09.07.10 - 23-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Өзү менен өзү

Нурзат ТОКТОСУНОВА:
"Көлдүк эмесмин деп калп айтканыма аябай уялам"
Калың журтка таанылган адамдардан интервью алып, ал гезитке чыккандан кийин эле мен ушул суроого жооп бербей эле койсом болмок, мага эмнеге мындай суроо берген жоксуң деп нааразы болгондор четтен чыгат. Журналисттердин деле жумушу оңой эмес экенин билишпейби, айтор, ыраазы болгон эч ким жок. Аны түшүнө бербеген аттуу-баштуу инсандар ыраазычылык айтмак тургай кээде сотко да берип салышат. Ушуларды эске алып, жаңы рубрика сунуш кылабыз. "Өзү менен өзү" деп аты эле айтып тургандай, каармандарыбыз өзүнө өзү каалаган суроосун берип маек уюштурат. Ал эми журналист диктофондон кагазга түшкөндө анча-мынча катасын караганы эле болбосо, жоопкерчиликтен бошотулат. Бул рубриканын шылтоосу менен алардын билим деңгээлин, ой-жүгүртүүсүн да байкап алаарыбызга ишене бериңиз, урматтуу окурман!


- Эл тааныган адам болгон кандай экен? Ушул сизге керек беле?
- Керек же керек эмес деп ойлонгон эмесмин. Бул тагдырдын мага күтүүсүз белеги. Өзүм экономика, башкаруу факультетин бүтсөм да ушул кокустуктан келген кесибимдин үзүрүн көрүп жатам. Албетте, жаман жактары бар. Бирок жакшы жактары көбүрөөк. Шоуга аралашып калган соң анын бардык жактарын кабыл ала билишибиз керек.
- Чачыңызды жасалма дешет…
- Ушул чачым тууралуу көп кызыктар бар. Өткөндө бир эже жолдон жолугуп, ии, чачыңды кеспептирсиң, өткөндө көрүп алып аябай кейидик дейт. Көп адамдар кеспе дешет. Өзүм деле узун чачка көнүп калгам. Чачтын көрк экенин билем. Эфирге да акыркы көндөрү көп өрүп чыкчу болдум. Бир адамдын 90дорго келип калган апасы телевизордон мени көрүп отуруп, "ой тобо-о, чач өргөн кыздар калыптыр" дептир. Ошол сөз мага катуу таасир калтырган.
- Эмнеге дайыма жылмайып сүйлөйсүз?
- Кызык суроо экен. Эмнеге экенин билбейм, бирок ошол нерсени байкап калганда кеч болуп калыптыр. Көнүп калган экем. Бала кезимен эле ууртуман жылмаюу кетпейт. Мен психологдордун айтканына ишенем да, позитив позитив алып келет. Сен жылмайсаң күн да сага жылмаят. Тегерегиңдегилерге жакшы маанай тартуулайсың. Мага келген комплименттердин 45 пайызы жылмаюума келет. Эми көңүл ооруткан нерселерди жылмайып айтпайсың дечи теледен, бирок таңкы маанай көңүлдүү болуш керек деп эсептейм. Көрүүчүлөр тарабынан дагы таң эрте сени көргөндө көңүл ачылат. Ууртуңан жалмаюу кетпесин деген жакшы каалоо- тилектерди көп угам.
- Сизге экинчи өмүр берилсе эмнени өзгөртмөксүз дагы, жашооңузду кайсы жеринен кайра баштамаксыз?
- Кудайга миң мертебе шүгүр, азыр баары жайында. Мен кыялданган нерселер ашыгы менен аткарылууда. Жашоомду өтө деле өзгөртмөк эмесмин. Бирок албетте, майда-чүйдөсүн. Мектепте комуз кружокко барбаганыма өкүнөм. Азыр болсо убакыт тар, бирок ушунчалык комуз үйрөнгүм келет. Англис, түрк тилдеринен сырткары университетте немис, француз тилдериндеги кошумча курстарга барбаганыма өкүнөм.
- Сизди уялткан окуя?
- Мен студент кезде Караколго НПОго стажировкага барып, бир сонун үй-бүлөдө жашагам, кызындай кылып аздектешкен. Ошолорго биринчи барганда көлдүк эмесмин деп калп айтканыма аябай уялам. Анда телевизорго чыгуу оюмда да жок эле. Кийин алар мени таап, азыр катышып турабыз.
- Көрүүчүлөр сизди жашоодо көргөндө биринчи айткан сөздөрү?
- "Апей, болтойгон сонун кыз деп жүрсөк, арык эле турбайсыңбы. Теледен аябай чоң көрүнөсүң" дешет. Айылда болсо мени тамак же, семир деп урушушат. Арык, формада болсоң мени бирөөлөр тамак бербей кыйнап аткандай сезишет. Анан ата-энеме семирип кетсем телевизорго батпай калам деп айтам. Бирок ошол эле учурда тамактан өзүмдү чектебейм. Диета кармабайм.
- Эмнеңизге таңгалышат?
- Бээ сааганды билем десем таңгалышат. Айылда эле өскөм, бар-жок дегенди билип дегендей. Эртели-кеч беш-алтыдан уй саап, камыр жууруп нан салып… 10 жыл шаарда жашап эле шаардык боло калыш болбойт го.
- Акыркы жолу сиз эмнеге таңгалдыңыз?
- Мектепти бүткөнүбүзгө 10 жыл болуп, быйыл классташтар чогулдук. Үч күн майрамдадык, аябай чер жазып эс алып келдим. Айнагүл деген классташ кызымды 10 жылдан бери көргөн эмесмин. Көптө барып тааныдым. Адам ушунчалык да өзгөрөбү деп ошого аябай таңгалдым.
- Кыздар арасында достукка ишенесизби?
- Эмнегедир мектептен бери эле балдар менен көбүрөөк дос болуптурмун. Алар сырды сакташат. Сатышпайт. Жакшы кеңештерди беришет. Мектепте жалгыз Тынчтыкгүл деген досум бар болчу. Азыр эки кыздын энеси. Жакшы катышабыз. Көптөр айтышат, кыздардын достугу туруктуу эмес деп. Болушу мүмкүн. Кудай сактасын, курбуларым саткан жок.
Даярдаган
Кубат КУДАЙБЕРГЕНОВ