presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Кыргыз-казак кысымынан соң

Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
Казакстан чегарасын 7-апрелдеги окуяларга байланыштуу жапкан эмес. Жыл башынан эле бул өлкө Кыргызстан тараптагы бир катар чегара постторундагы бажы түйүндөрүн бекемдеп, Кыргызстанга келе жаткан транзиттик жүктөрдү өткөрбөй тыкыр текшере баштаган.

1- февралдан тартып Кытай-Казакстан чегарасындагы Хоргос бажы бекетинде Кытайдан Кыргызстанга жүк ташып келаткан жана ошондой эле Өзбекстан менен Казакстандын чегарасындагы Конусбаев бажы бекетинде да Араб Эмираттары, Иран, Түркиядан жүк тартып келаткан автомашиналар Кыргызстанга жөн өткөрүлбөй жатканы айтылган. Казак өкмөтү бажысын бекемдөөнүн себебин контрабанда менен күрөшүүнүн күчөшү катары көрсөтүп, Казакстан өкмөт башчысы К.Масимов өз сөзүндө контрабанда негизинен Кыргызстан аркылуу келип жатканын кыйытып кеткен. Мындай бекемдөө андан ары уланып, казактар Кыргызстандан кирүүчү жүктөрдүн бажы төлөмдөрүн да кымбаттаткан. Мындан улам кыргыз ишкерлери Казакстанга Дордой базарынан Кытайдын товарларын гана эмес, ал жакка жашылча-жемиштерди да алып кире албай калган.

Кыргызстандык ишкерлер үчүн Казакстан аркылуу жүк ташуудагы
тоскоолдуктардын болуп турушу жаңылык деле эмес. Ал 90-жылдардан бери эле маал-маалы менен кайталанып келе жаткан көрүнүш. Бирок серепчилер андагы кыйынчылыктар жаңы саясый жана экономикалык шарттардан улам чыгып жаткандыгын белгилешкен. Казак өкмөт башчысынын ал ортодо айткан сөзүнө караганда, Казакстан товарлардын мыйзамсыз кирүүсүнө каршы күрөштү үч өлкөнүн (Россия, Казакстан, Белоруссия) бажы союзунун шарттарынан улам күчөткөн. Ал эми биз дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондуктан, бул бирдиктүү бажы союзуна кире албай калганбыз.
Серепчилер бул боюнча "биз азыр бирдиктүү бажы союзуна кире турган болсок, анда өлкөдө биртоп экономикалык кыйынчылыктар жаралышы ыктымал. Кыргызстан азыр дүйнөлүк соода уюмунан кескин чыгып кете албайт. Эгер Казакстан чегарасын таптакыр эле ачып коё турган болсо, анда алардын экономикасы жабыркашы мүмкүн. Ошондуктан алар бирдиктүү бажы союзуна чогуу кирип жаткан Россия, Белоруссияга караганда Кыргызстандан кол үзүүнү туура көрүп, биз менен жогорудагыдай тирешүүгө барып жатат" дешкен. Айрым оппозициялык ишмерлер жана саясат талдоочулар казак өкмөтүнүн Кыргызстанга жүк өткөрбөй жана Кыргызстандан жүк киргизбей жатканын Бакиев бийлигинен улам кыргыз-орус мамилесинин сууганынан көрүп, эми Кыргызстан бирдиктүү бажы союзуна кирген эмес шылтоосу менен атайын экономикалык блокадага курчала берерин айтып келишкен.
