16.07.10 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Күлазык

КР эмгек сиңирген артисти
Динара АКУЛОВА:
Өлкөдөгү акыркы окуялар ар бир чыгармачыл адамдын жүрөгүнөн өтүп жатса керек. Жоготуунун, кайгынын ошону менен бирге кайрымдуулуктун, мекенчилдиктин канчалык терең экендигин сездирген чыгармаларды жакында угуп каларбыз. Кыргыз өнөр дүйнөсүндө өз орду бар, КР эмгек сиңирген артисти Динара АКУЛОВА биз менен акыркы кезде өз башынан өткөн окуялар менен бөлүштү.

"Эң башкысы, кызым аман-эсен экен"
- Жакында Ошто болгон коогалаңда сиздин кызыңыз да жоголуп кайра табылды дешет...
- Таланттуу адамдардын бардыгы элибиз тынч, бай болуп, тойлор көп болсо биз аларга кызмат кылсак деп ойлошот. Коогалаңдан бир аз мурда КР эмгек сиңирген артисти А.Нарбаева, мен, Эшенкул деген тамада агабыз болуп Жалал-Абад, Ошко эки тойго чакырылганбыз. Барган күнү тосуп алышты. Эртеси Жалал-Абадга кетмек элек. Биз барган күнү түнкү саат экилерде ушундай ызы-чуу башталып кетти. Чындыгында өтө жаман болду. Биз суктанып жүргөн, гүлдөп турган, кайсы бурчуна барсаң да жадырап өсүп аткан Ош шаары күйүп, өтө эле кайгылуу абалда калды. Эки күн аскер комиссариатында жаттык. Бизди мейманканадан силер элдин адамысыңар деп алып кеткен жетекчилерге чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Эки күндөн кийин эптеп Жалал-Абад тарап менен чыгарып жиберели деп жолду ачышты. Кетип баратып облустук оорукананын жанындагы үйлөрдүн өрттөнүп, эмеректердин баары көчөдө чачылып жатканын, ар кайсы жердеги өлүктөрдү көрүп жаман болдук. Ошол жерден өтүп бараткан кезде мага кызың Меридина баласын көтөрүп алып көчөдө жүрөт, сен карап кой, күйөөсүн таппай калыптыр, үйү өрттөлүптүр деп телефон чалышты. Ага чейин өзүбүз деле ошол кырдаалды көрүп ыйлап аттык эле, жүрөгүм жарылып кете жаздады. Кызым үчүн дагы эки күн калып, издөө салдык. Бирок, эч жерден тапкан жокмун. Үйүнө кирип барууга мүмкүнчүлүк болбоду, телефон чалсак иштеп-иштебей атты. Андан кийин таппай калдык. Биякка келип бул жактан да издедик. Бир жумадан кийин телефон чалып, биз аман-эсенбиз, сарсанаа болбоңуз, эл менен Өзбекстанга өткөнбүз, баары тынчыса кайтып келебиз дешти. Андан бери бир-эки жолу сүйлөштүк. Азыр Өзбекстан тараптабы же Ошко келиштиби, белгисиз. Эң негизгиси, аман экен. "Чыккан кыз чийден тышкары" дейт. Анын жанында жолдошу, кайын журту бар, ошончо сактап алып кеткенден кийин балдары менен аман болсо болду. Эң негизгиси, аман экенин билгенде жүрөгүм кичине ылдыйлагансыды. Бул жактан кесиптештерим телефон чалып, эмне болду, кызыңызды таптыңызбы деген суроодон кыйналып кеттим.
- Кичинесинен өз кызыңыздай тарбия берип, ырдатып сахнага алып чыккан Гүлмира сиз менен кол үзүшкөндөн бери дайыны чыкпай кетти. Азыр ал каякта?
- Гүлмира бала бакчадан баштап ырдаган эле. Ошол бала бакчадан жолдошум экөөбүз бул жакка алып келдик. Кичинекей Гүлмира чоңоюп, ырдап жүрдү. 8-классты бүткөндө окууга тапшырам дегенинен, сегиз жылдык билим менен эч жакка баралбайсың, андан көрө 11-классты бүтүр дедим. Мектепти аяктатып университетке өткөрүп, контрагын да төлөдүк. Окуп жүргөндө бир жигит менен сүйлөшүп жүргөн, ал жигиттин ата-энеси да келип мени менен таанышып кетишти. Алар менен сүйлөшүп турмушка узатайын деп макулдашылып, ортодон бир аз убакыт өткөндө эле Гүлмираны төрөгөн апасы келди. Бир-эки жолу келип-кеткенден кийин эле Гүлмиранын мүнөзү өзгөрө баштады. Апасы "мен ооруп атам, Гүлмирадан бөлөк эч кимим жок, уулум, күйөөм бар, эне катары кызым менин жанымда жүрсүн" деди. Ушунча жыл чоңойткон Гүлмираны кетип калат деп ойлобопмун. Ал кызын бир-эки жолу алып кетти. Андан кийин апасына телефон чалсам, урушканга чейин барды. Ошол боюнча тынч эле коеюн, энеси менен бактылуу болсун дедим. Мен ошондо жалгыз аял болуп ошол кызды асырап алып, жанымда өзүмдүн кыздарым болбогондо билбейм, анда кандай абалда болот элем. Баккан бала таттуу болот экен, энеси алып кеткенде ушунчалык жүрөгүм ачышып, бир жылга чейин өзүмө келалбай жүрдүм.
