06.08.10 - 20-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сапарыңар байсалдуу болсун!

"Алтай-Ала-Тоо Манастын жолу менен"
жүрүшүнүн уюштуруу тобунун мүчөсү Темирбек ТОКТОГАЗИЕВ:
"Алты миссия алдыда турат"
- Учурда "Алтай-Ала-Тоо Манастын жолу менен" сапарына чыгуу даярдыгы кандай деңгээлде?
- Бүгүнкү күндө жүрүштү даярдоо этабы негизинен аягына чыгып калды. Мурдагы күнү үч кишиден турган биринчи тобубуз Алтайга учуп кетти. Алар аймактын жергиликтүү жетекчилери менен жолугуп, биздин миссиябыз тууралуу айтып, Кыргызстандан бара турган делегациянын расмий жактарын сүйлөшүп жүрүшөт. Кудай буйруса, негизги топ 7-8-августта жолго чыгып кетебиз.
- ММКда башында бул топ эгемендүүлүк майрамына карата келип калат деген маалымат тарады эле. 31-августка кайра келип калганга жетишпей каласыңар го…
- 31-августта келип калыш үчүн 20-июлда жолго чыгып кетишибиз керек эле. Башында бул ишти уруулар биримдиги менен чогуу жасайбыз деген ой болгон. Оң канаттын курултайында ушундай жүрүш жасайбыз деген тилекти айтканбыз. Бара турган жигиттерди уруулар өздөрү тандап берсин дедик эле. Бирок уруулар эмнегедир бизге ишенишкен жок. Акай Кине тууралуу да ар кандай тескери маалыматтарды таратып ийишти. Ошондой эле өзүбүздүн мусулман бир туугандар арасында булар Кудайга жакпаган иш жасап жатат дегендер болду. Ушундай себептерден улам аталган иш-чара кечеңдеп отурат. Ошон үчүн 31-августта келип калганга жетишпей калабыз. Ат менен 2880 чакырым аралыкты басып өтүү оңой эмес. Россиядан Казакстанга келиш үчүн 480 км аралыкты, Казакстандан Кыргызстанга жетүү үчүн 1200 км аралыкты басып өтүүгө туура келет. Ал эми өз өлкөбүздө 1200 км жол жүрөбүз. Быйыл эгемендүүлүгүбүздүн 19 жылдыгы белгиленет. Биздин бул жүрүшүбүз эгемендүүлүктүн жыйырма жылдыгына карата уюштурулмак. Ошондуктан 31-августтан кийинки күндөрү келсек деле болот.
- Анда кийинки жылы уюштурсаңар деле болот эле да?
- Быйылкы жыл элибиз үчүн өтө оор болду. Бийлик алмашкандан бери мамлекетибизде кан төгүлүү көп болуп, эл арасында ызы-чуу чыгып, ынтымагыбыз ыдырап, жерибизден кут качып, ыр-күлкү токтоп, томсоруп калдык. 7-8-апрелдеги Бишкектеги, июнь айындагы Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуялардан улам бардыгыбыздын жүрөгүбүздө кооптонуу пайда болуп, эртеңки келечегибиз кандай болот деген жоопсуз суроо менен жашап келебиз. Эмнегедир канчалык жан үрөп элди ынтымакка чакырбайлы, жергебизде тынчтык орногон жок. Элибиздин башына ушундай мүшкүл түшүп турганда "Алтай-Ала-Тоо Манастын жолу менен" жүрүшүн уюштуруунун кереги бар беле, андан көрө ошого кеткен каражатка түштүктөгү жабыркаган элдин бир-эки там-ташын салып беришпейби деген пикирлер да айтылышы мүмкүн. Бирок бул Манас жүрүшүнүн негизги максаты - элибиздин ооп турган ооматын кайра калыбына келтирүү. Ар бир кыргыздын жүрөгүндөгү Манас рухун ойготуу. Кийинки муунду мекенчилдикке тарбиялап, өз элинин тарыхын урматтоого үндөө. Ошол эле учурда коңшу өлкөлөргө жана дүйнө жүзүнө кыргыз журтчулугунун позитивдүү жактарын көрсөтүү. Буга чейин бир да жолу мындай жүрүш болгон эмес. Бул окуяны бир жагынан "Манас" эпосун, ал аркылуу кыргыз улутун даңазалоо катары карасак болот. Экинчи жагынан, мындай иш-чара коңшу өлкөлөр менен болгон бир туугандык, достук мамилелерди чыңдоо болуп эсептелет. Дагы бир негизги максат - кырк уруу кыргыз элин бириктирүү.
- Жүрүштүн демилгечиси Акай Кине деген ким? Каршылаштарыңар "Алтайда мындай киши жашабайт экен, ал өзүнө окшогон алдамчыларды топтоп алып элди алдаганы жатат" деген маалымат таратышты эле.
