28.05.10 - 15-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кайрымдуулук

Акыркы коңгуроо жана барскоондуктарды кубандырган бейтапкана
25-майда Кыргызстандын эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн бардык орто мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул күнү мындан беш, он, жыйырма жыл мурун окууну аяктап кеткен окуучулар да билим алган мектебинде жолугушуу кечелерин уюштурду. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тосор орто мектеби да 25-май күнү мындай салтанаттан куру калбады. Мектептин алдындагы окуучулардын советтик доордогу мектептин формасын кийген, ак фартук, ак бантикчен бүтүрүүчүлөрү өзгөчө кооз көрүнүп, ошол доордо тарбияланган адамдарга жагымдуу элес алып келди.

Тосор орто мектебиндеги салтанаттуу кеченин уюштуруучусу жана директору Индира Баратбаева төмөнкүлөрдү айтып берди:
- Биздин мектепти жыйырма жыл илгери бүтүрүп кеткен окуучуларыбыздын бири Айбек Сарыгулов беш жылдан бери бизге демөөрчүлүк жардамын берип келет. Бүгүн мектепке заманбап жыйырма парта, кырк төрт отургучу менен алып келди. Андан тышкары "Кумтөр Оперейтинг Компани" бүгүн да салтанаттуу кечеден куру калбай мектепке эң керектүү музыкалык аппарат белек кылды. Буга чейин жыл сайын класстык журналдарды сатып берип, башка көйгөйлөрүбүзгө да жардамын берип келатышат. Өткөн жылы мектепке микрофон жана үн чыгаруучу аппарат жок эле, аны сатып беришти. Айыл жеринде элдин жашоосу оор, мисалы, кичинекей балдар каалаган таттуусун алып жей алышпайт. Бул компания жаңы жыл сайын окуучуларга таттуу белек жасап турат. Учурда Тосор орто мектебинде 425 окуучу бар. Белекке келген музыкалык аппараттардын аркасы менен ыр жана бий кружокторун ачсакпы деген ойдобуз. Эми биз оюн-зоок программаларды көбүрөөк уюштуруп, концерттик кийимдерди тиктиришибиз керек. Биздин мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн көбү Бишкектеги атайын техникалык окуу жайлардан билим алууну көздөшүүдө. Эмнегедир жакында болуп өткөн революциядан кийин көпчүлүк окуучулар чоң окуу жайды көздөбөй калышты. Бишкектеги 27-лицей менен келишим түзүп, окуучулардын ал жерден ашпозчу, ширетүүчүлүккө даярдалып, алыска кетпей өзүбүздүн аймакка кайтып келип иштөө ниеттери бар.
Тосор орто мектебинин эң алдыңкы окуучусу Үсөнова Дина келечектеги кыялдарынан бөлүштү:
- Медициналык академияга тапшырсамбы деп даярданып турам. Оорулууларды дарылагым келет. Туулуп-өскөн жеримден, алтын мектебимден ажырагым келбей, ичим ачышып, бир чети толкунданып турам. Билим алдык, эми бой жетип, өз алдынча турмуш жолуна аттануу алдындабыз. Келечекте турмуштун ар кандай сыноолору күтүп турат. Эгерде кыялым ишке ашып, келечекте врач болсом биротоло борбордо калуу эмес, алыскы аймактарга барып иштөө максатым бар. Себеби, Кыргызстандын алыскы аймактарында дарыгерлер жетишпесин билем.
1990-жылы Тосор орто мектебин аяктап, учурда мектепке демөөрчүлүк кылып келген жыйырма жылдык кеченин коногу Айбек Сарыгуловду кепке тарттык.
- Мен Түркия-нын Стамбул шаарында бизнес иштери менен алектенип келем, кыргыз диаспорасынын өкүлүмүн. Буга чейин мектепке материалдык жардам берип келгенбиз. Мисалы, былтыр жаңы парта, ар кандай иш-чаралар өтчү залга жумшак отургучтарды бердик. Мындан 20 жыл мурун ушул мектепти ошол кезде окуган жогорку класстын окуучулары курган элек. Бул эки кабаттуу мектептин курулушу 1987-жылы башталып, 1990-жылы аяктаган. Ошол мезгилде мектепти биз курганыбыз менен өзүбүз окуганга үлгүрбөй калдык. Тилекке каршы, 20 жыл ичинде бизге сабак берген мугалимдердин кээ биринин көзү өтүп кеткен экен. Ушунча убакыттан кийин чогулганыбызга абдан сүйүнүп, көптөн бери көрүшө элек классташтарыбызды көрдүк. Арадан 20 жыл өттү, бирок биз жашоодон көргөнүбүздөн көрө элегибиз, билгенден билелегибиз, туулуп өскөн айылыбызга бергенден берелегибиз көп деп ойлойбуз.