Мындай тирешүүлөргө 7-апрель эң сонун шылтоо болуп берди. 6-апрелден баштап казак тарап чегарасын таптакыр жаап салды. Бирок бир айдан ашык убакыт ичинде алардын мындай жолго барышы өздөрү үчүн да кыйынчылыктарды жаратарын түшүндү. Мисалы, Таразда жашылча-жемиштердин баасы кескин көтөрүлүп, карапайым элдин нааразычылыгы жарала баштаган. Казакстандын "Абырой" жаштар кыймылы 18-майда Астанада нааразылык иретинде флеш-моб акциясын өткөрүп, алар бул акцияда Казакстан өкмөтүнүн ар бир министрине бирден алма сунуп, анын азыркы жана мурунку баасын айырмалап көргөзүп, өкмөт мүчөлөрүнө нааразылык каттарын тапшырган. Кыргызстанда да, Казакстандын ордо шаарында да, расмий Астананы тез арада кыргыз-казак чегарасын ачууга чакырган бир нече нааразылык чаралары өткөн. Кыргыз-казак чегарасы жабык болгондуктан, түштүк Казакстанда азык-түлүккө жана жашылча, жер-жемиштерге болгон баа көтөрүлүп кеткендигин "Казакстан жаңылыктары" маалымат агенттиги да жазып чыкты. Алардын маалыматы боюнча бул аймакта жер-жемиш 30%, жашылча 16%, ал эми сүт азыктары төрт пайызга кымбаттаган. Башкача айтканда, Таразда картошканын бир кили 130 сомго, ал эми эттин баасы 350-400 сомго чейин чыккан. "Бишкексүттүн" 70 пайыз товары Казакстанга кирип, бизден барган сүт азыктары эң сапаттуу, эң арзан деп эсептелген. Негизи эле Кыргызстан Казакстанды арзан азык-түлүк, кийим-кече менен камсыз кылган өлкө катары кызмат кылып келгенин бүгүнкү фактылар тастыктап турат.
Ал ортодо 19-майда Талас облусунда Киров суу сактагычы оңдоо иштеринен улам убактылуу жабылганы маалымдалды. Мындан улам Казакстанга Кыргызстандан суунун барышы кечиктирилсе, Жамбыл облусунда жазгы айдап себүү иштери таптакыр текке кетмек. Экинчиден, бул суудан тараздыктардын кайсы бир бөлүгү электр энергиясын алып келген. Мындай социалдык проблемалардан улам аталган аймактын эли чегараны ачпай жаткан расмий Астанага каршы көтөрүлүп кетиши мүмкүн эле.
Кыргызстан үчүн Казакстандын чегарасынын жабылышы, айрыкча Талас облусундагы мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен жанын баккан карапайым калк үчүн жана алардан сүт азыктарын сатып алган ишканалар үчүн кыйынчылыктарды жаратты. Негизи Талас облусунда сүт, май, тамак-аш азыктарын чыгаруучу ишканалар көп. Акыркы кезде алардын кампасында ондогон тонна даяр продукция сакталып, алар четинен бузула баштаган. Эгер Казакстан бейшембиде өзүнүн чегара бекеттерин ачса, анда кыргыз-өзбек чегарасы гана жабылуу делген менен, аяктан жүк ташуу токтобой келатканы белгилүү. Ал эми Кытай менен Тажикстан өздөрүнүн Кыргызстан менен чегарасын жабышкан эмес. Кытай 1-май майрамына карата гана бир нече күнгө өз чегарасын убактылуу жапкан болчу.

