06.08.10 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Токой икаясы

Топчукенин "токой" мыйзамы эмес, мамлекеттин мыйзамы керек
Т.Тургуналиевдин токой "эпопеясынан" кийин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттиги коомчулуктун көңүлүндө турат. Төмөндө аталган агенттиктин статс-катчысы Абдымитал ЧЫНГОЖОЕВ менен болгон маегибизди сунуш кылабыз.

- Абдымитал мырза, Топчуке келгенге чейин сиздердин мекемени эстеген жан жок эле, жакындан бери өтө популярдуу болуп кеттиңиздер. Ал кишиге ырахматыңар барбы же ызалык калдыбы?
- Топчубек Тургуналиев 12-апрелде келди. Ырас, адегенде чоң саясатчы, таасирдүү адам келди, өкмөттө да өз кишибиз болот деп сүйүнгөнбүз. Анткени өкмөткө чукул жеткирип, чече турган маселе бизде толтура. Балээнин баары анын 20дан ашык кишини бир коллегияда шыпырып түшкөнүнөн башталды.
- Толгон кишини тоголото чабышына себеп болсо керек да?
- Аларды атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы боюнча иштен алган. Ошол коллегияга мен Ташкентке кетип катышпай калгам.
- Комиссиянын жыйынтыгы боюнча, анын үстүнө коллегиянын чечими менен иштен алса Т.Тургуналиевде эмне күнөө?
- Мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамга ылайык ар бир бошотулган кызматкерге статс-секретардын макулдугу керек. Ошондой эле тигил кызматтан бошогондорду таптакыр эле "аппак" деп айта албаймын. Кемчиликтери бар. Бирок алар деле адам да. Ар биринин ишин кылдат текшерип, эмне үчүн мындай болуп калды деп жагдайын сурап, чыны менен күнөөлүү болсо эмгек мыйзамына ылайык жазалап (сөгүш, катуу сөгүш), зарыл болсо кызматтан алууга неге болбосун. Айрымдарын сен бошодуң деп эле сыртынан "бычып" салуу мыйзамга жатпайт да. Бул жерде процессуалдык жактан чоң кемчиликтер кеткен. Т.Тургуналиевге чейин эле иштеги кемчиликтер боюнча күрөшүп келгенбиз. Күрөшө беребиз. Биз Топчукенин "токой" мыйзамы менен эмес, мамлекеттик мекеме катары мамлекеттин мыйзамы менен иштейбиз.
- Ошентип, акыры Топчукени токойчулар томкоруп тынышты. Ушуну менен токтодубу эми?
- Учурда экинчи жолу түзүлгөн мамлекеттик комиссия иштеп жатат. Жыйынтыгы жакында чыгат.
- Баса, Т.Тургу-налиевдин туусун көтөргөндөр сизди да мажбурлап арыз жаздырып, колдору да тийип кеткенин ММКдан айттыңыз эле. Кимдер экен алар? Токойго тиешеси бар немелерби?
- Кимдер экенин билбейм. Арасында карысы да, жашы да бар эле. Бирок токой тармагында иштеген бирөөнү да көрбөдүм. Мага кол көтөргөндөрү муштумдары маңгелдей зөөкүр жигиттер болчу. Азыр бул иш боюнча милиция иштеп жатат.
- Топчуке токойчу болбогондугу үчүн тобуңардан топтой тебилди. А чыныгы токойчу деген кандай болот?
- Токой -- бул эл-жерибиздин байлыгы, сыймыгы. Талыкпаган илимий-иликтөөлөрдү, материалдык базаны талап кылган өтө маанилүү тармак. Ага жараша атайын кесиптеги адистер талап кылынат. Жаратылышты жакшы көргөн ар ким эле бул тармактын аң-чөнөгүн биле бербейт. Токойду сактоонун, өнүктүрүүнүн дүйнөлүк практикасы бар. Кыргызстанда ааламдын башка жерлеринде кездешпеген, биосфералык өзгөчөлүгү, фауна, флорасы менен айырмаланган уникалдуу жерлер арбын. Аларды өнүктүрүү үчүн тиешелүү адистер керек. Союз мезгилинде токойчулар Москва, Ленинград (Санкт-Петербург) шаарларында даярдалчу. Азыркы учурда Кыргызстандын ЖОЖдорунда токой адистиги боюнча факультеттер ачылып, жыл сайын 200-300гө жакын адистер бүтөт. Бирок биз жыл сайын 20-25 бүтүрүүчүнү гана жумушка орноштура алабыз. Калгандары багынан көрөт.
- Демек сиздер атайын кадрлар менен камсыз турбайсыздарбы?
- Жок, камсызбыз деп айталбайм. Жер-жерлерде кадрлар жетишпейт. Ошондуктан жергиликтүү элден тартабыз. Ал эми билимдүү, даярдыгы бар жаштарды алыскы жерлерге барып иште деп да айта албайсың. Анткени ала турган айлыгы миң сом. Бизде 1500 миңдей токойчу иштейт (сезондук иштегендерди эске албаганда). Ошондой эле ар бир токойчунун карай турган жерлери кээ бирде 3000-4000га аянтты түзөт. Аны караганга жалгыз токойчу кантип жетишмек эле. Кошумча киши алалы десек штатта каралбаган. Аны финансы министрлиги бекитет. Болбосо токой боюнча адистиги бар жаштарды кеңири тартпайт белек. Бул чукул чечүүнү талап кылган маселелерден.
- Кыргызстандын жалпы территориясынын 4,5%ын токой түзөт дейбиз. Ушул чындыкка канчалык жакын?
- Бул так маалымат эмес. 2008-жылдан бери БУУнун ФАО уюмунун жардамы менен улуттук токойду тактоо боюнча инвентаризация жүргүзүп жатабыз. Ушул жылдын күзүндө так маалымат айтылат.
- Акыркы элүү жылда кыргыз токою кыйрады деген маалыматтар да бар. Токойго өчөшкөндөй анчалык эмне болду эле?
- Өткөн кылымдардын 30-жылдарында кыргыз токоюна кыйраткыч сокку урулуп токой баскан жерлер 3,5%га кыскарып кеткен. Көлдө, Нарында, Кеминде эбегейсиз кыйылууга учураган. Ал карагайлар темир жолго, согуш учурунда армияга жөнөтүлгөн дешет. Бирок токойдун кылымдардан бери келаткан өзүнөн өзү көбөйүү касиети бар. Болгону мал-жан тебелеп-тепсебеши керек. Мисалы, бу жердеги Ала-Арча капчыгайы аркылуу кезегинде Суусамырга мал айдап турушканда азыркы Ала-Арча мамлекеттик коругунун чаңы учуп калган. 1976-жылдан корукка айлангандан бери токойлор өзүнөн өзү көбөйүп, азыр жакшынакай болуп калбадыбы.
- Орустун Сибирь аймагында көк тиреген карагайлар бар. Ошол орустун карагайын Кыргызстанга алып келип өстүрсө болобу?
- Соснаны айтып жатасыз го. Бизге да алып келип өстүрүшкөн. Орус кайыңын да алып келишкен. Сосна аябай тез өсүп, бою бийик, бирок морт болгондуктан кышында кар калыңда, же катуу шамалда көп жыгылат. Өзү менен кошо далай даракты кошо сындырат. Анысы аз келгенсип, уругунан өнүп чыгаары да байкалбайт. 30-40 жылдан бери мындан ары кандай болоор экен деп байкоо салып келебиз. Токой илими деген ушул. Кээде бир жыйынтыгына бир өмүр жетпей калат.
- Ааламда жок жаңгак токоюбуз бар. Бирок анын кап аталган касиети бар экен, ошого көзүн кызарткандар көбөйүп кетти. Аны кыюуга мамлекет мораторий жарыялагандай болду эле, жыйынтыгы кандай?
- Аны кайтарып атабыз. Мурда жылына 500 даана кап уурдоо фактылары катталса, мораторийден кийин 25-30 даанага чейин төмөндөдү. Бирок, жаңгак токойлорун жандап жүз миңдеген адамдар жашагандыктан, жаңгакка тийбесе дагы отунга дешип башка дарактарга балта шилтеп жиберишүүдө. Ушул азыр проблема болуп турат. Капка аңчылык 1994-жылы андагы премьер-министр А.Жумагуловдун атайын буйругунан кийин башталган. Ага ылайык кыргыз-америкалык биргелешкен "Регия-Жаңгак" деген ишкана түзүлүп, америкалыктар жаңгак жыгачтарын, капты каалагандай майкандап, Европага чейин жеткиришкен. Анын ордуна биопоника аталган, жаңгакты көбөйтүү методун сунуш кылышкан. Кыскасы, кыйып алат экен да, эми минтип көбөйтсөң болот дегенсиген шылдыңы болгон. Акыры алар куулуп салынганы менен капка болгон дүйнөлүк аңчылыкты баштап берип кетишти. Ошондон бери тынч эмеспиз.