Барскоон айылы жаңы бейтапканалуу болду
Биздин андан аркы жолубуз Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы бейтапканага уланды. Бейтапканада эки жарым жылдан бери ремонт жүрүп атканына байланыштуу иштебей турган экен. Буга чейин оорулуулардын кээси Бишкекке барса, кээ бири жакын аймакта жайгашкан ооруканаларга барып, ыңгайсыз шарт түзүлгөн. Жергиликтүү тургундар бейтапкана жоктугунан абдан кыйналып кетишкен. Сегиз миңге чукул калкы бар Барскоон айылынын эли ачылган бейтапкананы көрүп, ыраазы болушту. Бейтапкананын ачылуу аземи жергиликтүү таланттардын оюн-зоок программасы менен коштолду. Аталган айылдын тургуну, төкмө акын Алмагүл Макенбаева отургандарды мактап, төгүп ырдады. Ал өзү да он беш баланы төрөп, төртөө чарчап калганын, эгерде жолдошу көз жумбаганда жаңы ачылган бейтапканага дагы төрөгүсү келгенин тамашалап айтты.
Ушундай кыйын заманда жашап атканда колдо бар алтындын баркы жок дегендей, бейтапкананын ачылышына саламаттык сактоо министрлигинен эч кимдин келбегени журналисттерди эле эмес, жергиликтүү элди да таң калтырды. Алар материалдык жардам бералбаса да, моралдык жактан жергиликтүү элдин кубанычына ортоктош болуп койсо ашыкча болбос эле.
Салтанаттуу кеченин акырында "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" жетекчиси Роберт Вандер жергиликтүү эл менен кызматташып атканына ыраазы экенин билдирди. Компаниянын каражатына эки кабаттуу мекеме оңдолуп, заманбап техникалар, буюмдар, эмеректер менен толтурулду. "Кумтөр Оперейтинг Компани" санитардык жана техникалык абалы оор, оңдоону талап кылган бейтапканага жалпысынан 2 млн. 800 миң сом акча которгон. Бейтапкананын ачылышына Кумтөрдө иштеген барскоондуктар дагы өз салымын кошуп, 130 миң сом чогултуп беришти. Роберт Вандер бул бейтапканада оорулуу адамдар аз болушун каалап, төрөт бөлүмүнүн иштешин гана тилеп кетип, төрөлгөн биринчи кызга жана балага өзгөчө бир белек бар экенин, ал сюрприз болоорун айтып кубандырды.
Бейтапкананы оңдоону колго алган Барскоон айылынын тургуну, ишкер Болот Кожокунов төмөнкүлөрдү билдирди:
- Октябрь айынан март айына чейин Барскоон айылындагы бейтапкананы оңдоп, жылытуучу түтүктөрүн алмаштырдык. Жергиликтүү элдин арасынан кол билги, усталарды чогултуп, жыйырма адамдан курулуш бригадасын түзүп, бейтапкананын оңдодук. Акыркы кезде электр жарыгы өчүп калып, жылуулук берилбей калуу маселеси да күч алууда. Ошондон улам электр жана отун менен да жылыта турган мешти салдык. Буга чейин бейтапкананын мурдагы абалы өтө оор эле. Аны оңдоого чоң суммадагы каражат сарпталды. Курулуш материалдарын атайын Бишкекке барып сатып келдик.
Чолпон Канатаева, Барскоон айылынын тургуну:
- Төрт балам бар, бул бейтапкананын иштебегенине байланыштуу кичүү баламды Тамга айылынан төрөдүм. Мындан мурунку балдарымды ушул ооруканадан төрөгөн элем. Ал кезде оңдолбогон бейтапкананын абалы өтө начар болчу. Азыр биздин айылдын эли, өзгөчө төрөй турган аялдар үчүн эң жакшы шарттар түзүлдү.
