23.07.10 - 24-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Шыпаагер

Акыл-эсти, жүрөктү алдырбай, башкара да билгиле

Акыркы жылдардагы экономикалык каатчылык, саясый ызы-чуулар, жумушсуздук, жакында болуп өткөн трагедиялуу окуялар көпчүлүк мекендештерибиздин жандүйнөсүнө, аң-сезимине бүлүк салды. Учурда эл арасында жайдары маанайдагы адамдар аз. Мындай учурда депрессиядан кантип чыкса болот? Канткенде өзүбүздү колго алып, акыл-эсти, жандүйнөнү дарылайбыз? Узак убакытка созулган депрессия ден соолукка кооптуу эмеспи? Жооп издеп психолог, Кыргызстан психологдор жана психотерапевттер ассоциациясынын мүчөсү Айзада ТАНАЕВАга, чыгыш искусство чебери Медер БИШКЕКЕ кайрылдык.

Медер БИШКЕК:
" Медитациялык программаларды жайылтуу керек"
- Медер мырза, акыркы кезде кыргызстандыктардын көбү депрессияга кабылып жүргөндөй. Мунун себебин эмнеден көрөсүз?
- Депрессия - латын тилинен которгондо "басынтуу, басынтылган" дегенди түшүндүрөт. Адам баласы келечектеги жакшы жашоодон, ийгиликтерден үмүт үзгөндө депрессия башталат. Үмүт үзүлдү дегенде жашоонун маңызы өчөт. Эмне үчүн инсульттан өлгөндөрдүн саны боюнча 1,5 млрд. калкы бар Кытай эмес, 140 млн. эли бар Япония эмес, 300 млн. жараны бар АКШ эмес, 150 млн. адамы бар Россия эмес, 5 млн. жараны бар Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунда турат? Эмне үчүн инфаркт-жүрөк ооруларынан көз жумгандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турабыз? Буга жооп жөнөкөй. Бизде стресс, депрессия өтө тереңдеп кеткен. А депрессиянын мындай тамыр жайышына 20 жылдан бери келаткан саясый-экономикалык кризис себепкер. Экономикалык кризистин өрчүшүнө кыргыздын кыйынмын деген бийлик өкүлдөрүнүн аң-сезиминин пастыгынын, өзүмчүлдүгүнүн салымы зор.
- Депрессиядан чыгуунун кандай жолдору бар? Же андан чыгуу үчүн сөзсүз эле мамлекетин өнүгүшүн күтүш керекпи?
- Бул жерде эске алчу маанилүү нерсе - стресске туруштук берүү. Кыргызда "тагдырдын башка салганы" деген стереотип бар. Бул кыргызстандыктардын көбүн депрессияга киргизип, ар кандай ооруларга тушуктуруп келатат. Ошондуктан кыргыздарга тез арада, массалык түрдө стресстин алдын алуучу, андан коргонуучу чыгыштын, батыштын ыкмаларын үйрөтүү керек. Албетте жайлоодо, табийгатта эс алуу да абдан жакшы жардам берет. Бирок, бул ыкма эмес, ыкма деген ар дайым "чөнтөктө" жүрөт. Керектүү учурда дароо колдоно бересиң. Тактап айтканда, Кыргызстанда туура медитациялык, аутотренингдик программаларды жайылтуу зарыл.
- Сиз айткан ыкмалардын таасирлери кандай болот?
- Медитациянын руханий темаларын көп козгобой, ден соолукка тиешелүү жагына токтолоюн. Эгер дары-дармектер, ичимдик стрессти 5-10 же 20 пайызга чыгарса, а медитациянын жардамы 100 пайыз. Медитацияга отурганда нерв тынчтанып, стресс чыгып, аң-сезим ашыкча ойлордон тазаланат. Биз көптөн бери кыргыз элине сунуштап жүргөн тай-цзи, цигун өнөрлөрүндө да медитация практикалары бар. Аутотренинг болсо адамдын психикасын чыңдап берет. Мен ар бир кыргызга аутотренингди - өзүн-өзү ынандыруу, башкаруу методун сунуштар элем. Аутотренингде ойдун күчү колдонулат. Аутогендик машыгуу менен адам өзүнө буйрук берип, аны кыйшаюсуз аткарууга үйрөнөт. Өтө оор оорулардан айыгып, депрессиядан чыгып, эркти күчөтүп, жалкоолукту, уйкучулукту, чылым чегүүнү, ичимдикти жеңүүгө болот. Өзүм аутотренигдин жардамы менен оор оорудан айыгып, жоокердик исккуствону үйрөнүп, төрт миңден ашуун китеп окуп, алты миңдей адамды айыктыра алдым. Азыр 16-17 саат чарчабай иштей алам.
- Медер мырза, элге жеңил үйрөнө турган депрессияга каршы кандай ыкма сунуштар элеңиз?
- Күлкү медитациясын сунуштар элем. Ар дайым көңүлдүү, шайыр, тамашакөй болуңуздар. Чыгыш медицинасында "күлкү, жакшы маанай - депрессиянын дарысы" делет.
Айзада Танаева:
"Алдын албаса депрессия суицидге алып келет"
- Айзада айым, депрессияны кыска убакытта толук жойсо болобу?
- Толук жоюуга мүмкүн эмес. Анткени депрессия бир заматта эле пайда боло калбайт. Ал айлана-чөйрөдөгү ар кандай татаал учурлардын, психологиялык чыңалуулардын, кыйынчылыктардын чырмалышынан улам келип чыккан нерсе.
- Психологдор "убакыт баарын дарылайт" дешет. Бирок көпчүлүк адамдар тескерисинче, убакыт өткөн сайын ого бетер депрессияга батып жатышпайбы? Буга эмне дейсиз?
- Адам кээде депрессия башка абалга өткөндүгүн байкабай "мен депрессиядан толук чыктым" деп ишенимдүү айтышы мүмкүн. Бирок, ал адам турмуштагы кыйынчылыктардан чыгуунун так ыкмасын билбесе, депрессияга кайра түшөрү турган иш. Ар ким өз убагында өзүнүн акыбалын анализдебесе, депрессиянын аягы ар кандай көз карандылыкка, адам мендигинин жоголушуна, керек болсо өз жанын кыюуга алып келиши мүмкүн. Андыктан, депрессиядан чыгуу жеке эле убакытка эмес, адамдын өзүнө да байланыштуу.
- Азыр өлкөбүздө депрессияга баткандардын саны арбып барат. Буга эмне себеп деп ойлойсуз?
- Менин байкашымча депрессия жеке эле бизде эмес, бүткүл планета боюнча арышын кенен таштады. Буга биринчиден, адамдарга ар кандай негативдүү малыматтарды, коркунучтуу шоуларды, тасмаларды сиңирип жаткан ММКлар себепкер. Экинчиден, азыр адамдар айлана-чөйрөнүн татаалдашынан улам, эптеп жан багууну гана ойлоп калышты. Бирок, ошол эле учурда мээни, организмди эс алдыруу, өзүн-өзү аео деген эске келбейт. Ушул себептен улам азыр көп убакытка кимдир бирөөнүн колдоосу жок жашай ала турган, күчтүү, ден соолугу чың адамды табуу мүмкүн эмес.
- Депрессия оорубу же адамдын өзүн-өзү мажбурлап ишендирүүсүбү?
- Бул боюнча оголе көп аныктамалар бар. Негизинен депрессия кандайдыр бир бузулуунун уландысы эмес, бул күчтүү эмоционалдык чыңалууга каршы болгон жалпы адамзаттык ыкма. Чет элдик психолог Франклдын айтуусу боюнча депрессия - бул жашоонун маңызын издөө жоопкерчилигинен качуу. Бул ой депрессияны сөзсүз түрдө окуй турган кат катары кабыл алууга түртөт.
- Психологдук ишиңизде адамды депрессиядан чыгарууга байланыштуу кызыктуу окуялар болду беле?
- Адамды бул акыбалдан чыгаруу өтө оор. Бизге депрессиянын акыркы стадиясына кабылганда гана кайрылышат. Аларды кайра кайнап турган ишмердүүлүк же кызыктуу бир нерсе менен таасирлентүү мүмкүн эмес. Кээде адамдар кандайдыр бир себептерден улам бул акыбалдан өздөрү жол таап кеткен учурлар болот. Бир эркек аракка берилип кетип, өзүн, кичинекей кызын карай албай калыптыр. Бир күнү ал соолугуп, жаңыдан ойгонгондо керебеттин астынан жүдөгөн, курсагы ачкан кызы чыгат. Ошондо тиги адамдын жандүйнөсү жарылып, жүрөгү ооруп, өзүн абдан күнөөлүү сезип кетиптир. Бул анын жашоосун өзгөртүп, азыр ал ири зергерлик компаниянын ээси.

