Саамал кымыз жана күздөгү күрөш
Жума башында Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров Каркыра жайлоосуна эс алганы барышты. Экстер саамалдан шимире ичип, саясаттын акесин тааныта аңгемелешишти. "Мындан ары кайсы бийлик келсе да кол куушуруп чөгөлөбөйбүз. Күздөгү күрөштө "жыгылбай", "Ата журттун" атынан шайлоого катышабыз" деп сөз бекитишти. "Бригада" атамандары берген сөзүнө бек турар бекен?
Бекназаров "Бүтүн Кыргызстанды" бүтөйбү?
Убактылуу өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров парламенттик шайлоого катышарын кечээги маалымат жыйынында шардана кылды. Ага чейин ал "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровго жолугуп, алдыдагы "чоң казатка" бирге аттанууну масилеттешкенин эшиттик. Мадумаров жок демек беле, дароо макулдугун билдириптир. Ананчы, көктөн тилегени минтип жерден табылып атса.
Он сегиздеги кыздай бааланып…
Ош шаар башчысынын милдетин аткаруучу Мелисбек Мырзакматовдун тагдыры чечилген окшоду. Утурумдук өкмөт билермандарынын бири сен өз милдетиңди аткарып бүттүң. Эми Талас мэрлигине бар же борбордон жакшы кызмат берели десе, тиги "аний" дептир. Берки чиновник Мырзакматовдун текеберлигине кыжырланып, "этиң тургай табагыңды таап ал болбо" дептир. Мелисбек Жоошбаевич кыздай кылыктанып, кызматтан кызмат тандамай заманы өткөнүн али түшүнбөгөндөй.
Адилетти "апаптап" койсоңорчу
Бир кездеги оппозициялык "Канжар" жаштар кыймылынын лидери Адилет Айтикеевдин апрель коогалаңынан кийин бактысы ачылган. "Декретчил" өкмөттүн жарлыгы менен ал Талас шаар башчысынын орунбасарлыгына дайындалган. Бир ай өтпөй ал жактан качып келди. Көрсө, мэриядагы "карышкырлар" Адилетке тиш салып, аман-сооңдо кетип кал деп опузалап, жүрөк үшүн алып коюшуптур. Жаңы бийликтин балтыр эти толо элек, жогорку билими жок жаш жигитти бакыйган кызматка бекиткени да кызык. (Уландысы 5-бетте)
PDF формат
Warning: include(../../azattyk/az.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/10/0528_1.htm on line 137
Warning: include(../../azattyk/az.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/10/0528_1.htm on line 137
Warning: include(): Failed opening '../../azattyk/az.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/10/0528_1.htm on line 137