presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Актанмай менен мактанмай

Бекназаровдун "алдым-жуттумдугу", Садыркуловдун апасы Малеванаяны эмнеге колдойт жана контрреволюциянын кийинки толкуну качан башталат?

(Уландысы. Башы 5-бетте)
Азырынча "чабак" экстер колго түштү
Өлкөнүн түштүгүндө болгон окуялар боюнча негизги уюштуруучулардын бири Үсөн Сыдыков менен Исхак Масалиевдин кармалганын билесиңер. Бирок Нариман Түлеев кармала элек. Азыр аны издөө жүрүп жатат. Ошондой эле кечээ Урмат Барыктабасовдун бир машине үгүт материалы Токтогулдан Ош менен Жалал-Абадга бараткан жеринен кармалды. Ал боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бирок азыр бул кагаздардын канчалык деңгээлде башаламандык уюштурууга салымы бар экенин айта албайм. Жалал-Абад обладминистрациясын басып алышкан Кошбай Масиров өзүнүн үч орунбасары менен бүгүн сурак берип жатат. Ошондой эле ОБОНчу аялдардын экөө кармалып, калганынын кимдиги, жашаган жери аныкталды. Бүгүн-эртең алар да колго түшөт. Ош шаарында Мамасадык Бакиров да өз орунбасары менен суралып жатат. Жыйырмадан ашык башка аткаруучулар да укук коргоочулардын колунда. Алардын иштери чогултулуп, бир жерде тергөө болсун деп УККга өткөрүлүп берилүүдө.

Жол тоскондорго жооп, же тажик айдоочулары бизден кыйынбы?
Ошто жүргөндө мага Ош-Эркечтам жолун тосуп жаткан миңдеген айдоочулар "эмне үчүн Кытайдын автомашиналары биз жакка эркин кирет да, биз ал жакка жүк жеткире албайбыз? Ушул суроону он күндүн ичинде текшерип жообун айткыла" деп талап койду эле. Мен аларга "силер жолду тазалагыла. Бул маселени териштирип жообун айтам" деген убадамды бергем. Документтерди карап көрсөк, КР менен КЭР өкмөтүнүн ортосунда 1994-жылы 4-июлда кол коюлган келишим бар экен. Бул келишимге ылайык эки мамлекеттин автотранспорттук каражаттары Кыргызстанга да, Кытай тарапка да ээн-эркин киргенге уруксаты бар. Бирок негедир Кытай биздин машинелерди өз аймагына киргизбейт, бирок өздөрү биз тарапка эркин кирип чыгышат. Эмне үчүн дегенде, кытайлыктар "Кытайга кире берген жерге терминалдарды койгонбуз, жүк ошол жерге түшүрүлүп, андан ары биздин мамлекеттик жүк ташуучу фирмалар менен тейленет" дешти. Ал эми биз тараптагы чегарада терминал жок эмеспи. Ошондуктан алар биздин базарларыбызга чейин кирип келет экен. Муну Кытай тарап ушундайча түшүндүрдү. Буга чейин бул маселе бир нече жолу ЖКда, өкмөттө да каралыптыр. Транспорт жана коммуникация министрлигине Торугартта жана Эркечтамда ушундай терминалдарды куруу боюнча тапшырма берилиптир. Өзүңөр билесиздер, көрсө, Ат-Башыга Аскар Салымбеков курмак болгон терминал чыры ушуга байланыштуу жүргөн экен. Чындыгында эле учурда Кытайдын машинелери Кыргызстанга көп кирет. Мисалы, 2000-жылы ал жактан бизге жылына 94 машине гана кирсе, 2009-жылы 14 миң 197 машине кирген. Эгер Торугарт, Эркечтам чегараларына терминал салына турган болсо, ал жүктөр ошол жерге түшүрүлүп, андан бери биздин машинелер аркылуу ташылып, натыйжада өзүбүздүн айдоочуларга жумуш орду түзүлмөк. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары мен айдоочулар коюп жаткан маселени туура деп эсептейм. Тез аранын ичинде каражат таап, терминал салыш керек. Бул маселени жакында өкмөткө коем.
Дагы бир кызык жагдай, АКШнын авиабазасынан "Манас" аэропортуна жүктөрдү Тажикстандын автомашиналары ташыйт экен. Эмне үчүн мындай келишим болгону азырынча түшүнүксүз. Тендерди ким өткөргөн, эмне үчүн Тажикстандын ташуучу фирмасы утуп алып, өзүбүздүн айдоочулар талаада калган? Учурда бул тууралуу изилдөө иштери жүрүүдө. Аскер прокуратурасына да тапшырма берилди. 1-июнга чейин бул маселелер толук чечилет.

