16.07.10 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Калыстыктын карааны да жок

Ишенген кожоң АКШ болсо, алды-алдынан тал карма…
Болоору болуп боеосу кангандан кийин Кыргызстанга Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун эл аралык полиция күчтөрү киргизилмек болду. Бул тууралуу шаршембиде Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Макфол кыргыз өкмөтү менен болгон жолугушуусунда айтты.

Тактап айтканда, демилге АКШ президенти Барак Обама тарабынан көтөрүлүп, кыргыз өкмөтү Ош менен Жалал-Абадга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы эместигин билдирген. АКШ тараптын айтуусу боюнча Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялар эл аралык иликтөөгө алынышы керек. Эл аралык полиция күчтөрүн жөнөтүүнүн эреже-тартиби эмдиги жумада Казакстандын башкалаасы Астанада өтчү Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда талкууланмакчы.
Бул боюнча кээ бир жергиликтүү серепчилер өлкө өз тагдырын өзү чечиш керек деген көз карашта. Буга чейин Кыргызстандын убактылуу өкмөтү жаңжалды жөнгө салуу үчүн Россиядан аскер күчүн сураган. Кыргыз коомчулугунун кайсы бир бөлүгү, саясат таануучулар минтип ички маселебизди чечүүгө бөлөктөрдөн жардам сурап жатканыбызды туура эмес деп, бул кадамы менен убактылуу өкмөт кандайдыр бир деңгээлде өз беделине доо кетирген. Анүстүнө Д.Медведев коюлган маселени создуктуруп "Жамааттык коопсуздук келишими" уюмуна мүчө өлкөлөрдүн талкуусуна коюп, соңунда аскер күчү эмес атайын техника, жарак-жабдык жагынан жардам кылынары маалымдалган. Ал эми ЕККУнун эл аралык полиция күчтөрү кандай шартта киргизилери азырынча белгисиз.
Чындыгында АКШ тарап эл аралык уюм, маалымдоо каражаттарынын кээ бир расмий өкүлдөрүнүн Ош менен Жалал-Абаддагы окуялар боюнча айтылган бир жактуу пикирлерине ууланган. Андыктан килейген өлкөнүн бакыйган кызматкери жаатташкан тараптардын бирөөнү зордукчул, экинчи тарап жөн жерден ыксыз азапка туш келип жаткан бечаралардай көрүп алганын ачык эле байкатты. Өз сөзүндө Майкл Макфол Кыргызстанда адам укугунун сакталышы жаатында айрым проблемалар бардыгын белгилеп, жаңжалды жөнгө салууда коопсуздук күчтөрүнүн жөнжай адамдарды негизсиз басмырлабай, мыйзам эрежелерин так сакташ керектигин айтты. Эң кызыгы, Майкл Макфол мырза өлкөнүн түштүгүндө, өзгөчө өзбек улутундагы жарандардын укугунун сакталышында биртоп өксүктөр бар экендигине тынчсызданганын билдирди. Бирок ошондой эле абалга кабылган кыргыздар тууралуу эч нерсе деген жок.




  Өмүке, убада кана?

УТРК дагы деле БТР-К боюнча калабы?

Улуттук телерадио берүү корпорациясын коомдук телеканалга айлантуу демилгеси 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин козголуп, ошондогу президент Курманбек Бакиев да аны колдоорун билдирген. Бирок көп өтпөй мамлекет башчысы берген убадасынан баш тартып, ал демилге ишке ашпай калган.

