06.08.10 - 24-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Америкалык кыргыз

90-жылдары Америкага кетип ошол боюнча жакында эле мекенине кайтып келген жердешибиз Жумгал ӨМҮРАЛИЕВ мырза менен баарлаштык. Ушунча убакыт бою бир да жолу мекенине келбегенин, Бишкектин өзгөрүп кеткенин айтып отурду. Он жети жыл Вашингтондо жашаган жердешибиз кыргыз тилин унутуп баратканы сезилип турду.

"Зар болгондо бир келерсиң Ала-Тоону көргөнү"
Элчиликтен Майрам Акаева кетирген
- Мектепти аяктагандан кийин Ташкент университетинин араб тили боюнча чыгыш тил факультетин аяктап, Бишкекке келип 1993-жылга чейин тышкы иштер министрлигинде иштедим. Алгач Роза Отунбаева Америкага элчи болуп барып, менин консулдук иштерди жакшы билгенимден улам кызматка алды. Консулдук бөлүмдө ар кандай документтер менен иштеп, ишти бир нукка салууга аракеттендик. Консулдук кеңсе жаңы ачылгандыктан, башка элчиликтерге барып сурап-билип бир стандартка салдык.
Ошентип Америкадагы элчиликте 1995-жылга чейин иштедим. Ошол кезде президент Акаевдин АКШга келген-кеткен чыгымдарынын баарын биз көтөрчүбүз. Бир жолу Майрам Акаева барып, анын жеке чыгымдарын да элчилик көтөрөт дегенде мен ага каршы чыктым. Агезде консулдукта бухгалтер жок, документтерди жакшы өздөштүргөндүктөн эсеп-кысап иштерин мен алпарчумун. Ага каршы болгондуктан М.Акаева менин ал жерде иштегенимди каалабай, кызматтан четтетти. Америкада ишсиз калдым. Кыргызстанга келбей, АКШ мамлекеттик департаментине барып, саясый башпаанек сурабай эле элчиликтеги маселени айттым. Ал жерде Азия боюнча бөлүмдөр бар эле. Алар Кыргызстан менен мамилебиз жакшы, саясатка кирише албайбыз дешти. Кыргызстанга барбай ушул жерде иштээримди, биякта тааныштарым бар экенин, эгер мени издесеңер ушул жерден табасыңар деп дарегимди калтырып кеттим.
"Акаев кетсин!" деп элчиликке бардык
Америкада кыргыз эмигранттары бар болчу. Ошолордун үйүндө батирде турдум. Бир жолу машинелер туруучу жайдан кичинекей машинени көрүп, кожоюндан канчага сатылат деп сурасам 800 доллар дейт. Менде болгону 600 доллар бар эле, айтсам макул болду. Ошол машине менен шаардагы кичи компаниялардын кеңсесинен документ ташып иштей баштадым. Негизи Вашингтондо документтерди, почтаны велосипедчендер ташып иштешчү. Алар бир-эки күндө ташыса мен машине менен жарым саатта жеткирем. Андан тышкары пирожки жасап, дагы эки-үч жумушта катары менен иштеп жүрдүм. Албетте алгачкы күндөрү кыйналдым. Бирок, ушунун баары өтөт, баарын жеңем деп ойлодум.
2005-жылга чейин кыргызстандыктар менен таптакыр байланышкан жокмун. Кез-кезде аларды көрсөм сүйүнүп калам. 2005-жылдан кийин Америкада кыргыздар көбөйүп кетти. Ошол кезде интернетке кирип Акаевге элдин нааразычылыгы күч экенин көрдүм. Бир күнү кыргыздар элчиликке келип, Акаевге каршы нааразычылык акциясын өткөрөбүз деп чогулушту. Кыргыздар көп экенин ошондо билдим. "Акаев кетсин!" "Акаева нет!" деп плакаттарга жазып чыктык. Андан кийин анын качканын уктук.
Ушунча убакыт Америкада иштеп жүрүп документим жок эле. Жумушка орношуу үчүн кичирээк компанияларга барчумун. Ишке кирерде документимди эртең алып келем деп создуктуруп иштеп жүрүп, арадан эки ай өткөндө гана "кечиресиз, менин документим жок болчу, ушундай шартым бар эле" деп түшүндүрдүм. Мени иштетип, жумушка алгандан кийин алар мага документ жасап берүүгө мажбур болушту. Адегенде айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн бизде иштейт деп кагаз жазып беришти. Американын МАИсинен айдоочунун күбөлүгүн алып, башка жумушка иштөөгө да мүмкүнчүлүк түзүлдү. Спорт буюмдарын саткан дүкөндө иштеп жүрүп Феликс Куловдун делегация менен келгенин көрдүм, алар менен жолугуштум.
Бакиев кыргызстандыктарды кабыл албай...