Азгырыкка алданбагыла
Ушул жерден мен түштүк боюнча өзбек туугандарга кайрылып кетер элем. Урматтуу өзбек туугандар, кылымдар бою биздин ичкен суубуз, түшкөн базарыбыз, тайыган мазарыбыз бир. Эч убакта кыргыз-өзбек касташып келген эмес. Өзбек-кыргыз кылып бөлүп жаткандар - бул саясатчы авантюристтер. Ошолорго алданбасаңыздар. Мен билгенден, Кыргыз мамлекети өзбек туугандар үчүн толук камкордук көрүп келет. Ошол эле учурда Өзбекстанда жашаган кыргыздар үчүн ал өлкөнүн расмий бийлиги мындай шарт түзгөн эмес. Ошто кайсы жерге барсак да өзбек-кыргыз мектептери, ЖОЖдору бар. Өз тилиңиздерде каалагандай сүйлөп, иштеп жатасыздар. Кыскасы, Кыргызстанда өзбектерди басмырлоо жок. Бирок учурда өзүн өзбектин лидерлерибиз деп эсептеген айрым саясатчылар карапайым өзбектердин атына жамынып, Кыргызстанда болуп жаткан өткөөл убакта өз кызыкчылыктарын ишке ашырып алалы деп жатышат. Андайга биз жол бербейбиз. Ошондуктан мен силерди чакырар элем, илгертен бирге жашап келгенден кийин дагы да бирге жашашыбыз керек. Кыргызстандын азыркы проблемасы бул өлкөдө жашаган башка улуттардын да проблемасы болууга тийиш. Жакшылыгыбыз да, жамандыгыбыз да бир болуш керек. Мен силерге кайрылат элем, азыркы ички саясатыбыздан пайдалангысы келген кээ бир күчтөрдүн азгырыгына алдырбагыла.