Бул жолку революциядан кийин да Өмүрбек Текебаев кайра-кайра УТРКны коомдук телевидениеге айлантабыз деп опурулуп жүрдү эле. Бирок негедир сценарий баягы эле 2005-жылдагыдай уланып баратат. Тактап айтканда, бул аракет улам-улам эле артка жылдырылууда. Буга чейин убактылуу өкмөттүн улуттук биринчи каналды коомдук телеберүүгө айлантуу боюнча декрети чыккан. Аны жүзөгө ашыруу боюнча атайын жобо, байкоочу кеңешти түзүүнүн эрежелери мурдатан эле даярдалган. Ушул жумада убактылуу өкмөттүн жыйынына коюлган күн тартибинде УТРКнын байкоочулар кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо бар эле. Бирок кворум жетпегенине байланыштуу бул иш-чара кийинкиге жылдырылды. Демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн айтуусу боюнча эми мындан ары кворум жетпегенине байланыштуу байкоочулар кеңеши бекитилбей жүрө бериши мүмкүн. Бул идеяны көтөрүп келген Өмүрбек Текебаев баш болуп убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жабыла иштерин таштап, шайлоого аттанышты. Мүмкүн чындап эле УТРКнын байкоочулар кеңешин бекитип алуу боюнча келип чыккан тоскоолдук убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн атайын жасап жаткан ишидир. Себеби көгүлтүр экран шайлоонун шайтан оюндары үчүн жогор жактан башкарылып туруш үчүн керек эмеспи.
УТРКнын байкоочулар кеңешине мүчө болом деген 59 адамдан суроо-талап түшкөн. Алардын кырк жетисинин документтери толугу менен чогултулуп, убактылуу өкмөттүн кароосуна коюлган. Алардын ичинен отуз экиси тандоо этабына калышы керек эле. Отузунун арасынан үчүнчү тандоо этабынын негизинде он беш адам калмак. Мына ошол он беш адам коомдук телеканалдын байкоочулар кеңешинин толук курамын түзмөк. Убактылуу өкмөт коомдук телерадио берүү боюнча декрет кабыл алганда, Кыргызстанда коомдук телеканал болот экен, УТРК реформаланат турбайбы деген ой болгон. Эгер ушул бойдон калса, анда парламенттик шайлоонун алдында кайсы бир саясый партиялар улуттук каналды өз кызыкчылыктарына карата аспап катары пайдаланышы мүмкүн. Ошондуктан шайлоо өнөктүгү башталганга чейин байкоочулар кеңешинин курамы бекитилип, коомдук телеканал иштей башташы керек эле.




  Айт, айтпа баары бир
Ара төрөлгөн өкмөт


Бул жумада президент Роза
Отунбаеванын жарлыгына
ылайык өкмөттүн структурасы түзүлүп, курамы бекиди.
Элге эзелтен тааныш
Амангелди Муралиев
биринчи вице-премьер-министр болуп
дайындалды.

