21.05.10 - 8-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?

Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

Убактылуу өкмөттү мактагандарга караганда кескин сындагандар арбын. Алардын арасында Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал-майор Мирослав НИЯЗОВ да бар. А киши "Агымга" курган маегинде Кыргызстан жок болуу коркунучуна кептелгендигин, өлкөнү туңгуюктан чыгаруу үчүн улуттук лидерди тандоо зарылдыгын билдирди.

- Өнүгүүнү каалаган мамлекет ириде эки негизги көйгөйдү чечиши абзел. Бийлик төбөлдөрүнүн жүргүзүп аткан саясаты карапайым калк кызыкчылыгына шайкеш келип, өлкөнүн жана элдин бейпилдигин камсыздоо туура багытта жүрүшү керек. Тилекке каршы, Акаев, Бакиев заманында мунун бардыгы жүзөгө ашпай, көңүл сыртында калды. Анын айынан эл итке минип, мамлекеттин эртеңине балта чабылуу коркунучу жаралды.
- Убактылуу өкмөт жогорудагы маселелерди чече алабы?
- Жок. Себеби, утурумдук өкмөт ээрге отурган күндөн тартып орой катачылыктарды кетирди. Жыйынтыгында кырдаал тынчыбай, тескерисинче, оорлогондон оорлоп, экономикалык кризиске тушугуу астында турабыз.
- Мындай шартта бийлик не кылуусу керек эле?
- "Чү" дегенде парламент таркатылып, Конституциялык сот жоюлду. Утурумдук өкмөттүн эң чоң катачылыгы ушул. Жаманбы-жакшыбы, Жогорку Кеңеш легитимдүү орган болчу. Депутаттардын колу менен өздөрүн мыйзамдаштырып, андан соң парламентти "садага" чапканга деле жетишмек. "Ак жолчулар" кайда качмак эле, буйрукту "кыңк" этпей аткарышмак.
Эл аралык коомчулук Отунбаева өкмөтүн расмий тааныган жок. Кыргызстан менен бир дагы мамлекет кызматташууну каалабайт. Коңшу өлкөлөр ортосундагы саясый, социалдык-экономикалык карым-катнашыбыз үзүлдү. Болгону гуманитардык жардам берүү менен гана чектелишти.
- Кризистен арылуунун методикасын мыкты билериңизди баамдадым. Утурумдук өкмөттү "соккондун" ордуна жардамдашсаңыз жакшы болмок экен.
- Мен дагы кыргыздын уулумун. Башында мекен алдындагы атуулдук парзымды өтөп, убактылуу бийликти колдоп, көмөк көрсөтөйүн дегем. Бирок, аракетимден натыйжа чыкпастыгын түшүндүм.
- Мисалы?
- Мага алгач кайсы бир чиновникке кеңешчи болууну сунушташкан. "Билгендерим маалымат каражаттарында жарыяланууда. Керектүүлөрүн гезит беттеринен таап алгыла" деген жообумду узаттым. Кийинчерээк коопсуздук кеңештин катчылыгын сунушташты. Мага кандай милдет жүктөлөт десем, бүгүнкү кырдаалды анализдеп, орчундуу көйгөйлөрдү чечүүнүн механизмин түзүшүм керектигин айтышты. Кыскасы, менин ишим рекомендация берүү менен гана чектелет экен. Алар өз каалаганын жасагысы келет экен. "Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт" демекчи, колу-буту тушалган адам эмнени кыйратсын?
Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн арасында ынтымактын жоктугу оркоюп эле көрүнүп турат. Кадр саясатында да бир мунасага келалбаганы айдан ачык. Утурумдук бийлик бу кейпине караганда октябрь айына жетер-жетпеси бүдөмүк. Жеке менин буга көзүм жетпейт.
- Маалымат каражаттары аркылуу өлкөбүз жоголуу коркунучуна кептелгенин "балп" эттирдиңиз. Муну далилдебейсизби?
- Сурооңузга кичине түзөтүү киргизейин. Мамлекетти көздүн карегиндей сактап калуу маселесин козгоп жатам. Эл аралык коомчулукта, Кыргызстанда мамлекеттүүлүк жоголуп кетүү коркунучу тууралуу сөздөр ачык айтылды.
Мамлекеттүүлүктөн айрылуунун бир канча себеби бар. Биринчиден, карапайым элдин турмушу начарлап, жашоо деңгээли төмөндөдү. Кыргызстан социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча дүйнөдө артта калган өлкөлөрдүн катарына кирет. Сырткы карыз 2,5 млрд. доллардан ашып барат.
