16.07.10 - 22-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Күйөсүң да күйөсүң


Жакында жапан элинин премьер-министри "эл алдында берген убадамды аткара алган жокмун" деп өз эрки менен кызматын таштап кете берди. Деги эле жапан элинин бийлик тарыхына кайрылсак, орто кылымды айтпай ак коеюн, кечээ эле ХХ кылымда бийликке келип, коррупциялык иштерге аралашкан деген кине коюлуп, күнөөсү далилденбесе да атына ошондой сөздөрдү тийгизип алгандыгы үчүн намыстанып өзүн харакири кылып (кардын жарып) өлгөн адамдары болгон экен.

Кыргызга эч ким, эч нерсе сабак болбойт
Байлык менен бийликтен ар-намыс, аброюн ар убак бийик койгон самурайлардын урпактарына суктангандан башка арга жок. Ислам Каримов, Нурсултан Назарбаев, Эмомали Рахмон, Сапармурад Ниязов сыяктуу биринчи катчылык орундан президенттик орунга секирбеген ыраматылык Абсамат Масалиевди айтпаганда, бизде өз эрки менен эң жогорку бийликтен кетүү дегенди элестетүү да мүмкүн эмес. Ал эми миллиондорду жеп-ичкендерди колунан кармап, мойнуна коюп койсоң да карганып отуруп акталып кеткенин билбей каласың. Башкача айтканда, бизде тойгончо жеп, өлгөнчө карган деген гана принцип бар.
Биринчи президент Аскар Акаев Кыргызстандын байлыгын каалагандай талатып, тонотуп, Үзөңгү-Куушту Кытайга сатып, ошонун айынан Аксыда көтөрүлгөн элди аттырып, өлкөнү 2,5 млрд. доллар карызга батырып, уулу менен кызын тыйганга алы жетпей, акыры 2005-жылдын мартында эл кайрадан көтөрүлгөндө Россияга кире качып, эч нерсе болбогондой азыркы күнгө чейин жашоонун кызыгын сүрүп келет. Анан кез-кезде кыргыз элине салам дубасын жолдоп, эл үчүн жүрөгү эзилип атканын билдирип, акыл-насаатын айтып калганына күйөсүң.
Андан кийинки Бакиевдин бийликке жаңы келген кезинде бир жолу теледен анын өмүр-таржымалы жөнүндөгү көрсөтүүнү көрүп отуруп, төрөлгөндө ата-энеси айтылуу Курманбек баатырдай болсун деп ак тилек менен атын Курманбек коюшкан экен деп айтканын укканым бар.
Жоокерчилик заманда эли-жерин сырткы душмандардан коргоп, акыры өз атасынын кастык мамилесинен Телторусун мине албай Койкүрөңдү минип душманга жалгыз аттанып, калмактар менен чабышып жүрүп шейит кеткен баатырдын атынан, арбагынан айланып кеткир, атын койгон ата-энеси да көрлөрүндө тынч жата алышпай калышты го байкуштар. Аргасы калбай калганда бийликтен кеттим деп түшүнүк кат жазып, колун коюп убактылуу өкмөткө тапшырып Минскиге кире качып, батьканын колтугунан башын чыгарып ал жазганын моюндабаганын билгизди. Ушундай да маскарачылык болобу? Сөз жок…
1990-жылкы өзбек-кыргыз коогалаңынын башында турган, Акаевдин да, Бакиевдин да тушунда кыргыз бийлигин көмүскөдө калчаган. Үсөн Сыдыков аттуу сакалы эбак өрттөнгөн аксакалыбыз бар. Апрель окуяларынан кийин контрреволюция жасай коем деп кылтакка илингенин билебиз. Анын телефон аркылуу сүйлөгөн сөздөрүн бүт кыргыз эли укту. Ошол сөздөрүнөн эле бул аксакалдын билим деңгээлинин ушунчалык пастыгы жана өмүр бою пара берип, пара алып гана жашаган адам экендиги көрүнүп турду.
Жакында СИЗОдо отурган жеринен коргоочусу аркылуу "Дело №…" гезитине мен сүттөн ак элем, жалган жалаа менен камалып отурам таризинде элге кайрылган катын жолдоптур. Тү-ү, энеңди… деп түкүрүнгөндөн башка арга жок. Жок дегенде эркекче күнөөлөрүн моюндарына албагандарына күйөсүң да күл болосуң.

Кутман ТОЙЧУ




 "Пейджер" - Сиздин үнүңүз!

