Көркөм адабий китептер!


Акайыч биздин "атабыз"
Жума башында утурумдук өкмөттүн жыйыны жабык эшик артында өтүп, туңгуч президент Аскар Акаевди кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси талкууланды. Өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү мындай демилгени жактырса, Элмира Ибраимова , Кеңешбек Дүйшөбаев жана Өмүрбек Текебаев Аскар Акайычты атасынан бетер коргошту. Ошентип Акаевдин тагдыры убактылуулардын эмки жыйынында чечилмей болду. Ибраимова менен Дүйшөбаевди го түшүнөлү, а Текебаевге эмне болду? Өмүке моралдык жоопкерчилик, акыйкаттык тууралуу сүйлөгөндө эргип укчу элек. А.А.-нын таламын талашканына не дээрибизди билбей турубуз.

Топчукенин тополоң
Барган жеринен чуу чыгармайынча жөн жүрбөгөн айтылуу Топчубек Тургуналиев айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчилигине дайындалары менен ал жерде тополоң башталган. "Түбөлүк революционер" кадрдык "революция" жасамакчы болуп 20 кызматкерин "киритке" чаппайбы. Беркилери деле жөн кишилер эмес го, Топчукенин энесин Үч-Коргондон көрсөтөбүз деп күн сайын ЖоКенин астында пикет өткөрүп атыр. Алар акыры максатына жетет окшоп калды. Токойчулардын чырын иликтеген комиссия жумуштан себепсиз айдалган 20 адамды кайрадан мурдагы кызматына коюу чечимин чыгарган. Ошондой эле мыйзамды одоно бузганы үчүн Тургуналиевдин өзүн ээлеген ордунан бошотуу маселесин кабыргасынан койгон кербези.
Топчуке өзү кечээ жыйын өткөзүп, токойчуларды колдогондордун артында Эмил Каптагаев турат деп "душманды" таап чыкты. Бир кездеги "абийир туткунунун" көзүнө ушу күндө да Бакиевдерден башка эч ким көрүнбөй атканы карылык го дейсиң. Кечээ Топчуке кызматтан алынып, ордуна Мирослав Аманкулов келди.

Москвага "саламга" кетти
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бүгүн Москвага аттанды. Ал бу сапарында Кремлдин айрым лөктөрүнө жолугуп, Кыргызстандагы саясый кырдаал, октябрдагы парламенттик шайлоонун тегерегинде баарлашат. Деги Алике Россиядан аман-эсен кайткай эле. Себеби, коммунисттердин анабашы Исхак Масалиев май айында Москвадан келери менен Үсөн Сыдыковго учкашып, революция жасаганга катышы бар делип темир торго тыгылган…

Ба-а! Ким бул, ой?
Өткөн аптада экс-мэр Нариман Түлеевдин карааны Бишкектин чет жакасындагы кафелердин биринен чалдыкты. Аны көргөндөрдүн айтымында, Нариман мырза убактылуу өкмөттүн белдүү мүчөсү менен узакка сүйлөшүп отурган. Жандарында болбогон соң ортолорунда кандай сөз жүргөнүн так айтыш кыйын. Ошентсе да жолугушуунун аягында Түлеевдин көңүлү айттагыдай ачылганы көп нерседен кабар берет. Жеке булактардан алган маалымат боюнча Ташполот аксакалдын уулу учурда Алматыда күн кечирүүдө.

Салымбековдон салмактуу кеп
Айтылуу Аскар Салымбеков азыр эч кандай саясатка аралашпай, жалаң маданий долбоорлор менен иштешет. Ат-Башыдагы "Кошой коргон" комплексин аягына чыгарып, Ташкул Керексизов менен да Көл жээгиндеги Рух ордодо иштешүү ниети бар. Андан сырткары, Алтайга боло турган Улуу жүрүштү да материалдык жактан колдойт.
"Болгон партиянын баары эле чакырды, бирок мындан ары элге саясат аркылуу эмес, элдин рухун ойготуп жардам берсем дейм. Ансыз да ызы-чуу болуп атса, баарыбыз эле чапкан аттай атырылып саясатка баратабыз. Кичине токтолуп, өткөн-кеткенге, жаман-жакшыга баа берсек болмок. Жаман-жакшыбыз аралашып эле калдык" дейт. Чын эле, ак-карасы, кечээки-бүгүнкүсү аралашып турганда ар ким акыл токтотуп көрсө кантет?

