presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жар кырындагы кырдаал

Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?

Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтуусу боюнча 19-майда Жалал-Абадда чыккан кагылышка ЖК мурдагы депутаты Кадыржан Батыровдун жергиликтүү ММКга берген маалыматы себепчи болгон. Ал журналисттерге 14-майда Жалал-Абад облустук администрацияны бошотуу учурунда ал жерден бакиевчилерди эч кандай саясый партия мүчөлөрү эмес, өзүнүн улутташтары кууп чыкканын айтып, эми ошол батыровчулар бийликке келиши керектигин белгилеген.


Такталбаган маалыматтарга караганда, 12-14-майда болгон кагылышта Кадыржан Батыровдун талапташтары Бакиевдердин үйүн өрттөөгө жана улут аралык чыр чыгаруу максатында өзбек улутундагы атуулдардын үйүн тоноого катышып, атайын эле кыргыз улутундагыларды сабаган фактылар кездешкен. Мындай аракеттерге нааразы болгон төрт-беш миңге чукул эл 19-майда "Телтору" ат майданына топтолуп, Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун президенти Кадыржан Батыровду улут арасына от жагууда деп айыпташып, аны мыйзам жоопкерчилигине тартууну талап кылышып, ал күнү түштөн кийин чогулгандардын бир бөлүгү шаардын көчөлөрүн аралап, облустук акимчиликти көздөй жөнөшкөн. Көрүүчү болуп жүргөндөр кошулуп отуруп, саат экилер чамасында 5 миңден 8 миңге чейин чогулган эл шаардын борбордук көчөлөрүн аралап Элдердин достугу университетине келип, окуу жайдын имаратын ташбараңга алышкан.
Так ушул учурда жогорудагы талаптарга губернатордун милдетин аткаруучу Бектур Асановдун телефон аркылуу Үсөн Сыдыков менен сүйлөшүүсүндө 500 автоматчым бар дегенине жооп берүүсүн жана К.Бакиевдин туугандарынын айылдагы үйүн өрттөөгө ким уруксат бергенин айтып берүү талаптары кошулган. Ошол күнү убактылуу өкмөт билдирүү таратып, 13-14-майда Жалал-Абадда болгон окуялардай эле бул жолку тополоңду да бакиевчилер уюштурду деди. "Бул жексур адамдар өздөрүнүн кандуу оюндары аркылуу улут аралык мамилени бузуп-жарып, этникалык кагылышууларды чыгарып жатышат" деп айтылган ал билдирүүдө.
"Саман учса Самарканд өрттөндү" деген өкмөт
Албетте бул башаламандыкка катышкандар арасында бакиевчилер болушу толук мүмкүн, алардын уюштурушунан да шек санабайбыз. Бирок ошол эле учурда убактылуу өкмөт эмне үчүн экинчи тарап тууралуу эч нерсе дебейт? Эмне үчүн талап кылынган маселелер тууралуу ооз ачпайт? Эмне үчүн өлкөбүз кыйынчылыкта турган учурда эң аялуу теманы козгоп, өз улутташтарына жамынып алып "тийип койсоң сийип койгон" башка улуттун лидерлери таза боюнча калат да, ок жеп жаткандар "бакиевчил" болуп күнөөлөнөт? Эгер адилет карай турган болсок, ал окуяга катышкан карапайым элдин кимдир бирөөсү бакиевчил болсо болгондур, анын эмнеси бар экен? Кеп алар койгон маселенин чын же калп экенинде да. Эгер ал адамдардын койгон маселеси туура болсочу? Ырас, "жетимге жөтөлдүн кереги не" дегендей, өлкөдө тынчтык болуш үчүн өз балдарыбызды анча-мынча какыс-кукус кылып койгон туура. Бирок азыркы тапта убактылуу өкмөт бир аз болсо да адилет болсо дурус болот эле. Дегенибиз, бийлик эл "Телтору" ат майданына топтолуп турганда эле койгон талаптарын угуп, чеччүсүн чечип, чечилбегенин эки улуттун аксакалдарына салып, кызуу кандуу жаштарды жайгарып койсо болмок. Канткен менен миңдеген адамдар К.Батыровду жоопкерчиликке тартууну жөн эле талап кылышкан эместир.
Дагы бир маселе, бул чырга улут аралык деген боек Кадыржан Батыров жана биздин урматтуу убактылуу өкмөтчүлөр тарабынан сүртүлүп, жөнжай эле тынчтык митингиси чындап эле эки элдин араздашуусуна айланып кетти. Ат майданда болгон окуяга катыштыгы бар жигиттердин берген маалыматына караганда, Батыровдун жоопко тартылышын сурангандар жалаң эле кыргыздар болгон эмес. Ал топтун арасында өзбектер деле бар экенин айтып жатышат. Ал эми коюлган талаптардын кандайдыр бир деңгээлде туура экенин К.Батыровдун акыркы кездеги авантюристтик саясатынан улам аңдаса болот. Бирок тилекке каршы, биздин бийлик бул тополоң боюнча улут аралык чыр-чатактарды чыгаруу үчүн бакиевчилер уюштурду деген калпыс билдирүү таратып, ал К.Батыровдун жактоочулары тарабынан кошул-ташыл болуп, эки элди дүүлүктүрүп ийди десек болот. Бул жерде демонстранттарды актагандан алыспыз. Бирок эки элдин мамилеси тууралуу жыйынтык чыгарууда утурумдук өкмөтүбүз этият болуш керек эле. Кайсы бир улут лидеринин туура эмес жасаган иштерин сындап койгон эл улуттук араздашууну жаратышты деп күнөөлөнө береби? Чындыгында бул иш өтө аяр мамилени талап кылган маселе болчу.
Ичине ок тийген 5 жашар кыз, кылтылдаган кырдаал
Элге карата атылган ок биринчи жолу Элдердин достугу университетинин күзөтчүлөрү тарабынан чыгып, алгачкы мүнөттөрдө 6 адамга ок жаңылган. Себеби ушул учурда топтолгон эл жогорку окуу жайды ташбараңга ала баштаган экен. Акыркы маалыматтарга караганда, Жалал-Абаддагы массалык тополоңдо эки адам каза болуп, жаракат алган 71 адам ооруканага кайрылган. Саламаттык сактоо министрлигин маалыматы боюнча оор деп эсептелген жарадарлардын сегизи облустук ооруканага, экөө Сузактын аймактык ооруканасына жаткырылган. Алардын ичинен эки адам кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ичине ок тийген 2005-жылы туулган 5 жашар кыз кечээ операция болуп, бүгүн эсине келди.
Кечээ Жалал-Абадда эл арасында кагылышуулар токтобой жатканынан улам, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана кырдаалды тез арада калыбына келтирүү максатында убактылуу өкмөт Жалал-Абад шаары менен Сузак районуна 2010-жылдын 1-июнуна чейин өзгөчө абал киргизүү тууралуу декрет кабыл алды. Ага ылайык, аталган аймактарда кечки саат сегизден таңкы алтыга дейре коменданттык саат киргизилди. Ошондой эле ички иштер министринин милдетин аткаруучу Б.Алымбеков Жалал-Абад шаары менен Сузак районуна комендант болуп дайындалды. Окуя болгон күнү түштөн кийин Жалал-Абадга келген убактылуу өкмөттүн түштүк региону боюнча өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков кыргыз-өзбек аксакалдары жана өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чагымга алдырбоону, тынчтыкты жана ынтымакты сактоону суранды. 20-майга карата Жалал-Абаддагы кырдаал жалпысынан көзөмөлгө алынды. Аскерлер көчөгө чыгарылып, күзөт жүргүзүлүүдө.
Зайырбек АЖЫМАТОВ




