06.08.10 - 23-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Элета

Айылым алтын бешигим

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы 1-Май айылдык округу шарты катаал келип, коңшулаш Өзбекстандын Наманган облусунун Касан-Сай жана Чуст райондору менен чектеш жайгашкан. Аталган айыл округу 8 айылды камтып, калкынын саны 12095 адам. 2009-жылы 1-Май айылдык округу район боюнча алдыңкы айыл өкмөтү болуп таанылып, райондун өтмө кызыл туусун жеңип алган. Айыл округунан бир катар белгилүү коомдук ишмерлер, саясатчылар чыккан. Элинин мээнеткечтиги, кайратмандыгы менен өлкөгө таанылган айыл округунун башчысынын орунбасары Усубалы КУТМАНОВ менен жооптуу катчысы Мухтар ШЕРБАЕВ буларды билдиришти.

Карыбыз бар ырысыбыз бар
Бүгүнкү күндө айылдык округда Улуу Ата мекендик согуштун 2 ардагери, 8 оорук ардагери, 821 пенсионер, 3 өзгөчө маанидеги пенсионер бар. Жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 827. Бул элдин 47,1 пайызын түзөт. Быйыл 2 согуш ардагерине 5000 сомдон, 8 оорук ардагерине 500 сомдон берилди. Ошондой эле 1924-жылга чейин туулган карылар 300 сомдон акчалай сыйлык алышты. Мындан сырткары карыларга "Кырчынды" мамлекеттик асыл тукум чарбасы менен биргеликте сый тамак уюштурулду. Өткөн жылы айылдык округ, жеке демөөрчүлөр жана эл аралык уюмдар тарабынан 821 үй-бүлөгө 2,8 млн. сомдук жардам көрсөтүлгөн. 2010-жылдын 6 айында округдун бардар адамдары 32 кароосуз калган, жакыр үй-бүлөгө 31,6 миң сомдук акчалай колдоо көрсөтүштү.
Курулуш кудайга шүгүр эле
Акыркы мезгилде айылдарда турак-жай куруучулардын саны арбып баратат. Мындан 4-5 жыл мурун үйлөрдү куру дээрлик токтоп калган. 2009-жылы айылдарда 31 турак үй курулуп, жаш үй-бүлөлөр орун-очок алышты. Ошондой эле Кара-Үңкүр жана Жаңы-Шаар айылдарында 2 жаңы ФАПтын имараты курулуп, пайдаланууга берилди. Бул жерде АРИС, ПРООН, ВООН сыяктуу эл аралык уюмдардын, айыл жаштарынын, айылдык инвестициялык бирикменин эмгеги зор. Быйыл да жалпы долбоордук наркы 16 млн. сомду түзгөн Кара-Үңкүр айылынын типтүү мектебин куруп, 36 млн. сомдук ичүүчү суу түтүктөрүн орнотобуз деген ниетте турабыз. Мындан сырткары айылдык оорукананын имаратынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилгени турат.
Окубай калган бала жок
Учурда айылдык округубузда 7 орто билим берүүчү мектеп, 1 башталгыч мектеп бар. Бул мектептерде 2540 окуучуга 189 мугалим билим берип жатат. Акыркы мезгилдерде биздин айыл округунан республикалык олимпиадаларга катышкан балдардын саны арбып баратат. Мектепке тартылбай калган балдар жок. Мектептердин абалы, жаңы окуу жылына, кышка даярдык боюнча айыл округу дайыма алкышка татып келатат. Мектептерибиздин материалдык-техникалык абалын чыңдоо боюнча тиешелүү министрликтер, МЕРСИКО, АРИС сыяктуу уюмдар менен иштешип жатабыз. Быйыл Жаңы-Шаар орто мектебин, Айры-Там гимназия мектебин акыркы үлгүдөгү эмеректер менен жабдуу долбоору АРИС тарабынан колдоого алынды.
Ири кооперативдерге ишеним артып жатабыз
