04.06.10 - 20-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Саясатың сайда калсын, айыл чарба аманбы?

Боор эт менен тең малды кантип багабыз, же кантип баюуга болот?

Мал ылаңын кантип дарыласа болот? Же 75 жашка чыккан төө куш.
Телибай телпейип эмнеге шаарда жүрөт билбейм. Же бир алган кесиби, көздөгөн максаты болсочу. Чөнтөгүнө тыйын түшсө кудуңдап курсагын тойгузуп, алигиден бастырып алып аңыраңдап алмайы бар. Жумушу жок кезде ийне жеген иттей болуп жилбиңдеп, көрүнгөндүн чөнтөгүн аңдыйт. А өмүр деген өтүп жатат. Анан да "бир жылдан бери жегим келип, бирок сатып алууга акчам болбоду эле" деп революция болгон күнү колбасага тоюш үчүн дүкөн чаап мародерлук кылганын кантесиң. Май чайнагысы келсе малдын артынан түшпөйбү. Жакшы кийингиси келсе чеке терин шыпырып жерин иштетпейби. Мына, картошка ж.б. өсүмдүктөрүн өстүрүшкөн дыйкандар 1 гектар жерден жылына 200-250 миң сомдон дүң киреше, фасоль өстүрүшкөн дыйкандар 1 гектар жерден 100-150 миң сом дүң киреше алышууда. Мал артынан түшкөндөр май чайнап отурушат. А биздин Телибайдын жүргөнү шаар, жашоосу күнүмдүк.


Жок дегенде укроп, көк пияз, петрушка, жусай эккилечи, эй!
Учурда жер иштеткен дыйкандар жылдан-жылга тажрыйба топтоп, жайды жайлай жасаган эмгегинин кирешелүү болушун арттырып баратат. Жыл сайын ар нерсеге баам салып, кээде жаңылып-жазып, бирок кийинки жылы аны кайталабоого аракет жасашат. Мисалы, азыр жер иштеткен дыйкандар өз аянтына айыл чарба өсүмдүктөрүн түрлөп айдашат. Элүү сотугуна картошка, элүү сотугуна пияз, бир азына дарбыз, бир азына коон, дагы бир жерине кызылча дегендей... Себеби, буга чейин базарда кайсы бир айыл чарба өсүмдүгү таңсык болуп, ошол жылы дыйкандар жалаң ал таңсык өсүмдүктү айдап алышып, күзүндө конкуренттер көп болуп, натыйжада анын баасы арзандап далай жолу күйүшкөн. Ал эми Бишкектин четинде жер иштеткен дыйкандар эрте жазда эле укроп, көк пияз, петрушка, жусай сыяктуу сээп койсо эле өсө берген ары жок чөптөрдү эгип алышат. Алар апрелдин ортосунан баштап эле дыйканга киреше бере баштайт. Бул киреше жер айдатууга, негизги түшүмдү дарылоого, иши кылып аларды базарга алып чыкканга кете турган чыгымга кенен жетет экен.

