04.06.10 - 7-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Бекер көргүңөр келсе

Деректирдин дешевый "спектакли"

Ушу жумада Султан Раевдин маданият министринин орунбасары болуп келиши бул тармактагылардын бир тарабын нааразы кылса, бир тарабын кубандырып туру. Раевдин келишин жактырбагандар Сукең маданият министри болуп турганда өзүнүн чыгармачылыгын өркүндөтүп ийген, палвандын кызматынан кыянатчылык менен пайдаланып коймой адаты бар деп күнөөлөсө, аны колдогон тарап канткен менен маданият министрлигине ушул тармакты жакшы билген адам керек эле дешет. Айтор, учурда маданият тармагында баягы эле болуп келген бөлүнүп-жарылмай, карама-каршылык, интрига...
Эң кызыгы, учурда опера жана балет театрында анын мурдагы директору Болот Осмонов өзүн колдогон топ менен өтө кызыктуу, турмуштан алынган "живой" спектакль көрсөтүүдө. Сценарийи калыпка түшпөгөн стихия. Тактап айтканда, убактылуу өкмөт декрет менен опера жана балет театрынын жамаатынын арызынын негизинде анын буга чейинки директору Болот Осмоновду жумуштан кетирип, анын ордуна Тимур Саламатовду дайындаган. Ушул жумада маданият министрлигинин өкүлү жаңы жетекчини жамаат менен тааныштырайын деп алып барса, мурдагы директору Болот мырза "мен убактылуу өкмөттү тааныбайм, анын чечимдерин аткарбайм" деп иш бөлмөсүн жаап, ачкычын чөнтөгүнө салып алды. Ал эми бери жакта Бокеңдин колдоочулары менен анын жумуштан кетишин талап кылгандар эки жаат болуп калчылдашып атат.
Маданият министринин орунбасары Султан палван Болот Осмонов менен сүйлөшүүгө аракет жасап, "эми маданият ордосуна спецназ алып келип сизди сүйрөтүп чыкканыбыз уят, өзүңүз эле кетип калыңыз" десе деле болбой, иш бөлмөсүнүн ачкычын чөнтөгүнө салып кеткен боюнча ооруканага барып жатып алыптыр. Не дейбиз, "эшегине жараша тушагы" да.




  Көп сыр өз башын жутту

Зикирбаев атайын өлтүрүлдүбү?..

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоевду жана экс-депутат Жусупжан Жээнбековдун уулун өлтүргөн деген шек менен камалган Жумабек Зикирбаев, Улан Кожоев жана Чынгыз Мамытовдун Бишкектин 1-Май райондук сотунун имаратынан качып чыкканы кандайдыр бир божомолдорду жараткан. Себеби алардын бошоосуна кызыккан атайын адамдарсыз алардын качып кетүүсү мүмкүн эмес эле.
Адатта Зикирбаевдин деңгээлиндеги кылмышкерлердин колуна салынган кишен да, аны кайтарган спецназ да бекем болуп, жок эле дегенде бир кылмышкерди үч сакчы коштоп жүрүүгө тийиш. Ал эми тигилер качаар күнү алардын колдоруна скрепка менен эле ачылып кете турган жөнөкөй кишен салып коюшкан. Мындан бул кылмышкерлер жөн жерден өздөрү эле качып чыкпаган деген божомол чындыкка жакындап, алар ким тарабынан жана эмне үчүн качырылды деген суроолорго жооп күтүлүп жаткан.
Биринчи версия катары УКК башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин "айрым кызматкерлер күндүз Бакиевдерди кармамакчы болуп, түнкүсүн аларга тамак ташып жүрүшөт" дегенинен улам, бул кылмышкерлер убактылуу өкмөтчүлөрдүн биринин көзүн тазалоо үчүн качырылган деген шек жаралып, атургай убактылуу өкмөттүн 1-орунбасары Алмазбек Атамбаев маалымат жыйындарынын биринде тигилер тууралуу, "качып чыккандар мени жок кылуу үчүн чыгарылды" деп айткан эле. Ошол эле учурда Зикирбаев жана анын кишилери өтө көптү билет, андыктан алардын көзүн тазалоо үчүн түрмөдөн бошотулду дегендер да болгон.
Эмнеси болсо да Зикирбаевдер жөн эле качырылган эмес. Алар эркиндикте жүргөндө кимдир бирөөлөрдүн каны төгүлүшү ырас болчу. Албетте, бул кылмыштуу топ кармалганга чейин кимдир бирөөлөр тарабынан адам өлтүрүү боюнча бир нече буйрутма алышы толук мүмкүн. Кээ бир такталбаган маалыматтарга караганда бул үч жигит азыркы бийликтегилер боюнча заказ алганы тууралуу сөз бар. Бирок ал буйрук кимдер тарабынан жана кимди өлтүрүүгө берилген? Аларды ким качырган? Бүгүнкү күндө бул суроолор жоопсуз калды. Себеби, аларды кармоо операциясында так ошол Зикирбаев төшүнө ок тийип каза болду. Мындан улам анын өлтүрүлүшү боюнча да шек саналбай койбойт. Зикирбаевдин качырылышына жана кармаларда өлтүрүлүшүнө кимдир бирөө кызыкдар болгону ачык эле байкалып турат. Бирок ал ким? Негизи эле өлкөдө бийлик алмашуу менен кылмыш дүйнөсүндө да өз ыгына ылайык аракеттер ишке кирип, кээде бийлик да айрым маселелерди чечүүдө кылмыш дүйнөсүнүн жардамына таянган мисалдар жок эмес.