Кубан Гүлбашев, бейтапкананын башкы дарыгери:
- Биздин бейтапканада балдардын жана чоңдор-дун ден соолугун көзөмөлдөөчү бөлүмдөр, андан тышкары гинекология жана акушердик бөлүмдөр ачылды. Азыр аялдардын төрөтүн да кабыл алабыз. Алар үчүн беш орун даярдалган. Дүйнөлүк тажрыйбаларда колдонулуп жүргөн ыкмаларды да колдонсокпу деп турабыз. Мисалы, толготкон аялдын жанында жолдошу же жакындары турса болот деген ыкманы киргиздик. Абдан катуу ооруган бейтаптарды райондук ооруканага жиберебиз. Ал жакта хирургия жана реанимациялык бөлүмдөр бар. Учурда биздин бейтапканада сегиз врач иштеши керек эле, бирок, адистердин жетишсиздигинен улам, беш дарыгер иштеп атат. Кардиолог жана терапевттер жетишпейт. Андан тышкары медайымдар, техникалык кызматкерлер бар. Оорукана он беш бейтапка негизделген. Кээ бир анализдерди өзүбүздүн эле лабораториядан аныктай алабыз. Бейтапкананы оңдоону гана жөнгө салбастан, материалдык-техникалык базасын да чыңдай алдык. Албетте, бүтпөгөн көйгөйлөр да бар. Мисалы, ооруканада рентген аппараты жок, эгерде мындай аппарат болгондо жергиликтүү эл алыска барышпайт эле. Бизде УЗИ, электро-кардиологиялык жана физиотерапия аппараттары бар.
Жакшы тилектерге акча табылат
Ысык-Көл облусунун өнүгүшүнө карата аталган компанияда элдин социалдык абалын оңдоого арналган долбоорлор жетиштүү. Мисалы, өткөн 2009-жылдын жана үстүбүздөгү жылдын төрт айында аталган компаниядан 6,5 млн. доллар которулган. Бул чыгарылган өндүрүштүн бир пайызынан каралган. Негизи келишим боюнча өндүрүштөн каралган бир пайыз экиге бөлүнүшү керек. Анын жарымын облустук администрация кайда жумшоону караса, калганы "Кумтөр Оперейтинг Компани" менен биргеликте кайда жумшалары көзөмөлгө алынат. Аталган компаниядан түшкөн каражатка Ысык-Көл облусундагы айыл-кыштактар көптөн бери чечалбай келаткан көйгөйлөрүн чечип, социалдык абалы башка аймактагыларга салыштырмалуу биртоп алдыга жылды десек болот.




Балдар ооруканасы ойдогудай болду
Жогорудагы Ысык-Көл облусунда өткөн иш-чаралар менен катарда борбор калаада да бир маанилүү долбоор ишке ашырылды. Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын реанимация бөлүмүндө 1964-жылдан бери, тактап айтканда мекеме салынгандан бери бир да жолу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Бул бөлүмдө бир жылда 1000ден ашык эки айлык баладан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр дарыланып чыгышат. Аны толугу менен реконструкциялоого АКШ мамлекеттик департаменти 12000 доллар, ири коммерциялык банк 11137 доллар жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" 200 миң сом чыгарышып, долбоор ишке ашырылды. Учурдагы кырдаалга карабастан Бишкек шаардык мэриясы 81 145 сом бөлгөн. Реанимация бөлүмүндөгү электр жабдыктар, санитардык-техникалык шаймандар, желдетүүчү система жана бардык терезе-эшиктери толугу менен жаңыртылды. Оорукананы заманбап техникалык жабдуулары менен жана медициналык кызматкерлер менен толук камсыз болушу кичинекей бейтаптардын ден соолугун жогорулатууга өбөлгө түзмөкчү.
Өлкөдө болуп жаткан окуяларга карабастан, эл аралык коомчулук катышкан ишканалар жана уюмдар социалдык багыттагы иштерин үзгүлтүккө учуратпаганы кубандырат. Балким карапайым элдин көйгөйлөрү чет жактан даана байкалат чыгаар. Буга өз мектебине жардам көрсөткөн мекендешибиздин кайрымдуулук кылганы далил эмес бекен.