presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Актанмай менен мактанмай

Бекназаровдун "алдым-жуттумдугу", Садыркуловдун апасы Малеванаяны эмнеге колдойт жана контрреволюциянын кийинки толкуну качан башталат?


Акыркы он күндө коомдук-саясый турмушубуз абдан коогалаңдуу болду. Убактылуу өкмөткө каршы күчтөр контрреволюция жасоого аракет кылышты. Мына ушул окуялардын тегерегинде убактылуу өкмөттүн төрайымы анын
орунбасары Азимбек БЕКНАЗАРОВ "Кабар" маалымат агенттигинде журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп, утурумдук бийликтин кийинки он күн ичинде жасаган иштерине токтолгон. Учурдан пайдаланып биз да Азимбек Анаркуловичке суроолорубузду узатып, жооп алдык.

"Черный" Айбектин атасынын үйүн кимдер өрттөгөн?
Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстан үчүн акыркы он күн аябай оор болду. Азыр деле оор бойдон турат. Эмне үчүн дегенде, өлкөбүздө башаламандыкты уюштурууга аракеттенген бакиевдик күчтөр экинчи бир күчкө кошулду. Негизинен убактылуу өкмөткө буга чейин 7-апрелде кан төккөн күчтөр каршылык көрсөтүп келсе, азыр аларга "күнөөкөрлөрдү кармабайсыңарбы, эмне үчүн качырып жатасыңар" деп доомат койгондор кошулуп, акыркы күндөрү кылмыш иши козголгон бакиевчил үй-бүлө менен тыгыз иштешип, коррупциялык жолдор менен байыгандардын башы биригип экинчи толкун пайда болгон. Булар бийлигин жана буга чейин арам жолдор менен топтоп алган байлыгын кайтарып берүүдөн качуу максатында өлкөдө башаламандыкты жүргүзүү аракетин көрүшүүдө. Мындай кыймылдардын башында экономикалык кылмыштары бар адамдар турат. Алар Түлеев, Сыдыков, анча-мынча Барыктабасов аралашып жатат. Азыр мен алдын ала айтып коеюн, эми үчүнчү толкун пайда болот. Алар колу кандуу биринчи топтун, андан кийин экономикалык кылымыштарына жооп бергенден качып жаткандардын курамынан пайда болуп, учурда улуттар аралык кагылыш жаратсак деп турушат. Мен Жалал-Абадда, Ала-Бука районунда болуп, Үсөн Сыдыковдун чырынан кийин уюштурулуп жаткан тынчтык митингине катышып, алардын жетекчилери менен сүйлөштүм. Бийлик бул аракеттерди толук көзөмөлдөп жатат.
Бирок ошого карабай эл ичинен ар кайсы күчтү ээрчигендер бар. Бизге мындай иштерди уюштургандардын артында кимдер бар экендиги белгилүү. Болгону азыр бизде аларды кармаганга жетишерлик далилдер жок. Бирок оозеки сүйлөшүү иштери жүргүзүлүп жатат. Алдын ала эскертип жатабыз. Жакында мен Жалал-Абадда ондон ашык өзбек лидерлери менен жекеме-жеке сүйлөшүү жүргүздүм. Жолдошторчо эскертүү бердим. Мага биртобу түшүнүштү. Бирок ошого карабай, айрым саясатчылар өздөрүнүн кылмышын жашыруу жана өзүнүн дымагын көрсөтүү максатында өз алдыларынча элди бөлгөн саясат жүргүзүп жатат. Сөзүм куру болбош үчүн айтып коеюн. Мисалы, Жалал-Абадда эл контрреволюция жасагандардан облустук администрацияны бошоткондон кийин кээ бир кишилер өзүнүн жеке кызыкчылыгынын негизинде Бакиевдерге тиешелүү төрт үйдү өрттөшкөн. Алардын арасында кримдүйнөгө белгилүү "Черный" Айбектин атасынын үйүн да өрттөп жиберишкен. Чындыгында бул жерге анын эмне тиешеси бар эле? Ал эми Бакиевдердин үйлөрүн сот ансыз деле камакка алган. Улут аралык чырды козуткусу келгендер Махамаджан деген өзбек кишинин үйүнө автомат менен барып өзүн кууп чыгып, мүлкүн тоноп кеткен. Анын деле эч бир саясый себеби жок. Башкача айтканда, мындай иштерди эптеп эле элдин тынчтыгын бузгусу келген күчтөр уюштурган. Учурда бул иштерге тиешеси бар адамдар камакка алынды. Аларды жазалоого убактылуу өкмөттүн күчү жетет.

