04.06.10 - 15-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  КАЙРЫМДУУЛУК

Бөбөк сенин жомогуң

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата өлкөнүн жер-жерлеринде көптөгөн салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Алардын арасынан бирөө өзгөчөлөнүп турат. Бул "Олжобай менен Кишимжан" жана "Эр Төштүк" эпосторунун кичинекей окурмандарга ылайыкташтырылып, кара сөзгө келтирилип, катуу мукабада көркөмдөлүп басылган, кыргыз тилиндеги эки китептин жарык көрүшү. Бул кыргыздын ооз эки чыгармачылыгына арналган 9 китептен турган сериянын алгачкы эки китеби. Жылдын аягына чейин дагы жети китепти күтөбүз. Эң мыкты белек китеп экени азыр көп айтылбай калса да талашсыз чындык эмеспи.

Китеп басып чыгаруучулар ассоциациясы жана "Раритет" басмасы "Окурман Кыргызстан" китеп окууну пропагандалоо программасын "Кумтөр Оперейтинг Компани" менен биргеликте жүзөгө ашыра баштады. Долбоордун алкагында кичинекей окурмандарга арналган кыргыз тилиндеги балдар китептери басылып чыкмакчы. Аталган китептер ушул долбоордун алкагында жарыкка чыкты. Китеп басып чыгаруучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Олег Бондаренконун айтымында, өлкөдө катастрофага тете абал түзүлгөн.
- Россияда өткөн жылы киши башына 5 китеп жарык көрсө, бизде 7 адамга 1 китеп чыкты. Өлкө 20-жылдардагы абалга келди. Эгерде ал кездерде сабатсыздыктан китеп окулбаса, бүгүнкү күндө функционалдык сабатсыздыкка, окуганды билген адамдар китепке таптакыр кызыкпай калганга батып кеттик. Басып чыгаруучулар болгону 150 нускада кыргызча чыгарган китептер жылдап сатылбай текчелерде турат. Бул абалдан чыгуунун бирден бир жолу китеп басып чыгаруу жана аймактарга жайылтуу экенин түшүнүп, биз балдар китептеринен баштадык. Анткени улуу муун колдон чыгып калды десек болот.
Ал эми китеп басып чыгаруучулар ассоциациясынын вице-президенти Виктор КАДЫРОВ балдарды китеп окууга кантип тартуу жөнүндө кеңири токтолду:
- Оозеки чыгармачылык балдарга көркөмдүгү, сыйкырдуу сюжеттери менен кызык. Биз чыгарган китептердин сүрөттөрү да атайы кызыгууну жараткандай. Китептер басууга даярдалып жатканда биз билим берүү министрлиги менен кеңешип, класстан тышкаркы окууга ылайыктуу темаларды тактаганбыз. Кичи эпостор, жомоктор бөбөктөрдө мекенчилдикти тарбиялап, эл тарыхынан маалымдар кылат. Кыргыз тилин үйрөнүп жаткан балдарга кошумча окуу үчүн абдан пайдалуу. Тилекке каршы, ата-энелер балдарына сапаттуу китеп алууга көп шашылышпайт. Андыктан, басып чыгаруучулар кеткен чыгымдарын актай албай, иш үзгүлтүккө учурап калууда. "Окурман Кыргызстан" программасын баштап жатып, биз мүмкүн болгон жерлердин бардыгына жардам сурап кайрылганбыз. Бизге жок дебеген жалгыз "Кумтөр Оперейтинг Компани" болду.
Китептер 2500 нуска менен жарык көрдү. "Кумтөр Оперейтинг Компани" аларды басууга даярдоо стадиясында ар бир китептен 2000 нускадан сатып алды. Сатып алынган китептердин бир бөлүгү Ысык-Көл облусунун мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектептерге жана китепканаларга акысыз берилмекчи. Экинчи бөлүгү республиканын китепканалар тармагына, ошондой эле адистештирилген балдар мекемелерине жөнөтүлөт. Ал эми калган 500 нускасы сатыкка чыгат. Албетте, суроо-талап күчтүү болсо басып чыгаруучулар нускасын көбөйтүшмөк.
Бул долбоорго катышууну Компания мамлекеттик тилди жана улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, кыргызстандыктардын өсүп келе жаткан муунуна билим берүүгө жана тарбиялоого өзүнүн кошкон салымы катары карайт.
"Кумтөр Оперейтинг Компанинин" вице-президенти Андрей САЗАНОВ белгилегендей: "Биздин компаниянын бул долбоорго катышуусунун негизги себеби балдардын китеп окууга, эне тилине жана улуттук фольклорго кызыгуусун өстүрүү зарылчылыгын түшүнүү болуп калды. Биздин көз карашыбыз боюнча муну, тилекке каршы, өлкөбүздө орун алган кыргыз тилиндеги сапаттуу балдар китептеринин тартыштыгы сезилип жатканда, аларды басып чыгаруу менен гана жасоого болот".
Кызыккандар "Олжобай менен Кишимжан" жана "Эр Төштүк" китептеринин орусчасын да, кыргызчасын да "Раритет" китеп дүкөндөрүнөн таба алышат. 210 сомдун тегерегиндеги баасы бир чети кымбат көрүнгөн менен андан кымбат оюнчуктарды деле алып жатпайбызбы. Руханий байлык, таалим-тарбия, ата-бабадан калган накыл сөзгө алтындай уютулуп, балдарга китеп аркылуу гана жете алат. Алдыда дагы 7 китеп даярдалып жатат. Ырас, китеп кылып чыгарчу жомоктор, эпостор элибиз сыймыктанчу деңгээлде. Биздин бөбөктөрдүн ар бири колго албаса да, жарымы жомок китептүү болсо деген телек бар. Балким дагы бир ири ишкана же меценат келип биздин өлкөнү "окурман Кыргызстан" деген атка татыктуу болууга салымын кошот.
Нуржан АЛЫМКАНОВА