Төрт түлүк менен танапташ
Негизи кыргыз эли эзелтен мал кармап, аны менен өз тирлигин өткөрүп келгендиктен, төрт түлүктүн кыял-жоругун, табиятын мыкты өздөштүргөн. Атургай малга карата болгон ар кандай ырым-жырымдары бар. Мисалы, малды эч качан байлаган жиби менен сатпайт. Минтсе андан кийин өзүндө мал токтобой калат деп эсептейт. Ача туяктуу мал эгиз төлдөйт дегенибиз менен уй баласы эгиз төлдөгөндө, ырымдап шар агып аткан сууну кечирет. Бул андан аман өтүп кетсе чоңоёт дегендик. Дагы бир жерде эгиз тууган уйдун бир торпогун мууздап салышат. Кош кулун тууган бээни да ушундай ырымдайт. Учурдагы айыл элинин тажрыйбасы боюнча көк мээ болгон малдын башын жылуулап, талканды ысытып муздаганча басат. Бул ыкма көпчүлүк учурда жакшы натыйжасын берет. Ал эми көзүнөн жаш агып, ак чел басып бараткан малдын көзүнө күндө кумшекерди сүртүп турса оору күчөбөйт.
Мал багуунун канчалык түйшүктүү экени баарыбызга белгилүү. Түн уйкуну бөлүп аздектеп багып, пайдасын көрөөрдө илдетке чалдыгып чекесинен өлө берсе, бул мал ээсин түйшүккө салбай койбойт. Өзгөчө азыркы мезгилде шарп оорусунун күч алышы түмөн түйшүк жаратууда.
Тарыхына токтолсок, шарп оорусу 1546-жылдары катталган. Эң биринчи пайда болгон жери Италия. Кыргызстанда 4-5 жылдан бери баш көтөргөн бул дарт далай малдын жанын алып келет. Кеңири таралышына чегаралардын ачыктыгынан коңшу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандын малынын биздин мал менен бирге жайылышы себеп дешүүдө. Аны алдын алууга дале жетиштүү чара көрүлбөйт. Учурда бул оорунун бир канча түрү бар. Жугуу мезгили 2-7 күнгө созулуп, 21 күнгө чейин болот. Адистердин айтуусунда, дарттуу малдын денесинин температурасы 40 градуска жетип, шайы ооп, чөп, жем жебей калат. Уйдун былжыр челинде, желининде, муун, салааларында ыйлаакчалар пайда болуп, оозунан шилекей агып, сүтү азаят.
Негизинен Кыргызстанда бул ылаңдын "О", "А" типтери мурунтан белгилүү болуп, тиешелүү тармактар бул боюнча иш жүргүзүп келишкен. 2003-жылы илдеттин "Азия -1" деген жаңы вирустуу тиби кокусунан пайда болуп, адистердин шаштысын кетирген. Вирусту аныктап, ага каршы чара көрүүгө адистер жоктугунан убакыт өтүп, 2004-жылы гана такталган. Илдетке каршы күрөшүүгө адис жана финансы жоктугунан оору күч алган. Кыргызстанда бир эле шарп оорусу эмес, төрт түлүктүү мал чарбасында сибирь жарасы, кутурма, бруцеллёз сыяктуу илдеттер жайылууда. Бул илдеттердин адамдарга жуккан фактылары барган сайын көбөйүүдө.
Өлкөбүздөгү мал базарларга алынып келинген малдын баары ветеринардык көзөмөлдөн өтүшөөрү күмөн. Элибиз мал менен жан багып аткандан кийин мамлекет башындагылар ветеринардык кызматкерлерге жетиштүү көңүл бөлүшүп, мыкты адистерди даярдоону көзөмөлдөп, маяналарын көтөрүп, ветеринардык кызмат жөнүндө мыйзам кабыл алышы керек эле. Тилекке каршы, малдын илдетин алдын алуу мамлекет тарабынан тиешелүү деңгээлде жүргүзүлө элек.

Шарпты кантип дарыласа болот?
Учурда айыл-кыштактарда шарп ылаңын ар кандай ыкма менен дарылап жатышат. Бири кара туз колдонсо, бири креолин, дагы бири марганцовка пайдаланып келүүдө. Ал эми адистер бул дартты дарылоодо үч пайыз көк таш, эки пайыз күкүрттүн аралашмасын колдонсо жакшы натыйжа берет дешет. Бул ыкманы колдонгон учурда ылаңдаган малдын оозун капшыра кармаган болбойт. Ылаңдаган малдын оозу ооруну күчөтөт, ошондуктан этияттык менен дарылоо зарыл. Бардык эле ылаңды алгачкы күндөрдөн баштап дарыласа, оору жеңил болот. Аталган ылаң менен жабыркаган малды короодон чыгарбай, башка малга кошпой дарылаш керек. Шарп аба аркылуу жана ооруган мал жеген акырдан башка ача туяктуу мал тоюттанган учурда шилекей аркылуу да жугат. Бирок колдо болгон каражат оорунун күнүмдүк жакшырышына гана шарт түзбөсө, андан сыркоо мал толук сакайып кетпейт. Ар бир адам малдын илдеттерине көңүл буруп, учурунда эмдетип турса мал ооруга тушуккан учурда жеңил дарыланат. Ооба, чындыгында кээ бирөөлөр акчасы жок болуп колдо болгон каражатын дары катары пайдаланып келишүүдө. Бирок бул үчүн атайын адистин кызматы жакшы натыйжа берээринде шек жок.

