04.06.10 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Күнжүрүш

Улутташтыруунун уңкул-чуңкулу

Азимбек Бекназаров бир гана Ысык-Көл облусу боюнча мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилер, талоонго учураган жер тилкелери, өзүм билем курулуштар боюнча 14 иш козголгондугун, алардын мамлекетке келтирген зыяны бери болгондо эле 643 млн.сомду түзөөрүн билдирген эле.
Ал эми республика боюнча алганда Бакиев кланынын кулагы көрүнгөн, буга окшогон 400дөн ашык чоң-кичине ишканалар, кала берсе стратегиялык маанидеги объектилер бар деп жатышат. Күч структураларын күргүштөтүп алдына салып айдап алган Азимбек Бекназаров жеткен эле жеринен бирдеме таап, "он эки толгоп, бир сыгып жиберсе эле" Бакиевдердин бармагынын изи чыгып жатканы.
Бирок, референдум өтүп, революциянын чаңы тарагандан кийин улутташтырылган чоң-кичине ишканалардын уу-чуусу чыкпайбы, өзгөчө өз чөнтөгүнөн каражат чыгарып тигил же бул өндүрүштү иштетип жаткан инвесторлорду же өзүбүздүн атуулдарды бөөдө күйгүзүп койбойбузбу деген суроолор учурда кабыргасынан коюлууда. Бирин-бири көргөн эле жерден "текөөрлөшө" кетип жаткан убактылуу "кедейкандардын" заманында орустар айтмакчы, "под шумок" түрдүү оюндар болуп кетпейт деп эч ким кепил болалбайт. Болуп да жатат. Ошондой эле учурунда ата мекендик байлыктарыбыздын текейден арзан сатылып кетишине ичи чыкпай жүргөн карапайым калк да "Бекназаров и К" командасынын ишин илгерилетип, айрым объектилердин ээлерин айдап чыгууга аракет кылышууда. Буга жакында эле "бизди коргойсуңарбы же кордойсуңарбы" деп айкырып чыккан, тутумуна 30 ар түрдүү компания кирген Кыргызстандагы "Өндүрүшчүлөр гильдиясынын" ассоциациясынын президенти Вячеслав Исаевдин арманын мисал катары келтире кетели. Ал Талды-Булак кенин иштетип жаткан ОсОО "Талас Копер Голд" ишканасын жергиликтүү эл желкелеп, кеткиле деп жатканын, алар кендин ТЭОсун иштеп чыкканга эле 10 млн. доллар сарптаганын айтып жатат. Талды-Булак чыны уникалдуу кендердин катарына кирет. Анда алтындын, жездин, молибдендин запасы бар. Кумтөрдөн оозубуз күйүп калгандыктан бул кенден канчалык пайда табабыз, ал жагына адвокат боло албайм. Бирок, "желкелөөдөн" мурда бул иштин аки-чүкүсүн аныктап, мүмкүн кимдир бирөөнүн кирдүү колу "кычышып" жатабы ал жагын да байкап, укуктук жагын да унутпай иш кылсак дегенди айтып жатам.
Ушул жерде улутташтыруу деген сөздүн башын ачып албасак болбой тургансыйт. Муну жалпак тил менен айтканда, тигил же бул стратегиялык мааниси бар ишкананы же менчиктин кайсы бир түрүн мамлекетке кайра өткөрүү дегенди түшүндүрөт. Дүйнөлүк практикада мындай учурлар көп эле кездешет. Алыска барбай эле Казакстанга кайрылсак, Алматыдагы электр энергиясын бөлүштүрүү тармагы кезегинде бельгиялык инвесторлорго болгону 35 млн. долларга сатылып кеткен. Кийин энергияны кымбаттатып өз билгенин кыла баштаганда, Казакстандын өкмөтү ишкананы кайра 140 млн.го сатып алууга аргасыз болгон. Биз болсок "Кыргызтелеком", "Түндүкэлектро" ишканаларын революциялык жол менен алып койдук. Туура эле кылдык. Аны ("Түндүкэлектро" болгону 3 млн.долларга бааланган) сатып алдык дешип биздин "Чакан ГЭС", дагы кипрлик эки ишкана илээшип жүрөт. "Чакан ГЭСке" чака тыйын жок дечи, а тиги кипрликтерди эмне кылабыз? Оффшордук аймактардан аты чыгып жатканына караганда, анын артында деле Бакиевдердин көлөкөсү көрүнүп тургансыйт. Демек, аларга деле турмукту көргөзүп койсок болчудай… Бирок, мыйзамдашабыз десе биртоп убара кылмайы бар.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ




  Чыры бүтпөгөн чегара

От тутана жаздады…

Өткөн айдын аягында Баткен облусунун Сох (Өзбекстан) анклавына чектешкен аймакта чыккан чатак эки өлкө ортосундагы чоң чырга айланып кете жаздады. Мунун башы тээ жаз мезгилине барып такалат. Себеби, жергиликтүү тургундар кошуна мамлекеттин малын жайытка жайдырууга уруксат бербей коюшкан. Буга ала допучан туугандар абдан нааразы болуп, 26-майда Өзбекстандын Хушяр айылынан өтүп бараткан кыргыздардын онго чукул машинасын талкалап, жүргүнчүлөрдү 3-4 саатка чукул барымтага алышкан.
Облус калкы негизинен Сохту кесип өтүүчү Баткен-Ош жолу аркылуу каттайт. Жогорудагы окуядан соң баткендиктердин нары-бери каттоосуна тоскоолдук жаралды. Анткени, кошуналар жолду тосуп коюшкан. Ал эми кыргыз тарап ага жооп иретинде анклавды Өзбекстан менен байланыштырган негизги жолду жаап салышкан.
Кырдаалды жөнгө салуу максатында аталган аймакка Өзбекстан районунун ички иштер бөлүмүнөн 60, Фергана облустук ички иштер башкармалыгынан 50 милиция кызматкери, Кува-Сай аскердик бөлүгүнөн дагы жоокерлер келгени боюнча маалымат тараган. Мындан сырткары, Хушяр менен Согмент айылы чектешкен жерге аскердик оор техникалар коюлуп, 700дөй чегарачы, десанттык бөлүктүн 300дөй аскери тартылган. Расмий Ташкенттин бизге жасаган мындай мамилесинин артында кандай ой жатканы түшүнүксүз. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз-өзбек чегарасындагы кырдаал жөнгө салынды. Макулдашуулардын негизинде кыргыздар жолду ачса, Өзбекстан Сох анклавынан аскердик оор техникаларын, кошумча аскерлерин чыгарып кетти. Ал ортодо коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков Согмент жана Чарбак айылынын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту. Генерал бу аймакка чегара бөлүкчөсүн ачууга, Сох анклавын айланып өтүүчү Айгүл-Таш-Согмент автожолун оңдоо иштерине каражат бөлүнөрүн убада кылды.
Бирок, маселе ушуну менен эле чечилип калды деш кыйын. Эртеңки күнү өзбек бийлиги дагы бир шылтоо таап, чатак башташы ыктымал. Себеби, 18-майда Өзбекстан Сох анклавы аркылуу кыргыз атуулдарын ички паспорт (ID карта) менен каттатпай койгон. Натыйжада жергиликтүү жашоочулар Баткен-Бүргөндү-Пүлгөн автожолу менен айланып өтүүгө мажбур болушкан. Арадан үч күн өткөн соң кыргыз тарап Сох анклавын Өзбекстандын негизги бөлүгүн байланыштырган жолду жапкандан кийин гана кошуналар каттамды мурдагы калыбына келтиришкен.
Чындыгында расмий Ташкенттин мындай өзүмбилем саясат жүргүзгөнгө акысы жок. Не дегенде, эки мамлекеттин жергиликтүү бийликтери ортосунда кыргызстандыктардын ички жарандык паспорт менен Сох анклавынан өтүшүнө уруксат берген келишим бар.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Ташка тамга баскандай

