Көркөм адабий китептер!


  Кайрымдуулук

Каалашыңча тажрыйба ал

Ар бир кесипте тажрыйбалуу адистерге талап күч. Ошондой эле бардык кесипте тажрыйба топтоо кыйынга турат. Каракол шаарындагы жаш журналисттер үчүн бул маселе чечилди. Ал жердеги "Журналисттер үйү" коомдук бирикмесинде жазында ачылган "Журналисттер мектеби" алгачкы бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду. Кыргызстан боюнча аймактык журналисттер мектеби азырынча бирөө гана. Ал тууралуу "Журналисттер үйү" КБнин жетекчиси Нургүл ШАРШЕМБИЕВА менен маек курдук.


- Мектепти кантип ачтыңыздар?
- Ысык-Көлдөгү биринчилерден болуп ачылган журналисттер мектеби жергиликтүү журналистиканы өнүктүрүү, аны бир тепкич өйдө көтөрүү максатын көздөгөн. Ошондой эле жаш журналисттердин билимин практикалык жактан тереңдетүүгө багытталган. Бул максатта "Кумтөр Оперейтинг Компани" атайын шарттарды түзүп берди. Тележурналисттер үчүн эки монтаждоо компьютери, профессионалдуу видеокамера, радио үчүн монтаждоочу компьютер, интернет жана басылмалар үчүн эки компьютер, жарык берүүчү толук комплект жана фотосүрөт үчүн профессионалдуу жабдыктар жалпысынан1 млн. 879 миң сом каражатка келди. Андан тышкары бул суммага имаратты оңдоо, эмерек, ишти уюштурууга кеткен каражат кошулган эмес. Мында ар бир окуучу теориялык билимин практика жүзүндө колдонуп, өзүнүн профессионалдык деңгээлин көтөргөнгө мүмкүнчүлүк алат.
- Канча студентти окутууга шарт түзүлгөн жана аларды тандап алуу кандайча жүргүзүлөт?
- Мектеп ачылгандан тарта, Каракол шаарында ага кабыл алуу жөнүндө жарыялар таратылган. Негизинен журналист болууну жергиликтүү студенттер каалашкан. 80ге жакын жаш улан-кыздар мектепке атайын тандоодон өтүштү. Биринчиден, алардын шык-жөндөмүнө көңүл бурулат жана бардык дили менен журналист болууну каалашы, талыкпай эмгек кылуусу зарыл. Бул окуучулар 4 багыт боюнча билим алышты. Алар: тележурналистика, онлайн журналистика, радиожурналистика жана операторлук-видеомонтаждык өнөр. Окуунун жүрүшүндө алардын жарымы ар кандай себептер менен окуусун уланта алышкан жок. Натыйжада журналисттер мектебинин биринчи баскычын 28 жаш журналист ийгиликтүү аяктады.
- Окутуучулар кимдер жана окуу программасы кандай болду?
- Региондо журналисттердин аздыгына байланыштуу, ылайыктуу окутуучуларды табуу кыйыныраак болду. Себеби, көпчүлүк жергиликтүү журналисттер буга чейин окутуу тажрыйбасына ээ болгон эмес. Көпчүлүк учурда журналисттерди окутуу үчүн борбордон тренерлер чакырылып турган. Бирок ушуга карабастан, Ысык-Көлдүн өзүнүн жергиликтүү тренерлер базасын түзүү максатында аймактык журналисттер ишке тартылды. Көпчүлүк тренерлер өз багытында биртоп жыл иштешкен, практикалык жактан такшалган. Радиокурсту көлдөгү бирден бир радиожурналист Рустам Назаров өткөздү. Тележурналисттерди Назира Муканбетова менен мен өзүм окуттум. Операторлук өнөргө СТАН ТВ медиа порталынын жергиликтуу өкүлүчүлүгүнүн оператору Евгений Черный үйрөттү. Ал эми сайтка маалымат жазууну каалаган сутденттер менен Гүлзат Кызаева иш алып барды. Мектеп ачылгандан кийин ар бир окутуучу өзүнүн курсуна карата программа түзүп чыккан. Окуу программаларынын дээрлик бардыгы теориялык билим менен практиканы айкалыштырууга көңүл бурат. Окутуучулар биринчи болуп жаш балдарга журналистиканын негиздерин, ар бир багыттын кесиптик талаптары жөнүндө терең айтып беришти. Багыттарга тиешелүү китептердин жетишпестиги же дээрлик жоктугу кыйынчылыктарды жаратууда. Ага карабастан ар бир тренер колунан келишинче сабагын интерактивдүү методдордун жардамы менен өткөрдү. Андан тышкары, басма журналистика б.а. гезитке жазууну үйрөтө турган журналист таба албай жатабыз. Бирок, жакынкы арада бул маселелер да чечилет деп ойлойбуз.
- Журналистиканын кайсы багыты суроо-талапка ээ болууда?
