16.07.10 - 15-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Карапайым калк кайда эс алат?

Кантмек элек ысыкта "Комсомол" эле кызык да!

Жайкысын эс алуу үчүн жакынкы Ысык-Көлгө барууга карапайым адамдардын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Айылдык балдар тоого чыгып эс алышса, шаардык бөбөктөр фонтандарга чөмүнүшөт. Ал эми чоңдор бассейндерге, көлмөлөргө түшүшөт. Быйыл жылдагыдай болбой, борбордо атырылып турчу фонтандар да жай чилдесинде күндүзү иштебей, кечкисин гана иштөөдө. Фонтанга сергип, күнгө кактангысы келген жаш балдар кечти күтүшкөнү менен сууга түшүүгө уруксат жок. Ал эми Бишкектеги жүзгө чукул бассейндин баалары да ар башка. Ар ким өз капчыгына, бассейндердин баасына жараша барышат. Элиталык бассейндер саатына 400 сомдон жогору турса, чөнтөгү жукалар үчүн 45 сомдон тапса болот. Өлкөбүздөгү коогалаңдан кийин Ысык-Көлгө эс алуу жолдомолору жылдагыдан арзаныраак. Андай арзан жолдомону сатып алуу деле карапайым калктын капчыгына чак келбейт.
Убагында шаардыктар үчүн бир нече жасалма көлмөлөр курулган. Азыр алардын баары какшып, Кара жыгач сейил багындагы "Комсомол" жана "Пионер" көлмөлөрү гана калды. Эски аэропорттун жанына салынган жасалма көлмөнүн ордунда азыр фонтан бар. Ал эми шаардыктар "Сорока" деп атачу жасалма көлмө эки жылдан бери соолуп турат.
Кара жыгач сейил багындагы "Комсомол" көлмөсүнүн азыркы абалы тууралуу парктын жетекчиси Сагынбек БОРОНБАЕВди кепке тарттык.