Биздин айыл округубузда учурда 3 кооператив, 1 үрөнчүлүк чарба, 46 дыйкан чарбасы, 762 жеке чарба бар. Жалпы айдоо аянты 2311 гектар. Дыйкандарыбыз мээнеткеч болгондуктан бир жылда эки жолу эгин жыйнап алууга жетишип келатышат. Дыйкандар буудай, жүгөрү, пахта, төө буурчак, күрүч, тамеки, май өсүмдүктөрүн, картошка, жашылча-жемиштерди айдашып, ар жылы 400 тоннага жакын мөмө-жемиш жыйнап алышат. Быйыл тамеки, пахта айдоо аянттарын көбөйтүүнү пландаштырып жатабыз.
Учурда майда чарбаларды ирилештирүү боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Биздеги негизги максат - аты бар, заты жок айыл чарба кооперативдерин кыскартып, иш бере турган ири айыл кооперативдерин түзүү. Учурда Кара-Үңкүр айылын бир чарбага, Ажек менен Жаңы-Шаар айыл тургундарын бир чарбага бириктирүүгө аракет кылып жатабыз.
Ийгиликтер да, көйгөйлөр да көп
Биздеги эң негизги көйгөйлөрдүн бири Сумсар убактылуу суу сактагычын куруу. Бул маселе 1-Май колхозу түзүлгөндөн бери чечилбей келатат. Суу сактагыч курулса элибиз суу тартыштыгынан арылып, 1500 гектардан ашуун жер сугат суусу менен камсыз болмок. Ал жеке эле биздин айыл округуна эмес, Сумсар, Көк-Таш, Көк-Серек айыл округдарына да зор пайда алып келмек. Жазгысын убактылуу суу сактагыч жок болгондуктан суунун көбү Наманганга өтүп кетет. Тактап айтканда, төрт айыл округунун өсүп өнүгүүсү ушул суу сактагычка байланыштуу. Шакафтар лоток каналы да капиталдык ремонтту талап кылып турат. Эскилиги жеткен каналды оңдоо долбоорун ПУВР (сугат суу ресурстарын жакшыртуу проектиси) линиясына киргизгенбиз. Тилекке каршы, бул долбоорубуз да ишке ашпай турат.
Азия өнүктүрүү банкынын "Таза суу" программасына кирген "Айры-Там таза суу", "Совет-Сай таза суу" долбоорлору инвесторлордун талаптарын толук аткарганыбызга карабай жылдан-жылга узартылып, долбоор ишке ашпай келатат.
"Дүйшөндүн мектеби" атыккан Кара-Үңкүр айылындагы мектептин ордуна 200 орундуу типтүү мектеп куруу, Жаңы-Шаар айылындагы жылдан жылга чөгүп бараткан эски мектептин ордуна 400 орундуу мектеп куруу маселеси да бышып жетилди. Билим берүү министрлиги, Жогорку Кеңеш менен макулдашылганына карабай, мектептерди куруу негедир мамлекеттик бюджетке кирбей жатканы өкүндүрөт.
Жол азабы көр азабы демекчи, өлкөнүн башка жерлериндегидей эле жол көйгөйү 1-Май айылдык округунда да жок эмес. 1-Май-Ала-Бука автожолун асфальттоо боюнча мурдагы эки бийликтин тушунда бир топ жетекчилердин ооз толтура убадаларын алганбыз. Бирок, алигиче асфальттоо боюнча эч кандай иш жүргөн жок. Демек алдыда аткара турган арбын иштер, максаттар көп. Аны жүзөгө ашыруу үчүн элдин эмгеги, мамлекеттин колдоосу керек.
Мелис СОВЕТ уулу




  Үшүткөн үркүн

Жыргалбек РЫСБЕКОВ,
Үй куруучулар коомунун лидери:
Кыргыз элинин тарыхында калган эң оор, унутулгус издердин бири - 1916-жылдагы Улуттук боштондук үчүн болгон көтөрүлүш. Курман болгон кыргыздарга мындан төрт жыл мурда эстелик тургузулуп, ар жылы август айында аларды эскерүү күнү белгиленип келет. Быйыл да бул жакшы жөрөлгө четте калбай, 6-август күнү Боом капчыгайында Улуттук боштондук үчүн курман болгондорду эскерүү өтөт.

