04.06.10 - 24-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Өнөр кенчи

Жаныш КОЧКОРОВ, КР эмгек сиңирген артисти, обончу жана аткаруучу:
"Обон жаратканымды эч кимге айтпайм"

Кыргыз сахнасына "Өмүр дайра" менен өтүп, ашыгына "Сагындырба" деп муңканган, балбылдап жанган көздөрү менен "Карайм жолуңду" деп сыздаган, "жеңесине" ашыктык сырын арнап, ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы, обончу Жаныш Кочкоровду сөзгө тарттык.

- Чыгармачылыкка кичинекей кезиңизден ынтызар белеңиз?
- Мектепте комуз чертип, кружокторго катышчумун. Адылбек Коробековдун "Алтын шакек", Жамин Акималиевдин "Жалжалым" деген ырларын аткарчумун. Мектепте лидер элем.
- Жакын адамдарыңызга таасирленүү болгонбу?
- Негизи туугандарым чыгармачылыкка жакын эмес. Бирок, таенем кошокчу эле. Дайыма элечек оронуп жүрчү. Кайсы адам менен сүйлөшпөсүн төрт сап ыр кошуп сүйлөчү. Учурунда кызыкпаптырмын. Таенемдин айткан сөздөрүнө маани берсем болмок. Анан апамда үн бар болчу. Курбулары менен отурганда ырдачу эле. Атам байкуш такыр ырдаган киши эмес.
- Мектептен кийинки жолуңуз кандай уланды?
- Аскерде кызмат өтөдүм. Ырга жакын болгондуктан ал жерде да чыгармачылыктан алыстай албадым. Армияга барганда мен болгону нотаны билчүмүн. Жыйырма күндө жыйырма марш үйрөнгөм. Жыйырма күндө бир марш үйрөнө албаган жоокерлер да болот. Жарым жылдан кийин "полковой" оркестрге эки орус бала анан мен үчөөбүз чыктык. Кийин мени дирижёрдук оркестрге алып барышты. Отуз үч бала экен, мен дароо ойноп кеттим. Орустардын гимнин ырдоодо портеторду ойноо кыйын. Балдардын арасында бул инструментти мыкты ойночумун. Кээде балдар өздөрү суранчу. Жакшы ойноп койсом сүйүнүп калышар эле. Кызмат өтөп бүтөрдө ордума аккордеон тарткан кыргыз балдардан коеюн десем нота билгени жок, кое албай келгем.
Армиядан келип Токмоктогу маданият агартуучу окуу жайында үч жыл билим алдым. Студенттик жылдары мен аткаруучу элем. Ал кезде обон жаратам деп ойлогон да эмесмин. Көз ачып жумганча окуу жайды бүтөр жыл да келди. Сынактан өтүп Ленинградга жолдомо алгам. Бирок, Ленинградга барбадым.
- Анан обон чыгарууга качан белсендиңиз?
- 1977-жылы Кара-Көл шаарындагы энергетика маданият үйүндө иштеп калдым. Ал жерде кыргыз коллективин жетектечүмүн. Токтогул ГЭСи же Кара-Көл шаары туурасында обондуу ыр жаратуу туурасында тапшырма алдык. Мен шаардын аты менен "Кара-Көл" деп атап ыр жазып, обон чыгардым. Орустардын "Эдельвейс" деген ансамбли бар эле. Ошол ансамблдин коштоосунда ырдап чыктым. Курулуштун башында Мамасалы Сабиров деген депутат турчу. Москвадан келген журналисттер шаардагы иш-чара туурасында тартып кетишип, Москвадан "Кара-Көл" деген ырымдын бир куплети жаңырды.
- Эмгек жолуңузду Кара-Көл шаарынан баштадыңызбы?
- 1974-жылы Ноокен районунда методист болуп иштөөдөн баштагам. Ал жерде Аскар Ыбраев, комузчу Дүйшөн деген акелер бизге көп таалим-тарбия берди. Ноокенде пахтанын планын толтурган эмгекчил баатыр айым Өлмөсхан Атабекова баштаган 16 кыз бригадасына концерт берип, көңүлдөрүн көтөрчүбүз. Андан кийин Кара-Көлгө барып маданият үйүндө иштедим. Ал жерде жалаң орустар иштечү. Мен кыргыз коллективин жетектедим. Иш алып баруу өтө оор болду. Анткени кыргызча программаны коштурчу эмес. Эмне үчүн кошпойсуңар деп жүрүп кыргыз ырларын коштургам. Башында бир ыр, андан соң экөө, үчөө кылып көбөйттүм. "Манас" да айттырчу эмес, программага сунуштап Салиман Турсунбаевди чыгардык. Эмгек жолумда оор күндөрдү башыман өткөрдүм.