- Бул сейил бакта асман тиреген карт дарактар көп. Парктын пайда болуш тарыхы кандай болду экен?
- Сейил бактын ачылышына бир кылымдан ашып калды. 1881-жылы орус ботаниги Фетисов Кыргызстанга келип, эксперимент катары кара жыгач отургузуптур. Ага чейин бул жер жалаң саз болгон экен. Ошондон улам Кара жыгач сейил багы деп аталып калган. Учурунда бул сейил бактын аянты 215 гектар болчу. Андан кийин мыйзамсыз басып алуучулар болуп, акыры 180 гектардай жери калды. Ал эми эс алуучу аянты элүү гектарга жакын. Чындыгында көп жылдан бери бул паркка мамлекет тарабынан көңүл бөлүнө элек. Өзүбүздүн күчүбүз менен каралып келатат. Жаздын алгачкы айларынан баштап эс алуучулар таштап кеткен таштандыларды тазалоо иштери башталат. Механикалык тазалоо беш же он жылда бир жасалыш керек. Жердин кыртышында 15-20 см ылай же жаман нерселер пайда боло баштаганда механикалык тазалоо талап кылына баштайт. Эки-үч жылдан бери көлмөгө келчү сууну тундура турган жерди тазалап бергиле деп атам. Ага эки миллион сомдун тегерегинде каражат керек экен. Эмдиги жылы бюджетке кошобуз деп каралып атат.
- Көлмөгө суу кайдан агып келет?
- Чоң Чүй каналынан агып тундурмага келип тазаланат да, андан чыгып "Пионер" жана "Комсомол" көлмөлөрүнө кирет. Андан талаага кетет. Азыр Комсомол көлмөсүндө 300-400 литр суу жатат. Бул күнү-түнү агып, тазаланып турат. Антпесе суунун составы өзгөрүлүп, балыр жыттанып, сасып кетет. Көлмөгө агып келген суу кайра агып чыгып турат. Азыркы мезгилде жүз пайыз болбосо да 80-90 пайызга тазаланып атат. Эң негизгиси, сууну тазалоочу тундурманы тазалап алсак, чоң жеңиш болор эле.
- Жээктеги кумдар да жылына жаңыртылып турабы же?
Биздеги дагы бир маселе көлмөнүн жээгиндеги кум. Атайын көлмөгө келчү эс алуучуларга 20-30 жылдан бери кум төгүлүп келатат. Бирок, жээктеги кумдар элдин буту менен көлдүн ичине ташылып, улам пресстелген жерлери бар. Быйыл эксперимент катары трактор менен тегерегин каздырып, тазалатып, он машине кум төктүрдүк. Азыр көлмөнүн жээгинде кумдар жаңыртылды. Өлкөбүздөгү коогалаңга байланыштуу эс алуу паркы быйыл кечирээк ачылды.
- Суунун тазалыгы лабораториядан текшерилип турабы?
- Бактериялык жугуштуу оорулар болуп кетпесин деп жума сайын көлмөнүн суусун санэпидемстанциядан келип, текшерип турат. Эгерде сууда кичине эле өзгөрүү болсо мага телефон чалышат. Мындай учурда суунун көлөмүн көбөйтүп, түнү менен жууп, тазалап, алмаштырып чыгышыбыз керек.
- Эс алуучулар кайсыл мезгилде көбөйө баштайт?
- Мисалы, быйыл июнь айында референдум өткөнчө элдин саны аз болду. Анүстүнө коогалаң да чочутту окшойт. Аба-ырайынын жаанчылдыгы да таасирин тийгизди. Референдум өткөндөн бери эс алуучулар келип атышат. Быйыл жылдагыдан азайып калды. Азыр күнүнө орто эсеп менен 2000-2500 эс алуучу келет, ал эми мурда 3000-4000ге чейин жетчү. Бизге шаардан эле эмес, сырттан келип эс алгандар бар. Бул жерде сууга түшүү бекер. Үй-бүлөсүндөгү социалдык абалы начар, шарты жоктор, Ысык-Көлгө эс алууга баралбагандардын көпчүлүгү ушул жерге келишет. Кээде тамашалап, мен муну экинчи Ысык-Көл кылам деп коем. Кээ бирөөлөр көлмөдөгү сууга ар кандай сындарды айтышат. Ар бир адам өзү деле анализдеп көрсө болот, бул - суу ЧЧКдан келсе, ал кантип Ысык-Көлгө теңеле алат. Бул суунун жакшы жагы дайыма агып тургандыктан эч нерсе токтобойт. Аккан сууда арам жок деп коюшат эмеспи, андыктан суу эскирбей күнүгө жаңыланып турат.
- Көлмөдө балыктар барбы?
- Балыктар бар, бирок мен алардын түрүн түшүнбөйм. Кармагандар сазан, чабак бар деп айтышат. Күзүндө сууну агызганда балык кармагандар келишет. Анткени, балыктар түбүндө калып калат.
- Бул жерден кырсыкка кабылып, сууга чөгүп кеткендер көп катталууда…
- Атайын ӨКМден, эс алуучулардын коопсуздугунан эки-үч сактоочу күзөткө коюлат. Алар күндүзгү саат он экиден кечке чейин, элдин таркашына карата күзөттө турушат. Өтө кеч калган эс алуучуларга ачык эле жумушчу күн бүттү, кеткиле деп айтабыз. Себеби, алардын коопсуздугуна тынчсызданабыз. Кеткени кетет, кээ бирлери укпайт. Бул жердеги күзөтчүлөргө көз салып койгула деп эскертебиз. Антпесе, бир нерсе болуп сууга чөгүп кетиши ыктымал, түнкүсүн алардын коопсуздугуна эч ким кепилдик бералбайт. Жашырганда эмне, кырсык жок деп айтууга болбойт. Кырсык эмнеден болот, кээ бир эс алуучулар арак ичип келишет, анан сууга түшөт. Ысыктан муздакка келип түшкөндө жүрөк токтоп калышы ыктымал. Андан сырткары адамдардын баары эле Ысык-Көлдү, Нарынды, Токтогулду багындырып, "сүзүп" өткөндөр болуп чыгат. Анын натыйжасы өкүнүч менен бүтөт. Мас болуп алып, мен кыйын сүзөм дегендер көп. Мындай көрүнүш негизинен сырттан келгендерде көп кездешет. Жылына канча кырсык болоорун айтпай эле коеюн. Чөгүп кеткен адамды сактаган күндөр деле көп. Бирок, кээде ошентип сактаган күндө да жолдон каза болуп калгандар бар. Ошондуктан жээктен ары он метр түшпөгүлө, көлдүн тереңдиги мынча метр деп жазып, атүгүл радиодон да айтып турабыз. Бирок көпчүлүк да, аны бири укса, бири укпайт. Көлмөгө сууга түшүп, эс алганы келгендердин баарында спирт ичимдиктери болот. Бизде атайын күзөтчүлөр бар, аларды деле угушпайт. Аларга айып салганга акыбыз жок. Эгерде ошол эле жерден администрациялык айып салганга укук берсе, ичимдик ичип сууга түшкөндөрдүн саны азаят беле. Биз мэриянын чыгарган буйругунун негизинде эле аларды коркутабыз.
- Паркта көңүл ачуучу кандай шарттар түзүлгөн?
- Быйыл балдар үчүн батут койдурдук. Канада катамаранын арендага алдык. Жакында сууга айланып түшкөн дөңсөө (горка) батут алынып келет. Дагы балдар үчүн аттракцион заказ кылдык. Аркан-токой деген жаңы аттракцион бар, ал атайын дарактар менен аркандалып жасалган. Илгери эс алуучуларга көргөзүү үчүн атайын жыландарды чакырчумун. Азыр андай мүмкүнчүлүк жок.
- Эс алуучуларды кызыктыруу үчүн зоопарк курууга же чакырууга болобу?
- Зоопарк куралы деп дүйнөлүк зоопарктардын мүчөлөрүнөн келишиптир. Парктан зоопарк курганга ылайыктуу жерди көргөздүм. Алар аябай жактырып кетишкен. Эгер ошол сунуш ишке ашып калса, паркка келген эс алуучулар зоопарктагы жаныбарларды да көрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк болмок. Себеби, алардын айтымында дүйнөдөгү бардык жаныбарлар келет эле. Бул кара жыгач сейил багы 1985-жылы реконструкция болгондо эле зоопарк куруу долбоорго түшкөн. Улам мезгил алмашып, учурунда курулбай калган. Эгерде өлкөбүздө туруктуулук болсо, паркты жакшыртып, жасалма көлмөнү кеңейтип, бул жерди гүл бакчага айлантуу тилегибиз бар.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, сүрөттөр автордуку