Көркөм адабий китептер!


  Азимбек, кайдасың!

Каркыранын канаты дагы кыркылдыбы?

Кыргыздын "жаманыңды билип алдым, үйүңө кирип алдым" деген макалында айтылгандай, казак туугандардын кызарган жер көрүнсө эле кызыгып кыр көрсөтүп турганы жанга батып баратат. Ааламдагы тили бир, дили бир эгиз элдин мындай үстөмдүк мамилеси айрыкча чегара маселесинде оркоюп чыга калууда. 2008-жылы кыргыз-казак чегарасын тактап бүтүшкөндөй болгон. Андагы бийликтин алкымынан кеттиби же алсыздыгынан кеттиби, айтор, ата мурас Каркырадан 620 гектарды ары карап ыйлап, бери карап күлүп берип жибергенбиз. "Кызый-кызый кыз койнуна кирет" болуп, ал жерлер аздык кылып калганбы, казак туугандар дагы 173 гектар жерди жеке басарлыгына салып ээлеп алышыптыр. Бул жөнүндө Каркырада жашаган туугандар айтып жатышат. Ал эми биздин бийлик билмексен. Учурда Каркырадан тышкары Кемин районундагы 1000 гектарга жакын Кара-Булак жайлоосу да казактардын көзүн күйгүзүп турган кербези. Таласта да казак калыңсыз алгысы келген жерлер бар. Коңшулар менен маңдай-тескей отуруп акыл-кеңешке салып чечпесек, бул маселенин арты ырбап кетчүдөн. Ушуга байланыштуу атайы ат арытып Каркырадан келген жарандарыбыздын төмөнкү күйүп айткан сөздөрүнө окурмандарыбыздын көңүлүн бурмакчыбыз.

Казактар басып келатат
Тынчтыкбек САРЫБАЕВ, Түп районунун тургуну:
- Бала кезим Каркырада өттү. Ал кезде казактын карааны да жок эле. Чегара деген көрүнчү эмес. Азыр босогого келип калды. Азыркы талаш болуп жаткан жерде эне-атам жашайт. Айылга бара калганымда ызырынган эле кишини көрөсүң. Бир балээ болуп кетпесин деп жолун сурап Бишкекке келгенбиз. Өкмөткө кулак кагыш кылсак дейбиз. Чегара маселеси дипломатиялык жол менен чечилгени оң эмеспи. Эми кызыл китебин көтөрүп алып далайлары чуркап жүрөт. Жылда чөбүн чаап, мал-жанын багып жүргөн жерлери каратып туруп казакка өтүп кетсе, алардын кандай абалда калганын туюп турган чыгарсыздар. Атургай биздин бажыкананын имараты да казакка өтүп кеткен. Азыр казактар зымдарын бир тараптуу тартып, ал жерлерди алып жатышат. 2008-жылы 620 гектар жер берилбедиби беле. Ал картада турат. Ошол жерлерден туура карай 150 метрге, узунун 10 км.ге чоюп кирип кетишти.

Мындай чегарачылардын кереги кимге?
Таалайбек УРМАМБЕТОВ, Түптөгү "Жайсаң" дыйкан чарбасынын жетекчиси:
- Мурунку бийликтин убагында 620 гектар жер кетпеди беле. Эл кантмек эле, кетти-кетти болуп күйүп кала бергенбиз. Быйылкы жазда эл көчүп барып, жылда жайлаган өздөрүнүн үлүш жерлери казакка өтүп, ал жерлерге столба коюлуп калганын көрүп жатышпайбы. Машине менен узун-туурасын ченеп чыкканда 620 гектардан тышкары дагы 173 гектар жерди казактар басып алышыптыр. Муну кантип билип алдыңар дебейсизби? 2008-жылдагы келишимде кыргыз-казактын бажыканасы турган жерлер чек болгон. Азыр биздин бажыкана имараты менен кошо аларга өтүп кетти. Түмөнбаев Таалайбек деген кең-суулук жигиттин бүтүндөй үлүш жерлери казакка жем болуптур. Ал кызыл китебин, мамлекеттик актысын көтөрүп алып чуркап жүрөт. Былтыр эле чөбүн чаап алган үлүш жерине кире албай күйгөнүн айтпагыла. Ал эми биздин чегарачылар чекти коргобой эле бери жакка кирип кетишкен. Каркырадагы Чар-Кудуктун бурулушундагы жолчулардан калган эски жатакананы жай кылып жан багып атышат. Тиги чекти карабайсыңарбы, казактар кирип кетиптир го десек, ал жерлер эбак эле өтүп кеткен дешип кол жайышат. Андай болсо мындай чегарачылардын кимге кереги бар? Өзүбүз эле куу союл алып болсо дагы чегибизди коргоп албайт белек. Азыр Каркырадагы эл менен казактардын тирешүүсү күн өткөн сайын күчөп баратат. Жадагалса көнгөн жайытына чыгып кеткен малды да казактар атып салышууда. Артынан издеп баргандарды уруп-согуп, кеминде эки күн камап коюшат. Анан биздин милицияга салып беришет. Көгөрбөй калган жерлерин алар көгөртүшүп, жети атасынан бери териштирип жатып дагы эки күн кармап, анан араң чыгарышат. Мындай фактылар арбын. Ал эми казактар эмне эле чегин чоюп чектен ашып кетти десе, себеби башкада тура. Карыялардын айтымында, казактар кийинки басып алган 173 гектар жердин аймагында нефтинин запасы бар экен. Союз кезинде изилденип, бирок азыр жетиле элек деп жаап коюшуптур. Ошону көздөп жатышса керек.
Бул маселе боюнча облуска, районго кайрылдык. Жооп жок. Акыры Бишкекке аттандык. Бизди уккан бирөө болор бекен.
Темирбек
АЛЫМБЕКОВ,
тел.: 38-67-73




