Көркөм адабий китептер!


  Түштүгүм оң канатым...

ОШ
Анклав көйгөйү, дүкөнгө атылган ок
Губернатордун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Барак анклавына (Кара-Суу району) жумушчу сапары менен барды. Жергиликтүү тургундар жолугушууда облус жетекчисине көкөй кескен көйгөйлөрүн айтышкан. Жээнбеков айрым маселелерди жеринде чечип, калгандарын жогору жак менен акылдашарын баса белгиледи. Алсак, түштүктөгү коогалаңдан кийин барактыктар Ош облусунан 25 гектар жер бөлүп берүү өтүнүчүн өкмөткө жолдогон. Буга жаңы бийлик ак да, көк да дей элек.
***
Шаар башчысы Мелис Мырзакматов чет эл журналисттерин түгөл чогултуп, маалымат жыйынын өткөрдү. Ал жыйын маалында өрттөлүп кеткен район, шаарларды калыбына келтирүү планына кенен токтолду. "Көп кабаттуу үйлөрдү жана ар кайсы улуттун өкүлдөрү жашаган жаңы райондорду куруу оор кырдаалдан чыгууга шарт түзөт. Анткени июндагы кандуу коогалаңда көп улуттуу аймактар олуттуу жабыркаган эмес" деди Мырзакматов мырза.
***
Коргоо министрлигинин 25 жаштагы кызматкери, аскердик бөлүктүн командири "Калашников" автоматын ой-келди татыраткан экен, бактыга жараша андан эч ким зыян тарткан жок. Болгону күркөнүн айнектери талкаланып, ишпалдасы чыккан. Бейбаш офицердин оозун түтүкчөгө үйлөткөндө, "ак молдодон" аянбай шимиргени тастыкталды.
***
Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан Ош окуясы боюнча 16 кылмыш иши ачылып, анын алтоосу тергелип, сотко өткөнүн башкы чекисттин орунбасары Көлбай Мусаев билдирди. "Маселен, өзүн УКК кызматкери катары тааныштырган Руслан аттуу жигит ишкерлердин биринен 10 миң доллар өндүрүүнү көздөгөн. Иликтөөнүн натыйжасында кылмышкер кармалып, анын ким экени тастыкталды. Көрсө, ал ОшМУ студенти экен" дейт ал. Ошондой эле "үч тамгачыл" эргулдун жергиликтүү кримчөйрө менен жылуу алакада жүргөнү аныкталган.
ЖАЛАЛ-АБАД
Өйдөлөгөн
инвестиция, өчөйткөн
кырсык
Облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы дубан боюнча биринчи жарым жылдыкта экономика жана социалдык тармактарга тартылган инвестиция көлөмү өскөнүн сүйүнчүлөдү. Маселен, алты ай аралыгында 2 млрд. 669 млн. 623,1 миң сомдук инвестиция келген. Бу жаатта облус аймагындагы мамлекеттик мекемелердин көрсөткүчү 185 млн. 952,9 миң сомду түзөт. Инвестициянын көпчүлүк бөлүгү алтын кенин иштетүүчү "Казахмыс" (Ала-Бука району) компаниясы менен Камбар-Ата-2 ГЭСине таандык.
***
Катуу жааган жаандан жана чокуну томуйтчу мөндүрдүн айынан Ак-Дөбө айылынын тургундары жабыркады. Жаратылыш кырсыгы бир үй, мектептин шыйпырын учуруп, айнегин талкалаган. Мындан сырткары, 165 гектар жерге айдалган жүгөрү, 20 гектарга себилген буудай жана 80 гектар аянттагы картошка жарактан чыккан.
***
Ушу тапта дубандагы бардык мектептер ремонттон өттү. Анүчүн, мамказынадан 25 млн. 626 миң 228 сом бөлүнгөн. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1,8 млн. сомго көп. Эске салсак, облус боюнча 468 мектеп бар.
БАТКЕН
Айланы кетирген СПИД, Токтогулдун
"Тогуз кайрык"
Борбор Азиядагы СПИДди көзөмөлдөө долбоорунун аймактык координатору Уларбек Араповдун маалыматына ылайык, Баткен районунун тургундары менен бул инфекциялык дартты жайылтпоонун тегерегинде талкуу жүргүзүлгөн. Уларбек мырзанын айтканына ишенсек, аты жаман илдеттин жайылышына миграция агымы түздөн түз таасирин тийгизип жатыптыр. Андыктан, Россия же Казакстандан кайткан мекендештерди Баткенге жете электе медициналык текшерүүдөн өткөрүү демилгеси сунушталды.
***
Кечээ өрүкзарлуу дубанда "Тогуз кайрык" республикалык телефестивалы старт алды. Облустук маданият башкармалыгынын кабарлашынча, ага 21 өнөрпоз катышат. Эске салсак, республикалык масштабдагы мындай саамалык биринчи ирет өткөрүлүүдө.
"Жаңы Агым-пресс"




Деги аксабаган тармак барбы?
ЖОЖдун жону да,
жолу да катуу


1998- жылдан тартып мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) өтүп келет. ЖРТ программасынын ишке киргизилишинин башкы максаты - билим берүү системасындагы коррупцияны жоюу болуп саналат. Бирок, жалаң эле тестирлөөнүн аркасында көкөй кескен көйгөйлөр чечилбесин мезгил өзү тастыктады. Мамлекет дипломдуу адистерди жумуш менен камсыздоо жагын чечиши - заман талабы.