Өкмөттүн жаңы структурасы боюнча өкмөттө үч вице-премьер-министр болот. Алар Александр Костюк, Өктөмхан Абдуллаева жана Жантөрө Сатыбалдиев. Сатыбалдиев вице-премьер-министр даражасында Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жетектейт. Саламаттык сактоо министрлигине Сабыржан Абдыкеримов отурду. Буга чейин ал саламаттык сактоо министринин орунбасары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери кызматын аркалаган. Мамашарип Турдукулов айыл чарба министрлигине, Айгүл Рыскулова эмгек жана миграция министрлигине, Садык Шернияз маданият министрлигине, Чоробек Имашев финансы министрлигине келди. Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотонов (баса, ал "Ата мекендин" катарынан чыктыбы же жокпу?), экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев, суу чарба комитетинин төрагасы Баратали Кошматов, билим берүү министри Канат Садыков, энергетика министри Осмонбек Артыкбаев (КСДП катарынан чыктыбы же жокпу?), ички иштер министри Кубатбек Байболов (ал "Ата мекендин" мүчөлүгүнөн чыктыбы, же?..) жана башка министрлер өз ордуларында калышты. Министрликтер ичинен коргоо министри гана ачык боло элек. Министр Исмаил Исаков эс алууда болгондуктан бул маселе чечилбей турат.
Өкмөттүн бул курамы парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы боюнча өкмөт куралганга чейин иштейт. Парламенттик шайлоого катышуу максатында Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев кызматынан кетишти. Исмаил Исаков дагы парламенттик шайлоого катышуу максатында кызматын таштаарын айткан. Ал эми Азимбек Бекназаров шайлоого катышар-катышпасын жакында түзүлгөн БЭК партиясынын курултайы аныктайт деп туру. Алардын курултайы 20-июлда болот экен. Жакында эле "Эгемен Кыргызстан" деген партиясын түптөгөн Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов да азырынча кызматын таштабай турганын билдирди.
Учурда ММКда жаңы өкмөттүн курамындагы фигуралар тууралуу ар кандай пикирлер айтылууда. Мисалы, бир-эки жаңы кадрлардан башкасы Акаевдин да, Бакиевдин да акырынан жем жеп жүргөндөр деген пикирлер арбын. Чындыгында эгер мындай өңүттө карай турган болсок, анда Кыргызстанда мамлекеттик кызматка иштей турган киши калбайт. Калыстык үчүн айта кетсек, ар бир эле адис президенттер Акаев же Бакиев менен иштешип калганы үчүн күнөөлүү эмес. Кеп анын кандай иштегенинде. Улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн канчалык деңгээлде күйгөнүндө. Мисалы, коомчулукта айтылып жаткан пикирлерге карасак, түштүк бүгүнкүдөй кырдаалда турган мезгилде Амангелди ашынаны вице-премьер кылып коюу Ош менен Жалал-Абаддагы электоратты эликтеген менен барабар болгон. Себеби кезегинде Амангелди Мурсадыкович Ошто губернатор болуп турганда өзбек туугандарын өтө көптүрүп ийген деген сөз бар.
Анткен менен техникалык деп аталган өмүрү кыска бул өкмөттүн курамындагылардын сапаты тууралуу күйүп-бышып кеп кылуунун анчалык деле зарылчылыгы жоктой. Себеби бул курам үч айдан кийин кайра кетчүлөр. Ошондуктан анча-мынча тирикарактарын эске албаганда өкмөттүн курамы да, жасай турган иши да атайын эле илең-салаң түзүлгөнсүйт.




  Боору бирге кол сунат

Түбү бирге кайрылат

Кечээ Ала-Арча резиденциясында Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөр аралык делегациясынын эки күндүк кезектеги жыйыны өз ишин аяктады. Кыргызстан тараптан биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев жана Казакстан тараптан биринчи вице-премьер-министр Өмүрзак Шүкеев жетектеген делегация июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө болгон тополоңдо жабыр тарткан элге жардам берүү маселесин жети тармак боюнча талкуулашты.
Жыйындын соңундагы маалымат жыйынында А.Муралиев учурда Кыргызстан кыйын күндөрдү башынан өткөрүп жаткандыгын белгиледи. Анын айтуусунда, ички дүң продукциянын өсүшү төмөндөгөн. Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 10 млрд. сомдон ашып кетти. Ал эми өлкөнүн түштүгүндөгү бузулган, өрттөлгөн үйлөр менен коомдук имараттарды ордуна келтирүүгө, энергетика, коммуникация тармагын оңдоого жана кышка даярдык көрүүгө 1 млрд. долларга жакын каражат талап кылынат.
Чындыгында бул өтө чоң суммадагы акча. Азыр өкмөт каржылоонун булактарын издөөдө. А бу дегенибиз менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев августтун экинчи жарымында Алматыда Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүү боюнча донорлордун конференциясын өткөрүү демилгесин көтөргөн. Максат донор өлкөлөрдү топтоп Кыргызстанга жардам бердирүү. Ал 27-июлда Бишкекте өтөт.
Бул жолку өкмөттүк деңгээлдеги жолугушууда эки мамлекеттин өкмөттөр аралык комиссиясынын биргелешкен ишинин жүрүшүндө энергетика, суу ресурстары тармагында кызматташуу боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынды. Мындан тышкары, эки өлкөнүн бажы көзөмөл кызматтары аркылуу эл керектөөчү товарларды жеңилдетилген түрдө өткөрүү макулдашылды. Ошондой эле Кыргызстандагы туристтик сезон боюнча оң маалыматтарды таратуу боюнча да келишим түзүлдү.

Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