16.07.10 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Көңүл чордонунда

Алтындай экология

Нарындын жашоочулары кооз жаратылышы, бийик тоолуу таза абасы менен сыймыктанышат. Бирок акыркы жылдары экология начарлап, элде нааразычылык өсүүдө деп Нарын райондук кеңештин депутаттары коңгуроо кагууда. Атургай күнөөлүү тарапты таап, аларды айыпка жыгууга даярданып атышат. Коюлган дооматтардын канчалык чын экенин аныктоо үчүн тоолуу өрөөнгө сапар алдык.

Баары бир ишенбейм
Шаарга кире бергенде эле бала кезде эсте калган гүл бакчадан дайын жок. Анын ордуна додолонуп таштандылар жатат, мектепке барчу аллеядагы бактар кыйылып, айтор, калаа картайып калгандай сезилди. Дароо эле нааразы болгон тарап менен жолугуштук. Райкеңештин орунбасары Таалай ОСМОНОВ бизге маселени шашпай түшүндүрүп берди.
- Биздин башкы көйгөй Нарын дарыясына бир нече жылдан бери муз тоңбой калышы, балыктардын майда сууга өрдөп кетиши жана ичеги ооруларынын көбөйүшү. Биз буга "Кумтөр" компаниясы күнөөлүү деп эсептейбиз, жана аны далилдөө үчүн ал компаниядан биздин шаарга лаборатория куруп берүүсүн, биздин экология жабыр тартканы үчүн бизге акчалай компенсация төлөп берүүсүн талап кылабыз. Анткени Жети-Өгүз районунун эли "Кумтөрдөн" жардам алышат экен. Биздин облусубуз дээрлик дотация менен жашайт, бизге каражат керек.
- Ишкананын таасирин кандайча түшүндүрүп бере аласыз?
- Мен алтын чыккан жерде эки жолу болуп, алардын бардык нормаларды сактаганына ынанбадым. Алардын тоо-кен иштеринен чыккан уулуу заттарын тазалоочу дамба туура эмес курулганын адис эмес мен деле түшүндүм. Андан чыккан суу Нарын дарыясына куят экен. Бизге эч кандай зыяны жок дегенге ишенбейм.
- Кандай далилдерди келтире аласыз жана сиздер сураган каражатты кандайча жумшоону көздөйсүңөр?
- Биз дарыянын cуусун өз алдынча текшертели деп турабыз. Ошого жараша компенсациянын көлөмү аныкталат. Каражатты болсо айтпадымбы, биздин аймак дотацияларга муктаж деп, элдин керегине жумшайбыз.
- Экологиялык уюмдарга, өкмөткө ушул маселе боюнча кайрылдыңар беле?
- Эми бийликти билесиңер да, кандай эле. Алмаштырбадыкпы. Жогорку Кеңешке кайрылып көргөнбүз. Тыянак чыккан эмес.
Маңызы эмнеде? Акчада.
Депутат мырзанын айтканынан маселенин маңызы акча эле керек экенин, андай эмес болсо Нарындын эли күбө болсун деп шаар тургундарынан сурамжылоо жүргүздүк. Экология боюнча кандай нааразычылыгыңар бар деген суроого бир жарым сааттын ичинде үч журналист сураган адамдардын көбү бак-дарактардын аз тигилиши, таштандылардын убагында тазаланбашы деп жооп беришти. Жаштарга кайрылганымда, "эч кандай экология-секологияңарды билбейм, мен бандитмин" деген жооптон кийин улуу муунга эле кайрылып жаттык. Нарын дарыясынын булганычы жөнүндө сураганда, шаар колдонгон cууларын тазалоо начар жүргүзүлөрүн айтышты. Аянтта күзөттө турган милиция кызматкери бул маселеден кабардар экен. "Биздин депутаттардын "Кумтөрдөн" акча өндүрүүнү көздөгөнүн билем" деп "балп" этип салды. Ал эми Нарын шаардык мэриясынын үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира СУЛТАНАЛИЕВА чыныгы көйгөйлөрдү санап берди.