  Анарбек аке, аста-аста

Жаман эл болбойт, жаман адамдар болорун качан түшүнөбүз?

ММК да жакында "Бакиев Курманбектин өз аты Закир, атасы Сали, чоң атасы Бахи(Баги), бабасы Миланпан экен. Бул ысымдын бардыгы дунган элинин ысымдары. Дагы буга мисалдар, Бакиев ант берген күндүн эртеси, биринчи эл менен жолугуусун дунгандардын айлы Милянфандан баштагандыгынан өзүңөр кабардарсыңар. Ошол жерде дунгандарга автономия берилет деген сөз жөн чыккан эмес экен" деген маалымат тараган.
Андан ары бул жаңылык "Манас Ордо" коомунун президенти, биз сыйлаган агабыз Анарбек Усупбаевдин "Форум" гезитинин 21-майда чыккан санындагы "Кулов, 89 эрендин өлүмүнө сен да күнөөлүүсүң" деген макаласында " …1916-жылы үркүндө, дунгандар өзүнчө кол курашып (башчысы Люлюза), орус казактары менен бирге кыргызды жок кылууга катышышкан. (Төлөгөн Касымбековдун "Кыргын"деген китебинин 258-бети.) Дагы бир булардын аракети 2006-жылы Искра айлындагы кыргыздарга карай болгон баскынчылыгы, мылтык атуусу. Эң акыркысы мына 7-апрелдеги дунган Бакиевдердин кыргызды кыргандыгы. Акырында айтарым, кыргыздын Башмыйзамына кыргыз элинин касиеттери, бийликтин башына элдик курултайды, Манастын ысымы, бийлик башына тектүү кыргыз уул-кыздарынын шайланышы, кыргызга карасанатай ойлогон дунган элинин шайлоого жана шайланууга укугу жоктугун чагылдырышыбыз керек" деген ой айтылат.
Биз мындай көз караш менен эч качан демократиялык коомду кура албайбыз. Мейли Бакиев дунган болсо болгондур. Бирок ага ошол элдин башка өкүлдөрүнүн кандай күнөөсү бар? Мүмкүн Анарбек ага бул маалыматка байланыштуу кийинки ойлорун эмоцияга алдырып айтып ийгендир. Бирок мындай чакырык ачыктан-ачык эле эки элдин ортосуна жик салып, улут аралык чыр чыгарууга жасалган аракет. Анан калса улуттук илимдер академиясында 1916-жылдагы трагедияда дунгандар деле кыргыздар менен бирдей жабыр тартканы тууралуу тарыхый фактылар толтура. (Диалог ученых о великом шелковом пути. Выпуск III. Бишкек-2004). Негизинен Кыргызстанда мамлекеттин түпкү эгеси болуп эсептелген эл ар бир маселеге аяр мамиле кылганы оң. Манас атабыз кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган. Андыктан ата-бабасы кыргыз топурагына көмүлүп жергиликтүү эл менен тамыр-сөөк болуп кеткен улуттарды кайра-кайра эле бөлөктөй бермей жакшылыкка алпарбайт.
Айта кетчү жагдай, апрелдеги кандуу окуядан жабыркагандарга дунган диаспорасы биринчилерден болуп кол сунду. Тактап айтсак, жарадар болгондорго жана каза болгондордун үй-бүлөсүнө дунгандар жашаган айылдар Александровка - 319500 сом, Милянфан - 30000 сом, Ивановка, Кең-Булуң, Чолпон айылдары биригип 120000, Токмоктогу дунгандар - 93000 сом, Искра - 25000 сом, Ырдык - 25000, дунгандар коомдук бирикмеси - 50000, "Ихляс" мечити - 10000 сом жардам беришти. Мындан сырткары дунгандар 17200 сом өлчөмүндө кан тапшырышкан. Албетте, акча менен улуттук ар-намысты ченөөгө болбойт. Бирок чындап эле өз мекенибизди сүйсөк улут аралык маселелерди сөз кылууда "жаман улут болбойт, жаман адамдар болот" деген түшүнүктүн негизинде мамиле кылсак. Бакиев дунган болгон экен деп бардык дунгандарды баса калган адилеттүүлүк болбос.




