23.07.10 - 18-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Кыргызстан вице-мисси Айжамал ЖАКЕЕВА:
"Алардан үйүнөн чыкпай атып араң кутулган"
- Айжамал, Кыргызстанда моделдик бизнес барбы, ошол жөнүндө кеп салсаң.
- Акыркы беш жылда чынын айтсак, бизнестин бул түрү геометриялык прогрессия менен өсүп жатат. Жылдан жылга улам жаңы борборлор ачылууда. Керек болсо кыргызстандык сулууларга чет өлкөлүк адистерден сунуштар келет. Биздин биртоп модель кыздарыбыз чет жакта иштеп жатышат. Бирок эмнегедир алар жөнүндө бизде көп кеп кылышпайт.
- А эмнеге кыргыз кыздарына болгон талап күчөп баратат. Аларга төлөгөн акчанын суммасы азбы же чын эле аябай татынакай келишеби?
- Буга чейин Европанын кыздары аябай бааланса, акыркы мезгилде азиат кыздардын кадыры өстү. Алардын ичинен кыргыз кыздары татынакай эсептелинет. Анткени кытай, жапон, корей улутундагыларга салыштырмалуу биздикилердин көздөрү анча бүтүк эмес. Бирок, биздин кыздардын бир сапаты дүйнөлүк модель бизнесинин дөө-шааларына анча жакпайт. Кыргыздын менталитетине көнүп калгандыктанбы, биздикилер өтө ачык, жарым жылаңач болуп чыгуучу кечелердин, фотосессиялардын көбүнөн баш тартышат. Ал эми башка улуттун өкүлдөрү алар айткан бардык шарттарга көнө беришет.
- Моделдик дүйнөгө сени ким кызыктырды?
- Кичинемден эле күзгүнүн алдында туруп алып апамдын кийимдерин кийип, ар түрдүү боено берчү экем. Ошондон улам мени апам модель боло алат го деп ушул тармакка даярдап жүрүптүр. Чынында эгер апам болбосо мен эч кандай ийгиликтерди жарата алмак эмесмин. Ошол адам мени бийге берип, ар кандай ийримдерге катыштырып, ушул даражага жетишиме чоң салымын кошуп келет. Андыктан апама ыраазычылыгымды билдиргим келет. Аталар чыныгы кыргыздын кызына тиешелүү кырк жагынан тыюу болгон сыяктуу тарбия берсе, апалар канатты кенен жайып калкып учканга түрткү беришет тура.
- Бизде моделдер көп акча табышабы?
- Кыргызстандагы кыздар хоббиси болгон үчүн чет өлкөгө чыгуучу трамплин катары же жөн эле башка тармактагыларга көрүнүп алуу үчүн бул жакка келишет. Акчаны ошол бизнести уюштургандар табышат. Мисалы, биз Бишкекте бир чыкканга 120 сом алсак, АКШда ушул эле жумуш үчүн катардагы модель 800 доллар алат. Андан да бизде шарттар жок болгону аз келгенсип, келишимдеги бир эле эрежени бузсаң 50 миң сом айып төлөйсүң.
- Мисалы кандай эреже бузулса?
- Башка бирөө менен кызматташуу, тиешелүү бир компанияга таандык сүрөттү башка жакка колдонуу. Мындан башка толгон-токой пункттар бар.
- Чет өлкөгө чакыруулар болдубу?
- Дубайдан бир бай киши келип кастинг өткөрдү. Шарттары аябай шектүү болгондуктан баш тарттым. Анткени алтын тоолорду убада кылган мындай кишилер көбүнчө кыздарды башка тармакка колдонушат.
- Негизги талаптар кандай?
- Мурда 90-60-90 болсо, азыр андай талап жок. Дүйнө сулуусу конкурсуна гана катуу талап койбосо, башка жерде сулуулугуна, фигурасына карашат. А фотомоделдердин боюна такыр карашпайт.
- Сулуулардын артынан саясатчылар, байлар чуркашат экен го…
- Андай көп болот. Биз бат-бат телефон номерибизди алмаштырып турабыз. Мурда биз чогуу иштеген курбу кызым менен бир жабык көргөзмөдө жүрсөк, Бакиевдердин бирөөсү байкап калып, артыбыздан түшүп бир кыздын жанын койгон эмес. Үйүнөн такыр эч жакка чыкпай жүрүп араң кутулду окшойт. А көпчүлүк кыздар жашы улуу болсо да байлыкка кызыгып ошолордун сунушуна макул боло беришет. Кээ бир кыздар атайын ушул үчүн келишкендей сезилет. Акаевдин учурунда Айдар бир модель кызга "же мага турмушка чыгасың, же өлөсүң деген" деп бул тармакта көптөн бери жүргөндөр айтып калышат.

Кубат КУДАЙБЕРГЕНОВ