Урматтуу окурман!
Туугандарыңызга, жакындарыңызга, теңтуш, досторго жакшы пикир, куттуктоо, сунуш айткыңыз келсе, мындан сырткары, жашоодогу өзүңүз байкаган түркүн көрүнүштөрдү элестүү, куйкумдуу чагылдырган кыскача ой-пикирлерди ортого салыңыз. Сиз үчүн 386706 телефону шейшемби күнү 10дон 12ге чейин кенен-кесир иштейт.


13-июнда "Пейджер"
менен сүйлөшкөндөр:

П-01. Быйыл Ататүрк паркы жетим баладай эле болуп калды. Былтыркынын бири жок. Фонтан аллеясында жарыктардын бири күйсө экөө өчүк. Эс алуучулар Наримандын жоктугун эми даана сезишти окшойт. Иса мырза, сиз качан шаарды гүлдөтөсүз? Назика, Бишкек.
П-02. Орус тили улуу тилдердин катарында - ООНдун алты официалдуу тилдеринин бири. Анын маанисин төмөндөтүүгө, кемсинтүүгө эч кимге уруксат берилбейт. Ал эми аны биздин Конституцияга орус тили Кыргыз Республикасынын расмий тили болуп эсептелет деп жазып коюу бери болгондо сабатсыздын, ары болгондо орус тилин кемсинтүү болуп саналат. Ошондуктан жаңы Конституциянын 10-статьясынын экинчи бөлүгүндө "Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили эле колдонулат" деп жазуунун кереги жок. Орус тили эле эмес, ООНдун алты расмий тили Кыргыз Республикасы үчүн да расмий тил болуп эсептелет. Жумаш Ыбрай уулу.
П-03. Мекеме жетекчилери, атуулдарды кабыл алууда досторуңарды кофе, чай менен сыйлаганыңарды токтотсоңуздар. Убакыт кетип жатпайбы. Жылдап иштерин бүтүрө албай жүргөн адамдар көбөйүп кетүүдө. Америка болобуз деп карганы туурап каздын буту сынат болуп жатабыз. Караш Насер.
П-04. Байлыгыңыз менен бийлигиңизге мас болбой, алты саныңыздын амандыгына тобо кылып, Кудай мени, пенденин кичинесин унутпа. Караш Насер.
П-05. Октябрь айын чыдамсыздык менен күтүп атам. Парламенттик шайлоого аттанган партиялардан акча алып, кышка карата камылга көрбөсөм элеби. Тачкист Уланбек.
П-06. 1-вице-премьерликке Амангелди Муралиев тапталып атканын уктум. Анда эле Отунбаева өкмөтүнүн иши бүткөнү ошол. А.Акаевди жардан алыс ыргыткан кадрлар азыркы бийликти жөн коймок беле. Асан, Бишкек шаарынын тургуну.
П-07. Кезинде экс-ханзада Максим Бакиев кант бизнесин көзөмөлдөп, анын айынан кумшекердин наркы 50 сомдон ашты. Эми бийлик алмашты. Бирок, тилекке каршы канттын баасы дале ошо бойдон. Себеби түшүнүксүз. Же ишкерликтин бу түрүн дагы утурумдук өкмөттөгүлөрдүн бири менчиктештирип алганбы? Чүйлүк жеке ишкер.
П-08. Эй, убактылуу өкмөтчүлөр, чегараны бир карап койсоңор боло! Чекчейип эле креслону тиктебей. Манас.
П-09. Кыйын күндө кыргызым кайраттуу бол!/ Кыйналсаң да билгизбей айбаттуу бол./ Уулдар кетти ар-намыс, мекен үчүн,/ Улутунбай элиңе байрак, туу бол. Меке.
П-10. Казак баурдастар, мыйыгыңардан жылмайып кыргызды шылдыңдабагыла. "Желтоксондо" кыргыздар андай кылган эмес. Кыргызбай.
П-11. Мелис Карыбеков, көзүң укмуш ачылып, мен муну, тигини айткам эле дейсиң. Андай кыйын экенсиң, 1,5 жылга аял президент болоорун неге айткан жоксуң? Айтбүбү, Бишкек.
П-12. Хан койсок Курманбекти гений санап,/ Менчиктеп өлкөбүздү мүлжүп-аймап./ Өткөрдү унутулгус кандай сабак,/ Камчылап көңтөрүшкө үйрүп айдап. Эркин Жаныбеков.
П-13. Ысык-Көлдө же өзүбүз эс алалбай, же чет элдиктер келалбай, көлдүктөр кирешесиз калмай болду. Саясатчылар оюндарына өтө алаксып, элге кызмат кылуу милдеттери бар экенин унутуп калышты. Проблема пайда боло электе алдын алып турганды качан үйрөнөсүңөр! Айбек Токтобеков.

Даярдаган
Гүлжан ИЛИЯЗОВА