23.07.10 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  ИИМге ишенели

"Башка Бакиевдер да кармалат"

21- июль күнү буга чейин издөөдө жүргөн экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевди ИИМ кызматкерлери Жалал Абад шаарынан кармашты. Кызыгы, кармалгандын эртеси интернет маалымат булактарына Акмат Бакиевди ИИМ эмес, маркум Баяман Эркинбаевдин жээни Эмил Жусупов кармаганы тууралуу маалымат жарыяланды. Маалыматты тактоо ниетинде ИИМ министринин орунбасары Мелис ТУРГАНБАЕВге байланыштык.
- Акмат Бакиевди ИИМ эмес, Баяман Эркинбаевдин жээни Эмил Жусупов кармаганы интернет булактарында жарыяланды. Бул боюнча эмне айта аласыз?
- Эмилди таптык. Ал эжем эмне деп маалымат бергенин билбейм, мен мындай маалымат тараткан эмесмин деген көрсөтмө берди. А чындыгында Акмат Бакиевди кармоо операциясы мурун эле жашыруун башталган. Биз анын изине түшүп жүрүп, 21-июлда Жалал-Абаддан кармадык. Кармоо операциясына ИИМдин түштүктөгү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тартылып, өзүм жетекчилик кылдым. Акмат Бакиев шаардын Спутник кичирайонунун Жеңижок көчөсүндөгү №30 үйдүн 40-квартирасында 26-июндан бери жашыруун жашап жатыптыр. Аны кармаганда жанынан россиялык "Байкал" маркасындагы 2 тапанча, 75 ок, беткап, жасалма чач, сакал-мурут табылды. Кармоо убагында ал көп деле каршылык көрсөткөн жок. Акмат жашап жатат деп шектелген дагы бир жер үйдү текшерип, ал жерден аны менен кошо жашап келаткан аялды, айдоочусун, дагы бир жанжөкөрүн кылтакка илдик. Азыр борборго алып кетели деп турабыз. Бул кишиге "ар кандай башаламандыкты уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу күчтөрдү түзгөн" деген айыптар тагылып, 30-апрелде издөө салынган болчу.
- "АКИpress" маалымат агенттигинде Баяман Эркинбаевдин карындашы "аны жээним төрт досу менен кармады, УКК бул үчүн аларга 50 миң доллар убада кылды" деп билдирбедиби?
- Эми азыр өзүңүздөр билесиздер, Жалал-Абадда эл олку-солку болуп турат. Ар кандай такталбаган маалыматтар таркалып кетип жатат.
- Жакында дагы кимдер кармалышы мүмкүн?
- Азырынча бул боюнча ачык айта албайм. Бирок, Бакиевдердин калганын кармоо боюнча тынымсыз аракеттер болуп жатат.




Пикет кайра башталды
"ОБСЕсиз эле оң жолго түшөбүз"

Кечээ Бишкектеги ОБСЕ өкүлчүлүгүнүн имаратынын жанына жаштар бирикмелеринин эки жүзгө жакын өкүлдөрү чогулуп, "ОБСЕ полициясынын кереги жок!" деп кыйкырып, пикет өткөрүштү. Алар колдоруна "Биз Косово сценарийине каршыбыз!", "Жаштар ОБСЕ полициясына каршы!" "Кыргызстанды бөлүп-жарууга жол бербейбиз!" деген плакаттарды кармап турушту. Чогулгандардын негизги талабы Кыргызстанга ОБСЕ полициясынын 52 адамдан турган консультативдик тобун киргизбөө болду. ОБСЕ өкүлчүлүгүнө жазылган официалдуу катты кармап турган Мавлян АСКАРБЕКОВ буларды айтып берди:
- Биз, жаштар, ОБСЕнин полициясы Кыргызстанга кирбесин деген демилгени көтөрүп чыктык. Өзүңүздөр көргөндөй бизди улуу мундун өкүлдөрү да колдоп жатышат. Тарыхта тастыкталгандай, мындай эл аралык күчтөр кирген мамлекеттер бөлүнүп-жарылып, ал жерлерде ар башка автономиялуу өлкөлөр пайда болгон. Буга ошол эле Югославия, Ирак, Косовонун бөлүнүшүн мисалга келтирсек болот. Кыргызстан ошол акыбалга туш болбос үчүн кыргыз жаштары, кыргыз эли ОБСЕ полиция күчтөрүнүн киришине каршыбыз жана ага жол бербейбиз.
- Бул жердегилердин айрымдары Роза Отунбаева кетиши керек дегенди айтып жатышат. Бул пикет ошол максатта уюшулган эмеспи?
- Жок. Бул жерде биз кайсы бир партиянын, президент Роза Отунбаеванын же башка лидерлердин кетүүсүн, алмашуусун көздөбөйбүз. Бул акциянын бир гана максаты бар - Кыргызстанга аз санда болсо да эл аралык күчтөрдү киргизбөө.
- Тескерисинче, силер элди башаламандыкка түртүп аткан жоксуңарбы?
- Эч кандай башаламандык, мыйзам бузуулар болбойт. Тынч гана митинг өткөзөбүз. Кыргызстандагы ички маселелерди кыргызстандыктар өзүбүз, кыргыз бийлиги чечишибиз керек. Башка күчтөрдүн ички саясатка кийлигишүүсүнө биз жол бербейбиз. Өлкө башчысы Роза Отунбаева, өлкө жоопкерчилигин алган лидерлер, министрлер, Коопсуздук Кеңеши, ОБСЕ өкүлчүлүгү бизге "өлкөгө башка күчтөр кирбейт" деген официалдуу жооп кылмайынча акциябыз улана берет. Эгер эл аралык полиция күчтөрү өлкөгө кирсе, аны ультиматумдук түрдө чыгарууга жетишебиз.
Топтолгон элди көпкө күттүрүп жатып, ОБСЕ өкүлчүлүгүнөн ОБСЕ программасынын полиция маселеси боюнча кеңешчиси Владимир Коченко жаштарга чыгып жолукту. ОБСЕ өкүлү жаштардын талабын угуп, официалдуу катын алып, жакын арада катты ОБСЕнин элчилигине жолдоорун убада кылды. Буга кошумча Владимир Коченко ушундай оор кырдаалдарда өлкөгө эл аралык полициянын консультативдик топторун киргизүү ОБСЕнин 56 өлкө катышкан кеңешинде кабыл алынганын билдирди. "Бул 56 өлкөнүн катарында Кыргызстан да бар. Ар бир өлкө өз пикирин, талабын билдирүүгө укуктуу. Жоопту ОБСЕ элчисине берем, ал Венага жөнөтөт. Ошондон жооп болот" дейт ОБСЕ өкүлү.
Мындан соң чогулгандар өлкө президенти Роза Отунбаевага талаптарын билдирүү үчүн Жогорку Кеңешке карай бет алышты.
Мелис СОВЕТ уулу





  Селдеге чок түштү

Мурун канаткан муфтий талаш

Редакцияга мусулмандардан кайрылуу келди. Анда убактылуу муфтийдин милдетин аткарып жаткан Сүйүн ажы Кулуевди Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасынын жыйын залында 15-20дай дүкүлдөгөн жигиттер элдин көзүнчө сабагандыгы айтылат. Бул ооз ачырган окуя 2010-жылдын 6-июнунда болуп өтүп, натыйжада урматтуу ажы иштен кетүүгө аргасыз болгон.
Бир жагынан Сүйүн ажынын сабырдуулугуна да тан берсек болот. Күтүлбөгөн жерден эки жаат болуп тиреше кеткендерди ынтымакка чакырып, чатакты ырбатпай арызын жазып кете бериптир. Бул жөнүндө басма сөздөрдө айтылганы бар, бирок маселенин өтө тереңдеп кеткенин коомчулук аңдабай калган окшойбуз. Ыйык делген мечиттин ыптасында болуп өткөн мындай шумдуктуу окуянын келип чыгышына баягы эле канга сиңген түндүк-түштүк оорусу, ошондой эле муфтийдин "майлуу" ордуна көз артуу өңдүү көрүнүштөр себеп болуптур. Кылмыш дүйнөсүнүн да изи бар дешет. Ушундан уламбы, Кыргызстан аксакалдар кеңеши, Кыргызстан мусулмандар жамааты президент Роза Отунбаевага кат жолдошуп, криминалдык күч колдонуп басып алган жана уюшкан мафияга жол бербей, чукул арада уламалар кеңешин жабык өткөрүүгө шарт түзүп берүүнү өтүнүшкөн. Анткени башка максаттагы диний агымдардын кирип кетиши мүмкүн экен. Ошондой эле ушул уламалар кеңешинде муфтийди альтернативдүү түрдө шайлап алууну көздөп жатышканын айтышат.
Айтор, өтө эле "майталкан" дешчү ажыга барууну уюштуруу мезгили жакындап калганбы, же Кыргызстан муфтиятында кырчылдашкан, жалпы эле коомубуз үчүн коркунучтуу интрига барбы, кыскасы, кызыктын баары алдыда окшобойбу. "Жаңы Агым" гезити бул маселеге кийинки сандарында кеңири токтолмокчу.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ




  Башкаларды неге көрбөйсүңөр?

Мирлан КАЛДЫБАЙ УУЛУ,
юридика илиминин кандидаты:
"Эмне үчүн өкмөткө пенсионерлер келди?.."
- Укук таануучу катары техникалык өкмөткө кандай баа бересиз?
- Бул өкмөт техникалык дегенибиз менен саясый эле өкмөт. Себеби өз жобосу боюнча мамлекеттик жооптуу кызматта отурган кызматкер саясатчы деп эсептелет. Ал ар бир маселе боюнча өз саясатын жүргүзөт. Кыскасы, булар саясатка аралашпайт деп элди жөн эле алдай бериштин кереги жок. Мамлекеттик жогорку кызматка келүүнүн өзү саясатка келүү. Эми өлкөнү 100 күнгө чейин ушу кишилер жетектешет. Элдин нааразы болуп жатканы туура. Себеби жаңы өкмөт мүчөлөрү мурунку бийликте иштеп келген адамдар. Биз Акаев, Бакиев саясатын кылмыштуу режимдер деп эсептеп жүрбөйбүзбү. Анан алардын саясатын жүргүзүп келген кызматкерлерди кантип таза деп айтабыз? Максим Бакиев менен Айдар Акаевдер каалаганын жасап тайраңдап жүрүшкөндө, унчукпай аларга шарт түзүп бергендерди да бийликке алып келишкени уят эле нерсе. Эл 2005-жылы 24- мартта, андан кийин 2010-жылы 7-апрелде так ошол режимдин жүргүзүп жаткан туура эмес саясаты үчүн көчөгө чыгышкан да. Эми да ошол элдин кыжырын кайнаткан саясатчылардын жаңы өкмөткө келип компоюп отуруп алганы карапайым элдин кыжырын кайнатып жатат. Убактылуу өкмөт бизде люстрация мыйзамы болот деп сүйүндүрдү эле, кана ал? Баарысын кайра жаңыртып иштейбиз деген жалындуу сөздөр кана? Учурда техникалык өкмөтпүз деп отургандар 89 жигиттин каны төгүлүп жаткан 7-апрель күнү кайда эле? Ырас, алар аянтка чыккан балдарды аткан эмес. Бирок жүргүзгөн саясаты менен элди көчөгө чыгууга мажбур кылышкан да.
- Сиздин пикириңизде убактылуу өкмөт бул абалдан кантип чыгыш керек эле?
- Шайлоого чейин саясатка кийлигишпей чын дилинен иштейин деген өкмөт керек болсо ал жаш адистерден түзүлүш керек эле. Менин билишимче ар бир министрликте ошол тармакта көптөн бери иштеп, иштин көзүн билип калган жаштар толтура. Айрым саясатчылардын буга чейин мамкызматтарда жүрүп келген белгилүү жеп-ичерлерди гана билимдүү, ал эми кийинки жаштар иштей албайт деп жатышканына таптакыр каршымын. Кайра эле бийлик революцияга катышкан жаштарды четке түртүп, пенсияга кеткен кадрларга жабыша баштады. Менимче бул курактагы адамдар үчүн саясат оору болуп калган. Булар алдыдагы үч айда эч кандай иш кылбасына көзүм жетет. Мага эски чиновниктердин иштөө стили белгилүү. Булар бир ай аны-муну менен алаксыйт, бир ай ойлонот, акыркы айында эптеп өздөрүнө жылуу-жумшак жер издей башташат. Ал эми интеллектуалдык деңгээли бийик, заманбап ой жүгүртө алган жаштарга дале орун жок. Жана айтып кеткендей эгер бул өкмөт чын эле техникалык болсо, анда ага таанымал кишилерди коюп эмне кереги бар. Тескерисинче өзүнүн ишин жакшы билген жаш адистерди коюшпайбы.
- Техникалык өкмөттүн укуктук жагын айтыңызчы?
- Эми кырдаал момундай болуп жатканда бул өкмөттүн укуктук жагын жөн эле коелу. Башкаруу системасын легитимдүү кыла албай жатканда техникалык өкмөттүн иштеп турганы туура эле. Кеп анын курамында. Эң негизги нерсе, жаңы Башмыйзам кабыл алынгандан кийин убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү кызматтарынан чегингендиктерин жарыялашып, бирок ошол эле учурда мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүдө жана ыңкылапчыл максаттарды ишке ашырууда чыгарыла турган декреттер үчүн добуш берүү укуктарын сактап калышкан. Мына ушул жагынан таптакыр түшүнбөстүк болуп жатат. Эгер өз колу менен арыз жазып өкмөт мүчөлүгүнөн кетсе, анын мыйзам чыгарууга кандай акысы бар? Мамлекет укуктук талаага киргенден кийин декреттерди чыгаруу токтотулуш керек эле да. Азыр бир гана президент Роза Отунбаеванын бийлиги легитимдүү. Ал декреттердин ордуна жарлык чыгарууга укуктуу.
- Кыскасы, эми чыккан декреттер укуктук жактан жарабайт экен да...
- Жарабайт. Эгер жараткыбыз келсе биринчи жаңы жана ага чейинки өкмөт курамынын кимиси легитимдүү экенин аныктап алышыбыз керек. Азыр бизде эки баштуу өкмөт бар. Эл кимди угарын билбейт. Эгер убактылуу өкмөт шайлоону чындап эле ачык-айкын өткөргүсү келсе, анда техникалык өкмөткө бардык укуктарын өткөрүп бериш керек болчу. Демек бул жолку шайлоодо деле административдик ресурс колдонулушу мүмкүн.
- Алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча эмне дейсиз?
- Ушул кезге чейин ЖКга кайсыл күнү шайлоо болору аныктала элек. Башмыйзамга таянсак президент бул укукту өзүнө алып, парламенттик шайлоонун датасын жарыялаш керек эле. Бул боюнча президент Р.Отунбаева Кыргызстандын аймагында өзгөчө кырдаал болуп турган учурда шайлоо күнү жарыяланбайт дегендей оюн билдирди. А биз 27-июнда Ош окуясында төгүлгөн кан кургай электе референдум өткөрбөдүкпү. Аны кандай түшүндүрсө болот? Бул жерде деле батыл аракеттерди көрүп, шайлоо күнүн белгилеп коюш керек.
Зайырбек АЖЫМАТОВ