16.07.10 - 11-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Иса Өмүркулов:
"Программа көп, аткарылганы аз"
Борборду көрүп өлкөңдү айтайын

Апрелде бийлик алмашкан соң мамлекеттик ишкана-мекемелердин жетекчилери алмашканы баарыбызга маалым. Башка облустук, райондук борборлорго салыштырмалуу өлкөнүн жүрөгү болгон Бишкекте өзгөчө башаламандык болуп, ондогон соода түйүндөрү талкаланып, тонолуп кеткен. Ошондой ызы-чуулуу күндөрдө Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин ордуна экс-депутат Иса Өмүркулов дайындалып, буга нааразы болгон шаардыктар да чыккан. Андан бери үч жарым ай убакыт өтүптүр. Бүгүнкү күндө шаардагы акыбал кандай? Борбор калаабызда кандай өзгөрүүлөр болду? Мэрия кандай иштерди аткарып жатат? Ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп Бишкек шаарынын мэри Иса ӨМҮРКУЛОВго кайрылдык.

- Иса Шейшенкулович, буга чейин "Жаңыртылган борбор" программасы иштеп жатты эле. Азыр программаны улантуу иши кандай?
- Бул 15 жылдык программаны бир катар адистерден турган комплекстүү жумушчу топ иштеп чыккан. Долбоор бардык тармактарды камтып, шаардын келечегине багытталган экен. Бүгүнкү күндө программанын экинчи этабы жүрүп жатат. Бирок, каражаттын тартыштыгынан айрым маселелер чечилбей калып жатат. Мисалы, жүргүнчүлөрдү ташуучу ири автобустарды ала албай жатабыз. Финансылык ири көлөмдүү долбоорлор азырынча жай ишке ашып жатат. А негизинен программанын кабыл алынышы менен аткарылышы айкалышканда гана анын маңызы чыгат. Программа жазылгандан кийин так ушундай аткарылышы керек делген мыйзам, жободой эмес, тирүү организм болушу кажет. Ал бардык шартка жараша өзгөрүлүп, ийкемдүү болушу керек. Жазылып коюп аткарылбаса, анын кимге кереги бар? Мурунку өкмөт убагында көп эле программалар кабыл алынган. Бирок алардын көбү аягына чыгып, натыйжасын бербептир. Алсак, шаарды тазалоо боюнча бул программада шарттар жазылган. Бирок, анын кандай аткарылып жатканына маани берилген эмес. Ошондуктан биз бул программаны терең талдап, аны жеткиликтүү аткарып, мындан ары да өнүктүрүү багытында иш алып барып жатабыз.
- Каражаттын тартыштыгын айтып жатасыз. Шаар бюджетинин акыбалы кандай?
- Жарым жылдык жыйынтык боюнча алсак, быйыл бюджеттик киреше пландалгандан 5 млн. сомго аз. Апрель ыңкылабынан соң биртоп жеке ишкерлердин соода түйүндөрү талкаланып-тонолуп кетти. Буга удаа эле Казакстан, Өзбекстан сыяктуу коңшу мамлекеттер чегараларын жапты. Ушуга байланыштуу соода-сатык басаңдап, шаар бюджетинин киреше бөлүгү бир кыйла азайды. Бул шаар казынасынын азайышынын объективдүү себептери. Мындан сырткары бюджеттик кирешенин төмөндөшүнүн субъективдүү себептери да болду. Дегеним, шаар бюджетинин азайышы салык кызматынын кызматкерлеринин иштегендигине да байланыштуу болуп жатат. Азыр дагы деле өз көмөчүнө күл тартуулар бар. Ушундай себептерден улам жакында Биринчи май, Октябрь райондук салык инспекциясынын жетекчилери кызматынан алынды. Мындан ары салык жыйноого катуу көзөмөл болуп, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйткөнгө чаралар көрүлөт.
- Иса мырза, азыр Калыс-Ордо сыяктуу айрым жаңы конуштардагы мектеп, жол курулуштары, таза суу менен камсыз кылуу иштери токтоп калды же өтө эле жай жүрүп жатат. Бул каражаттын жоктугунанбы же көзөмөлдүн начардыгынанбы?
- Менимче, төрт-беш мектепти бир баштап коюп, кайра каражат жетишпей эки-үч жылга создуктуруп жүрө берүү туура эмес. Ошондуктан биз азыр кезеги менен бир-эки мектепти толук бүтүрүп, анан кийинкисине киришүүгө аракет кылып жатабыз. Быйыл Кара-Жыгач, Ак-Өргө жаңы конушундагы мектептерге басым жасап, жаңы окуу жылына чейин пайдаланууга берели деп турабыз. Жаңы конуштардын көпчүлүгүндөгү суу түтүктөрү мурун эле коюлуп, бирок толугу менен пайдаланууга берилбей, шаардын балансына өткөрүлгөн эмес. Мурунку бийликтин шалаакылыгынан улам кезинде миллиондогон каражаттар жаңы конуштарга которулуп, алар кайда жумшалып, кандай иштетилгенине көзөмөл болбоптур. 2007-жылы башталган курулуштардын көбү эмдигиче пайдаланууга бериле элек. Башталган иштердин эч кандай жыйынтыгы жок. Азыр ошол иштерди улантып, баарын тартипке келтириш үчүн аракеттенип жатабыз. Ал эми жол маселеси боюнча болсо, азыр жаңы конуштардын жолдорун оңдоого кириштик. Быйыл жалпы жонунан 21 километрден ашык жолго асфальт төшөлөт. Кийинки жылдарга дагы биртоп чакырым жолду асфальттоо пландарыбыз бар.