"Эки сомдон чыгарып эстелик тургузганбыз"
- Улуттук боштондук үчүн курман болгондорго эстелик тургузуу идеясын ким көтөрүп чыккан?
- Бул демилгени эң биринчилерден болуп 2006-жылы Улуттук боштондук үчүн курман болгондордун 90 жылдыгына карата ишкер Бейшенбек Абдразаков көтөрүп чыккан. Кыргызстандын булуң-бурчунан борборго жан бакканы келгендердин көбү жаңы конуштарда турушат эмеспи. Бүгүнкү күндө Бишкекте 47 жаңы конуш бар, ошол конуштарда жашаган адамдар бир-эки сомдон чогултуп, көп түкүрсө көл болот дегендей, карапайым элдин демилгеси менен Улуттук боштондук үчүн курман болгондорго эстелик тургузганбыз. Кийин эстеликти тургузганга миллиондогон акча кетиптир деген сөздөр айтылды. Эстеликти тургузууга баш-аягы 400 миңге жакын эле акча кеткен. Скульпторлор жардам катары эмгегине акы алышкан жок. Каражат материалдарга, түркүн таштарга жумшалды. Калган кара жумушту бир аз да болсо тыгын болсун деген ойдо жаңы конуштардын тургундары жасашты. Буюрса, демөөрчүлөр табылса эстеликтердин жанына комплекс курууну ойлонуштуруп жатабыз.
- Өлкө казынасынан акча бөлүнүп берилген эмес беле?
- Жардам сураганыбыз менен чоңдордун эч кимиси колдоо көрсөтүшкөн эмес. Боом капчыгайынан 3 гектар жер берилген, 2008-жылы 18-апрелде Улуттук боштондук үчүн курман болгондорду август айынын биринчи жумасында эскерүү күнүн белгилөө токтому чыккан. Чын чынына келгенде, ал күн деле мамлекет тарабынан эмес карапайым эл тарабынан эскерилип келе жатат. Жада калса эстелик тургузуу демилгесин убагында айрым академиктер, ишмерлер, чоңдор колдобой, каршы чыгышкан.
- Эмне үчүн?
- Орустар эмне дешет деп. Дүйнө жүзү боюнча эң айкөл эл кыргыздар экен. Башка улутка койнун кенен ачып, ошол эле учурда аларга баш ийип жашаган улут биз эле окшойбуз. Ыраматылык Салижан Жигитов "биз батыштын цивилизациясына эмес, канализациясына кошулуп баратабыз" деп туура айткан. Азыр биз батыштын жаман жактарын көбүрөөк алып жатабыз. Жаштар кыргыз элинин тарыхын жакшы билишпейт. Кыргыз эли бүгүнкү күнгө чейин башынан эң чоң төрт алааматты өткөрдү. Биринчиси, 1916-жылдагы Улуттук боштондук үчүн болгон көтөрүлүш, анда 300 миңге жакын адам көз жумган. Экинчиси, репрессия, үчүнчүсү, 90-жылдагы кыргыз-өзбектердин кагылышы, төртүнчүсү, жакында эле өлкөбүздөгү болгон коогалаңдар. Ушундай оор күндөрдү кантип унутуп, кантип келечекке кадам таштайбыз? Боом капчыгайындагы эстеликти да келечек муундар элинин басып өткөн жолун унутпай жүрүшсүн деген максатта курганбыз. Азыр да эстеликтин жанынан өткөндөрдүн куран окуп, гүл коюп кеткендерин көрүп ичибиз жылыйт. 6-августта маркумдарды эскерүү күнү болот. Каалоочулар үчүн биздин эшигибиз дайыма ачык.

Бегайым БАЙБОСУНОВА