Адахандан ария
Адахан Мадумаров Аксы районунда чогулган элдин астында убактылуу өкмөттү катыра шыбап, өлкөнү жалгыз өзү гана оңдой турганын таңдайы кургаганча саймедиреди. Экс-спикердин "Каркыра жайлоосунун сатылышына менин тиешем жок, ал келишимге добуш берген эмесмин" дегени аксылыктардын кыжырын кайнатты. Ошондой эле анын бейиш жашоо орноторуна ажердегилер анчейин ишенген жок. Андан соң Нурланбек Шакиев , мурдагы "ак жолчу" депутат Абдирейим Кулбаев үчөө Падыша-Ата жайлоосунда баглан козунун этине, саамал кымызга курсак кампайтып жол улашты.

Бул жүрүшү менен атасын артка таштайт
Жакында финансы полиция кызматы жоюлуу алдында турат. Анткени апрель окуясынан кийин Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан жүзгө чукул адамды финполицияга жумушка орноштуруп, ар биринен миңдеген доллар "сындырган" имиш. Арадан аз убакыт өтпөй финполдо штаттык кыскартуу башталып, "пошел" болчулардын тизмесине Русландын "кадрлары" кириптир. Же акчадан жок же жумуштан жок каларына ичи ачышкандар жогору жакка кайрылуу жолдоого белсенишиптир.
Ушул маселе боюнча "младший" Бекназаровго байланышсак, "мындай ушактарга көңүл бурбайм, тескерисинче, сүйүнөм. Имиш да болсо мени пиар кылып аткандарына ыракмат" деген кыскача жообун узатты. Руслан Азимбековичтин тегерегиндеги ушактардын чын-бышыгын келерки санда тастыктайбыз.

Бакиевден үмүтүн үзгөн го
Экс-вице-спикер Азизбек Турсунбаев Аликбек Жекшенкуловдун чогуу кызматташуу сунушунан баш тартты. Бизге жеткен маалыматка караганда, Азизбек мырза Ала-Бука, Чаткалды түрө кыдырып, жердештерин башка партияны колдоого үндөгөн. Курманбек Бакиевдин өтө жакын адамдарынын бири болгон Турсунбаев кимди колдоору жакында айгине болот.

Сөөлөткө мас болууга эрте
Руслан Казакбаев деген мыкты жигит бар. Тышкы иштер министри. Кызматтык карьеранын бардык тепкичтеринен өтүп, анан министр болгондой болгон. Бирок акыркы кезде анын иштегенине ичи чыкпагандар биртоп. Ош окуясында өзбек тарап кыргызды бүт дүйнөгө мокочо көрсөтүп атканда Руслан мырзанын министрлиги, элчиликтери бирөөнө да жооп бералбай отурушту го, чиркин. Америкада, Англияда, дегеле Кыргызстандын атынан ачылган бардык элчиликтер өз өлкөсүнүн намысын коргобосо, аякта эмне, текей оттоп отурушабы?
Жума ортосунда президент Роза Отунбаевага журналисттер АКШ Конгрессинин сенаторлорунун Кыргызстан боюнча даярдаган маалыматын беришти. Президент ТИМден бул боюнча эч нерсе алалегин айтып, журналисттерге ыраазычылык билдирди. Не дейбиз, Руслан мырза сөөлөт күткөндү кое туруп эмгегин элге көргөзсө жакшы болор эле.

Генералдар, катарга тургула!
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев борбордогу ооруканалардын биринде дарыланып жатат. Аны министр кезиндегидей эле милиция кызматкерлери кайтарса, ИИМдеги генералдардын бири калбай гүл, тортун көтөрүнүп Конгантиевдин акыбалын сурап келүүдө. Таңгалычтуусу, ички иштер министринин 1-орунбасары, Ош облусунун комменданты Бактыбек Алымбековду чакыртып, "менин башыма кыйынчылык келгенде жардам кылбайсың" маанисинде таарынычын билдириптир. Өлүмтүгүн артканына караганда, Молдомуса мырза кезинде Бактыбек мырзаны көтөрмөлөгөн го.

Тигини, тигини…
Туңгуч президенттин карачечекей кызы Бермет Акаева басылмалардын бирине бүгүнкү бийлик Бакиевдин жолу менен баратат дептир. Баракелде, Бермет айым! Мунуңуз ак сөз. Анча болду Курманбек Бакиев так сиздин атаңызчылап үй-бүлөлүк башкарууну орното коем деп мекенинен куулганын кыстара кетпейт белеңиз.

"Жаңы Агым-пресс"




 кыргыз тилиндеги гезит "Агым" 
Яндекс.Метрика