- Акай Кинеев деген жигиттин мурдагы аты Сергей Кинеев болгон экен. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, Алтайдагы, Тувадагы, Хакасиядагы биздин бир боор кыргыздарыбыз орустардын таасиринен улам өздөрүнүн улуттук сезимдерин мокотуп, ошол элдин ысымын алып калышкан. Ал эми Акай 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алып, Аскар Акаев тунгуч президент болуп шайланганда бизге таасирленип өз атын Акай деп өзгөртүп кайра паспорт алган. Ушундан улам биздин каршылаштар Алтайда Акай Кине деген киши жок экен деп чыккан го. Учурда бизде деле ислам таасирине сугарылган кээ бир жаштар өз аттарын Мухаммет, Абдулла деп өзгөртүп алып жатышпайбы. Бул жигит да Кыргызстандын таасири менен өз атын Акай деп өзгөртүп алган тура. Тактап айтканда, тоолуу Алтайда Акай Кине деген киши жашайт. Ал 37 жашта. Алтайдагы акыл-ой (руханий) борборунун лидери. Өзүн кыргызмын деп эсептейт. Эгер аталган аймактын чиновниктери тарабынан адилетсиз мамиле болсо диний лидер катары аларга каяша айтып, элди көтөрүп чыга алат экен.
- Акай Кине эмне үчүн мындай жүрүштү уюштурууга кызыкдар?
- Туура суроо. Менин досторум деле Токтогазиев эмне үчүн кандайдыр бир шамандын айткандарын чын көрүп, аны жасап жатат деп айтышы мүмкүн. Бул жерде кеп шаманчылыкта эмес. Өзүнүн айтканына караганда, Акай биринчи жолу Аскар Акаев президент болуп турганда Манас туулган Чамалган тоосунан чыныдай болгон таш алып келип, "сиз ушул ташты иш бөлмөңүзгө сактап, ыйык буюм катары тутуңуз. Элден алыстабай, жылына бир жолу элдик курултай өткөрүп туруңуз. Болбосо, элиңизден качып кетесиз" деп берип кеткен экен. Эсиңиздеби, А.Акаев бийликке келген алгачкы жылдарда жыл сайын курултай өтүп турган. Бирок кийинчерек унутулуп калды эле. Акай экинчи жолу 2005-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турганда келип, "бул ташты ыйык сактап, бир жылда бир жолу элдик курултай өткөрүп туруңуз. Болбосо, Акаевден жаман тагдырга туш болуп, качып кетесиз" деп дагы бир ирет чыныдай ташты иш бөлмөсүнө калтырып кетиптир. Бул окуялардын соңуна тарых күбө болду. "Үчүнчү жолу 11-майда бардым. Бирок убактылуу өкмөт мени кабыл алган жок. Аларга айтайын дегеним ишке ашпай, пресс-конференция өткөрүп баса бердим. Мен айткан нерселерге тереңирээк маани беришсе мындай окуялар болбойт эле. Беш жылда силерде эки революция болду. Yчүнчү революцияны болтурбоо керек. Эгер үчүнчү революция болсо, анын арты менен үчүнчү дүйнөлүк согуш мына так ушул Кыргызстандан башталат. Ошол үчүн эртерээк ойлонуп, ынтымакка келгиле. Азыр силердин мамлекет бычактын мизинде турган учур. Силер ынтымакка келип оңолсоңор биз оңолобуз, силер талашып-тартышып жоголсоңор биз дагы жоголобуз. Ошондуктан азыр баарыбыз туура чечим кабыл алып, Манастан келген аянды ишке ашыралы" деген экен ал. Бул сөз кай жагынан алып карасак да азыркы учурга шайкеш келип турат. Мына азыр ЕККУнун 52 полициясы киргени жатат. Биз алардан корккон жокпуз. Бирок алардын оюнда эмне бар экенин билбейбиз. Кокус кандайдыр бир чагымчылдык болуп, өлкөбүзгө АКШнын көк каска жоокерлери кирип келбейт деп ким кепил боло алат, Россиянын күч структуралары кириши деле толук мүмкүн. Ушул маалыматтарды логикалык жактан ойлонуп көрсөк, биз чындап эле учурда мамлекет катары жоюлуп кетүү коркунучунда турабыз. Ырасында Кыргызстандагы ызы-чуу бүтүндөй Азияга, керек болсо материкке, анан калса дүйнө жүзүнө уланып кетиши мүмкүн. Мындай көз карашты дүйнөлүк серепчилер деле айтып жатышат. Анан мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн Акай бул ишти жасагыла десе биз ага эмне үчүн ишенбейбиз.
- Учурда Алтай жүрүшүнө жөнөй турган топ даяр экен. Миссияны аткаруу үчүн кандай аракеттер болот? Кененирээк токтолуп өтсөңүз?