Эртең сотто сүйрөлүп жүрүшпөсүн
Нелли Симонова, "Сенти" финансы компаниясынын директору:
- Дүйнөлүк практикада улутташтырган учурда, ошол ишканага кеткен инвестордун же жеке менчик ээсинин чыгымдары төлөнүп берилет. Биздин ата мекендик мыйзамда деле ушул айтылат. Эгерде мамлекет өзүнүн мүлкүн кайрып алгысы келсе, дал ушул мыйзамга ылайык иш алып баруусу керек. Мисалы, "Кыргызтелекомду" алалы. Албетте, аны арзыбаган баага сатып алышкан. Бул обьектини сөзсүз улутташтыруу керек. Бирок, кантип туура жасоого болот. Ушуга байланыштуу бир мисал келтирейин. Украинанын экс-президенти Л.Кучманын күйөө баласы "Криворожсталь" стратегиялык ишканасын 700 млн.долларга сатып алган. Кийинки бийлик аны кайрып алып, индиялык магнатка 4 млрд. 800 млн. долларга саткан. Кучманын күйөө баласынын да чыгымын төлөп берген. Мындан ачык- айкын улутташтырууну көрүп жатпайбызбы. Эки жак тең ыраазы. Эгерде бүгүнкүдөй бир жактуу алып койсок, убактылуу өкмөттүн эртең соттон башы чыкпай калат.
Жумакадыр Акенеев, экономика илиминин доктору:
- Бизге ата мекендик экономиканы коргогон, жумшаган капиталга эч ким тийбестигине кепил боло алган менчик мыйзамы керек болуп турат. Мунун баары беш жылдан кийин кимдир бирөө келе калып эле, бирөөнүн менчигин баса калып тартып албасы үчүн жасалышы керек. Ал эми кезинде текейден арзан сатылган обьектилердин мамлекетке кайрылышы экономикага киреше алып келбей койбойт. Экинчиден кайра сата турган болсок, эми кымбат баага сатылат. Бирок, таза иштеп жаткан ишкерлердин ишканасын менчиктештирүүгө эч качан болбойт. Ошондуктан элге жарыяланган менчиктештирилет деген тизмедеги ар бир ишканага кылдат кароо керек.
Аскар Бешимов, "Келечектин долбоору" коомдук фондусунун аткаруучу директору:
- Арзыбаган баага сатылган ишканаларды улутташтырууга же конфискациялоого каршы деле эмесмин. Бул акыйкаттык. Мындай процесстин ачык жана түшүнүктүү өтүшү убактылуу өкмөттүн декреттерине байланыштуу. Бирок, бул маселелер боюнча ачык, даана эч нерсени көрбөй турам. Баарыдан мурда кайсы убакта менчиктештирилген обьектилер карала тургандыгын так аныктоо керек. Болбосо, Кант цемент-шифер заводундагыдай абал келип чыгышы ыктымал. Бир кездерде бул завод купон менен менчиктештирилген. Аларды кийин биринчи президенттин күйөө баласы алып койгон. Андан соң президенттин уулуна тийди. Ошентип ууру алганды каракчы тоногондой иш болгон. Ушуга барбасак дейм.
Чынгыз Макешов, КР зергерлер ассоциациясынын башкы директору:
- Мамлекеттик ишканаларды арзан баада сатып алыш үчүн эле банкрот кылышпадыбы. Эгерде энергосекторду колдон чыгарсак, кыйналып калабыз. Ошондуктан стратегиялык ишканаларды улутташтырууда кылчактаганга болбойт.
Алымбек Биялинов, коопсуздук боюнча эксперт:
- Биздин өлкөдө менчикти коргоону камсыз кылуу зарыл. Ошондо гана ишкерлер ишенимдүү иштей алат. Дегеле, мамлекеттин өзү экономикадан чыгып кетиши керек. Ага барсак башкаруучулардын бир дагы үй-бүлө мүчөсү, кимдир бирөөнүн бизнесин тартып алалбай калат.

"ВБдан" алынды