Кийинчерээк телефондук компанияда иштеп жүрүп, акыры АКШ мамлекеттик департаментине кызматка орноштум. Буга чейин далай жерде иштеп, кара жумуштарды да аткардым. Мамлекеттик департаменттеги даярдоо академиясына тил үйрөтүү боюнча бөлүмгө кирдим. 2005-жылы А.Акаев качып кетип, К.Бакиев бийликке келгенде Кыргызстан оңолот деген үмүт пайда болгон эле. Ошол жылы күзүндө К.Бакиев менен Р.Отунбаева АКШга келишти. Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү келерин билип Азамат Алтай бизди чогултуп, Бакиевге жолугалы деп бардык. К.Бакиев жаткан мейманканага кирсек, ал кабыл алгысы келбей атып, акыры биздин мажбурлообуз менен макул болду. Азамат Алтай ага акыл-насаатын айтса, К.Бакиев баарына баш ийкеп отурду. Ал эми Р.Отунбаева менен З.Сыдыкова өзүнчө жүрүшкөн. Ошондо эле К.Бакиев менен Р.Отунбаеванын ортосунда нааразычылык бар экени байкалган. Андан мурунураак май айында Р.Отунбаева келип, кыргыз диаспорасы менен жолуккан эле. Жолугушуу бүткөндөн кийин анын кабинетине кирип бир сыйра көзүбүзгө жаш алып, баары жакшы болот, бир күнү дагы жолугушарбыз деп тез эле чыгып кеттим. Аны он жылдан бери көрөлек элем. Ага көп нерсени айтайын дедим, бирок, убакыт тар болду. Башкалар да жолугабыз деп күтүп турушкан эле.
Бияктан аялымды кысымга алышкан
Мамлекеттик департаментте иштеп жүрүп 2005-жылы Кыргызстандагы маалыматтар боюнча сайт ачтым. Ошол сайтка 2007-жылга чейин билген-көргөндөрүмдү жазып аттым. 2007-жылы Ак үйгө көптөгөн сунуш жибергем. Бирок бул маалыматтарды алганы менен Бакиевдер баягысын кыла берди. Ошондон тартып биздин сайтка саясый сындар, ой-пикирлер кете баштады. 2009-жылга чейин саясаттагы кемчиликтерди сындап, ачык жаза баштадык. Мен бийликти сындап жаза баштаганда бияктагы жердештер "абайласаңчы, Бакиевдер сенин башыңды жутпасын. Үй-бүлөң Кыргызстанда болсо аларга залакасы тийбесин. Ал баарыбир кетпейт, дагы 20 жыл башкарат, көрөсүң го" дешти. Бирок болбой эле сындай бердим. 2010-жылы январдан кийин башка сайттарга кирсем, көпчүлүгү оппозициялык маанайда экен. Алар менен маалымат алмаша баштадык. Аялым бир жыл мурун кичүү уулум менен биякка келген. Мен сайтка саясый сындарды жаза баштаганда Кыргызстандагы аялыма РИИБден келишип, ар кандай кысымдарды жасашыптыр.
Силер кыялданган Америка жомок эмес
Америкадагы эл абдан жөнөкөй. Көпчүлүгү коомдук транспортто жүрүшөт. Бирок саякатка чыгып, дүйнөнү көрүп келгендер арбын. 2008-2009-жылдан баштап кыргыздар көп келе баштады. Алар менен мамиле түзсөң партияга кошулууга сунушташат. Мен жөн эле нейтралдуу адам болгум келди. Мамлекеттик департаментте иштегенде ипотекага үй, машине алдым. Негизи америкалыктардын алган айлыгынын 70%ы жалаң ар кандай төлөмдөргө кетет. Бир чети ал жактагы карапайым элге караганда кыргызстандыктар байдай сезилет. Себеби, бул жерде акчаны кармап жүрүшөт.
Эки балам бар. Улуусу Медер, азыр 22 жашта. Кичүүсү Тимур тогуз жашта. Балдарым кыргызча,орусча, англисче жакшы сүйлөшөт. Биз менен кыйынчылыкты көрүп калган Медер баарын өз алдынча жасайт, азыр бир компанияда эмгектенет. Бир күнү анын бөлмөсүнө кирсем Агата Кристини жана орус жазуучуларынын чыгармаларын окуп отуруптур. Ичимен ыраазы болдум.
Он жети жылдан бери Кыргызстанда көп өзгөрүүлөр болуптур. Мен кетип атканда Бишкектин көчөлөрүндө автобус-троллейбустар арбын эле. Элдин психологиясы да өзгөрүп, кийинки жаштар мурдагыдай уялбай, оройурак, анан бейбашырак болгону байкалды. Көп кафе-ресторандар ачылганы менен кардарды тейлөөнү билишпейт. Көчөлөрдө машинелер эрежени көп бузуп, мыйзамды сыйлашпайт экен. Көп кемчиликтер көзгө урунду. Америкада мыйзамды катуу сакташат. Ар бири мыйзам алдында жооп берет, эч ким жазасыз калбайт.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