- Учурунда обонун да, сөзүн да өзүңүз жараткан экенсиз…
- Ырас, сөзүн да, обонун да өзүм жаратчумун. "Жеңеме", "Караймын дайым жолуңду" деген ырларымдын сөзү, обону өзүмө таандык. Мурда атайын текшерүүдөн өтчүбүз. Ырымды алып барсам, комиссия "текстин да, обонун да жаратып, кыйын болуп кеттиңби? Же акын белең" дешип өткөрбөй коюшту. Ошондон кийин акындыкты токтоттум.
- Мурда жаралган ырлар, обондор мазмундуу жана угумдуу. Бул ошондогу текшерүүнүн натыйжасыбы?
- Текшерүүнүн таасири чоң. Азыр жаштар, жаштар дейбиз. Жаштар өзүнчө эч нерсе алып кете алышпайт. Маселен, азыркы обончуларда тажрыйба жок. Жазгандарын угуп жатам, көңүлгө толорлук эмес.
- Кулакка жагымдуу, жүрөккө жеткиликтүү болуу үчүн үн керек. Үндү кантип сактоо керек?
- Арак, пиводон алыс болуп, муздак суу ичпеген оң. Ырчы тамакты оорутпаганга кам көрүүсү керек. Мындан сырткары, репетиция жасап туруу зарыл. Минтпесең үн жоголуп кетүү коркунучунда болот.
- Ийгилик алып келген обондор эсиңиздеби?
- Көпчүлүк мени "Өмүр дайра", "Сагындырба", "Карайм дайым жолуңду", "Жеңеме", "Кыялда бирге жүрөлү" деген ырлар менен тааныйт.
- Канча обон чыгардыңыз?
- Алтымыш обонум бар. Эгер сөз жагып калса, сөздүн үстүнөн иштейм. Сөз жакмайын обон жаратпайм. Жагып калгандан кийин көчүрүп, көңүлүм каалаганда ачып карайм. Дароо ишке киришпейм. Убактысы келгенде обон чыгарам.
- Жеке турмушуңуз туурасында да кеп сала кетсеңиз?
- Үч уул, бир кызым бар. Балдарым окуусун бүткөн, азыр иштешет. Үй-бүлө күтүп бала-чакалуу болуп калышты. Кичүүсү кыз, 7-класста окуйт. Балдарым ырды жакшы көрүп угушканы менен ырдай албайт. Кызым кичине ырдачу, чоңойгон сайын ырдабай калды.
- Ырларыңызды баалаган күйөрман кыздар болдубу?
- Сөзсүз болот да. Азыр да бар. Кечээ ырымды угуп, түштөнүүгө бир кыз дачасына чакырды. Иштер менен жүрсөм кетип калыптыр. Кечиндеси дагы бир күйөрманым "теледен ырдын текстин толук жаза албай калдым, жазып бериңизчи" дегенинен кечки тамакты ичпей жазып бердим. Чыгармачылыгымды баалаган күйөрмандарымды мен да сыйлайм. 2005-жылы филормонияда концерт коер күнү күйөрмандарым автограф сурап, күтүп турушуптур. Кубана кабыл алдым. Кол тамга берип, сүйлөшүп отура берипмин. Саат алтыда концерт башталмак. Алты жарым болуп кетиптир.
- Чыгармачыл адам менен үй-бүлө куруу кыйын. Келинчегиңиз сизди күйөрман кыздардан кызганган учурлары болду беле?
- Жубайым Оңолбү медик. Үй-бүлөдө балдарды багып, чыгармачылыгыма тоскоол болгон жок. Бирок, келишпестик, кызгануу, өйдө-төмөн нерселер болот. Искусство адамы болгонгобу, келинчегим өмүр бою мага ишенбегендей болуп жүрөт.
