06.08.10 - 17-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Партиялардын акчалуу колу буларга да жетти

Саясатка кызыкпасаң, саясат сага кызыгат деген сөз акыркы кезде чыгармачыл адамдар арасында актуалдуу. Буга чейин Керим Турапов, Ибрагим Жунусов депутат боло калышып, министрликке чейин жетти эле, бул башка ырчыларга стимул болуп калды. Элге аттын кашкасындай таанылып, сөзү өтүп калган адамдарды партиялар өз катарына тартуу менен алек. Албетте азыркы учурда элдин сүймөнчүктөрү болуп калган ырчылар жоон тобу менен саясатка башын сала башташты. Кээ бирлери мүчө болсо, кээ бирлери акча үчүн белгилүү бир партиянын ырын ырдап, айрымдары тааныштык менен жардамын аябайт. Алдыдагы шайлоонун үгүт процессинде кимди кайсы партиянын катарынан көрө алабыз деп иликтөө жүргүздүк.

Айчүрөк кайсы партияда экенин билгендер барбы?
Кыргыз эстрадасында салмактуу орду бар Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА партия съездинде эч кимге айтпайм деп ант бергенби, айтор, бир партиянын мүчөсүмүн, бирок айтпайм деп салды. Жадагалса тизмеде бармын деп да, жокмун деп да айтпайм дейт. Башкалар гезиттерге балчайта эле жаздырып жатса, Айчүрөк айымды эмне мынча партиясын жашырды деп шектүү карагың келет экен. Бирок, биздин партияда менден башка ырчылар да бар деп багыт берип койду. Мен партия мүчөсү болсом да, баарыбир ырчыларга тартып турам. 4 жылда бир болчу шайлоодо жакшылап акча таап алышсын дейт кесиптештерине жан тарткан Аргендин апасы. Эне катары кайсы саясый топ жеңбесин, өлкөбүзгө тынчтыкты, өнүгүүнү алып келишсе эле болду дейт.

Кимди ким алга сүйрөйт?
Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ акыркы окуяларда патриоттуулугун көрсөттү. Өз элине баталбай жүрүп, кыргызга асылган Юлдуз Усмановага татыктуу жооп берип, элден ыраазычылык угуп жүрү. Саясатчылар мындай учурда топтолгон упайын шайлоого колдонуп, депутат болгонго аракет кылышат. Ырчы мырза бул чыгармасы менен упай топтоо эмес, жөн эле жүрөктөгү оюн айтыптыр. Ал эми алдыдагы жарышта "Ата Журт" партиясына элди үгүттөйт экен.

Биз эл менен
Ош-Бишкек жолунда "Мерседес" айдап жүргөн Расул МАМАТКУЛОВ ырчылар элдин кишиси болот деди. Алар эч бир партияга душман дагы, дос дагы эмес. Бул жолку шайлоодо биринчи болуп "Ата Журт" партиясына сөз бергендиктен, үгүт иштеринде ушул партиянын таламын коргойт. Расул Маматкулов кайда болсо Айгерим да ошол жакта экенин эске алсак "Ата Журттун" катарында ырчылар аз эмес.

Ооматын октябрда көрөбүз
"Ак жолдун" катарында туруп, министрлердин акесин таанытып жүргөн Ибрагим ЖУНУСОВго депутаттык кызмат жагып калган окшойт. Эми "Ата Журттун" гимнин жазып, эң көп добуштуу районго "отвечайтетип" туру. Кара-Суудагы 197 миң добушка сөзү өткөн Эламандын атасын биртоп эле партиялар чакырышкан. Ошентсе да ал учурда түштүктүн 70% добушун алганга кудурети жетет деп эсептелген "Ата Журттун" ийгилигине көбүрөөк ишениптир. "Ата Журт" жеңишке жетип өкмөттүн курамын түзчү болсо, Ибрагим ака министр эле болсо керек. Анткени ал иштеп кеткен министрликке келгендер анын артынан казып, эчтеке таба албай коюшту.

Асылбектин багы эми ачылат
"Ата Мекен" партиясына Асылбек ӨЗҮБЕКОВдун мүчө болуп киргенине 10 жыл болуп калды. Ушул кадамы үчүн ага мурунку бийликтегилер көп эле бут тосууларды жасашкан. Учурда партия съезди өтүп, тизме тактала электигине байланыштуу депутаттыкка илинеби-илинбейби өзү да билбейт экен. Депутат катары көрбөсөк да, абройлуу ырчыбыз бир булгаары креслого койкоюп отуруп калышы толук мүмкүн.