Жакырчылык тышкы миграцияны күчөттү. Ошол эле учурда бизге Кытай, Пакистан, Ооганстан сыяктуу мамлекеттердин атуулдары агылып келип жатат. Мындай болсо кыргыз улуту кыргыз мамлекетинде башка улуттар арасында азчылыкты түзүп калышы мүмкүн. Улутту уруу-уруу, түндүк-түштүк, "ата мекен", "ак шумкар" ж.б. деп бөлүү - улуттун өзүн-өзү жок кылуу коркунучун жаратат.
Ички жана сырткы саясатты жүргүзүүдөгү катачылыктар Кыргызстанды эл аралык изоляцияга алып келди. СССРден калган чегара маселелери толук чечиле элек. Суу, жер маселелери коомчулукта курч бойдон калууда. Диний экстремизм да мамлекеттүүлүктүн бүтүндүгүнө коркунуч жаратат. Кыскасын айтканда, Кыргызстандын коопсуздугуна доо кетирчү факторлор аз эмес.
- Айрым "патриоттор" Кыргызстан мамлекет катары өз алдынча тирлик өткөргөнгө дарамети жетпейт, андыктан, Россиянын курамына кошулуу зарыл деген демилге көтөрүштү. Буга сиздин оюңуз?
- Бул идеяны жактагандардын саны арбын. Анын объективдүү да, субъективдүү да себеби бар. Буга кенен токтолуп, убакытты албайын. Жеке мен мындай пикирде жүргөндөргө кошулбайм. Намыскөй, акылдуу, жоокер элбиз. Эгемендүүлүктү аздектеп сактоого ар бир жарандын күчү жетет деп ойлойм. Кыргызстандын экономикалык потенциалы, мүмкүнчүлүгү жогору. Бакубат жашоого толугу менен шарт бар. Бийликке жолу таза, тажрыйбалуу, патриот жарандар келиши керек. Ошондо келечегибиз ачылат.
- Кошуналарыбыз чегара бекеттерин жаап койгондугуна байланыштуу экономикалык блокадада калдык. Канткенде туңгуюктан чыгабыз?
- Дагы бир ирет кайталап коеюн, утурумдук өкмөттү эч ким тааныган жок. Анан расмий Астана же Ташкент кайсы бийлик менен кызматташсын? Чегаранын бекишине биздеги кырдаалдын туруксуздугу шарт түзгөнү калетсиз. Коңшу мамлекет башчылары өз өлкөсүнүн коопсуздугун сактоо максатында ушундай чечим кабыл алгандыгын билдиришти. Албетте, мунун артында саясат бар экендиги талашсыз.
Чегара көйгөйү, саясый-экономикалык алаканы жандандыруу сыяктуу маселелерди чечүүнүн жалгыз жолу бар. Ал - кыргыз бийлигин легитимдештирүү. Убактылуу өкмөттү ушуга үндөмөкчүмүн. Эми деле кеч эмес. Мурдагы парламентти кайра чакырып, укук талаасына түшкөнүбүз оң.
- Бакиевчилердин өткөн жумадагы бийликти басып алуу планы жүзөгө ашпады. Мындай "басмачылык" кайрадан кайталанбашы үчүн кандай чара колдонуш керек?
- Утурумдук бийликтин эл менен тыгыз кызматташпай жатканы өкүнүчтүү. Жер-жерлерди кыдырып, элдин пикирин угуп, көйгөйлөрү менен жакындан таанышкандын ордуна, кабинеттен чыкпай, Башмыйзамды талкуулап отурушат. Конституциядан да орчундуу маселелер чачтан көп. Аларды тез арада чечпесе болбойт. Антпесе, алдыңкы 2-3 айда экономикабыз нөлгө түшүшү ыктымал.
Республикадагы абал тынчымайынча референдум, шайлоонун тынч өтүшү арсар. Коомдук тартипти сактоодо кимдин ролу зор? Сөз жок, укук коргоо органдарынын, милиция кызматкерлеринин духун көтөрүп, ойдогудай шарт түзүп, ички ишине кийлигишпөө талапка ылайык. Бу тармакка профессионал адистердин келиши да кырдаалдын оңолушуна оңбогондой күч берет.
- Өлкө аймагында түрдүү багыттагы кошуундар пайда болду. Ал эми сиз жетектеген "Кыргызстандын кайра жаралуусу үчүн" уюмунун көздөгөнү не? Себеби, аталган уюмдун "көмүскөдөгү" кожоюну Урмат Барыктабасов экендиги айтылууда.
- Мен төрагалык кылган коомдун артында Урмат Барыктабасов турарын сизден биринчи жолу угуп атам. Уюмдун башчысы катары мындай маалыматты четке кагам.