- Бизге келген окуучулар арасында көпчүлүгү теле жана радиожурналистика багытын тандап алышты. Бардык эле жаштар сөзсүз эфирде чыгып, таанымал болууну каалашат экен. Көпчүлүгү радиодон үн созууну каалашты. Ал эми операторлукка жана онлайн багытка окуучулардын саны бир кыйла аз болду.
- Жаш журналисттер Караколдо жакшы жумуш таба алышабы?
- Караколдо, деги эле Ысык-Көлдө азыркы учурда жаш журналисттердин жетишпестиги байкалат. Биртоп редакцияларда пенсия жашында же ага аз калган журналисттер эмгектенишет. Эгер алар жумушун таштап кете турган болсо, алардын ордун баса турган киши болуш керек. Жаш журналисттерге муктаждык сөзсүз пайда болору шексиз. Демек, жаш журналисттер жумуш таба алышат, бирок абдан жакшы деп айтуу кыйын. Себеби регионалдык журналистиканын абалы азыр биртоп эле оор болуп турат.
- Журналисттер үйү тууралуу кеңири токтоло кетсеңиз?
- "Журналисттер үйү" коомдук бирикмеси көл аймагындагы бирден бир медиа уюм. Ал жергиликтүү журналисттердин башын кошуп, алардын профессионалдык деңгээлин көтөрүүнүн үстүндө иш алып барат. Облуста сөз эркиндигинин сакталышын, журналисттердин укуктарын коргоо да биздин ишибиздин негизги багыттарынын бири. Журналисттер мектебин ачуу идеясы келгенде биздин көптөн берки өнөктөшүбүз "Кумтөр Оперейтинг Компаниге" кайрылганбыз. Негизи эле КОК менен биргеликте журналисттер мектеби бүтүндөй бир чоң программанын бир гана бөлүгү. Ал программа жергиликтүү журналистканы колдоо жана өнүктүрүүгө багытталган.
- Башка журналисттик уюмдар менен байланыштар, бирге аткарган добоорлор барбы?
- Биздин уюм көптөн бери ар кандай медиа уюмдар менен тыгыз байланышта иш алып барып келет. Ушул мектептин алкагында да биз "Журналисттер", "Интерньюс" коомдук бирикмелери менен иш алып барып жатабыз. Ал эми башка уюмдар менен ысык-көлдүк журналисттер үчүн атайын тренингдер, "тегерек үстөлдөр" дайыма өткөрүлүп турат.
Журналисттер мектеби өз ишин ачылган күндөн тартып баштаган. Ошондо "Журналисттер" коомдук бирикмесинин жетекчиси, тажрыйбалуу журналист Марат Токоев басылмалар жана интернет маалымат каражаттары үчүн төрт күндүк тренинг өткөргөн. Кесиптик чөйрөдөгү саамалык тууралуу анын оюн да сурап билдик.
- Чынында бүтүрүүчүлөрдүн көбү алган билимдерин иш жүзүндө колдоно албай калышы мүмкүн. Анткени ар бир редакциянын өз саясаты, стандарттары болот. Редакциянын талаптарына багынып, оюн эркин айталбашы мүмкүн. Бирок өмүр бою эле андай боло бербейт да. Дүйнөлүк стандарттарга акыры келишибиз керек. Эгер таптакыр алга умтулбай отура берсек таш доорунда кала беребиз. Карл Маркс туура айткан, сан жагын өстүрө берсек, акыры сапаты басымдуулукка чыгат деп. Эл аралык стандарттарды билген журналисттердин саны көбөйсө, алар акыры гезиттердеги чечүүчү кызматтарга келе башташат, ошондо алар алган билимин колдонуп, ЖМКлардын жалпы сапаты жактан өзгөрүүлөр болот. Ал эми буга негиз, фундамент болбосо иштей турган адам да жок болуп калышы мүмкүн. Экинчиден, ааламдашуу жана интернет күч алып турган маалда Ысык-Көлдө туруп эле журналистика менен жан багып кетсе болот. Бул жерден бир гана эл аралык стандарттагы объективдүү макалаларды даярдай билүү керек. Көлдө болуп жаткан жаңылыктарды республикалык басылмаларга эмес, чет мамлекеттик басылмаларга даярдай берсе болот. Бул жакта ага жакшы техникалык база түзүлдү.
Бүтүрүүчүлөрдүн бири, оператор-монтажер Тимур Ташбаев "Мен өзүм физика-техникалык бөлүмдө окуйм, бирок операторлукка абдан кызыгам. Бул мектепке келгенден бери өзүмдүн жөнөдөмдүүлүктөрүмдү ача алдым. Көп съемкаларга чыктым, жаңы адамдар менен тааныштым. Мага окуган абдан жакты. Кийинчерээк балким операторлукка толугу менен киришсем деген оюм бар" деп жакшылыктан тилек кылды. Аймакта болсо да өнүгүүгө жол таап бараткан кесиптештерибизге ийгилик каалайбыз!
Нуржан АЛЫМКАНОВА,







 кыргыз тилиндеги гезит "Агым" 
Яндекс.Метрика