09.07.10 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кырдаал

Ошту ордо кылбасак оңолбойбуз
Ошто 506 үй, 60 коммерциялык объект, Жалал-Абадда 602 объект керектен чыкканы басма сөздөрдө айтылууда. Буларды калыбына келтирүү атайын түзүлгөн мамлекеттик дирекцияга, анын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевге жүктөлдү.

Ошту ким курса оомат ошонуку
Кандуу окуядан үстүндөгү үйү, өмүр бою жыйган-тергендери күйүп күлгө айланган мекендештерибизди кар астына калтырбай жайгаштыруу жалпы мамлекеттик милдет болгону менен, анын аткарылышы Ж.Сатыбалдиевдин уюштуруучулук жөндөмүнө, иш аракетине, ошондой эле бул максатка жумшалуучу каражатка байланыштуу болуп турат. Буга чейин губернатор, министр, вице- премьер болуп иштеген Ж.Сатыбалдиевдин кийинки саясый тагдыры да ушул иштин майнабына жараша чечилмекчи.

Эптей салганга эми акыбыз жок
Убактылуу башкы финансист Т.Сариевдин эсеп-чотуна караганда, эки шаарды "эптеп" чыкканга баш-аягы 450 млн. доллар жумшалат. Азырынча бул багытка Орусиядан алынган кредиттин эсебинен 100 млн. доллар бөлүндү. Казынабыздын түбү баарыбызга белгилүү болгондуктан, калган каражатты ички-сырткы инвесторлордун эсебинен тапкандан башка аргабыз жок.
Бирок аталган эки шаарды, айрыкча Ошту кайра курууда көпчүлүк окурмандар туура маселе көтөрүп жаткандай. Өрттөнгөн кожолук үйлөрдү, жеке менчик же мамлекеттик маданий-социалдык объектилерди, тейлөө кызматын көрсөтүүчү жайларды жөн гана жамап-жаскап коюу менен чектелүүгө бул жолу акыбыз жок. Сөздүн ток этери, Ошту борбор кылышыбыз керек. Ошого жараша улуттун сыймыгы, башын кошкон түндүгү, саясый-маданий, тарыхый ордосу болгонго татыгандай деңгээлде курушубуз керек. Буга түштүк аймагыбыздагы геосаясый кырдаал, ушундан улам келип чыккан эгерим бир-бирине кол көтөрбөгөн элдердин ортосундагы кандуу окуялардын сабагы түрткү болуп жатканын көрүп турабыз. Укканды умсунткан үч миң жылдык тарыхы бар Ош шаарын борборго айлантуудагы улутту уюткан саясый мүдөөлөрдү эске албаганда да, бул тилегибизди бүтүндөй мамлекеттин, бери эле болгондо түштүк аймагынын экономикасын көтөрүп кетүүгө жарамдуу улуу күчкө айландыруу өзүбүздүн колубузда тургансыйт. Учурдун тарыхый зарылдыгы ушуну талап кылууда.

Бышкан маселе, быш этпеген кыргыз
Ошту борбор кылуу идеясы буга чейин деле көтөрүлүп келген. Бирок Акаеви да, Бакиеви да бул маселенин тереңдигин аңдоого чамасы жетпеди. Кыргыздын кызылын басып алуудан колдору бошободу. Тагыраагы, бүгүнкү Ош окуясынын козгогуч "вирусу" акырындап көбөйүп, акыры кан-жан тилеп чыга келээрине, атургай айыккыс мутантка айланаарына убагында көңүл бурулбаган. Жыйырма жыл мурда бөөдө төгүлгөн кандын себеби, анын айынан кайгы-муңга, кайырсыз тагдырга кабылган далайлардын көз жашына тарыхый маани берилбей калган. Акыры ушул болду. Ырас, азыркы окуя жөнүндө бүгүн-эртең көп айтылар. Тарыхый, саясый жыйынтык чыгарылар. Ошонун ана башы жогоруда айтканымдай, Ошту борборго айлантуу. Буга бармайын чекеге чыккан чыйкандай болгон чек ара маселелери чечилбейт. Бейиштин төрүндөй болгон түштүк жергесинин экономикалык потенциалы ачылбайт. "Эки төөнүн ортосунда калып чыркыраган чымындай" болуп колтукка суу бүрккөн ар кандай ички-сырткы арамза күчтөрдүн кесепетинен бир-бирине кол көтөрүп, кайырсыз кан төгүүгө чейин барган карапайым эки элдин кайгысы жуулбайт. Ал эми экономикалык жагына келсек, түштүк аймагын түбүнөн бери көтөрүп чыкмайын, түндүк жагыбыз чыңалбайт. Акындардын тили менен айтканда, кош канатыбыз жайылбайт. Түндүк-түштүк сөздөрдүн, ички-сырткы миграциянын агымы токтобойт. Анын айынан айдалбай "кысыр" калган жерлер, аңгырап бош калган айылдар коңшу элдердин, өзөктөн чыккан "жаттардын" көзүн кызарта берет. Кыскасы, бул маселе кайнамак турсун эзилип баратат.