  Улутту уюткан китептер

Сагынткан Сагымбай менен Саякбай

Улуу манасчылар Саякбай Каралаев менен Сагымбай Орозбаковдун "Манас" эпосу боюнча толук варианты колго тийип, кыргыз окурмандарын кубантып турган чагы.
Анүстүнө "колдо бар алтындын баркы жок" демекчи, жогоруда аттары аталган алптар баштаган манасчылардын 80ден ашык варианты улуттук академиянын кол жазмалар фондусунда сакталып турса, буга чейин түзүктөп басып чыгара албаган маңкурттук мамилебиз менен кылым Манасыбызды кытайга алдырып ийип, жер тепкилеп отуруп калдык эле. Кытай тарап жалгыз гана Жусуп Мамайдын 8 томдугу менен "Манасты" теңдешсиз маданий мурас катары ЮНЕСКОдон өткөрүп кетишти. Сагымбайдын 1840 саптан турган "Манасынын", ошондой эле Саякбайдын толук вариантынын басылып чыгышы улуттук маданиятыбыздагы орчундуу окуялардан экендиги талашсыз.
Мамлекеттин капчыгын карап отурган чакта Сагымбайдын 7 килдик "Манасын" "Хан-Теңир", Саякбайдын андан кем эмес "Манасын" "Турар" басмаларынын жеке каражатына басып чыгарышы, атамекендик басмаларыбыздын канат жайып калгандыгынан кабар берип тургансыйт. Жума башында бул китептердин бет ачар аземи өтүп, ага катышкан президент Роза Отунбаева мындай аракет эпосту сактап калуудагы жана жайылтуудагы чоң эмгек болгонун баса белгиледи. Президент "Манас" эпосун элге жайылтуу үчүн белгиленген иш-чаралар мамлекеттик программа менен эле чектелбей, "Манас" жөнүндө тасма тартылуусу зарыл дейт. Эми өлкөбүздүн кинематографисттери көркөм фильм тартууну пландаштырып жатышат. Адистердин айтымында, бул иш-чарага даяр сценарийлер да бар. "Көрүнгөн тоонун ыраагы жок" демекчи, жакынкы күндөрү кыргыз элинин басып өткөн тарыхын чагылдырган тасмага да күбө болуп каларбыз. Баса, учурдагы залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин "Семетейи" да жарык көргөнүн айта кетели.




Жакшынын шарапаты
Өсөр эл өткөнүн унутпайт

Кийинки кездерде улутубуздун уңгусун, тарых-маданиятын, кылымдардын тереңинен бери кыйырыбызды кеңитип, эл катары сакталып калышыбызга салым кошкон тарыхый инсандарын чагылдырган салмактуу, салабаттуу китеп чыга элек эле. Жакында коомдук ишмер Аскар Салымбековдун демөөрчүлүгү астында айтылуу хан Кошой, кийинки ХVIII-ХIХ кылымдардагы кыргызды кыр ашырган Ормон хан, Тайлак, Ажыбек, Байзак баатырлар, соңку эл булбулдары Муса, Казыбек, азыр 90го чыгып төрүбүздө отурган Турдакун Усубалиев өңдүү тарыхта изи калган инсандар тууралуу баяндаган "Улуу инсандарга урпактардан таазим" аттуу китеп басылып чыкты. "Турар" басмасынан 3000 нускада жарык көргөн бул китептин жарымы борбордук китепканаларга жана өлкөнүн жети облусундагы бардык мектептерге бекер таратылмакчы.

Анара Дүйшөналиева



 кыргыз тилиндеги гезит "Агым" 
Яндекс.Метрика