presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Экстер эмне дейт?

"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
Коомчулук Аскар
САЛЫМБЕКОВду ири ишкер, саясатчы катары жакшы тааныйт. А киши Акаев, Бакиев бийлигинин тушунда да чоң кызматтарды аркалады. Дайыма бийликтин айтканынан чыкпаган фигурадай таасир калтырат. Учурда эмне менен алектенип жатканын билүү максатында Аскар мырзанын өзүнө кайрылдык.

- "Ак жол" партиясы 2007-жылдагы парламенттик шайлоонун астында түзүлгөнү маалым. Ал кайсы принциптердин негизинде иштегенин эл-журт жакшы билет. Агезде саясаттан алыстап, ишкерлик менен алектенүүнү көздөп жүргөм. Күндөрдүн биринде Ак үйдөн телефон чалышып, "сизди "Ак жолдун" тизмесине коштук, шайлоого камыныңыз" дешти. Алгач сунуштан баш тарткам. Өзүмдүн абалымды түшүндүрүп, саясаттан четтеп туруу чечимине келгендигимди ачык айттым. Анда маркум Медет Садыркулов: "Бул президенттин чечими. Сизди партиянын катарында болушу керек деп айтты" деди. Бийликчил партиянын атынан мандат тагынганымдын кыскача таржымалы ушундай.
- Ак үйдүн айтканына көнбөй койсоңуз болбойт беле?
- Өзүңүз жакшы билесиз. Мен бизнес адамымын. Ал эми ишкерлер кайсы бийлик менен болсо да тыгыз кызматташышы керек. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жогору жактын сунушунан баш тарттың дегиче түрдүү тоскоолдуктарга кабыласың…
Мен түптөгөн Дордой базарында он миңдеген киши эмгектенет. Артымда турган адамдардын тагдырын ойлодум. Эгер жок десем жеке эле өзүм эмес, жакындарым, ишкерлер да зыянга учурамак.
- Эми жаңы бийлик менен да тил табышып, саясатка аралашасызбы? Же парламенттик шайлоого өз алдынча аттануу планда барбы?
- Мактанбай эле коеюн, карапайым калк арасында кадыр-баркым бар. Жамы журттун ишениминин аркасында 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткем. Мен муну ишенимдүү айта алам.
Сурооңузга түз жооп берейин. Азырынча саясатка активдүү киришейин деген ниетим жок. Саясаттан мурда коопсуздук, мамлекет бүтүндүгү, экономика, чегаралардын жабылышы сыяктуу маселелер көңүл чордонунда. Жогорудагыдай көйгөйлөрдү тез аранын ичинде чечиш керек. Антпесе, октябрга белгиленген шайлоонун тынч өтүшү арсар.
- "Ала-Тоо ынтымагы" коомунун лөктөрү менен жолугушуп жүргөнүңүздү угуп атабыз.
- "Ала-Тоо ынтымагы" саясый партия эмес. Анын жетекчилерине кезигип, сүйлөшүп жатканымды танбайм. Бу жерде саясат жок. Биздин башкы максат - араздашкан эки тарапты ынтымакка, биримдикке чакыруу. Кыргызстан деген мекенибизди жоготуп албайлы. Азыр ар бирибиз саясатты үчүнчү-төртүнчү планга жылдырып, элдин эртеңи, келечеги тууралуу ойлонушубуз керек. Бүгүн мамлекетибиз кооптуу абалда. Мындай кырдаалда калктын биримдиги негизги ролду ойнойт. Силердин гезит аркылуу жалпы кыргызстандыктарды ынтымакка үндөмөкчүмүн.
- Алгачкылардан болуп "Ак жол" партиясынын курамынан сиз чыктыңыз. Мунун себеби неде?
- Өткөн жумада өлкөнүн түштүгүндө башаламандык болуп өттү. Ага чейин кээ бир депутаттар байланышып, Жогорку Кеңеште жыйналышарын билдирген. Алардан парламенттин кайрадан чогуларынан утурумдук өкмөт кабардарбы деп сурадым. Көрсө, айрым кесиптештерим мыйзамсыз иш жасоого камынып жаткан экен. Ушундан улам "Ак жолдун" катарынан кеттим. Адам баласы утулганын да жон териси менен сезиши керек.
Учурда кырдаал тынчый элек. "Какаганга муштаган кылып" кресло үчүн чагым уюштурганга акыбыз жок. Мандат, кызматтан дагы мамлекет бейпилдиги алдыңкы орунда турушу зарыл. Кыргызстанды экиге бөлүү душмандардын гана колунан келет.
- Өлкөнүн бүгүнкүдөй оор кырдаалга кептелишине салымым бар деп эсептейсизби?
- Түз болбосо да кыйыр түрдө салым коштук. Бардык маселе фракция жыйынында талкууланып, чечим кабыл алынчу. А биз аны парламент жыйынында добушка коюп, колдочубуз. Эл өкүлдөрү күчтүү режимге туруштук бералбай, мамлекеттик машинанын алдында алсыздык кылдык. Депутаттардын эң чоң күнөөсү ушул. Ошентсе да көпчүлүк учурда өз оюмду ачык билдирчүмүн. Маселен, былтыр Жетим-Тоо темир кени кытайлыктарга жең ичинен пулданып кетиптир имиши тараган. Нарынга барып элдин оюн уктум. Ушул маселе боюнча менден комментарий сураганыңыз эсиңиздеби? Ошондо Жетим-Тоонун сатылганы тастыкталса, нааразы болгон элди өзүм жетектейм деп жооп бергем.
- Экс-президенттин уулу Максим Бакиев сиздин мүлкүңүздү тартып алганы тууралуу маалымат жарыяланган…
- Максимдин мага көп эле кысым жасаганы чын. Дордой базарынан участок сураганынан бергенбиз. Банктардын бириндеги акциябызды арзан баада сатып алган. Үч жыл катары менен "Дордой motors" аталыштагы автотетик базарынын 50% акциясын бересиңер деп иштетпей коюшту.
- Дордойдо соода мурдагыдай жүрүшпөй калды деп нааразылангандарды угуп атабыз. Бул чегаралардын жабылышынын кесепети эмеспи?
- Чегара көйгөйү жеке эле бизге эмес жалпы экономикага терс таасирин тийгизди. Элдин көпчүлүгү соода-сатык менен жан багат. Ушу тапта соода токтоп, карапайым адамдар айласын таппай турган чагы. Андыктан убактылуу өкмөт коңшулар менен сүйлөшүү жүргүзүп, чегараны ачышы зарыл. Болбосо, экономика тармагын алсыратып алышыбыз ыктымал. Анда пенсия, жөлөк пул, айлык акыны эмненин эсебинен жабабыз?
- Экономика илиминин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев Дордой базары мамбюджетке андай деле таасирин тийгизбесин шардана кылды. Буга карата айтар пикириңиз кандай?
- Айылчы мырзанын айтканына кошулбайм. Себеби, Дордой эң көп салык төлөгөн 20 компаниянын катарында. Бизден 10 миңдеген адам нан таап жейт. Дордойдун жер-жерлерде филиалдары бар. Миңдеген адамдын үй-бүлөсүн асыраган базардын республикалык бюджетке кошкон салымы жок деш туура эмес.