Азимбек тегин айкырбайт
Мен Ошту борборго айлантуунун миңден бир себебин гана келтирип жатам. Аныгында улуттук идеологияга тете бул маселени айрым саясый партиялар ураан катары көтөрүп жатканы да тегин жеринен эмес. Айталы, ушул макаланы жазып жатканымда ары-бери урунуп жүрүп акыры жаңыланган БЭК партиясынан жайыт тапкан Азимбек Бекназаров: "Биздин партия борборду Ошко которууну колдойт" деп айкырып чыкты. Эми мындан ары башка партиялар бышып калган бул маселени табагына салып, булоолонтуп көтөрүп бармайын түштүктүн көңүлүн алалбай турган деңгээлге жетип калды.

Барыктабасовду башта,
Түлеевди түптө дебейбизби
Ошту борборго айлантуу инвестициясыз чечилбейт. Инвестиция дегениң табияты боюнча жайлуу, көлөкөлүү жерде көктөй турган көрүнүш. Ал эми Ош, Жалал-Абадда кандуу окуянын илеби кайта элек. Андыктан сырттан инвестиция тартуу президент Р.Отунбаеванын жакында түзүлчү техникалык өкмөтү үчүн чоң сыноо болуп калмакчы. Муну туура жана чукул чечүү техникалык өкмөт үчүн аттанганда эле ээрге түз же кыйшык отургандай маселе болуп турат. Мындайда адаттагыдай эле капталдан чыга калып акыл айткандар да арбын. Алсак, Урмат Барыктабасов деген четте жатып алып кыргызга ченебей күйгөн жигиттин айланып казыгын тапканына ай өтүп баратат. Улуттук лидер көздөн учуп турганда ушул азаматыбыздан бирдеме чыгабы дегендердин да деми сууп бараткандай. Барыктабасов азырынча: "…сырттан жардам сурабай өзбегин да, кыргызын да жөнгө салып коймокмун" маанисинде басма сөздөн күпүлдөгөнү болбосо, башка жарытылуу эч нерсе айта элек. Кашайып, бул сөзүн да убактылуулар укпай калганбы, айтор, айтылган жерде калып баратат. Бир жагынан кыргызга кызмат кылат элем деп кыйкырып турган мындай жигиттерди пайдаланууга эмне үчүн болбосун? Кызганбаса Р.Отунбаеванын убактылуу ордосу Урмат Барыктабасовду бооруна тартып, андай эле уюштургуч, элди жараштырган данакер, капчыгы да калың эргул болсо ушул ишти анын мойнуна неге жүктөп койбойт? Анан бакылдаган текени суу кечкенде көрөт элек да.
Ушуга байланыштуу Бишкек шаарына эмгеги өтүп калган Нариман Түлеев деген дагы бир жигитибизди эске сала кетейин. К.Бакиевдин колтугунда жүрдүң эле деп кодулай бербей житип кеткен жеринен таап келип, эми ак эмгегиң менен эл алдында акталып ал деп туруп Ош болбосо дагы Жалал-Абадды кайра курууга чегерип коюуга болор беле? Сопсонун эле болот болчу. Кантсе да шаар куруу тажрыйбасы бар эмеспи. Демек, Ошту борбор кылабыз десек, ага каражат табуунун кандай гана жолу болбосун качпашыбыз кажет. Аны курууга салым кошом десе албарсты менен деле сүйлөшүүгө баргандан башка аргабыз жок.