Бакиевдер 5 млрд. сомдон ашык жеп кетти
Бүгүнкү күнгө чейин экономикалык, коррупциялык схема боюнча жүздөн ашык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ММКда маалыматтар берилип жатат. Россиядан алынган 300 млн. доллар кредит түздөн-түз президенттин уулу Максим Бакиев тарабынан тейленгенин билесиңер. Айта турган болсок, Максим өнүктүрүү фондунда директорлор кеңешинин төрагасы болуп туруп 35 млн. долларды өзүнүн тааныштарынын банкына дебитордук карызга салып койгон. Калган 226 млн. 300 миң долларды өнүктүрүү фондунун башкы директору Елисеев аркылуу Гуревич башкарган "МGН Grouр" компаниясына процентке берип салган. Тергөөнүн жүрүшүндө "АУБдан" 880 млн. сом, "Кыргызинвесткредитбанктан" 100 млн. сом, "Ысык-Көлинвестбанктан" 70 млн. сом, жалпысы 1 млрд.130 млн. сом республикалык бюджетке кайтарылды. Журналисттер кээде бизди эмне иш жасап жатасыңар деп жазып жатасыңар, азыр айтылгандай, жогорудагы сумма тергөө органдарынын аракети менен республикалык казынага кайтарылды. Бул сумма - үй-бүлө уурдап кеткен каражат. Ошондой эле бюджетке "Кыргызинвесткредитбанктан" 2 млн. доллар, "Бакайбанктан" 1 млн. доллар, "Манасбанктан" 8 млн. доллар, "АУБдан" 22 млн. доллар которулган. Бардыгы болуп тергөө иштеринин жыйынтыгында 35 млн. АКШ доллары кайтарылды. Тергөөнүн жүрүшүндө мындан башка дагы "АУБ", "Бакайбанкы", "Манасбанкы" коммерциялык банктарында мыйзамсыз жаткан депозиттик ячейкалар шаардык прокуратура тарабынан табылып, алардын Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакындарына таандык экени белгилүү болгон. Банктан Бакиев Марат Курманбекович, Елисеев Алексей Александрович, Пак Ульяна Юрьевна, Ким Сергей Вячеславич, Ким Вячеслав Карлович, Надель Михаил, Бакыт Калыевге тиешелүү болгон чоң суммадагы каражаттар табылган.

Турдумамбетовду туйлатпай турган 20 жыл
Өзүңүздөр жакшы билесиңер, "Кыргызтелеком", "Түндүкэлектро" сыяктуу ишканаларды мыйзамсыз менчиктештирүүдө да чоң суммадагы мамлекеттик каражаттар зыянга учураган. Мисалы, "Кыргызтелекомду" сатууда мамлекет 1 млрд. 628 млн. 116 миң сом чыгаша болгон. Ал эми "Чакан ГЭС" акционердик коому "Түндүкэлектро" ишканасын сатуу операциясында 120,7 млн. доллар зыянга учураган. Азыр бул каражаттар мамлекетке кайтарылды. Бул боюнча мүлк фондунун мурдагы министри Турсун Турдумамбетовдун өзүнө эле жыйырмадан ашык кылмыш иши ачылган. Ал жыйырма жылдан бери мамлекеттин мүлкүн башкарып турган учурда жасаган күнөөсүн мойнуна алып, өз ыктыяры менен жооп берүүдө. Муну менен кошо ал өзү менен бирге мыйзамсыз иштерди жасагандардын да бетин ачып, тергөөгө жардамдашып жатат. Учурда аны менен кошо биртоп адамдар жоопко тартылды. Мурдагы мэр Нариман Түлеевдин үстүнөн да бир нече кылмыш иши ачылды. Анын бири, ал МАИге мэрия берип жатат деген чоң шаан-шөкөт менен тапшырган 25 кызматтык автомашинаны сатып алууда өткөрүлгөн тендерде эле 84 миң долларды өз чөнтөгүнө салып койгон. Көрдүңүзбү, бакиевчилер өздөрүн элдин акчасы менен берешен катары реклама кылганды да, өз чөнтөгүн кампайтканды да билген. Айтор, бакиевчилердин жасаган экономикалык кылмыштары башынан ашат. Алардын шаардын сыртынан мыйзамсыз алган гектарлаган жерлерин айтпай эле коеюн. Алар менчиктештирип алган ишканалардан түшпөй калган миллиарддаган салыктар тууралуу айтпай эле коеюн. Ал эми Ысык-Көлдөгү президенттин үй-бүлөсүнө, жакындарына тиешелүү пансионаттарды, жер үлүштөрүн мамлекетке өткөрүү боюнча убактылуу өкмөткө маселе коюп жатам. Буга чейин Көлдөгү 360 гектар жер Бакиевдерге тиешелүү экендиги аныкталган. Алдыдагы жумада ошол 360 гектар жерди андагы айыл өкмөттөрүнө өткөрүп беребиз.

(Уландысы 7-бетте)





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы
а ­е¦Є.НҐй«