  Министрден кыска жооп

"Мыйзамды тебелөөгө жол бербейм"
Кандуу шаршембиде бейкүнөө окко учкан жигиттердин так саны канча? Оор жарадар болгондордун учурдагы абалы кандай? Мына ушул жана башка суроолорго Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира НИЯЗАЛИЕВА жооп берет.


- 6-7-апрелдеги кагылыштын кесепетинен 1622 адам түрдүү жаракат алды. Анын ичинен 511и бейтапканага жеткирилген. Учурда 85 киши дарылануусун улантып жатса, үчөөнүн абалы оор. Аларга кеткен чыгымдын бардыгы мамлекеттин мойнунда.
- Экс-президент Курманбек Бакиев кандуу шаршембиде окко төшүн тоскондор психотроптук заттарды колдонушу ыктымал экендигин айткан. Апрель каармандарына медициналык экспертиза жүргүзүлдү беле?
- Ушу кезге чейин 609 адам соттук медициналык-экспертизадан өттү. Натыйжада 483 кишинин саламаттыгына олуттуу доо кеткени тастыкталды. Калгандарынын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Бирок, иликтөө маалында адамдардын денесинен психотроптук зат табылган жок.
- Апрель коогалаңында жабыркагандардын айрымдары чет өлкөдөгү бейтапканаларга жөнөтүлгөндүгү кабарланды. Ушуга учкай токтоло кетсеңиз.
- Б.Чаргынов аттуу жараныбызга Москвадагы абройлуу клиникалардын биринде операция жасалып, 10 миң доллар сарпталды. Эми операциянын кийинки этабына камылга көрүлүп атат. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, ага дагы 30 миң доллар бөлүнүшү керек экен.
Төрт жараныбыз (Д.Ашыралиев, А.Молдобаев, К.Мухаметалиев, Т.Кашкарбеков) да Россияда дарылануу астында турат. Аларга жалпы жонунан 25700 доллар каражат жумшалат. Мынча ири сумманы табууга чамабыз чакталуу экенин танбайм. Ошондон улам, өлкөбүздөгү банктардын бири бардык чыгымды төлөп бермей болду.
Чет жактан операция жасатууга муктаж адамдар бар. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кыргыздын ишкер жигиттерине кайрылар элем. Мекендештерибиздин ден соолугуна кам көрөлү, колдон келген жардамды аябайлы.
- Утурумдук өкмөт төрайымы Роза Отунбаева апрель окуясында 87 киши мерт кеткенин билдирди. Ал эми сиз жетектеген министрлик 86 адам каза тапкандыгын жарыялаган. Бу эки маалыматтын кайсынысына ишенебиз?
- Роза Исаковнага туура эмес маалымат беришкен окшойт. 7-апрелде шейит кеткендердин так саны - 86. Ошондой эле Жалал-Абаддагы жаңжалда эки жигиттин өмүрү кыйылды.
- 18-19-апрелдеги Маевка коогалаңы, андан кийин Жалал-Абад облусундагы тополоңдо жабыр тарткандардын абалы кандай?
- Маевкадагы эки тараптуу тиреште төрт киши көз жумса, 11и бейтапканада дарыланган. Бүгүнкү күндө үч адам ооруканада жатат.
15-майда Жалал-Абадга барып абал менен жакындан тааныштым. Башаламандык маалында жалпысынан 65 жаран ар кыл жарат алыптыр. Жергиликтүү клиникаларга кайрылгандардын 35ине ок тийгени такталды. Булардын арасынан үчөө борбордогу улуттук госпиталга, бирөө травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна которулду.
- Министрликтин башына келгени сизге каршы чабуул башталды. Чабуулчулардын артында кимдер турарын ачык айталасызбы?
- Маалымат каражаттары аркылуу кара пиар уюштургандардын ким экенин жакшы билем. Алардын колунда мени каралай турган бир дагы конкреттүү фактылары жок. Мынча болду, эми айткандарын далилдешсин. Жеке мен бардыгын мыйзам чегинде жасайм. Мыйзамды тебелеп-тепсегендерге жол бербейм жана коррупцияга каршы күрөштү улантам.

Бетти даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg, тел.:38-67-19




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы





??.??