Жакындарымдын баары "эмне кыласың, Кудайым берген өзүңдүн кыздарың бар, мейли бактылуу болсун, батаңды бер" дешти. Кеткенден кийин 3-4 жылга жакын көрбөй жүрдүм. Бир жолу ресторанга барсам курбулары менен отурган экен. Мени көрүп учурашпай койгонуна абдан ичим ачышып, мындай болушу мүмкүн эмес дедим. Кийинчерээк баягы сүйлөшүп жүргөн жигитине жолугуп калдым. Андан Гүлмира тууралуу сурасам көңүлдөнбөй калыптыр. "Кенедейинен багып чоңойтуп, эл алдына алып чыгып, ичпегенди ичирип, кийбегенди кийгизип, тапкан эмес баккан эне дегендей, сиздин эмгегиңизди баары билишет. Ушу сизди эне катары барктай албаган менин энемди барктамак беле деп Гүлмирага үйлөнө албайм деп койдум" деди. Албетте, мен муну укканда жүрөгүм ооруду. Ал жигит менен жакшынакай сүйлөшүп жүргөн, туулган күнүндө жакшы белектерди берип, ээрчишип, мына үйлөнөбүз деп атышкан. Гүлмира менден кеткенден кийин ал жигит менен да сүйлөшпөй калды, бара-бара университетин да окубай таштап коюптур. Андан кийин биякта-тиякта жүрдү. Калган эч нерсесин айталбайм, чынын айтканда, экөөбүздүн ортобуз аябай алыстап кетти. Кийинчерээк байкасам көп нерседен запкы көргөндөй, кыйналган сыяктуу. Бир күнү экөөбүз жолуктук, ал "мама, мени кечирип коюңуз" деп келип кетти, мен силерди сагындым дейт. Дагы бир күнү "мама, мен жасаган тамакты сагындыңызбы, барып жасап берейин" деди. Мени сагынган экен деп үйгө чакырдым. Ал келгенде тамак-аш деле даяр болчу. Биз менен тамактанып, сүйлөштү. Дагы эле ачылып жүрөгүндөгү нерсесин айталбайт. Ичинде бир арман катылып тургандай. Үйүндөгүлөр жөнүндө сурасам апасынын ооруганын айтты, эне болуш өтө кыйын, апаңды жакшы кара деп акылымды айттым. Бирок, өзгөчө деле аны сурап, ички дүйнөсүн аңтарып ийбедим. "Карга да баласын аппагым" дейт го, жаманбы-жакшыбы кандай болсо да өзүм баккан бала болгондуктан көзүмө жакшы көрүнөт. Эми кайда болсо да Гүлмиркам аман, бактылуу болсун. Али жаш, дагы деле кеч эмес. Бул жашоодо ким гана өзгөрбөйт, ким гана кыйналбайт, ким гана катачылык кетирбейт. Балким, ошол учурда азыркы акылы болгондо кетпей деле коймок, жанымда эле жүрмөк. Бирок, мен Гүлмира менен душман болгон эмесмин, урушкан эмесмин. Азыр деле колуман келишинче жардам берем. Өзүнүн каалаган жигитин таап турмушка чыкса, мурункудай эле ойлоп, каалаган белектеримди берип, узатканга даярмын.
- Абдумалик Шерматов менен "кош жылдыз" болуп чыгып, сүйүүңөрдөн жаралган Малика аттуу кызыңар бар. Малика атасы менен катышып турабы? Ал каякта?