АРСЕН:
"Акылдуусу эле жакшы"

Арсен деген келечектен көптү үмүттөндүргөн ырчы жигитибиз бул рубриканын экинчи коногу. Өткөн саныбызда Айдин Шер тушоосун кести эле, Арсен мырза мага ушул рубрика жакты, өзгөчө экен деп келди. Күйөрмандар арасында биртоп абройго ээ болуп калган жаш талантыбыз жума сайын гезиттерге окшош интервью бергенден тажап, бул рубриканын жардамы менен ойго келбеген суроолорго жооп берсе болот экен деп жылмаят. Анда эмесе, Арсен "А"ны тандайбы же "Б"ны тандайбы окуп көрөлү.

- "А"бы же "Б"бы?
- Мен үчүн "А" жакшыраак. Анткени Акаевдин учурунда Бакиевдин заманына караганда тынч болгон. Эл анчалык кыйналбай, кымбатчылыктын сазына баткан эмес.
- Узунбу, кыскабы?
- Кыска. Анткени сөздүн кыскасы, нускасы жакшы. Азыраак сүйлөп, кыска мөөнөттө көбүрөөк жумуш бүтүргөн жемиштүүрөк болот.
- Бийикпи, жапызбы?
- Бийик. Анткени адам баласы канчалык бийик максаттарды алдына койсо, ошонун кичинекей бир бөлүгү ишке ашса деле биртоп ийгилик жараткан болот.
- Комузбу, скрипкабы?
- Комуз. Муну мен кыргыздын патриот уулу катары айтып жаткан жокмун. Бүткүл дүйнө эли скрипканы баалашса да, мен үчүн комуздун үнү жүрөккө башкача угулат. Улутум башка болсо деле комузду тандамакмын.
- Өзбекпи, казакпы?
- Экөө тең эмес дейт элем, рубриканын шарты буга жол бербейт. Минтип айтканымдын себеби, өткөндө бизде саясый кырдаал туруктуу болбой турганда казактар чегарасын жаап алышып, бизди биртоп кыйнап коюшту. Ошол кылганын кабыл алалбай койдум. Ал эми өзбек туугандар жөнүндө айтпай деле койсом түшүнөсүздөр. Андыктан илгертен кыргыз-казак бир тууган дегендей, казакты тандайм. Ошон үчүн баурдастар, Ысык-Көлгө келип тургула, конок болуп.
- Кепкабы, шляпабы?
- Кепка. Өзүм дайыма кепка кийип жүрөм жана бул баш кийимди адам баласы ойлоп тапкан эң ыңгайлуу кийим деп айтаар элем.
- Актан Исабаевби же Ырыскелди Осмонкуловбу?
- Ырыскелди. Эң биринчи толук жаттаган ырым Ырыскелди Осмонкуловдун репертуарындагы "Ай баратат" аттуу чыгармасы. Бул кишинин чыгармачылыгын, талантын баалайм. Бирок, мени көпчүлүк Актан Исабаевге окшоштура беришет.
- Байлыкпы, бийликпи?
- Экөөнү тең тандагым келбейт. Буларга жакшылык көп жолой бербейт. Ошентсе да, бийлик болсо элиме пайдалуу бир иш аткара алат белем деген ой кетет. Ошондуктан бийлик менин жообум.
- Эжеби, байкеби?
- Байке. Мен үйдүн улуусумун. Байкем болсо жакшы болот эле.
- Улуусу болсоң эмнеге эже эмес?
- Себеби, бир тууган эмес эжелерим көп, байкем жок. Андыктан таянар тоом болсо деп ойлой берем.
- Бала бакчабы, мектеппи?
- Мектеп. Анткени бул жакка баары барууга милдеттүү жана бала бакчага караганда көбүрөөк пайдалуу нерселерге үйрөнөсүң. Ал эми бала бакчага барбай туруп, айылда чоң эне, чоң атаңдын колунан татыктуу тарбия алса болот.
- Дыйканбы, малчыбы?
- Дыйкандын мээнети көбүрөөк, тамагы даамдуурак болот го. А малчы жайкысын жайлоого малын жайып коюп жата берет. Агезде күнгө мээсин кайнатып дыйкан кетмен чаап жүргөн болот. Дыйкандарды көбүрөөк сыйлайм.
- Сулуу кызбы, акылдуу кызбы?
- Акылдуу кыз. Бул сапаттагы айым менен турмушта кыйналбай жашайсың, талаада калбайсың. Акыркы кезде акылдуу кыздар бааланып калбадыбы. Мен үчүн акылдуу кыз жогору турат. Кыргызда "чырайын чайга чылап ичпейсиң" деп коет. Сулуулук убактылуу көрүнүш, ал эми акылдуулук түбөлүктүү.
Кубат КУДАЙБЕРГЕНОВ