Бекназаров 10 млн. сомду уурдап кеттиби?
Коррупция деп жатабыз, бирок учурда ошол коррупция менен күрөшүп жаткан күч органдарына, анын ичинде мага дагы баягы 2005-жылдагыдай кара пиар башталды. Кезинде Акаевдин колтугуна, кийин Бакиевдин колтугуна кирип алган ошол коррупционерлер бүгүн да убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн айрымдарынын колтугуна кирип, бизди бөлүп-жаруу максатында активдүү иштерди жүргүзүп жатат. Ага мисал катары айтайын, 10-апрелде Ак үйдү кайтаргандар тарабынан табылган 10 млн. сом акчаны Бекназаров алып кетти деген сөз жүрүүдө. Атургай Ош базарында Бекназаров 10 млн. сомду алып кеткен деген баракчаларды таратып жатышыптыр. Мен силерге бул акчаны Улуттук банкка өткөрүүдө түзүлгөн юридикалык документти көрсөтөйүн. Анда бир нече адамдардын колу коюлган. Мында акча ким тарабынан табылганы, анын суммасы, ал кимге өткөрүлүп берилгени тууралуу көрсөтүлгөн. Кылмыш ишине далилзат катары тиркелген акчаны эч ким ала албайт. Бул жерде Ак үйдү кайтарган Тагай Мамбетов, Каныбек Кудайбергенов деген жигиттер күбө катары катышкан. Алардын колу турат. Эгер ал акча жоголсо, анда ага Улуттук банк жооп берет. Бекназаров ал жерден бир тыйын да алып кете албайт.
Дагы бир мисал, 17-майда менин атымдан Свердлов районунун финансы полициясынын башчысы Сартпаев "мен бул акчаны Бекназаровго берип, сени финполго ишке орноштурам" деп бир адамдан 4500 доллар алыптыр. Учурда бул окуя боюнча кылмыш ишин козготтум. Акча берген киши бул сөздү далилдеп берем деди. Менин атымды сатып пара алган киши камалат. Ал эми 11-майда Нарын ресторанынын артында жүрүп жаткан курулушка эки киши келип, КамАЗ айдаган Калыбеков деген жигит курулуштун ээсине Бекназаров бер деп айтты деп 400 метр арматура жүктөтүп кетиптир. Мен өзүм таңгалып жатам. "Бекназаров бер деди" деп эки-үч бала барса эле арматурасын берип отура береби? Аларды кууп жүрүп кармадык. Азыр ошол Бакыт, Мирбек деген балдар камакта отурат. Жанагы 10 млн. сом алып кеткен деген баракчаларды таратып жаткандарды да кармоого буйрук бердим. Бул кээ бир күчтөрдүн атайын уюштуруп жаткан иштери.
Мындай окуялар эмне үчүн болуп жатат? Менин оюмча, бул иштер баягы эле шайлоого байланыштуу. Азыртан тымызын атаандаштарды жаманатты кылып жолдон чыгаруу. Бул биринчи себеп. Экинчиси, билесиңер, 2005-жылы коррупционерлер мени жеңген. Бакиевдин колтугуна кирип алышып мени оодарып түшүшкөн. Азыр дагы ошондой аракеттерди жасап жаткан күчтөр бар. Анткени булардын колунда акча бар, мүлк бар, тааныш-билиш, байланыш бар. Алар аркы жээк-берки жээк болуп жүрсө да, 20 жыл ичинде биротоло бири-бири менен камыр-жумур болуп калган. Өкүл ата, өкүл кыз, бири-бирине куда-сөөк, таяке-жээн болуп тамырлашып кеткен. Кыргызстанда мындай система аябай күчтүү. Андыктан кыргыз чоңдору кандай система келсе да бири-бирине тилектештигин билдирип турат. Убагында мени Жайсаңбаевди, Пакты кое берди деп жазган элеңер. Чындыгында алар бүгүн деле түрмөдө отурушат. Ушуга окшогон ушактар дагы күчөдү. Бакиевдер да ошондой ушактарды жүргүзгөн, бирок кызматтан кууп жибергенден кийин артыман сегиз ай бою шимшилеп, эч нерсе таба алган эмес. Азыр Кыргызстанда эл душманы ким? Баягы эле Бекназаров. Менин душманым көп, жакшы көргөн киши жок. Аны өзүм деле жакшы билем. Себеби мен азыр Акаевдин да, Бакиевдин да куйруктары менен кармашып жатам. Бүгүнкү чиновниктердин да кээ бир жек-жааттарына зыяным тийүүдө. Байлыгын мамлекетке тартып берип жатсаң сени ким жакшы көрсүн. Бирок жогорудагы кара пиарды аябай одоно уюштурушканы мени кейитет. Анан өзүбүздүн кечээ эле башыбызды сайып бирге жүргөн адамдар дагы тымызын мындай иштерге от коюп жатканы мени таңгалдырат. Бул чагым. Бул убактылуу өкмөттү бөлүп-жаруу саясаты. Же болбосо бийлик талашуу үчүн чыккан төртүнчү толкун ушул десек болот. Бизди бириндетип, анан ортодо бир күч шайлоодо жеңип чыгуу саясатын жүргүзүүдө.
Оксана Малеванаянын кайненеси да коркутту
Кечээ Балыкчыдан Урмат Барыктабасовдун туугандарынан кат келиптир. Ал катта "Азимбек Анаркулович, сени Аксынын эли кандай сүйсө, биз дагы Урмат Барыктабасовду ошондой сүйөбүз. Эгер ага карата ачылган кылмыш иштерин мынчасына чейин кыскартпасаң, биз Бишкекке барып убактылуу өкмөт мүчөлөрүн шыпырып түшөбүз" деген мааниде коркутушуп, алдына жыйырмадай киши кол коюптур. Мен буга чейин деле айтып келгем, азыр дагы айтам. Урматтын минтип саясат жасаганы туура эмес. Эгер ал чындап эле мекенчил болсо, чындап эле өз элин сүйсө, ансыз деле өлкөдө тынчтык болбой турган учурда сыртта туруп акча берип ар кандай топторду козута бербей, өзү эле келсин. Сот алдында ага карата козголгон кылмыш иштерине жооп берсин. Ак болсо эл катары президенттик шайлоого коюп утуп алсын. Ал мындан саясат жасабай эле койсо дурус болот эле. Биз эч качан аны куугунтуктабайбыз.
Дагы бир кейиткен окуя, Медет Садыркуловдун 84 жаштагы апасы Кеминден кат жазыптыр. Анда "Оксана Малеваная менин келиним. Анын уулум Медеттен көргөн эки жашар баласы бар. Эмне үчүн аны камап койдуңар? Эгер силер аны тез аранын ичинде бошотпосоңор, мен кеминдиктерди баштап алып жүрүш жасайм" дейт. Чындап эле Садыркуловдун апасы уулу түшүнүксүз себептер менен каза болгон учурда эмне үчүн жүрүш жасаган эмес? Же эмне үчүн Оксана Малеваная Ак үйдүн жетинчи кабатында отурганда "ай, келиним, күйөөң моминтип өлүп отурса, сен эмне үчүн бул бийлик менен иштешип жатасың" деп жүрүш жасабайт? Азыр эми бизди коркутушат. Мына ушундай каттар көп болуп жатат. Кээде күлкүң келет, кээде кыргыз каякка кетип баратабыз деп ыйлагың келет.

Зайырбек АЖЫМАТОВ,
т.: 38-67-19, zairajimatov_76@mail.ru





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы





??.??