Буга чейин эки режимде жашадык. Эки президенттин үй-бүлөсү жана жакындары өлкөнү каалагандай "бийлеп", элдин жонунан кайыш тилди. Кыргыздар адашуу жолунда жүрдүк, аябай күйдүк. Үчүнчү ирет жаңылганга акыбыз жок. Биздин уюм мына ушул максатты көздөп түзүлдү. Таза, түз жүргөн инсандарды чогултуп атабыз. Мындай адамдар Кыргызстан тарыхы жаңы, ак барактан башталышына көмөк көрсөтөт. Алар жооптуу кызматтарды ээлеп, мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошушу абзел.
- Демек, Ниязовдун уюму чебер адистерди даярдоочу уюм турбайбы?
- "Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет" дейт. Бүгүнкү жаштардын арасында тажрыйбалуу, патриоттук аң сезими күчтүү адамдар аз эмес. Чет өлкөдөн билим алып, бизнес жасап, көптү көрүп, көзү ачылган жаштарды таап, аларга таянышыбыз керек. Дагы бир жолу айтып коеюн, өлкөдө бейпил, жыргалчылык жашоо орношуна мыкты инсандар гана салым кошот.
Кыргызстандын коррупцияга белчесинен батып, жакырчылыктын гүлдөп өнүгүшүнө Конституция же мамлекеттик түзүлүш айыптуу эмес. Бардыгы өлкөнү жетектеген инсандардан көз каранды. Президент, өкмөт жана парламенттин белгилүү өлчөмдө ыйгарым укугу бар. Кандайдыр бир катачылык кетсе парламент президентти, президент өкмөттү күнөөлөп жатып калат. Тагыраагы, бийлик бутактарынын бирөөсү дагы жооп бербей келген. Андыктан, бизге бардык жоопкерчиликти мойнуна алган улуттук лидер керек. Ал премьер-министрлик институтту жок кылышы абзел. Ошондо гана өлкө аймагындагы орун алган окуяларга ким керт башы менен жооп берерин билебиз.
- Улут лидери атыккан адам кандай сапатка ээ болушу талапка ылайык?
- Саясатчы менен мамлекеттик ишмердин ортосунда айырмачылык чоң. Мамлекеттик ишмер эл-жер үчүн башын сайып, талыкпастан эмгектенет. А саясатчы көпчүлүк учурда бардыгынан жеке кызыкчылыгын жогору коет. Ошон үчүн улуттук лидер мамлекеттик ишмер болушу зарыл. Ошондой эле өмүр таржымалы башкаларга өрнөк болушу керек.
- Деги бизде улуттук лидерликке ылайыктуулары барбы?
- "Баланча улут лидери" деп конкреттүү айта албайм. Аны эл тандап, эл өзү көтөрүп чыгышы зарыл.
- Төгөрөгү төп келген инсанды тандаганга коомчулук бышып жетилдиби? Акылы, билимине эмес, капчыгына карап мамиле жасамай заманда жашап жатабыз дегеним…
- Бир маймылга шляпа кийгизип, көз айнек тагып койдук дейли. Ал башкалардан өзгөчөлөнүп, интеллигент маймылдын образын жаратат. Бирок, ал түпкүлүгүндө маймыл бойдон сакталып калат. Анын сыңарындай, Акаев, Бакиев таржымалынан кийин көзүбүз ачылды. Карапайым калк тараза, кимдин ким экенин эң жакшы билет. Кыргызстандыктар кезектеги диктатордун бийликке отурушуна жол бербейт.
- Президент, тагыраагы, улуттук лидер арабаны өзү жалгыз сүйрөп кете албастыр. Дегеле мартабалуу чиновниктердин милдети, мамлекеттик түзүлүш тууралуу ой бөлүшсөңүз.
- Айыл өкмөтүнөн тартып премьер-министрге чейин президенттин көзүн карап турушат. Жеке адамдын каш-кабагына карап жалтаңдап жүргөн аткаминер жарытып иштебейт. Мамлекеттин тагдыры үчүн жоопкерчиликти кыргыз эли да алсын. Ошондуктан губернатор менен айыл өкмөт башчыларын жергиликтүү калк шайлашы керек. Аларга мыйзам чегинде ченелген бийлик берип, жергиликтүү бийликти өнүктүрүү зарыл. Ошол эле учурда аймактык өнүктүрүү министрлиги түзүлсө деп ойлойм. Ошондо эл атынан мандат алган айыл өкмөт, губернатор бийлик вертикалынын чегинде жана эл алдында жоопкерчиликтүү болот. Аткаминерлер бири-бирин көзөмөлдөп, эл алдында отчет берип турса иш алга жылат. Мындай өлкөдө коррупциянын өлчөмү азайып, социалдык абал жакшырат.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg, тел.:38-67-19