кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/10/0806_1.htm on line 84

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/10/0806_1.htm on line 84

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/10/0806_1.htm on line 84
п»ї

  Бишкек дагы солк этти

Барыктабасов басып алайын дедиби?

Түшкө жакын уюштуруучулар тарабынан митингчилерге жолдон Бишкекти көздөй келаткан Урмат Барыктабасов түшкөн авто кербен бийлик тарабынан токтотулары тууралуу маалымат айтылды. Бул учурда Горький аянтындагылар бийлик өкүлдөрү отурган ЖК имаратын көздөй жөнөштү. Ал арада Урмат Барыктабасовдун Балыкчыдан келаткан тарапкерлери Бишкекке кире бериш жерде, Канттын Ново-Покровка айылындагы "Киргшелк" бекетинде токтотулганы маалым болду. Эски аянтка келген митингчилер бийликтен Бишкекке өткөрүлбөй аткан У.Барыктабасовго тийбөөнү, анын курултайга катышуусуна тоскоол болбоону талап кылышып, Роза Отунбаева баштаган бийлик өкүлдөрүн жолугууга чакырып жатышты.
Ал ортодо күч органдарынын жетекчилери ММКларга кайта-кайта чыгып, бийлик Урмат Барыктабасовду кечинде камакка аларын, себеби У.Барыктабасовдун тарапкерлери 2005-жылдын 17-июнунда өкмөт үйүнө кирип барып, ага карата кылмыш иши козголгонун, ошондон бери ал мурдагы кылмыш иши боюнча алты жолу тергөөгө чакырылганына карабай келбей койгонун, 4-августта Башкы Прокуратуранын тергөө башкармалыгына У.Барыктабасовду кармоо тууралуу санкция келип түшкөнүн айтып турду.
ИИМ жетекчиси К.Байболов: "Биз бул деструктивдүү күчтөрдүн пландарын, аракеттерин жана алардын артында кимдер турганын жакшы билебиз. Алардын куралдары, гранаталары бар. Бир милиция кызматкерине оор залал келтиришти. Ошондуктан белгилүү өлчөмдө мыйзамда көрсөтүлгөн чаралардын баарын көрүп жатабыз жана кырдаал толугу менен көзөмөлдө" деген маалымат таратса, УКК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, аталган курултайдын уюштуруучуларынын бийликти тартып алуу сыяктуу пландары белгилүү болгон.
Түштөн кийин эски аянтта турган митингчилердин жаштар бөлүгү Канттын Ново-Покровка айылындагы "Киргшелк" постуна жөнөштү. Бул жерде Бишкекке келаткан жол толук буулуп, аскер техникалары тартылып, атайын бөлүктөрдүн аскерлери, милиция кызматкерлери даяр турушкан. Саат 16.30 чамасында күч органдары көздөн жаш чыгаруучу газ жана курдүрмөт менен аткылап, Балыкчыдан келаткан барыктабасовчуларды ары жакка, Бишкектен баргандарды бери жакка кууп таратып, жол ачылды. (Бул жөнүндө толук маалымат 6-бетте).






PDF формат







а ­е¦Є.НҐй«