09.07.10 - 22-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Дүйнө казынасынан

ФИРДОУСИ
"Манас", "Махабхарат", "Рамаян", "Илиада", "Одиссей" сыяктуу эле Фирдоусинин "Шах-намеси" кылымдарды карытты. Даа карытат. Тек, шору каткан Фирдоуси "Шах-намеге" жыйырма жыл өмүрүн арнап:
"Отунду кой, жетер күзгү орумга
Туз даам менен күкүм дан жок колумда" - деп тишинин кирин шимип отуруп, залкар чыгармасын баш көтөрбөй жазган. Анын заманында шах-султандарга ыр арнап, марып жашаган акындар болгон. Алар сыяктуу Фирдоуси да өкүмдарларга арналган "Шах-намесин" жазган. Бирок даңктап эмес, шылдыңдап… Каардуу султан Махмуд арданганынан Фирдоусини пилге тебелетип өлтүртмөк болгондо узак жылдарга тентип-тозуп мекенин таштай качууга аргасыз болот.
Картайганда көөдөндөгү кусалыгы акынды мекенине кайтарып келет.
Бир курдай өз жанжөкөрлөрүнүн бири Фирдоусинин ырларын окуганын уккан Махмуд султан уу жуткандай өкүнөт. Ачуусу дароо тарап, акынга сый-урмат билдирмекке бир чоң кербен менен белек-бечкек, алтын жөнөтөт. Ал кербен акын жашаган шаардын чыгыш дарбазасынан кире берерде алдынан Фирдоусинин табытта жаткан сөөгү чыгып келаткан эле… Бул улуу чыгарма канчадан бери жанымды жай койбогонунан алыма чактап "Шах-наме" китебиндеги "Сиявуш" жөнүндөгү поэманы өз эне тилимде окурманга жеткирүү далалатын кылдым. Сын айтыш сизден, окурман.
Олжобай ШАКИР

СИЯВУШ
Баян башы
Зээниң тунук, шыктуу болсоң каламга,
уккулуктуу дастан кылып баянда.

Тили таптак, калышпаган оюнан
муну жазуу келет апыз колунан.

Тээ байыркы бул баянды телмире
кезиккен бир дыйкан айтып бердиле.

Кылбас үчүн окурманды ыргылжың,
бүгүн дагы окулгудай ыр кылдым.

Алтымыш жаш таянганы калыпмын,
турмушумда көптү көрдүм, каныктым.

Карылыкта касиет бар эс кирген,
жылдыздардан кайып кабар жеткирген.

Календердин айтканы бар мамындай:
"Карылык жүк - карылыкка кам урмай".
Сиявуштун энеси жөнүндө
?рүл таңда короз үнү какылдап,
Тус, Гударз, Гив аргасыздан тапылдап,

ойгонушту. Унаачандар мергенге
Дагуй жакта черди жазып келгенге.

Куш салчулар алдыга чаап жүткүнөт,
шыралгыга туйтунсак деп түрдүүлөп.

Түрк чегинен жете барса аралап,
жер жайнаган алачыктар карарат.

Алды токой түсү жашыл, жыш дагы,
жалаң түрктүн уюк айыл-кыштагы.

Тус, Гив алга жөнөгөндө айбаттуу,
арттан ээрчип аскерлери кайраттуу.

Аттан түшсө ташжалаксыз кокойгон
бир да олжо табылбады токойдон.

Чытырманда элден калган ажырап,
айдай чүрөк чыга келди жадырап.

Чүрөк жанга Тус суроосун узатты:
"Сага мында ким салды - деп, - тузакты?"

Кыздын жообу: "Атам койбой эзгенин,
шорум катып, өз журтуман безгемин".

Тус кайтадан журтун, тегин сурады,
а сулуу кыз өз баянын улады:

"Жакын тегим - Гарсиваз эң ардактуу,
ата уркум - Фаридун" дейт салмактуу.

Ажарлууга шерлер тиктеп жадырап,
абийринен Тус заматта ажырап:

Сөзгө тарткан эң биринчи чүрөктү,
менмин деди арнай турган жүрөктү!

Гив туурадан: "Сенби, менби?.. Ким деги
аскер башы менмин го!" - деп жиндеди.

Тус заарланат: "Чеги болот суктун да,
айчүрөктү мен түшүрдүм туткунга!"

Ортодогу чатак ырбап кеткенде,
кыздын башын кыйганга сөз жеткенде:

"Ызырынып ашатпа - деп, - бир-бириң",
топтон чыккан айтты кебин дилгири:

"Өкүмдарга аман-эсен жеткиле,
сот эмне дейт, анан ишти чечкиле".

Туура көрүп экөө мындай кеңешти,
Иран шахтан кеп укканы жөнөштү.

Кызды Кавус көрөр замат чырайлуу,
шах эмеспи көзү күйүп кылайды.

Таксыр анан: "Тус, Гив экөөң болжолу
келипсиңер - деди, - ырас олжолуу…"

А сулууга: "Жаралыпсың перидей,
тегиңди айтып отур - деди, - берилей".