Толгонткон фактылар
Кылымдарды арыткан кыргыз токою, айрыкча өткөн кылымда көрбөгөнү калган жок. Ким гана балта шилтебеди. Бирок багыбыз бар экен, акыркы жылдарда бир катар чет өлкөлүк уюмдардын колдоосу менен акырындап калыбына келип бараткандай.
Кыргызстандын токою 1930-жылы 1194 миң га болсо, 1956-жылы 619,8 миң га токой калган. 1966-жылдан баштап гана аны калыбына келтирүү иш- чаралары жүргүзүлө баштаган.
Кыргызстан дүйнөлүк экологиялык 200 мамлекеттин катарында турат. Территориябыз планетанын 0,03%ын түзгөнү менен дүйнөлүк фаунанын 2%ы, флоранын 3%ы сакталып калган.
Бизде 4500 миңден ашык өсүмдүктөрдүн түрлөрү болсо, анын 300ү жоголуу астында турат.
Нарын мамлекеттик коругунда азыраак бугулар сакталып калган.1989-жылдан бери марал өстүрүүчү питомник иштеп жатат.
Чаткалдагы Беш-Арал коругунда дүйнөлүк Кызыл китепке кирген бир жеринде меңи жок ак суурлар (мензбир) бар.
Каратал-Жапырык коругунда дүйнөлүк Кызыл китепке кирген тоо каздары, ошондой эле бакырчаак аккуу, кызыл канат каркыра бар.
1925-50-жылдарынын аралыгында Кыргызстандын токойлорунан 5,95 млн. куб карагай кыркылган.
1930- 47-жылдардын аралыгында Арсланбаптагы жаңгак токоюнан жыл сайын 20 миң куб жаңгак дарагы кыйылып турган. Жалпысынан 140 миң жаңгак токою кыйылып, ойрон болгон. Ал жыгачтардан болгону мыкты сапаттагы фанералар жасалган.
Сары-Челектин Бакалы, Кичи-Кол деген жерлеринде биздин замандан кийинки 20-жылдардан бери өсүп келаткан жаңгак дарактары (2000 жыл) сакталып калган.

Темирбек Алымбеков