Акжолтой Нурдөөлөт
Өзүбеков жүргөн партияда актерлуктун, алып баруучулуктун атасын окуткан Нурдөөлөт КОПОЕВ да бар. Бир нече партиядан сунуш түшкөндө ата мекенин ойлогон Нурдөөлөт мырза Өмүрбек агасынын желдети болгусу келген. Ал эми партиянын актер мырзага кызыкканынын себеби, ал мыкты алып баруучу, эң негизгиси акжолтой жигит. Эсиңиздерде болсо керек, бир уюлдук оператор ойноткон лотереядан кымбат баалуу автоунаа утуп алган. Балким колу жеңил жигит биздин катарыбызда болсо шайлоону утабыз деп ойлошкондур. Кыргыз радиосунда балдарга жомок айтып жүргөн жигит эми чоңдорго да айта баштайт окшойт.

Акасинин иши алгаласа
Атасы футболист болсун деп белгилүү футболисттин атынан Берадор коюп койсо, микрофон кармаган ырчы мырза спорттун волейбол түрүн тандап алган. Берадор Борбиев бажы тармагындагы жылуу орунду депутат болом деп таштап кетти. Оштогу окуяны болгондой айта коем деди эле, укук коргоочулар жемелеп кирди. Адахан акасынын иши жүрүшүп кетип кокус депутат болуп калса, парламенттеги добуш берүүдө жалгыз каршы чыккан активдүү депутат болчудай.

Тах-ти-тах-ти-тах-тах…
Декан болуп жүрүп бийликтин даамына көнүп алган Асел ТУРДАЛИЕВА дагы таттуураагын көрөйүн деген окшойт, мурунку сахналаш шериги Бектин артынан Кыргызстанды жарты кылбай бүтүндөйүн деп чечиптир. Оңой менен өзүнүкүн бербеген Асел айым дал ушундай мүнөзгө ээ Кимсанбай аванын баласы менен кандай тил табышар болду экен?

Чыңгыз деген саясатчы чыгат
Чыңгыз МЫРЗАЕВ бирде Чаткалдан болом, бирде Кадамжайдан болом десе, бул каяктан болорун билбеген кандай неме деп таң калчубуз. Көрсө, саясатчы агаларынан үлгү алып, барган жеринин кулуну болуп, добуш топтогон мыйзамды үйрөнүп жатканы экен. Ырларында да эки коенду бир аткан ди-джей жигит бул өнөрүн саясатта да колдонгону калды. Үйрөнүп бүттүм, эми кадам таштайм дедиби, айтор, бул дагы партияга кирди. Болгондо да, чыгармачылыкта кызматташып жүргөн агасы Бектин артынан "Бүтүн Кыргызстандын" ырын ырдамай болду. Ырчыларды катарына жыйып аткан бул партия шайлоодо катуурак үн чыгарышат окшойт.

Чөнтөгү калыңдар гана келгиле
Акыркы кезде "…сен да өз өлкөңдүн атуулусуң, Мекениңди сүйгүн…" деп ырдап жүргөн НЭНАны үгүт ишине тарткысы келген партиялар көп экен. Анткени анын ырлары патриоттуулукту ойготуп, элге катуу таасир калтырганы "Үмүт кербенинде" байкалыптыр. Ырчы кыз ким көп акча төлөсө ошолордун партиясына иштеп берем деп туру. Таасирдүү ырлар сиздин партияңыздын атынан жаңырсын десеңиз Нэнанын аукционуна эртерээк катышып калыңыз.

Абдылда акчасын актайт болуш керек
Абдылда ИМАНКУЛОВду ким тааныбайт. Ушул суроонун негизинде бул инсанды "Ата Журт" партиясы ээлеп коюптур. Угушубузга караганда башка партиядан "жем" издеп кетпесин деп авансын да карматкан имиш. Саясый тамашалар менен чоңдорго көп тийишкен куудул акебиз эми кантип өзү чуркаган партияны мактайт болду экен?
Алдыдагы "чоң казатта" кайсы ырчы кандай кадамга барарын божомолдогон жокпуз. Картасын жашырган ырчылар ачыкка чыккысы келбеди. Бирок, үгүт ишине акчасын төлөсө "Хизбутка" деле ырдай беребиз дегендер бар экен. "Үмүт кербенинде" жүргөндө сахна ээлери ставканы түшүрбөй, бир иштеп алалы деп сөз беришиптир. Бир жолку эл менен болгон жолугушууга ким 200 доллардан аз алса тиешелүү жазасын алат деп сүйлөшүптүр. Калың капчыктуу партиялардын акчасын беш жылга жеткидей кылып саап алгыла ылайым. Шайлоонун шылтоосу менен булуң-бурчтардагы карапайым эл бекер концерт көрүп алышсын.

Кубат КУДАЙБЕРГЕНОВ