"Апам улаар даражалуу тукумду,
ата уркум - Фаридундан тутумдуу".

"Өзүң жапжаш, мыкты экенсиң тегиңен,
эмне издедиң анда токой черинен?"

Кыздын жообу: "Эч жок үчүн жакшылык -
сени гана жүргөнүм чын жактырып".

Чоролорго буйруп Кавус сый-наамды,
а Гив, Туска такты, таажы ыйгарды.

Шахка эмне, аялзаттын пири да
токол болор көп катындын бири да.
Сиявуштун төрөлүшү
Чотун каккан мезгил шилтеп арымды,
тирүү жанга жаз көрктөнүп жаңырды.

Токолдун да кайтып сулуу мээнети,
тогуз айлык келди төрөөр мөөнөтү.

Падышага угузушту сүйүнчү:
"Чүрөктөй жар сиз көп көңүл бүйүрчү -

балканактай наристени төрөдү,
тагыңдын ал көккө тирер көмөгү!"

Кавус уулун Сиявуш деп атады,
көргөндүктөн алыс кетер атагын.

Жылдыздарды тиктеп анан айрыды,
ак-караны, кубанычты-кайгыны.

Уулун күтөт кыйын тагдыр аттигиң:
жылдыздарың сырдуу кайгы катты бир…

Жылдар өтүп, падышанын кашына
Рүстөм1 келди даңкы бийик ашыга:

"Бер колума күчүгүңдү арстан,
таалим берсем, кайтпас болот намыстан".

Шах ойлонуп, көпкө үнсүз тактыда,
Рүстөм сөзүн абдан туура тапты да,

карегиндей каралдысын айбаттуу,
кабак чытпай Рүстөм шерге карматты.

Бозуланды Рүстөм алып Забулга,
шахзадага көрдү тактык камылга.

Ат мингизип, жеткен кезде табына
жаа тарттырып, кошту жоокер сабына.

Чапкан кылыч, найза урганы чаламес,
илимге да каныктырды ал эмес.

Ууга чыкса кушту кантип салууну,
аскер баштап жоону тыйпыл чабууну

бүт үйрөттү. Оң, сол абай этүүнү,
өз кошуунун туура баштап кетүүнү.

Шакиртинин курчуганча жүрөгү,
Рүстөм баатыр далай күчүн үрөдү.

Жер жүзүндө эчбир күч жок кабылар,
жаангер чыкма ал Сиявуш кабылан.

Ооздон чыкты Рүстөм шерге соболу:
"Атакеме кайтып барсам болобу?"

"Болот - деди, - черик жыйнап жандатып
барам десең, бар кошуунуң чаңдатып".

Чоюн дене Сиявушка арстан
чоролорду кошту түмөн, намыс да…

А болбосо уулун тоскон өкүмзар
каректеги жаадырбайбы өчүн заар.
Сиявуштун Забулдан келиши
Шахсарайдын келген кезде алдына,
эл жамырап, уу-дуу, күү-гүү шаң мына:

"Сиявушка урмат!" деп жол ачылды,
жолго алтын, зумуруттар чачылды.

Кавус такта - каада күтүп чиренген,
таажысына асыл таштар ширелген.

Шахзаданын тизелери бүгүлүп,
шах астында турду сыйда жүгүнүп.

Кайтып минтип келген үчүн тууруна,
өкүмдар да кучак жайды уулуна.

Кучагында зоот денелүү зоңкойгон
уулу сыймык жаратчудай койкойгон.

Арстандай айбат сүрүн каратар,
эр жетиптир уламыш кеп жаратар.

Жаангер ата кебин айтып жалындуу,
Жаратканга таазим этип жалынды.

Шатырашып шарап ичкен той болуп,
шаң жаңырды, музыкалар ойнолуп.

Той болгон соң бир жумалык, - андыктан
белек-бечкек тартуусу бар сандыктан.

Кавус жыйган тартууланды кызыктар,
байтак үчүн билериктер, кылычтар.

Кымбат ээр-пээр, жылкыларын араптын,
зоот кийим, чопкуттарды таратты.

Дүрданалар, жалаң алтын теңгелер,
кездеме көп, баа жок кымбат тең келер.

Таажы гана кийгизер кез эртерек,
Кавус ичтен ойлойт: "Такты бер ченеп…"

Ансыз деле кенчке уулун марытты,
байманасы ашынгандай жарытты.

Жети жылы Сиявушту сынады,
чектеп бийлик берип аз-аз - сынабы.

Сегизинчи жылы гана алтындан
таажы тагып. Кылды бийлик салтын да.

Аткарууга милдеттердин барлыгын
жамы журтка угузду өз жарлыгын.

Кухистанды башкарууга даңктады
Сиявушту. Көндү буга калк дагы.

1Рүстөм - Фирдоусинин "Шах - намедеги" негизги каармандарынын бири