  Татаал жол

Кырылып барып тириккен,
Кыйналган кезде бириккен!
(Р.Отунбаеванын ант берүү аземиндеги сөзүнөн)

Кантсе да кыргыз кызык элбиз. Каныбызда барбы же табиятыбыз ошондойбу, айтор хан десе эле как өрүктөй күбүлгөн, калбай баары жүгүнгөн мүнөзүбүз жок экен, элге кесири тийген эки ажобузду ээрден алып түштүк. Орто Азияны мындай коелу, КМШ тарыхында аялзатынан президент шайлап алдык. Эми, эчен элдин оозун ачырып, парламенттик шайлоого барабыз деп турабыз. Жакында эле президентибиз Р.Отунбаева Астанага барып келди. Андай улутту тааныткан жерлерге барганда Акаев, Бакиевдерден чочулап тураар элек. Бири маңдайын жаркылдатып, канга ылайык каададан эч нерсе жок, элпек баладай эпилдеп-чепилдеп турса, экинчиси колун коер жер таппай кокуй абалга калтыраар эле. Бул жолу "розадай" албырган Роза эжебиздин салабатын жазбай, президенттердин арасында өзүн эркин-эмин алып жүрүшү, көңүл көтөрүп көкүрөккө сыймык уялатты.


Анттын кусуру оор
Ушул күндү, тактап айтканда мыйзам жолуна түшүүнү күттүк элек. Референдум өтүп, Кыргыз Республикасынын президенттик милдетин Роза Отунбаева алып, атпай журттун алдында ант берди. Буга чейинки президенттер дал ушул берген антынан аксаган. Анттын күчүнө, жоопкерчилигине маани беришкен эмес. Р.Отунбаева Президенттик ыйгарым укугуна киришип жаткандагы сөзүндө дал ушул анттын ыйыктыгына басым жасашы, өзү айткандай "үмүт артып турган" эл- журттун ишенимин ойготуп койгонсуду. Буга чейин президенттердин кооз сөздөрүнө далай ирет ооз күйгүзгөн элибиз, ылайым эле антына бекем туруп, айтканын аткараар бекен дегендей күтүп калды.
Тагдыр бизге жанаша жашоону буюрган
Р.Отунбаеванын мындан аркы жолу оңой болбой тургандыгын боолголоп турабыз. Анткени, акыркы жыйырма жыл аралыгындагы андаалаган саясат, алдым-жуттум чоңдор, эңшерилген экономика, кыйраган өнөр-жай, кыйсыпыр түшкөн айыл чарбасы, темселеген эл, телибай саясатчылар, теңсинбеген коңшулар көйгөйү бир эле күндө чечиле калчу маселе эмес. Мунун баарын толук чечпесе дагы, пайдубалын түздөп кетүүгө Р.Отунбаевага болгону 1,5 жыл гана убакыт берилип отурат. Баарыдан мурда ойрон калгыр Ош окуяларынын залдарын жоюу, анын кесепетинен кара кийип кан жутуп турган эки улуттун өкүлдөрүнүн көңүлүн табуу "Чубактын кунундай чубалып" чыга берчү көйгөйлөрдөн. Ошондой эле бул жалгыз Р.Отунбаевага, анын убактылуу ордосуна артып коюп отуруп алчу маселе эмес. Баарыбызга, ар бирибизге тиешелүү маселе. Анын ант берүү аземиндеги сөзүндө айтылгандай: "…Тагдыр бизге Ала-Тоо жергесинде жанаша жашоону буюрган, бир тууган элбиз, баарыбыз түбөлүк ырыскылаш экенибизди унутпайлы".
Бетти даярдаган Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел.: 38-67-73