"Эжекелер ай, силерсиңер бөбөк жыргалы"

Улуттук биринчи каналдын "Ала-Тоо" программасынын айымдарына быйылкы жолборс жылы жемиштүү болууда. Программанын диктору Кыял ШАРШЕЕВА алты жылдан бери чогуу жашаган драматург жолдошу Кайрат Иманалиев экөө бала жытын сагынып келишкен. Күз айларынын алгачкы күндөрүндө Кыял айым жолдошуна наристе тартуулаганы турат. Жети айлык кош бойлуу Кыял айым жакында декретке кетет. Андан тышкары ай чырайлуу диктор Лунара Мамытова да өткөн жылы турмушка чыгып, жакында бөбөктүү болом деп эс алууга чыккан. "Ала-Тоонун" дагы бир айымы Назира Ахмедова болсо эки ай мурун уул төрөп, атын Саид койсо, Айжан Омолдошева аттуу журналист айым да бөбөк күтүп аткан кези. Бул программанын техникалык кызматкерлердин арасында да кош бойлуу айымдар бар экени айтылууда. Эмне демекчибиз, "Ала-Тоонун" айымдары аман-эсен көз жарып алышсын!


Сьездбек ИСКЕНАЛИЕВ Москвага нике кыйганы кетти

Россияда соода-сатык менен алектенген кыргыз боордошторубуздун бирөө уул-кызын үйлөнтүп, Кыргызстандан атайын Сьездбек ИСКЕНАЛИЕВди тойго ырдап берүү үчүн Москвага чакыртышты. Ырчы жигит 3-июнь күнү Москвага жаш жубайлардын тоюна күбө болуу үчүн учуп кетти. Той 5-июнда Москвадагы көрүнүктүү ресторандардын биринде өтөт. Сьездбектин Москвага барыш-келиш жолун төлөп, капчыгын кампайтып чакырткан боордошторубуз ырчынын көптөн берки күйөрмандары экен. Кыргызстандагы кыйын кырдаалда той-аштар азайып, капчык кабырылып турганда, алыс жактагы боордоштордун бияктагы ырчыларды чакырышы жакшы олжо.


Араздашуудан артык достук

КР эл артисти Жамал СЕЙДАКМАТОВА жетектеген "Тунгуч" театры жакында Ош шаарындагы өзбек улуттук театрына барып, "Ханышанын көз жашы" аттуу спектаклди сахнага алып чыкты. Сахнада өзбек, кыргыз артисттер ролдорду өз тилдеринде сүйлөп, ойногону көпчүлүккө абдан жагып, атүгүл көрүүчүлөр көздөрүнө жаш алып отурушту дейт, Жамал эже. "Бул долбоор эки элдин достугун бекемдөө максатында уюштурулган. Биз Ошко баратканда ал жакта өзбек-кыргыз ортосунда араздашуу бар деген маалыматтарды айтып чочутушкан. Бирок, кыргыз-өзбек улутундагылар бир туугандай өзбек театрына келиши абдан толкундантты. Эч кандай тоскоолдуктар болгон жок, тескерисинче ушундай акция болуп турушу керек экен" дейт. Бул спектаклге Ош облусунун администрация башчылары, мэр жана башка аткаминерлер келишкен. Жалал-Абад облусуна да ушул спектаклди коюусун суранып атышкан экен. Өзбек-кыргыз театрынын элдердин достугун бекемдөөгө арналган бул спектакль 9-10-июнда Бишкекте көрсөтүлөт. Андан тышкары 19-20-июлда Кытайдын Үрүмчү шаарында өтө турган театралдык фестивалга "Тунгуч" театры да чакырылган. Бул фестивалда 13 өлкөнүн театрлары өз өнөрлөрүн көрсөтмөкчү. "Тунгучтун" он эки артисти "Кетпечи, бугу эне" спектаклин коюп келишет. Учурда театрдын жетекчиси Жамал эже каржы маселесин чечүү үчүн демөөрчү издеп, чуркап жүргөн чагы.


Майрамбек ОСМОНОВ качан молдо болот?

Майрамбек ажы Осмонов 7-апрелдеги кандуу окуядан кийин патриоттук ырларга оой баштады. Анын акыркы чыгарган ырлары элдин духун көтөрүп, патриоттуулукка үндөйт. Башынан эле курулушту жакшы көргөн Майрамбек мырза үйүндө кыбырап иштеп, үч баланы тарбиялап гана жөн болбостон, обон да жаратып атат. Гүлзат Байзакова менен жолдошу Ишен Байзаковго "Кыз жигиттин айтышы" аттуу ырды жазып бериптир. Жакында Майрамбек жазган ырды Гүлзат айым менен Ишен мырза ырдап чыгышат. "Өмүрдүн аягы өлүм менен аяктайт, негизи ырчылар карыганда кыйналышат. Ошондуктан курандын мен билелек аяттарын жаттап атам. Карыганда бир айылга имам болуп алаармын. Азыр молдо болоюн десем, жашабай жатып молдо болуп алыптыр деп айтышат. Себеби, той-топурларда жаңыдан тамадалыкты аткара баштаганда да ушул кантип болсун, ырчы болуп алып той алып барат деп жаман көрүшкөн эле. Учурда ырчынын баары тамада болуп кетишти. Убагы келгенде молдо болом" дейт ырчы мырза.


Күлүйпадай болсоңор гана

Көптөн бери телеге же сахнага чыкпай, жалаң гана ишкердик менен алектенип келаткан ырчы айым Күлүйпа КЕРИМБАЕВА 1-июнь балдардын эл аралык коргоо күнүндө майып балдарга арналган кайрымдуулук концертинде чоң иш кылды. Күлүйпа айым 150 балага кийим-кечек берди, андан тышкары кандай көйгөй болсо менден жардам сурагыла, колумдун келишинче жардам берем деп убада кылды. Сахнага чыгып, майып балдарды куттуктап атып, көзүнүн жашын тыя албай турду. Балдарга арналган ырын ырдап бүткөнчө мүмкүнчүлүгү чектелген майып наристе, өспүрүмдөрдүн баарын бетинен өөп чыкканы көрүүчүлөрдү ыраазы кылды.


Назгүл КАЛМАМБЕТОВА