- Апрель коогалаңында жабыр тарткан бизнесмендерге мамлекет тарабынан компенсация төлөнөрү айтылган эле. Бул боюнча мэрия кандай иштерди жасады?
- Чынында бул иш мэриянын компетенциясына кирбейт. Бирок, бүгүнкү күндө жабыр тарткан ишкерлердин көбүнө жардам берилгени тууралуу маалыматым бар. Азыр 53 млн. сом чыгым тарткан орто бизнесмендерге бөлүнүп берилип жатат. Билишимче, мамлекет апрелде чыгым болгон ишкерлерге 150 млн. сомдон ашык каражат бөлүп берет. Мындан сырткары ири ишкерлерге банктардагы карыздарынын процентин азайтуу, карыздарын жоюу жагынан жардамдар көрсөтүлүп жатат.
- Бакиев кланы, бир катар чиновниктер мэрияга караштуу имараттарды, жерлерди менчиктеп алышканын билебиз. Мыйзам боюнча мэрия аларды сот аркылуу кайра кайтарып алса болот экен. Азыр канча жер, имарат кайра кайтарылды?
- Азыр ооруканалардын жанына, жол жээктериндеги архитектуралык талапка жооп бербеген жерлерге, ал тургай парктарга мыйзамсыз салынган Бишкек нефти компаниясынын(БНК) май куючу жайлары улутташтырылды. Мурун мыйзамсыз берилген жерлерди биз соттун кийлигишүүсүз алып кое албайбыз. Ошондуктан мыйзамсыз берилген объектилер, жерлер боюнча укук коргоо органдары иликтөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Чынында муниципалдык бюджетке пайда алып келе турган баалуу жерлердин көбү айрым чиновниктерге берилип кеткен. Ошондой жерлердин бири болгон Ош базарынын батыш тарабындагы "Абдузакир" базарын мэриянын карамагына алуу үчүн сотко кайрылдык. Бул базардын жер ижарасы үчүн мамлекетке бир нече миң эле сом төгүлчү экен. Бирок, базар ээси соода кылгандардан 6 миңден 12 миң сомго чейин ашыкча алып, миллиондогон сом киреше таап келиптир. Ушу сыяктуу көп иштер жүрүп жатат.
- Жер басып алуулар болуп жаткан мезгилде мэрия көп кабаттуу үйлөр салынарын билдирген. Бирок, ал үйлөр кымбат болгондуктан карапайым адамдар аны сатып ала алышпайт. Мындай адамдарга мэрия кандай жардам кыла алат?
- Албетте, жакырчылык азыркы учурда эң көйгөйлүү маселелердин бири. Жумушсуздуктан улам өлкөнүн булуң-бурчунан борбор шаарыбызга келип жаткандарды да жакшы түшүнөм. Алар аргасыз келип жатышат. Бирок, алардын баары эле Бишкектин тегерегиндеги жерлерди басып ала берсе эмне болот? Ошондуктан мындан ары жер берүү маселеси тартипке келтирилип, ачык-айкын болот. Үй, жер алам деген туруктуу жашоочулар мыйзамдуу кезекке туруп, алардын тизмеси атайын сайтка чыгат. Бул чиновниктердин, жер сатып шугулдангандардын жолуна бөгөт коет. Муну менен бирге эле жерге муктаж болгондордун баарына эле жер берилбейт. Эмдиги жылы социалдык турак-жай курууга кеминде миллиард сом бөлүнүшү керек. Себеби, азыр үй кезегине тургандар өтө көп. Төрт район боюнча 14-15 миң адам кезекте турат. Ошон үчүн жер, турак-жай маселеси өкмөт менен биргеликте чечүүчү маселе.
- Бир кезде мэрия "Бактылуу лотерея" долбоорун баштап, аягына чыкпай калган. Бул кантип жатат?
- Ал боюнча мурунку мэр Данияр Үсөновдун үстүнөн кылмыш иши козголгон. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө анын залакасы шаардык бюджетке тийип мэрия 6 млн. сомдон ашык акчаны төлөп берүүгө мажбур болуп отурат.
- Айрым ММКлар "мэр парламенттик шайлоого барбайт экен, бул анын майлуу орундан кеткиси келбегендиги" деп жазып жатышат. Парламенттик шайлоого чынында эле катышпайсызбы?
- Биринчиден, мен Бишкекте башаламандык болуп, имараттар талкаланып, тонолуп, кан төгүлүп жатканда убактылуу өкмөттүн тапшырмасы менен Бишкек жергиликтүү бийлигин жетектеп калдым. Мына ушул үч айдын ичинде аткарылган иштерди шаардыктар өздөрү деле көрүп жатышса керек. Эгер менин кызматым элге керек болсо мындан ары да иштөөгө даярмын. А менин парламенттик шайлоого барар барбасым партиянын съездинде чечилет. Кыскасы, бул маселе азыр күн тартибинде турат.

Мелис СОВЕТ уулу