- Дарыя чын эле ыплас сууларга булганып жатат. Ага себеп тазалоочу жайдын үстүртөн иштеши. Бирок башкы маселе жолдордун оңдолбогону. Арыктар шаар боюнча бир тармак болбой, кээ бир жерлери тыгынга толуп калса, айрым жерлери жаңы курулуштардын алдында калган. Жаан-чачындын суулары жолдорду жууп кетип жатат. Биздин климатка көнгөн мөмө-дарактардын көчөттөрү жетишсиз. Карга жайлоо деген шаардык таштандылар төгүлчү жерде рекультивация иштерине каражат жок. Ал жерге таштандыларды кайра иштетүүчү завод болсо деген кыялыбыз бар. Башкы көйгөй ушул.
Эл даттанган суу тазалоочу жайга барып журналисттер жамааты оозу ачылып кайтты. 74-жылы курулган чарба сууну 25 пайызга гана механикалык жол менен тазалайт экен. Ал эми биологиялык тазалоо курулганда эле каралбаптыр. Суу тоскон дубалдар тешилип, азыр жарылып кетчүдөй болгонунан кеткенче шаштык. Биздин билишибизче, жээкти бойлой турган үйлөрдөн чыккан таштандылар Нарын сууга ташталаары жашыруун эмес. Депутаттардын ичеги оорулары боюнча доосу санэпидемстанцияга жана тазалоочу жайга экени көрүнүп турбайбы.
Аккан сууда арам жок
Андан ары Нарынга кире бериш жердеги суудан лабораториялык изилдөө үчүн "Кумтөр Оперейтинг Компани" кызматкерлери жана жергиликтүү экологиялык багытта иштеген кызматкерлер менен бирдикте суунун үлгүсүн алууга катыштык. Ал жерден омбудсмендин облустагы өкүлү Тойгонбай ЖААМБАЕВ кен казган компанияны кыргыздар өзү иштете аларынан кеп салды. "Тоодон чабанды алып келип койсоң деле бир жумадан кийин бардык техникада иштегенди үйрөнүп кетет. Кыргыздардын дээринде бар" деп бизди таң калтырды. Суунун курамында бөтөн заттардын деңгээлин аныктоо Кара-Балта шаарындагы "Стюарт Эссей Инвайронментал Лэборэторис" (StewartGroup) эл аралык сертификациядан өткөн Британия менен биргелешкен лабораторияда өткөрүлөт. Райондук кеңештен изилдөөнү өз көзү менен көрүү үчүн Нарын университетинин химия кафедрасынын доценти менен мамсанэпидемиялык көзөмөлдүн өкүлү кошо барышты. Шаардан чыгып баратканда көкүрөктөгү бук эмнеден пайда болгонун түшүнүүгө аракеттенип бараттым.
StewartGroup дүйнө жүзү боюнча 30дан ашуун лаборатория жана 60тан ашуун кеңсеси бар. Ал экология жана тоо-кен өндүрүшү боюнча адистелген. Эл аралык коомчулукта өзүнүн көз карандысыздыгы жана так маалымат берүүсү боюнча кынтыксыз абройго ээ. Анткени алардын жыйынтыктары боюнча дүйнөлүк ири компаниялардын акциялары баасын кармап турушат. StewartGroup аброюн акчадан жогору коеру дүйнө коомчулугунда талашсыз. Кара-Балтадагы лаборатория Борбор Азия, Казакстан жана Россиянын 60тан ашуун ишканалары менен кызматташат. Негизинен коңшу Казакстандын экономикасына салымын кошуп жаткан ири инвесторлор катышкан компаниялар.
Биздин маселе боюнча жыйынтыкта дарыянын курамында нормадан ашкан бир да көрсөткүч табылган жок. Бул маалымат бир тараптуу болбош үчүн Табигый ресурстар министрлигинин геология башкармалыгына кайрылдык. Жетекчиси Гульфия ШАБАЕВА лабораториялык анализдердин жыйынтыктарына өз комментарийин берди:
- Бизге "Кумтөр Оперейтинг Компани" Петров көлүнөн, өндүрүштүк агын суулардан, тиричилик агын сууларынан, Кумтөр, Тарагай сууларынан алынган изилдөөлөрдүн жыйынтыгы келип түшөт. Биздин министрлик компанияга коюлган талаптарын катуулатып, Нарын шаарына кире бериште эмес, ишканадан чыккан жеринде уруксат берген нормалардан чыкпашын талап кылат. Жыйынтыктар боюнча айтканда, жалпыга белгилүү цианиддер 99,7% га тазаланат. Андан сырткары, ар түрдүү оор металлдардын деңгээли нормада. Ишканадан чыккан суулар тазалангандан кийин Кумтөр суусуна, ал Тарагайга, анан 200 чакырым агып отуруп Нарынга куят. Агып чыккан жеринде таасири биз өзүбүз өткөргөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча минималдык экенин айта алам. Ал эми Нарын дарыясына жеткенде анын таасири күчөп кетиши мүмкүн эмес. Албетте, таптакыр таасири жок деп айта албайм. Бул суроого жоопту илимдер академиясынан издеш керек. Баса белгилеп, айта кетчү нерсе, компаниядан чыккан агын суулар май айынан сентябрь айына чейин гана куюлат. Башка учурда тоодогу майда дарыялар тоңуп турушат. Кышкысын Нарын дарыясы тоңбой калышы менимче климаттын глобалдуу өзгөрүүлөрүнө байланыштуу.