Алгач, жалпы республикалык тестирлөөнүн оң жактарына токтолсок. Элеттик жаштар борборго келип убара тартпай жеринде эле тест тапшырып, анын жыйынтыгында жогорку упай топтогондоруна бюджеттик негизде окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Арийне, жогорку окуу жайларда (ЖОЖ) бюджеттик орундун чектелүү экендиги олуттуу көңүл бура турган маселе. Алсак, быйыл 73 миң 250 бала мектеп уясынан учкан. Мунун ичинен 5700ү гана мамлекет эсебинен билим алуу укугуна ээ. Калганы студент болуу үчүн жылына бери дегенде 15 миң сомдон (контракттын минималдык өлчөмү 15 миң сом) төлөшү керек. Бул акчаң болсо ЖОЖдун босогосун аттайсың, болбосо төрт тарабың кыбыла дегенди түшүндүрөт.
Экинчиден, ЖРТга бардыгы эле катыша бербейт. Айрыкча, алыскы аймактарда жашаган жаштар мындай мүмкүнчүлүктөн куру калышат. Маселен, быйыл 27 миң бүтүрүүчү гана тест тапшырыптыр. Ушул жерден ЖРТ мамлекеттик деңгээлге көтөрүлө албай атканы ачык байкалат.
Коңшу Россияда биздикине окшогон бирдиктүү мамлекеттик тестирлөөнүн колдонулуп жатканына эки жылдын жүзү толду. Бирок, аларда тестирлөө мамлекеттик экзамен менен кошо жүргүзүлөт. Тактап айтканда, окуучунун логикалык ой жүгүртүүсүн (тесттеги суроолордун басымдуу бөлүгү логикалык ой жүгүртүүгө негизделген) текшерүүдөн сырткары, анын эмнеге шыктуу экендигин дилбаян жазуу, химия сыяктуу предметтик сабактардан эсеп-кысап чыгартуу аркылуу аныкташат. Ушул практиканы биздин шартка ылайыкташтырып колдонсок көп жагынан утмакпыз. Анткени, биринчиден, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн бардыгы жалпы республикалык сынактан өтүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлсө, экинчиден, ошол тесттин жыйынтыгы менен кимдин эмнеге шыктуу экени билинет эле. Бул жаштардын кесип тандоосуна да чоң өбөлгө болмок.
Акыркы алты жыл аралыгында (таблицаны караңыз) 475 миң 784 улан-кыз мектепти аяктаган.
Ал эми алардын арасынан канчасы ЖОЖду жана орто кесиптик окуу жайын бүтүргөнү төмөндөгүдөй:
Көрүнүп тургандай, алты жыл ичинде 189105 дипломдуу адис "көз жарган". Билим берүү жана илим министрлигинин расмий маалыматы ушундай. Алардын ичинен канчасы өз кесибин аркалап жатканы тууралуу так маалымат жок. Көпчүлүгү дипломдорун сандыкка катып, бөтөн жакка жумуш издеп кетишет. Анын кесепетинен алыскы региондор түгүл, борбордо педагогика, медицина сыяктуу маанилүү тармактарда адистердин таңсыктыгы жыл өткөн сайын даана байкала баштады.
Кайра эле Россиянын тажрыйбасына кайтып баралы. Ажерде өкмөт алгач кайсы тармакта канча адис жетишпей жатканын эсептеп чыккан соң, окуу жай жетекчилигине мугалимден же юристтен мынчаны даярдагыла деп тапшырма берет. Натыйжада жаштар ЖОЖду аяктары менен жумушка орношот. Бизде да ушундай системаны жолго койсок болмок беле? Болмок.
Туура, кезинде Аскар Акаев да кызыл дипломдуу жаштарды дароо ишке орноштуруу демилгесин көтөргөн. Тилекке каршы, ал өз жемишин бербеди. Мамлекеттик органдарда айлык акынын көлөмү өтө төмөн. Жогорку маяналуу менчик ишканаларга жумушка орноштуруш бийликтин колунан келбейт. Ал ортодо "мугалимдердин депозити" деген программа кабыл алынды. Күтүлгөндөй эле андан да жарытылуу майнап чыккан жок.
Бизде кай мезгил, кай президент болбосун келечектүү эмес, дайыма утурумдук кызыкчылык үчүн иштер жасалат. Айрыкча билим берүү тармагы өлкөнүн өсүп-өнүгүшү, келечеги үчүн кызмат кылсын десек, терең өзгөрүүлөрдү чындап жасаган оң. Бирок азыркы "өгүз өлбө, араба сынба" деген өкмөттөн мындай ишти талап кылуу кыйын го.




 кыргыз тилиндеги гезит "Агым" 
Яндекс.Метрика