- Кыргыздардын кырк уруусунан бирден өкүл, жалпысынан кырк өкүл Алтайга барат. Акай ал жактан бизге кырк жылкы даярдап турат. Биз ошол кырк жылкы менен Алтайдан жүрүш жасап Кыргызстанды көздөй жөнөйбүз. Тактап айтканда, Манас туулган Алтайдан анын изи менен жүрүп отуруп Манас сыйынган Көкө-Теңир тоосуна сыйынып, күмбөзүнө топурак салышыбыз шарт. Көкө-Теңир тоосу бул биздин Сары-Жаздагы Хан-Теңири тоосу экен. Жүрүшкө чыккан кырк уруунун өкүлдөрүнүн алдында алты чоң милдет бар. Башкача айтканда, алты миссияны аткарышмакчы. Алтайдан чыгып, Казакстан аркылуу Каркырага өтүп, андан ары Сары-Жазга түшүп, Манас сыйынган жерге барып ал жерден Көкө-Теңирге сыйынып асман менен байланышуу ритуалы жасалат. Экинчиси, кырк өкүл бирден куржун алып ага теңинен Манас туулган жердин топурагын салып, Манастын күмбөзүнө алып келет. Yчүнчү миссияны аткаруу үчүн Алтайдагы Манас көлүнөн агып чыккан суудан бирден желим бөтөлкө суу алып келип Ысык-Көлгө куюлат. Ошондой эле өсүмдүктү байланыштыруу үчүн Алтайдагы бизде өспөгөн карагайдын сортун алып келип Кыргызстандагы саздуу жерге тигишибиз шарт. Бешинчи миссияны биздин ал жактан минип келген жылкылар аткарат. Жүрүш бүткөндөн кийин жылкыларды биздин жылкыларга кошуп, жаңы породадагы асыл тукумдуу жылкылар алынат. Ал жылкыларды Манас минген аттын атынан Аккула деп атамай болдук. Ошондой эле ал жакка улуу от жагып, ал оттун чычаласын же күйгөн дүмүрүн алып келип бул жерге от жагабыз. Ошону менен алты миссия аяктайт. Миссияны бүтүп келгенден кийин борбордо улуттук фольклордук фестиваль өткөрөбүз деген пландар бар. Фестивалдан соң бүтүндөй калк катышкан улуу курултай өткөрүүбүз зарыл. Ошондо гана биздин миссия толук өз максатына жетет.
- Сапарга чыккан кырк жигитке ар биринин жубайы өз колу менен кийим тигиш керек деген шарт барбы?
- Бул жөрөлгө Манас дастанында бар. Анда узак сапарга чыккан кырк чоронун кийим-кечеси көөнөрүп калганы, алар кайтып келгенче Каныкей баштаган энелерибиз күйөөлөрү үчүн кийим-кече даярдап коеру айтылган. Бизде да ошол шарт сакталат. Башкача айтканда, Алтайга аттанган ар бир жигиттин жубайы, эгер ал бой болсо анда энеси ошол бала сапардан кайтып келгенче сөзсүз түрдө өз колу менен бир сыйра кийим тигип, даярдап турушу зарыл. Мында эң эле жөнөкөй, бирок улуу касиеттер камтылат. Мисалы, жубайын же уулун күткөн аялзаты ага кийим даярдап жатып өз алдынча жаратканга чын дилинен жалбарып, Кудайдан сапардагы жакынынын аман-эсен келишин тилеп, ага мээримин төгүп, башка жаман нерселерге алаксыбай, убактысын өз жакынына камкордук кылууга жумшайт.
- Сапарга чыга турган кырк жигит кандайча тандалды?
- Биринчиден, бул топ кырк уруудан куралган. Алардын ар бири "Манас" эпосу тууралуу билет. Медициналык кароодон өтүшкөн. Айрымдарынын атайын даярдыгы бар. Башкача айтканда, буга чейин ат спорту менен машыгып келген.
- Бул жүрүшкө жалпы жонунан канча каражат кетет? Ал чыгым кимдин чөнтөгүнөн чечилген?
- Бул иш-чарага жалпы жонунан 6,5 млн. сом каражат кетет. Мамлекет бизге бир тыйын бөлгөн жок. Ишибиз тетири жакка бурулуп кетпеш үчүн саясый партияларга таптакыр жологон жокпуз. Чындыгында эл ичинде бул идеяны ак дилинен колдогондор көп. "Көп түкүрсө көл болот" дегендей, белдүү ишкерлерден баштап карапайым адамдарга чейин колунан келген жардамын берүүдө. Айрыкча, түштүктөн 200, 500, 1000 сомдон берип жаткан жарандар бар. Өткөндө Чаткалдан бир аксакал пенсиясынан 250 сомду кошумча кылгыла деп салып ийиптир. Ысык-Көлдүн Ак-Булуңунан Кубанычбек Исмаилов деген байке өз чөнтөгүнөн 1 млн. сом жардам берип кетти. Кээ бир жарандар бул сапарга керек болгон буюмдарды, талкан сыяктуу кургак тамак-аштарын беришүүдө.
- Сапарга чыга турган топ канча бөлүктөн турат?
- Негизги бөлүк - булар ат менен келе турган кырк жигит. Аларды окумуштуулардан, журналисттерден, коопсуздукту жана ден соолукту кароочу жандоочу топ коштойт.

Зайырбек АЖЫМАТОВ