Тоок уурдаба, аны багыш оңой эле
Үй канаттууларын багуу оңой жана ыгын билген адамга көптөгөн киреше алып келүүчү жандык. Үй канаттууларынын негизинен 4 түрү бар: тоок, күрп, өрдөк, каз. (Жети-сегиз жылдан бери Кыргызстанда төө куш да багыла баштады.) Үй канаттуулары тез жетилип, өтө кунардуу жана тукумчул келет. Мисалы, майда тукумдагы тооктор 4,5-5 айында, ал эми чоң тукумдагылары 5,5-6 айында жетилет, б.а. жумуртка тууганга жана басып чыгарууга жарап калат. Күрп, өрдөк, каз 8-10 айында жетилет, бирок үйдө өстүрүү жана кармоонун шартында адатта күндүн узактыгы 12-14 саатка жеткен эрте жазда гана жумурткалайт.
Жумуртка багытындагы тооктор алгачкы жылы 220-230 жумуртка, айрымдары жылына 300дөн ашык жумуртка тууйт. Күрптүн айрым тукумдарынын жумурткалоосу 21ден 25 жумага чейин созулганда 60-100 жумурткага жетет. Өрдөк, мисалы, пекин өрдөгү, жумурткалоонун болжол менен 9 айга созулган биринчи циклинде 160-190 жумуртка тууйт. Каздын жумурткалоосу адатта 3-4 айга созулат да, 15-18ге же көп тууганда 75-80 жумурткага жетет. Тоок, күрп жана өрдөктүн каздан өзгөчөлүгү алардын жумурткалоосу 1-жылга салыштырганда 2-жылы болжол менен 15%га, андан кийинки жылдарда андан да көп төмөндөйт. Каздын жумурткалоосу тескерисинче 2-жана 3-жылдары көбөйөт, ошондуктан чарбада каз 5-жылга чейин эле кармалат.
Үй канаттууларынын жумурткасы жана эти аш болумдуу, сиңимдүү жана жегиликтүү келет. Тоок жумурткасынын курамында белок - 12,8%, май - 11,8%, углевод - 1,0%, күл заттары - 0,8, суу - 73,6% жана 12ден ашык витамин менен 20дан ашык минералдык заттар бар. Куш этинде түрүнө, жашына жана семиздигине жараша 16-20% белок, эттүү тоок менен күрптө 9-10% май, ал эми семиз өрдөк менен казда 30-35% май болот.

Төө куш баксаң тез байыйсың
Учурда Кыргызстанда төө куш багып анын пайдасын көрүп жаткандар бар. Бирок дале биздин эл төө куш бизнесин жакшы түшүнбөй жатат. Кези келгенде бул куш боюнча чоң фабрикалар болот. Анткени бул жаныбар 70-75 жашка чейин жашай берет. Төө куш баккан аябай үнөмдүү жана пайдалуу. Бир күндө ар бири 1,5-2 килограммм гана чөп, 1 килограмм жем жеп, жайдын ысык күнүндө он литрден суу ичет. Жүгөрү, арпа, буудай, балыктын ичегилерин жем катары берсеңиз болот. Кышында көбүнчөсү капуста жешет. Аны менен катар бор, жумуртканын сырты, акиташ, туз витамин катары берилет.
Жумурткасынын көлөмү анделектей. Салмагы 1,6-1,8 килограмм. Бир жумуртканын баасы эки миң сом турат. Көбүнчө аны инкубатордон чыгарганы алышат, жегенге сатып алгандар да жок эмес. Даамынан бир аз айырмаланган менен төө куштун бир жумурткасы тооктун отуз жумурткасына барабар. Марттан сентябрь айынын башына чейин туут айы. Саат төрттөн кечки саат жети-сегизге чейин туут маалында короого кала берсе баккан кишини да киргизишпейт. Ушул айлардын ичинде бир төө куш жакшы берди дегенде 40-50гө жакын жумуртка бериши керек. Жумуртканы бир жарым айда балапан кылып басып чыгарышып, жөжөсү бир айдан кийин эле чоң төө куш болуп чыга келет. Жумурткалар инкубаторго чейин 2-8 градус муздак жерде туруш керек экен. Ысыкта бузулуп кетиши мүмкүн. Жумурткалардын жей турган жана балапан чыга турган эки түрү бар. Балапан чыга тургандарынын түсү ак болот.
Бир төө куш миң доллардан эки миң долларга чейин турат. Ал эми этинин бир килограммынын баасы 20 доллар. Үч жаштан өйдөкүлөр 70 килограммдын айланасында таза эт берет. Союлушу да кадимки эле малдыкындай. Төө куш этин деликатес, дары деп алышат. Жылкыдай эле казы берет. Этинин даамы бир туруп жылкынын этине окшоп кетсе, суюк тамак жасай келсе индюктун этине окшойт. Бир сезондо бир төө куш орточо эсеп менен 30 жумуртка берсе ал 60 миң сом болот. Жумуртка, этинен сырткары канаттары да акчага сатылат. Канатынын бир талынын баасы 100 сомдон сатылат. Бир төө куштан 28-30 канат чыгат, ошондо канатынын өзүнөн эле 2800-3000 сом түшөт. Башка мал баккандан көрө төө куш баккан үнөмдүү жана пайдалуу. Төө кушту да кадимкидей эле мууздап союп, терисин сыйрышат. Эң кызыгы, төө кушка уурулукка келген адам соо калбайт. Ал жанына эч качан мас адамды жолотпойт.
Зайырбек АЖЫМАТОВ, т.: 38-67-19,
zairajimatov_76@mail.ru