- Ишенбөөчүлүккө жол койчу белеңиз?
- Сахнада концерт коюп жүрсөң көпчүлүк башкача кабылдашат. Негизи түгөйлөрдүн экөө тең артист болгону жакшы. Себеби, сени туура түшүнөт. Бир жолу Ошто концерт койдум. Келинчегим менен чогуу иштеген медик аял да келиптир. Залга эл толуп, чыгармачылыгымды сыйлап келген күйөрмандар көп эле. Ырдаган сайын гүл берип, кыздар өөп койсо, келинчегиме башкача айтып барыптыр. Чыгармачыл адамды түшүнүү керек. Артисттин турмушу башка да. Менин аялым али күнчө түшүнбөй келет.
- Сиз тарбиялаган окуучулар?
- Менден тарбия алган Гүлзада Сартмырзаева деген кыз бар. Азыр ал Токтогул элдик театрында солистка болуп иштеп жүрөт. Дагы Чолпон Өскөнбаев деген бала бар. Ал Ошто университетте иштейт. Андан сырткары ырдайт. Акчанын жоктугунан чоң сахнага чыга албай жүрөт. Чолпон ноталарды билбей ырдап жүргөн ырчылардан караганда күчтүү.
- Чымчыктай жүрөккө чынардай сыр батат, эч кимге айтпаган сырыңыз барбы?
- Обон жаратканымды эч кимге айтпайм. Сурангандар көп, бирок сырды бек сактоо керек. Айтып койсом анда обон жаратпай калмакмын. Чынында обон чыгаруу кыйын. Ар кимдин өзүнүн стили бар дегендей. Ар бир обондун тарыхы бар. Мисалы, "Кыргыз элим" деген ырдын обонун түнкү саат экиде жараткам. Мен обон жаратканда жаныма эч ким келбейт. Өзүмдүн атайын бөлмөм бар, анда жалгыз гана отурам. Бир жолу жумушта обон чыгарып отургам. Ичимден кайталап, нотага түшүрөрдө бирөө бакырып-кыйкырып келип калды. Келген адам менен чогуу иштечүмүн, жумуштар менен кабинеттен чыгууга туура келди. Кийин ошол обон башыма кайра келбеди. Ошону менен жел айдагандай жок болду да калды.
- Бош убактыңызда эмнени ойлоносуз?
- Обон жаратууну, күчтүү сөздөрдү ойлойм. Сүйүнбай Эралиев, Анатай Өмүрканов, Надырбек Алымбековдун китептерин таппай жүрөм. Белекке берген китептер бар болчу, жоготуп ийдим. Алымбековдун лирикаларын карап көрсөң жакшы ырлары бар. Мисалы, "Сенде жүрөт үмүттүн бир үзүмү" деген ыры мага жагып, обон жараттым. Акын "Сенде жүрөт үмүтүм" деп тема коюптур. Мен жактырган тема ырдын аягында жүрөт. Акын болбосом да сөздүн мазмунун билем. А кишиге айтсам, "менин атымды айтып койсоң болду" деди. Ырда сөздү жеткире бердим. Жүрөк кайда жатат, бир үзүмү кайда? Бериш керек. Бул ырды ырдап чыга элекмин. Обон чыгарып койгом. Аранжировка жасаш керек. Дооронбек Садырбаевдин сөзүнө таандык "Сенденби же менденби, кимибизден" деген ырга обонду Докени эскерүү кечесинде сахнадан ырдап чыктым.
Учурда Каныбек Иманалиевдин сөзүнө таандык "Арзуу жыты", "Сага" деген ырларга обон чыгардым. Өлкөбүздө кандуу окуя да болуп кетпедиби, ушул нерсени баяндаган мазмундуу текст болсо, обон жаратсам дейм.
- Сиз жараткан алтымыш обондуу ырлардын топтому жарык көрдүбү?
- Бар. Бирок, толук эмес. 20 ырдын топтомунан турган диск чыккан. Калганын чыгарбайм. "Секрети" мындай, эгер мен чыгарып элге берсем өзүмдөн талашып калышат экен. Мен обон чыгарсам, ырды аткара албасам да макул болмокмун. Менден талашкандарга, мен ырдаган жерде силер ырдабагыла деген талап койдум.

Чынара Абдраева