Ишкананын экология кызматкерлерине ишенбеген эл өкүлдөрү мамлекеттик кызматкерлерге да ишенбеши мүмкүн деп, мен Нарын дарыясынын тоңбой калышынын себептерин андан ары издөөнү уланттым. БУУнун өнүктүрүү боюнча долбоорлорунда экология тармагында иш алпарган адистерге кайрылдым. Алардын көз карашы боюнча тоолуу дарыялардын ылдамдыгы жогору болгону үчүн үстүнө муз тоңбойт, болгону тайыз жээктери жана жай аккан бөлүктөрү муз кыртышы менен бираз капталат. Ал эми Нарын сууга 80-жылдары жүктөлгөн "КамАЗ" кулап, анын музга туруп калганы ал кездеги суук менен түшүндүрүлөт экен. 2009-жылы жарыяланган климаттын өзгөрүшү жөнүндө БУУнун Алкактык Конвенциясына ылайык чыгарылган экинчи Улуттук Билдирүүнүн негизинде Кыргызстандагы аба-ырайы өткөн кылымдын орто ченинен бери кескин жылып келатканына байланыштуу баштагы мөңгүлөрдүн жарымы гана калганын эске сала кетели. Бул көрүнүшкө Кыргызстандын өзүнүн таасири кумдун бир чаңындай экенин Улуттук Билдирүү жарыяланганда кеңири айтылган. Эл камында баарынан көп эмгек сиңирген бейөкмөт уюмдар экенин эске алып, "Экологическая экспертиза" БӨУнан Нарын суусу эмнеге акыркы жылдары тоңбой калганын сураганда, алардын жообу төмөнкүчө болду:
- Биз бул маселе тууралуу сизден биринчи угушубуз. Министрликке кайрылып көрүңүздөр, аларда маалымат болушу мүмкүн. Бирок бул суроо изилдене элек болуш керек.
Эптеп тапкан баламды…
Элдин камын көрүү, экологияны сактоо райкеңештин депутаттарына жарашкан иш. Туура, өлкөгө киреше келтирет деп эле инвесторлорду башка чыгарган болбойт. Аны менен катар ар бир өндүрүштүн терс таасири болорун унутпайлы. Колбаса чыгарган цех да, цемент заводу да айлана-чөйрөгө таасир берет. Бирок өндүрүштүн зыянынан пайдасы кыйла артык болушу керек. Өндүрүшчүлөрдүн иш алпарганына дыкат көзөмөл жүргүзүш керек. Ал үчүн мамлекетте атайы министрлик, жарандык коомдун атынан бейөкмөт уюмдар, ири эл аралык уюмдар жана дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө иш алпарып, өз абройун жогору туткан канадалык компаниянын экологиялык кызматы бар. "Кумтөр Оперейтинг Компани" жүргүзгөн лабораториялык изилдөөлөр Кара-Балтадагы StewartGroup менен чектелбейт. Изилдөө үчүн суунун үлгүлөрү Канадага да жеткирилет. Ал эми компаниянын өлкөнүн ичиндеги төлөмдөрү, анын ичинде экологиялык төлөмдөр кандайча жана кайда кетип жатканын компаниядан эмес, тиешелүү жактардан сураш керек. Көзгө басар жалгыз ири ишкана болгондо ушинтип баары асыла берет турбайбы. Ансыз да инвесторлор келбей жатканда "эптеп тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү" кылып албайлы.
Нуржан АЛЫМКАНОВА, сүрөттөр Мирлан КИМСАНОВДУКУ