Көркөм адабий китептер!


Кыргызстандагы кыйын кырдаал деген шылтоо менен акыркы кезде көңүл ачуучу иш-чаралар азайып, элдин маанайы чөккөндөн чөгүп барат. Өзүңдүн маанайыңды өзүң көтөрүп, позитивдүү энергияга бөлөнбөсөң, жамандыктын артынан жамандык келе бериши мүмкүн. Мындай позицияны адистер бек кармашып, калың элге дайым кеңештерин айтып турушат. Муну эске алып, "Адреналин" республикалык экстремалдык спорт түрлөрүнүн ассоциациясы Кыргызстанда болуп көрө элек иш-чара өткөрүштү. Тагыраак айтканда, Американын "Форсаж" аттуу киносундагыдай кооз жасалган машинелер менен сулуу кыздардын сынагын уюштурушту.

Кооздук, сулуулуктун көркү мына!
Мындай иш-чара бизде биринчи болгонун ушундан билиңиз, фотоаппараттагы сүрөттөрдү көргөзүп жатсам, ушу бизде болдубу деп таң калгандар четтен чыгышты. Кыргызда жарым жылаңач кыздар кооз машинелердин жанына туруп сүрөткө түшүүсү негизи терс пикирлерди жаратат. Ушул себептенби, айтор, бул жарышка кыргыз кыздары катышпады.
Элибизде "Кыргыз байыса катын алат, өзбек байыса там салат" деген сөз бар. Ошол макалды эстеп алып, орус байыса эмне кылат болду экен деп жүрчү элем. Көрсө, окемдер акчасын ар кайсы той-топурга, пайдасыз жумуштарга жумшабай, үйүнө ыңгайлуу шарттарды болушунча түзүп, андан ашканда өзү айдап жүргөн унаасына чапташат тура. Буга далил катары башкалардан өзгөчө жасалгасы менен айырмаланып турган унаалардын ээлери, "Автотюнинг - 2010" конкурсунун катышуучуларынын басымдуу бөлүгү орус жигиттери экенин айтсак болот. Алардын айтуусу боюнча машине алардын экинчи үйү. Эртеден кечке машинеде жүрөбүз, үйгө барганда негизги убакытты уктоого кетиребиз. Андыктан өмүрүбүздүн көп бөлүгү темир тулпарыбыздын үстүндө өтүп жатканын унутпай, ага бүт шарттарды түзүшүбүз керек. Ошол машинеде жүргөндө өзүңдү эркин сезип, менин аялым татынакай деген сыяктуу машинеңе башкалар суктанып жатса, ошо рахатка эмне жетсин дешет. Айрымдарынын жасалгага жумшаган акчасы машиненин турган баасынан эки-үч эсе көп экенин белгилей кетели. Мисалы, бир көргөндө "Тико" го деген ой кеткен кичинекей "Дайхатсу" үлгүсүндөгү унаанын баасы 1,5-2 миң доллар болсо, анын жасалгасына кеткен баа (көпчүлүгү музыкалык аппараттары) 5 миң долларга барабар экен.
Бул майрамды уюштуруучуларынын бири "Гранд Медиа групптун" директору Юлия Щегловага суроо узаттык:
- Юлия, бул долбоордун негизги максаты кандай?
- Негизи мекенибиздеги болуп жаткан окуяларга байланыштуу жалаң эле кайгыра бербей, ансыз деле келечектен үмүттөрү үзүлүп бара жаткан жаштарды алаксытуу, алардын маанайын көтөрүү менен бирге алардын аракетин колдоого алуу. Ошондой эле спорттун бизге жат түрлөрүн жайылтуу менен бирге сулуулукту бир аренага чогултуу. Автотюнинг да спорт. Чет жакта буга атайын наамдар, сыйлыктар берилет. Мындай иш-чара бизде биринчи жолу болуп жатат. Ар кандай конкурстар, жакшы маанай тартуулаган музыка, жөн эле бассейнге түшүп эс алуу шаардыктарга жана конокторубузга оң таасир бериптир. Бул жакка келгендердин баарына аябай жаккандыктан, уюштуруучулар ушул сыяктуу иштерди Ысык-Көлдө өткөрүүнү ойлоп койдук. Анткени туристтер аз сезондо бул да болсо кошумча элди чакырганга салымын кошот деп ишенебиз.
Сынактын жыйынтыгы боюнча:
11 унаа катышкан автотюнингде биринчи орунга "Ява Авто" клубунун өкүлү, Кыргызстандын сноубординг жана автослалом боюнча чемпиону Андрей Вакурин өзүнүн "Субару Импреза STI" тулпары менен татыктуу болду. Экинчи орунду үстү ачык "BMV Z-3" спорт унаасы менен Евгений Давлетшин ээледи.
Унааларга кошумча көрк берген сулуулар конкурсуна жашы 18ден жогору болгон 10 кыз катышып, биринчи орунга ээ болуп жана Ысык-Көлгө эс алуу жолдомосун утуп алган Юлия Карачева болду. Экинчи орунга Юлия Рыскаль менен Ксения Баранникова татыктуу болушуп, белгилүү сулуулар журналынын биринчи бетине жана эң кымбат ресторандан сыйлуу тамакка чакыруу утуп алышты.

Суктанган Кубат КУДАЙБЕРГЕНОВ



 кыргыз тилиндеги гезит "Агым" 
Яндекс.Метрика