Депрессиядан алыс болгуңуз келсе
o Өзүңүзгө бирөөнүн көз карашы менен карап, талантыңызды, жөндөмдүүлүктөрүңүздү, жетишкендиктериңизди тизмектеп чыгыңыз. Эч качан өзүңүздү сизден жакшы жашаган, көп ийгиликтерге жеткен адамга салыштырбаңыз. "Мен кандай адам элем, кандай болдум, кандай боло алам?" деген гана салыштыруу болуш керек. Депрессиядан чыгуу үчүн дайыма бир маал күзгүнүн алдында түз туруп, чын дилден 30 секунд жылмайып коюу жетиштүү.
o Айлуу, жылдыздуу түндө сууга түшүп көрүңүз. Ай чагылышкан суунун үстү ар бир адамга абдан сонун таасир берет. Андай жылдыздуу көлдү үйдөгү ваннада жасап алса болот. Ал үчүн караңгылатылган жуунучу жайга жарык чыгарган жылдыздарды илип, сууга деңиз тузун кошуп коюу жетиштүү.
o Ананас, банан, коон сыяктуу жемиштерден алып, көңүлүңүзгө жаккан тасмаларды көрүп чыгыңыз. Жемиш даамы менен кино таржымалы сизге удаалаш ырахат тартуулайт.
o Өзүңүздөгү ашыкча жүктөрдү "силкип ыргытыңыз". Жарым саат латын ритминдеги бийлерди бийлеп коюу депрессияны жоюуда таасири жакшы.
o Айлана-чөйрөдөгү кызыктуу, таң калычтуу нерселерди көрүүнүн бирден бир жолу - жашоого фотоаппарат менен кароо. Ар түрдүү сүрөттөрдү тартып, үйүңүзгө сүрөт көргөзмөсүн уюштуруңуз.

Бетти даярдаган Мелис СОВЕТ уулу