Зайырбек АЖЫМАТОВ




  Тарыхка жаңы кадам

"Референдумда премьер-министрдин бекитилгени оң"
Кыргызстанда бийлик алмашты. Учурда улуттун убарасы, өлкө көйгөйү убактылуу өкмөттүн мойнунда. Бийлик легитимдешкенге, тагыраагы, күзгү шайлоого чейин дагы далай убакыт бар. Ушуга байланыштуу дүйнөлүк практикада биздегидей кырдаал түзүлгөн учурлар болгонбу деген суроолор менен Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, КУУнун профессору Нургазы КЕМЕЛБАЕВге кайрылган элек.


- 7- апрелде бизде элдик төңкөрүш же революция болду деп жатабыз. Көп өлкөлөрдүн тарыхы менен тааныш элчи катары айтсаңыз, биздеги окуяны кандай деп айтсак жарашат?
- Мындай көрүнүштүн саясый аныктамасын революция деп жүрөбүз. Саясат таанууда революциянын бир катар формалары бар. Айталы, дүйнөлүк социализмдин атасы К.Маркс революцияны идеологиялык жана парламенттик жол менен жүзөгө ашырууну жактаган. Андан кийин В.И.Ленин чыгып падышаны кулатып, атып, помещиктердин жерлерин, мүлктөрүн тартып алып, Орусия империясын көңтөрүп жиберген. Пролетариат диктатурасын жарыялаган. Маркстын идеясына ылайык жер, жаратылыш байлыктары мамлекетке өткөрүлгөн. Бул бийликти күч колдонуп алган, социалисттик багыттагы революция болуп калды. Бардык жоопкерчиликти революция жасагандар өздөрү мойнуна алышты. Атургай, Орусия империясынын тышкы карызын тааныбайбыз деп чыкты. Жеткен жериңен ал дешти. Ошол эле учурда чет өлкөлөр менен дипломатиялык мамилесин түзүүгө аракеттеништи. Бирок, СССРди чет өлкөлөр тарабынан таануу процесси өтө узакка созулган.
Революциянын дагы бир уникалдуу формасын Махатма Ганди Индияда жүзөгө ашырды. Ошол учурда Индияда Англиянын колониалдык саясаты өкүм сүрүп турган. М.Ганди күч колдонууга барбай, жергиликтүү элди колонизаторлорго иштебөөгө, алардын өкмөтүнө баш ийбөөгө чакырган. Такыр каражат табалбай калсаңар колунда бар индустарга барып иштегиле, ошолордун иши илгерилесин деген саясатты тараткан. Атайын фонд ачып жумушчу орундарын түзгөн. Натыйжада, колонизаторлордун иши жүрбөй калып, алар ири өндүрүштөрүн, ишканаларын, андагы жабдууларын таштай качышкан. Кайра ташып кетели десе, ага оңбогондой каражат керек болгон. Ошентип М.Ганди тынчтык жол менен революция жасап, элин эркиндикке алып чыккан. Бизде 7-апрелде чыныгы революция болду. Бийлик көптөгөн кан төгүлүүдөн кийин элге тийди. Убактылуу өкмөт революциялык декрет менен иш алып барууда. Бул туура. Ушундай учурда жалпы калкыбыздын биримдиги, ынтымак-ырашкерлиги, убактылуу өкмөткө колдоо көрсөтүүсү өтө маанилүү.
- Биздин Конституция боюнча бийликтин ээси эл. Бирок, эл атынан келген убактылуу өкмөттү эч бир өлкө тааныбай жатат. Дүйнөлүк практикада биздегидей абалда калган учурлар болду беле?
- Революциянын жолу татаал. Башка өлкөлөр оңой менен тааный коюшпайт. Анткени мындай саясый окуялардын өздөрүндө кайталанып кетишинен коркушат. Эгерде тааныса революциялык саясый түзүлүштү тааныган болуп калышат. Ошондуктан чочулашат. Буга Американын СССРди 1933-жылы гана тааныгандыгын мисал келтире кетели. Ага чейин байкап багып турушту да. Мао Цзедун революция жасап бийликке келгенден кийин, килейген Кытайды ООН тааныбай жүрбөдүбү. Анын мурунку башкаруучусу Тайвань аралдарына качып кеткен Чан Кай Ши менен Америка 1989-жылга чейин дипломатиялык алакада болуп келген. Дүйнөлүк практикада эч ким тааныбаган Кипр өңдүү мамлекеттер да бар. Аны Түркия гана тааныйт.
Ал эми биздин шартта расмий тааныбаса дагы Орусия, АКШ, Кытай өңдүү өлкөлөрдүн убактылуу өкмөткө гуманитардык жардам берип жатышы, Казакстан жетекчилик кылган ОБСЕ өкүлдөрүнүн күн сайын бул жерде жүрүшү бизди де-факто тааныгандык дегендикти билдирет. Азыркы күндө жаңы Конституциянын долбоору талкуудан өткөрүлүп, элге сунушталды. 27-июнда жалпы элдик референдумда буюрса кабыл алынат. Жаңы Конституцияга өткөөл мезгилдеги жоболор киргизилди. Анда убактылуу өкмөттүн милдеттери каралган. Мындан тышкары ушул референдумда президенттин милдетин аткаруучуну, премьер- министрди бекитип алганыбыз оң. Ошондо убактылуу өкмөт толук легитимдүүлүккө ээ болот. Аз калды, чыдап туралы.
- Учурдагы убактылуу өкмөттүн тышкы саясатына кандай карайсыз?
- Революция деген сөздүн мааниси артка кетүү дегенди түшүндүрөт. Ошол үчүн ушул учурда өтө этият болуу зарыл. Айрыкча чет өлкөлөр менен алака катышта абдан кыраакылык менен иш алып баруу керек. Коңшу өлкө болобу, алысыраагы болобу, аларга карата ар ким эле оңду-солду сөз айткандан абайлоо керек. Алар кандай бийлик келет, ички-тышкы саясаты кандай багытта өнүгөт деп карап турат. Баса, убактылуу өкмөттү такшалган дипломат коллегабыз Роза Отунбаеванын башкарып жатышы биз өңдүү элчилер үчүн чоң сыймык. Ал СССРдин тышкы иштер министрлигинин коллегия мүчөлүгүнө кирген Кыргызстандын тарыхындагы биринчи тышкы иштер министри болгон.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы
а ­е¦Є.НҐй«