыз ынтымактуу, бирге бололу деген кеңештерин айтышты. Качабыз деп камынып алган кошуналар кичинекей балдарынын, үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна ким кепилдик бералат деп алты өзбек, кыргыз улутундагы үй-бүлө эч кимдин сөзүн укпай качып кетишти. Биз бара турган жерибиз жок ошол жерде калдык. Кошуналар чогулуп өз ара кеңешип, эгерде өзбектер келсе, бул жерде жалаң өзбектер жашашат, кыргыздар качып кетти деп ала топуну кийип чыгалы да элди сактап калалы дешти. А эгерде кыргыздар келсе, өзбектер эчак эле кетишкен деп ак калпакты кийели деген чечимге келишти. Баары бул акылга баш ийип, калпак, ала топуларыбызды камдап калдык. Адегенде өзбек улутундагы бир нече жаш балдар колдоруна курал алып биздин көчөгө ызы-чуу сала жакындаганда баягы ала топуларын кийип, эркектерибиз сыртка чыгып өзбекче сүйлөп, аларды алдап-соолап көчөгө киргизбей жолго салышты. Арадан көп өтпөй кыргыздар келишти. Алардын алдынан аксакал ак калпакчандар чыгып, өзбектердин качып кеткенин кабарлап, бияктагы элдин тынчын албоосун өтүнүп, кетиришти. Албетте алардын арасында кызуу кандуулукка алдырып, шектенгендер да болду. Бирок ак калпакчан аксакалдарды көрүп ынанышты окшойт, көз жумгандарга куран окуп, бата кылып жолго түшүштү. Биз бир жума ошентип сырттан келгендерди алдап жашадык. Ошол учурда Ошто суу ууланды деген каңшаар тараганы аз келгенсип дүкөн, базар аттуунун баары жабылып тамак-ашсыз калдык. Баарыбыздын башыбызга кайгы келгенде аягына чейин чогуу бололу деп, Кудайберген деген кошунабыз короосундагы бир койду садага чаап, кошуналарга эт таратып берди. Муну көргөн башка кошуналар үйүндөгү тамак-аштан бири-бирине бере башташты. Өзбектер нан жасап кошуналарга алып келсе, орус улутундагылар помидор, варенье, салаттарын көтөрүп келишти. Корейлер да куру калбай бир күнү ысык тамак жасап чоң мискейге куюп, ар бир үйгө таратты. Курсагыбыз кампая тойбосо да ачка болгон жокпуз. Мурда анда-санда гана учурашып жүргөн көчөдөгү коңшуларыбыз бир заматтын ортосунда бир тууганга айландык. Телевизордон гумжардам келип атканын көрдүк, бирок биздин кичинекей көчөбүзгө ал жардам жетпеди. Биз он чакты күн бири-бирибизди кайтарып жашадык. Акыры Ошко тынчтык орногондо баягы качып кеткен үй-бүлөлөр акырындап келе башташты. Биздин сөзүбүздү укпай көчүп кеткен кошуналарыбызды ортого салып чогулуш өткөрдүк да, айып салууну туура көрдүк. Себеби, биздин көчөнү кайтарууга алардын деле салымы болмок. Ушундай оор кырдаалда бизди таштап кеттиңер деп да догурундук. Акыры аларга акчалай, кээ бирөөнө торпок, кой жана башка ушул сыяктуу айыпка жыктык. Ар улуттагы аксакалдардын чечими ушундай болду. Эч ким ага каршы болгон жок. Салынган айыпты Кудайберген деген кошунага чогултуп бермей болушту. Азыр бир аз акча чогулду. Бул акчаны союз кулагандан бери каралбай калган биздин көчөнүн ремонтуна жумшап, жашылдандыралы деген чечимге келдик. Балким, биз ар улуттун өкүлдөрү чогуу жашабай, жалаң кыргыздар же өзбектер өз өзүнчө топтошуп жашаганда башкаларда болгон кайгылуу окуя бизде деле болмок. Ошондуктан эми жаңы Ошту кураарда ар улуттун өкүлдөрүн аралаш жашатса жакшы болоор эле" дейт үй-бүлөсү менен катар кошуна-колоңдору аман калганына шүгүрчүлүк кылган Сабира.