  Кусчу күн да келээр

400 миң долларды ушинтип эле жеп кетишеби?
А. Бекназаров А.Атамбаев менен болгон "телефонгейтиндеги" Атамбаев алды деген 400 миң доллар тууралуу, "Экөөбүздүн телефондук сүйлөшүүбүзгө өтө деле маани берүүнүн кереги жок. Анын интернетте пайда болушун мени каралоо, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасында чыр-чатак чыгаруу үчүн жасалган иш деп баалайм. Атамбаев менен сүйлөшүп жаткан мезгилде мен Ош облусунун губернаторунун иш ордунда элем. Ага облус жетекчиси Бектур Асанов жана башка адамдар күбө. Анда мен бул жакта эл арасында айтылып жатат 400 миң доллар алганыңар деп жатам. Мен 400 миң долларды алды деп бирөөнү күнөөлөгөнүм жок, Жалал-Абад облусунун куратору болгон соң, алар мага кадрдык дайындоо жана башка маселелер боюнча кайрылышууда" деп кутулду.
Катардагы киши эмес, биз ишенген өкмөт башчылары элден уккан ушактары менен бирин-бири коколоп жатса, телефондогу сүйлөшүү учурунда өзү жөнүндө айтылган мындай кептерге экинчи тарабы эч кандай реакция бербесе (жакшылап уксаңыз, бул сүйлөшүүдө А.Атамбаев Бекназаров айтып жаткан 400 миң долларды алдыңар дегенин четке каккан эмес) булар эмне болгон лидерлер?
Ал эми бул телефондук сүйлөшүүгө тиешеси бар Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков: "А.Бекназаров менен иш бөлмөмдө облустагы жалпы абал, укук коргоо, фискалдык органдардын иштери боюнча сүйлөшкөнүм ырас. Ош бажысы тууралуу сөз болгондо бул жерге таза, коррупцияга малынбаган, мекенчил инсандардан жетекчи кылып бергиле деп айтканмын. Бирок, 400 миң доллар жөнүндө такыр эле сөз болгон эмес. Ал эми менин кабинетимде А.Атамбаев менен козголгон ушул маселе же башка иштер тууралуу эч кандай телефондук сүйлөшүү да жүргөн эмес. Качан, кандай кырдаалда болбосун кеп өз нугунан чыкпаса, бурмаланбаса деп айткым келет" деди. Байкадыңызбы, эч ким эч нерсени түшүнбөгөн боюнча калды.




 23 күн калды

Текебаев "экзамен" тапшырганы кетти

Элдик референдумга бүгүн туптуура 23 күн калды. ОБСЕ байкоочулук миссиясын алгачкылардан болуп аткара баштады. Анын негизги милдети референдумдун жүрүшүнө байкоо жүргүзүп, пайда болгон маселелерди чечүүгө жардамдашуу. Бул уюмдан референдумга байкоочу катары үч жүздөн ашык кызматкер катышат.
Ал эми кечээ убактылуу өкмөт башчысынын орунбасары Өмүрбек Текебаев Венеция комиссиясынын жыйынына катышуу үчүн Италияга учуп кетти. Маалыматка караганда, ал Кыргызстандагы саясий абал, конституциялык реформа тууралуу баяндама жасайт. Европа биримдиги Кыргызстанга Венеция комиссиясы аркылуу конституциялык реформаларга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирүүдө. Аталган комиссиянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, Башмыйзамдын жаңы долбоору боюнча өз сунуштарын берип кетишкен.

Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