- Малика атасы менен телефон аркылуу сүйлөшүп турат. Абдумалик менен ажырашкандан бери ал тууралуу бир да жаман айткан эмесмин. Жаманбы- жакшыбы, учурунда ата-энем аны оштук деп каршы болгонуна карабай үйлөнгөнбүз. Экөөбүздүн ортобуздагы сүйүүдөн жаралган кызыбыз бар. "Кош жылдыз" болуп элге кызмат кылдык. Ушул ырдын таасири менен жаштар үйлөнүп, ар бир үй-бүлөгө ынтымак алып келе турган, кандайдыр бир сүйүүнүн символу болуп чыктык. Андан кийин "Кош жылдызды" канчалар ырдап чыгышты, бирок менин күйөрмандарым аларды мурдагыдай кабыл алышкан жок. "Адашкандын айыбы жок, өз үйүрүн тапкан соң" дегендей, ал кыргыздын мырзасы, кайда жүрсө да кайрылып келип кыргызга кызмат кылат деп ойлойм. Себеби, бул жакта бала-чакасы бар. Мен Абдумаликтин кызын катып же жолуктурбай койгонго акым жок. Бала бир эле меники эмес, атасыныкы дагы. Бала ата-энесинин мээрими, тарбиясы менен чоңоюш керек. Ошондуктан ал бизди Москвага чакырган. Ошол кезде Малика экөөбүз Москвада өткөн чоң сынакка барганбыз. Малика ал жерден сынакка катышып, диплом алды. Мен фестивалга катышып, медаль алдым. Андан кийин Малика Кремлдер сарайында өтө турган сынакка жолдомо алган. Сынакка барарда коогалаң болуп барбай калдык. Быйыл 7-8-мартта Абдумаликтин концерти болду. Малика экөөбүз барып ырдап бердик. Биз менен кошо Сакиш, Бопуш, Жаныш, Тынар деген куудул жигиттер барышты. Эки күн концерт бердик, супераншлаг менен өттү. Концерттен кийин эл "кош жылдыз" элдешип алды деп бизди элдештирип коюшуптур. (Күлдү). Андан мурун бир жолу Кытайга барып келгенче өзүмөн улуу бир байкеге турмушка чыгарып коюшуптур. Досторум таарынып, эмнеге тойго чакырбайсың деп. Ушундай кызыктар көп. Биз Абдумалик менен сыйбыз, эки күн концертине барып ырдап келдик да, эртеси Москвага учуп кеткенбиз. Ошондо аэропорттон эртең менен регистрациядан өтүп баратсак бирөө чуркап келатат, карасак Абдумалик экен. Кызы менен коштошуп, узатып жиберди. Азыр иштеп атыптыр. Мен ага чыгармачылык ийгилик каалайм. Бала-чакасы үчүн эсен-аман жүрүп, колунан келсе балдарынын баарын чогултуп алып тарбиялап, жакшы ата болушун каалайм.
- Эгер Абдумалик сизге "Кош жылдызды" кайрадан жандыралы деп колуңузду сураса эмне кылат элеңиз?..
- Бул суроого жооп бералбайм. Убакыт көрсөтөт, сынган аякты кайра жамаш кыйын болуп калат го...
- Кызыңыз Малика кимиңиздерге көбүрөөк окшош жана жакын?
- Мүнөзү, өң-келбети, кыял-жоругуна чейин атасына окшош. Атасы менен чогуу жашабаганга аны менен сый мамиледе. Ал эми мен ага курбусу, атасы, апасы, сырдашы, продюсер, жандоочусу да болуп калдым окшойт. Бардык сырын мага ачык айтат. Азыр 9-классты аяктап, түрк лицейине тапшырып окуп атат.
- Киного тартылууга сунуштар түшүптүр деп уктук эле.
- Жаныш Кулмамбетов агай кино тартып, Малика экөөбүз кастингге барганбыз. Кино тартыла турган убакта Оштогу коогалаң башталып, чыгалбай калдым. Эми карыганда чоң эненин ролун болсо да ойноп, эстелик калтырайын деп тамашалап атам.
- Кызыңыз да чыгармачыл адам болобу же башка чөйрөгө кетеби?
- Келечектеги кесиби боюнча өз жайына коюп, боштондукка чыгаргам. Ырдаса, окуса, иштесе да бардык жагынан колдойбуз. Ата-эне баласы менен сыймыктангысы келет. Ал эрезеге жетсе, жакшынакай үй-бүлөгө жакшы жубай болсо деген тилектемин. Гүлмирадан кийин Ошко кеткен кызым жоголуп табылганга андан да коркуп калдым. Эки кыздан кийин чынында эле чочулоо пайда болду. Акыркы кезде ал ырга эмес, башка кесипке умтулуп аткан сыяктуу. Окуусун ийгиликтүү окуй берсин, аны убакыт көрсөтөт.
- Ушу тапта эмне кылып жатасыз?
- Эл кыйналса эл деп ырдап жүргөн таланттар да кыйналат. Учурда убактылуу бардык нерсе токтоп калгандай. Эл ыйлап атса концерт коюу да оюңа келбейт. Ошентсе да таланттар алакан жайып отурган жок. Бош убакыттан пайдаланып жаңы ырларды жазып, репертуарын толуктап атат. Биз ушундан улам, чыгармачылык менен иштеп, жаңы ырга клип тартканы атабыз. Оюмдагы иштелип чыккан жаңы ырды кытайлык кыргыздардан алып келгем. Обону 120 күү чыгарган композиторго тиешелүү. Ал эми сөзү болсо Кытай жергесине таанымал чоң акындыкы.
- Бул ыр Кытайда ырдалып жүргөн бекен?
- Жазылгандан кийин эч ким ырдай элек экен. Кытайдан жолугушууда мага биринчи жолу ырдап беришти. Ыр бир укканда эле жакты. Аларга ырдын жакканын айтсам, сизге берсем бактылуумун дейт. Анда бериңиз, чапан-көйнөк кийгизип алып кетейин дедим. Аты азырынча жашыруун.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА