28.05.10 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Оп, майда

Башты кантип коргоону ойлонуп жатышат
Күрүлдөгөн Үсөн Сыдыков чырылдаган адвокаты Татьяна Чильникина аркылуу баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранууда. Алардын пикиринде соттун аны камакка алуу боюнча чыккан чечими туура эмес, улуттук коопсуздук кызматынын кармоочу жайына камалып отурганы түшүнүксүз. 13-14-майда Ош менен Жалал-Абад, Баткенде болгон окуяларга тиешеси бар деп шектелген биртоп кишилерге кылмыш иштери ачылганы белгилүү. Алардын арасында мурдагы президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыков, Кыргызстан коммунисттеринин лидери Исхак Масалиев да бар экени маалым.


Чекисттердин чекеси иштейби?
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтуусу боюнча "телефонгейттерди" коомчулукка таратууга коопсуздук кызматынын тиешеси жок. Аны кимдер уюштурганын билбейт. Муну убактылуу өкмөттү бөлүп-жарууну каалагандар жасап, өкмөт мүчөлөрүн бири-бирине тукуруп атышат... Анысында калет жок. Бирок УКМК деген мындай иштерди тез аранын ичинде аныктап, уюштургандардын бетин ачып бере турган орган да. Же булар азыр иштебей эле актанууга өтүп алышканбы?


О-уу, ошончону мойсоппу?
Энергетика министринин милдетин аткаруучу Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, Токтогул суу сактагычына 16 млрд. куб суу чогулса, жарык өчүрүү токтотулат. Эгер Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 9 млрд. 200 млн. кубдан ылдый түшсө агрегаттарга күч келип, бузулат. Буга улай министр мурдагы бийликтин 1 млрд. куб сууну ашыкча кое берип, андан чыккан электр энергиясын 1 центтен (40 тыйын) сатканын баса белгиледи. Энергетиктердин эсеби боюнча 4 млрд. куб суудан 1 млрд. кВт электр энергиясы өндүрүлөт. Ошондо 1 млрд. куб суудан өлдү дегенде 250-300 млн. кВт электр энергиясы иштелип чыгат. Оо-уу, ошондо эски бийлик 100 млн. сомду мойсоп коюптур, эй.


Кайран Доке, ушул күндү көрсөң эмне
Кыргыздын чыгаан уулу, жазуучу жана кинорежиссер, белгилүү коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечеси бүгүн Бишкекте улуттук филармонияда, 29-майда Ош шаарында, 30-майда Жалал-Абад шаарында өтөт. Аты аталган шаарлардын көчөлөрүнө ысымы ыйгарылат. Ошондой эле Ала-Бел ашуусуна эстелик тургузулары айтылууда. Маданият министрлиги Д.Садырбаевге Кыргыз эл баатыры наамын ыйгарууну сунуш кылууда. Эскерүү кечесине убактылуу өкмөт мүчөлөрү катышат.


Азике алтымыш тыйынды кайрып береби?
Убактылуу өкмөттүн сот, прокуратура органдарын жетектеген мүчөсү Азимбек Бекназаров кечээ байланыш компаниялары элден чогултуп алган 300 млн. сом эч жакка кетпегенин билдирди. Анын айтымында, прокуратуранын кийлигишүүсү менен 60 тыйындан чогултулган бул сумма Максим Бакиевдердин курмандыгы болбой калган.


Ашыналар неге ашынып кетишти?
Кечээ Өзбекстандын Сох анклавына чектеш Баткендин Согмент айылынын тургундары чогулушту. Буга бир күн мурун кыргыздар түшкөн эки жеңил автоунаанын өзбектер тарабынан ташбараңга алынышы себеп болгон. Ошол эле учурда Өзбекстандын Хушяр деген жериндеги тажик айылынын тургундары чогулуп, эки тараптын ортосунда тиреш чыгып кете жаздаган. Жергиликтүү бийлик, аймактагы күч кызматтарынын жетекчилери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чогулган элди таратышты.




Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн финансылык мыйзам бузууга барганы ачыкка чыкты. Мындан улам алар отставкага кетүүлөрү керекпи?
Асанбек СТАМОВ, эл жазуучу:
- Бийликти улам эле алмаштыра берген болбойт. Утурумдук өкмөт лидерлеринин коррупциялык махинацияга аралашканына ишенбейм. Алмазбек Атамбаевдин же башка инсандардын дүнүйөсү өзүнө жетишерлик. Аларга ашыкча байлыктын кереги деле жоктур. Анүстүнө, телефондук байланыштын монтаждалганын айрым чиновниктер айтып чыгышпадыбы. Демек, бу жерде такташтырчу маселе арбын.

Алым ТОКТОМУШЕВ, журналист:
- Эгер анын чындыгы далилденсе, цивилизациялуу өлкөлөрдө өкмөттүн бардык мүчөлөрү отставкага кетмек. Тилекке каршы, биз цивилизациянын андай деңгээлине жете элекпиз.

Мурат ЖУРАЕВ, экс-депутат:
- Айрым аткаминерлердин чыныгы "ууру" экендиги тастыкталбаган соң, алар азырынча жумуштан кетпейт. Кадрдык өзгөрүүлөр референдумдан кийин башталышы ыктымал. Себеби, өкмөт мүчөлөрү келечегин ойлоп, парламенттик шайлоого камылга көрүшөт. Кабинеттен жылбай отура беришсе, октябрдагы шайлоодо жеңилип калуулары мүмкүн.

Гүлнара ДЕРБИШЕВА, экс-депутат:
- Ич ара тытышып, ири суммадагы каражатты тымызын бөлүшкөндөрү уят. Ошонун негизинде утурумдук өкмөт отставкага айдалышы керек болчу. Бирок, анда Кыргызстанда накта хаос башталат. Ансыз деле кыйналып турган мезгилде ашыкча баш оорунун кажети жок го дейм.

Тайырбек САРПАШЕВ, "Туран" партиясынын жетекчиси:
- Мындай провокациялык суроону бербегиле да. Макул, утурумдук өкмөт кетсин. Алардын ордун ким ээлейт? Эмне кайра Бакиевди, Үсөновду же Мадумаровду алып келелиби?

Кусейин ИСАЕВ, социолог:
- Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнүн телефондук баарлашуусунун жарыяланышын "маалымат согушу" катары эсептеш керек. Андыктан, өкмөттү "садага" чабууга себеп жок. Тескерисинче, жаңы бийликти колдоо зарыл. Утурумдук өкмөттү сактап калбасак болбойт. Кыргызстандын келечеги азыркы бийликтин колунда.

Турат ДҮЙШЕЕВ,
"Асаба" партиясынын ордо кеңешинин төрагасы:
- Алгач кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүшү абзел. Тергөөнүн жыйынтыгында Бекназаров, Сариевдин туура эмес иш кылганы тастыкталса, анда алар жоопкерчиликке тартылат. Ага удаа министрлер кабинети толугу менен отставкага кетиши керек. Болбосо, революция өз максатына жетпейт.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Кезектеги "терме"

"Биз өзүбүздүн топ менен барабыз"
Жума башында интернетке чыккан Азимбек Бекназаров менен Бектур Асановго тиешелүү делген сүйлөшүү:
- Да.
- Алло. Салом алейкум ака, кандайсыз?
- А, түзүк. Өзүң кандайсың үкөм?
- Бардыгы жакшы, кудаа кааласа. Иштер жакшыбы?
- Аа, түзүксүң, түзүксүң. Эми шайлоону башта. Буларың бизге жакшылык кыла турган түрү жок.
- Ооба азыркы өкмөт шайлоого… Өмүке айтат эски Акаевди же Бакиевди коюп койбойлубу деп. "Койчу Өмүке, шерменде болбойбузбу" дедим.
- Эмнени коебуз дейт?
- Эски али Ашымов деген досу бар эле го областтагы… Акаевдин, Бакиевдин…
- Бакиевдердин, Текебаевдин айткандарынын бирөөн дагын кылбагын.
- Хорошо. Азыр анан…
- Биз өзүбүзчө, өзүбүздүн топ менен барабыз.
- Мен азыр өзүнчө движения кылыбатам, Кудай кааласа.
- И Атамбаевдин айтканын да кылба.
- Бооптур, жакшы.
- Мага айтып кеңешип иш кылам, ошол куратор биз жакка деп кое бер мага шылтап.
- Онда, сиз, мындай кылайлы. Эй, эң чоң күч "Жалалабадэлектро". Бүгүн эптеп, зордоп болсо да Салайдинди койдуруң анда буякка.
- Жок, мен аракет кылыбатам. Болбой жатат. Азыр дагы чакырам жанагы Артыкбаевдердин барын.
- Артыкбаевди чакырың, анан мен Салайдинден башкага представление бербейм. Ошону эле ям айтып коеюн.
- Эгерде сен ошону койбосоң, блин, азыр буларга мен иш козгоп жатам деп айтам, Артыкбаев, сага да иш козгойм (сөгүнүп) дейм.
- Ооба, ошондой кылың. Салайдинди катуу айтың.
- Ооба, анан кийин…
- Тем более область ошон үчүн иш кылып жатат дейсиз. Онун үстүнөн жалаң компроматтарды алиги (сөгүнүп) Төрөбаевдер жазып жатат. А так бул башка Каныбекти яман сыйлап ирет.
- Ким жазып жатканын билебиз дейбиз да. А так тиги, азыр койгону ким экен?
- Азыр бирям эле киши отурат, Абакир деген. Анысы жакшы эле киши дейт. Бирок ал толук тормуз, иш билбейт. Салайдин болсо ярый …(сөгүнүп).
- Ага, хорошо давай.
- Бооптур, жакшы.





Шайы көйнөк
Борбордук шайлоо комиссиясы райондук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө 27-июнда өтө турган референдумду уюштуруу жол-жобосун окутууда. Бул иш-чараны БШК 21-майдан тарта баштаган. Өмүрбек Текебаев катышкан жыйында жалпы элдик референдум өткөрүүнү уюштуруу, район, шаарларда штабдарды түзүү маселеси каралды. Убактылуу өкмөттүн 30-апрелдеги токтому менен "Жалпы элдик референдум" өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлгөн. Конституциянын жаңы редакциясы 27-июнда референдумга коюлат.


Баткендиктердин баары катышпайт
Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Султан Айжигитов жакында боло турган референдумга облус шайлоочуларынын 13 пайызы катышпастыгын маалымдады. Себеби, сезондук миграцияга байланыштуу калктын 13 пайызы Россия, Казакстанга иштөөгө кетишкен. Мындан сырткары, облуста 11 миң 166 адам паспорту жок. "Ошондуктан убактылуу өкмөттөн аймактагы элди паспорт менен камсыз кылууну колго алуусун өтүнөбүз" дейт Султан мырза.

"Агым" пресс