Үмүткө жетеленгендер
Ош алааматын бир тараптуу эле караганга болбойт. Жаман улут болбойт, жаман адамдар болот демекчи, кыргыз-өзбек ынтымагынын ажырымына күнөөкөрлөр качандыр бир кезде табылар. Кан кое бербейт демекчи, алар сот алдында жооп бербесе да Кудай алдында жооп берер күн болоор дедик. Ош облусунун администрациясынын оң тарабында бир нече боз үй турат. Анын жанындагы тактайда алааматта көз жумган жана дайынсыз жоголгондордун сүрөттөрү илинген. Боз үйдүн ичинде бири уулунун сүрөтүн көтөрсө, бири кызын жоготконун, дагы бири дайынсыз бир тууганын издеп жүргөнүн айтып, көздөрүнүн жашы кургабайт. Бул жерде жалаң кыргыздар экен. Жакында "Ош шейиттери" деген атайын коом ачылыптыр. Дайынсыз жоголуп, көз жумгандардын тизмесин жазып отурган Тургунайым Айтиева аттуу кыз буларды айтып берди: "Негизи бизге түшкөн тизмеде жоголгондордун саны 53 адам болгон. Алардан 24ү табылып, анын ичинен өлгөндөрдүн саны 15. Табылган өлүктөрдүн кээ бири суудан, кээси көмүлгөн жерден табылды. Калган адамдар коркконунан качып кетип, кийинчерээк табылгандар бар. Бизге туугандары кайрылып, сүрөтүн берип кеткен отуздай дайынсыз адам катталды. Мисалы, кечээ Анжияндан табылган сөөктөрдүн буттары, колдору байланып, денесинен тамтык жок. Дагы бир дайынсыз жоголгон, 1979-жылы туулган Аскаров Алмаз Куштарбекович деген бала 16-июнда Ошто жарашуу болуп, Роза Отунбаева өзү келип эки элди жараштырып атканда шаар тынчтанды деп сыртка чыккан экен. Жалгыз уул болгондуктан апасы аны кайтарып, кагылышууда сыртка чыгарбай камап отуруптур. 16-июнда ал апасынын сөзүн укпай, шаар эми тынчтанды деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголот. 20-июнда гана ал баланын сөөгү Ак-Буура дарыясынан табылды. Ал баланын башы, колу чыканагына чейин жок. Энеси уулун ийининдеги аты жазылган татуировкадан тааныган. Сыздаган эне азыркыга чейин уулунун башын издеп жүрөт. Бир жаман жери, кыргыздын кыйнап өлтүрүлгөн балдарынын сөөктөрүнүн сүрөттөрү интернетте өзбек улутундагылар деп туура эмес берилгени жаныбызды ого бетер кейитти. Башы жок бала да интернетте өзбек деп жүрөт. Бизде азыр ким экени билинбеген он сегиз өлүк жатат. Алардын ДНКлары келгенде ким экени билинет деген ойдобуз. ДНК аппараттарын алуу үчүн 66 млн. сом керек экен. Карапайым элде андай акча жок да, ошондуктан Россия менен сүйлөшүп, дайынсыз жоголгондордун анализдерин алып, Москвага жөнөтүштү. ДНКны аныктоо үчүн 72 адам анализ тапшырган, ар бир анализ 500 доллардан айланат дешти. Бүгүн бир аял, эки баланын өлүгү табылды деп кетишти. Алардын аты- жөнү ким экени, биздеги тизмеде бар-жогу белгисиз".
Боз үйдөгү жакындарын жоготкондор өздөрүнүн күйүтүн айтып отурушту. Алардын арасында дагы бир аксакал 13-июнда жоголгон 1983-жылы туулган Арстанов Азамат деген уулунун сүрөтүн көргөзүп төмөнкүлөрдү айтты:"Азамат жоголгон таякесин издеп кеткен боюнча дайынсыз. Таякесинин өлүгүн үч күндөн кийин таптык, ал эми уулумдан дале дайын жок. Издебеген жерибиз калбады. Балдарымдын кичүүсү, көкүрөк күчүгүм эле, Москвада иштеп жүрүп келгенине он күн болгон. Өзү институтту аяктап, мугалим болуп иштечү".
- Менин балам Алай районунда турчу,- дейт дагы бир эне. - Балам Баткен согушунун катышуучусу болгон. Экинчи топтогу майып эле, анын артында үч баласы бар. Ал 13-июнда Оштогу туугандардан кабар алам деп кетип, облустук оорукананын жанындагы көчөгө кирип, ошол бойдон чыкпай калган. Эми ушул күнгө чейин баламдын өлүгүн да, тиригин да билбей күйүп атабыз.
- 1979-жылы туулган иним жоголду, - дейт сүрөтүн көтөргөн кыз. - Биртууган иним апамды бага турган жалгыз бала эле. Анын күйүтүнөн, апам ооруп төшөккө жатып калды.
Жакындарын жоготкондор адегенде алардын амандыгын тилеп, эртерээк келсе экен дешсе, акыркы күндөрү жок дегенде өлүгү табылып, ак кепинге ороп жерге берсек экен деп калышканын арман кылышты.

Эч ким жеңген жок
Андан кийин жалаң өзбектер жашаган Шарк айылына келдик. Чакыйган күндүн ысык аптабында, үлп эткен жел жок, ачык асманда бир нече чатыр тигилип, анда жашаган элди көрдүк. Тигилген чатырдын айланасы талкаланып, өрттөлгөн автоунаа, күйгөн үйлөрдүн дубалдары менен курчалган. Бизди улгайып калган аял жалгыз уулунун дайынсыз жоголгонун айтып тосуп алды. Анын жанындагы жаш келин да эринин өлүү-тирүүсү билинбей бир айдан бери санаага батып атканын жашырган жок. Бул алаамат өзбек улутундагы биртоп адамдын башын жутуп, дайынсыз жок болгондору дубалда илинип турган тизмеден көрүнүп турду. Анын арасында өспүрүмдөр, карысы, жашы да бар. Булар күйгөн үйлөр менен кошо бир нече үй-бүлө тирүүлөй өрттөнүп кеткенин айтып, арман кылышат. Өрттөнгөндөрдүн арасында кичинекей ымыркайдан тарта, басалбаган карылар да бар экен. Ушунча жыл мээнет менен үй куруп, үй-бүлөсүн багып келсе, бул алаамат алардын жакындарынан ажыратканы аз келгенсип, үстүндөгү үйү өрттөлүп, талаада калганына сыздашат. Алардын муңун угуп отуруп, тынч элдин жашоосун тозокко айландырып, канча адамдын өмүрүн алган бул согуш кимге пайда алып келди деген ойго жетелендим. Бул жерден өзбек же кыргыз күнөөлүү деп бир тараптуу караганга болбосун сездим. Өзбектер да, кыргыздар да күйүттөн, ызадан көз жашын төгүп отурушат.
Бул согуш канча адамдын өмүрүн алып кеткени боюнча так маалымат жок. Ар кайсы булакта ар кандай сан айтылууда. Кан төгүүдө эки тарап тең жабыр тарткан. Эч ким жеңген да, жеңилген да жок. Бирок...

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, Бишкек-Ош-Бишкек