кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
16-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баракал-ла", Амангелди Мурсадыкович!
2-бет
Ушактын арты убайым
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Бириң кайың, бириң тал...
5-бет
Торбо канткенде толот?
6-бет
Ишенген кожоң АКШ болсо, алды-алдынан тал карма…
9-бет
"Азыр партияга эмес Кудайга ишенбегендер да бар "
10-бет
Жыйынтык жыл аягында
11-бет
Иса Өмүркулов:
"Программа көп, аткарылганы аз"

12-бет
Бабанов Бакиевдин "марионеткасыбы"?
13-бет
Көңүл чордонунда
14-бет
Күлазык
15-бет
Кантмек элек ысыкта "Комсомол" эле кызык да!
16-бет
Дүйнөкеп
18-бет
Айласын кандай кылабыз?
19-бет
"Алтын топ", "Кызыл фурия"
20-бет
Айлампа
21-бет
Кыргыз мончогу
22-бет
Күйөсүң да күйөсүң



"Баракал-ла", Амангелди Мурсадыкович!
Июндун аяк ченинде экс-депутат Алишер Сабиров , азыркы 1-вице-премьер Амангелди Муралиев Москвага барып Мамлекеттик Думанын өкүлдөрү менен жолугушканын эшиттик. Жолугушуу учурунда Алишер мырза түштүктөгү улуттар аралык жаңжал тууралуу кенен "лекция" окуп, бир улуттун жабыр тартканына басым жасады дешет. Муралиев да четте калбаптыр. Амангелди Мурсадыковичтин мындай жоругун кандай түшүнсө болот? Кыскасы, 1-вице-премьерге узатар сурообуз арбын. Бу куш тилиндей кабарды окуса, балким өзү деле үн катар… Же Атамбаев колдосо эле баарын жасоого боло береби?

Абышкаевдин оозун ким тырмады эле?
Кадимки Чубак Абышкаев 2002-жылы башпрокурорлукту аркалап турганда агездеги депутат Азимбек Бекназаров камалган. Анын артынан Аксы окуясы болуп, жети жигиттин каны акыры Аскар Акаевдин башын "жутту" эле. Буга чейин ММКдан жашырынып, коңулда жаткан Чубак Садыкович өзү өткөн жумада редакцияга чалып, кандуу Аксы окуясынан тартып кечээги Исмаил Исаковдун камалышынын сырынан бери ачып, каалаган сурооңорго жооп берем деп баатырсынган. Бирок, курган киши ошондон бери бирде кан басымы жогорулап кеткенин, бирде той-топурдан колу бошобой жатканын шылтоолоп кабарчыбыздан жаа бою качып жүрү. Абышкаевдин Аксы коогалаңына олуттуу тиешеси бардай. Антпесе, айткан сөзүнө турбайт беле.

Саботажды ким жасап жатат?
Өткөндө "карт бөрү" Үсөн Сыдыков борбордогу атайын ооруканада дарыланып жатканын жазганбыз. Жума башында БЭКтин төрагасы Азимбек Бекназаров бейтапканага Үсөн акесине торт көтөрүп барып, аны менен эт кайнамча баарлашып отуруптур. Эки берен эмнени сүйлөшкөнүн так айталбайбыз. Арийне, ортолорунда алдыдагы парламенттик шайлоого карата даярдык, саясый кырдаалдын тегерегинде сөз жүрүшү ыктымал. Өкмөттүн башка мүчөлөрү жыйынга катышпаса, "саботаж" деп айкырган Азимбектин бул кылыгы анык саботаж эмей эмне?

Чынбы же…
Бизге жеткен маалыматка караганда, Оштогу коогалаң жөн эле соодалашуудан чыккан. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бири кадимки Кадыржан Батыров менен кездешип, ага тапшырмаларды берген. Батыров аларды аткарган соң коогалаң чыккан. Бул жолугушууну экинчи тарап видеокамерага тартып алган экен. Кассета азыр аскер адамдарынын биринин колунда, керек учурда көтөрүп чыгат дешет.

"Жаңы Агым"-пресс


Сурантып кирди эле, суратпай эле чыкты
Өмүрбек Суваналиевдин "Ата Журттун" катарына кошулушу, аталган партиянын аброюн арттырганы калетсиз. Кечээ "Катани" "Ата Журттун" төрагалыгынан кетти. Анын мындай кадам жасашынын себеби эмки жумадагы маалымат жыйынында дайын болот. Бизге жеткени ушул, Өмүрбек мырза партияны Бакиевдердин бири каржылаганын билген соң ушундай чечимге келиптир. Анүстүнө, "ата журтчу" лөктөр, тоюс, мурдагы "бригадачылар" ( Садыр Жапаров , Камчыбек Ташиев , Ахматбек Келдибеков ) төрагасы менен кеңешпей, катарына жалаң түштүктүн кулундарын, эски бийликтин "карышкырларын" кошо башташкан. Мындай мамиле кримдүйнө төбөлдөрүн чычыра кууган генералдын кыжырын кайнатпай коймокпу… Ушул маселе боюнча Ахматбек Келдибековдун чөнтөк телефонуна звандасак, сотогою өчүк экен. Ошондой эле "Ата Журттун" калган мүчөлөрү менен да байланышуу мүмкүн болгон жок.




Үй-бүлөдө не айып?
Өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыров экс-президенттин кичи мекени Тейиттеги үйлөрүнүн күлүн асманга сапыртканы белгилүү. Анын мындай "оюнунун" азабын өзүнүн жакындары тартып жаткан кези. Ошол окуядан көп өтпөй Максим Бакиевдин "боевиктери" Батыровдун үй-бүлө мүчөлөрүн барымтага алганы эл арасында айтылууда. Ал турсун экс-ханзаада Батыровго телефон аркылуу "күйгөн үйлөрдү ордуна коюп кой. Болбосо туугандарыңан айрыласың!" деген талап койгон дешет.







PDF формат







Яндекс.Метрика