  Экс-президенттин мекенинде

"Маселени күч менен чечүүгө болбойт"

Кыргыз-өзбек араздашуусу кечээ дагы улантылды. Нааразыланган тарап кайрадан "Телтору" ат майданына чогулуп, экс-депутат Кадыржан Батыровду жоопкерчиликке тартуу, губернатордун милдетин аткаруучу Бектур Асановду жумуштан кетирүү талабын коюшту.
Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков ушу тапта Жалал-Абад облусунда жүрү. А киши чогулган элдин астында сүйлөгөн сөзүндө күнөөлүүлөр табылып, жоопкерчиликке тартыларын билдирди.
Ал ортодо Бектур Асанов менен Исмаил Исаковдун барымтага алынды имиши тарады. Ошол эле учурда "Атуулдар коррупцияга каршы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова интернет сайттардын бирине курган маегинде бул аңызды четке какты. "Жалал-Абадда болуп жаткан окуялар жаңы бийликтин менеджердик ишинин начардыгын айгинелейт. Биз, бейөкмөт уюмдар, убактылуу өкмөттү карапайым калкты тынчтантууга чакырабыз. Маселени күч менен чечпеш керек. Исмаил Исаков эмес, утурумдук президент Роза Отунбаеванын өзү жалал-абаддыктарга кайрылып, абал менен жакындан таанышуусу зарыл" дейт ал.
Жалал-Абаддагы кырдаал боюнча губернатордун милдетин аткаруучунун орунбасары Кадырбек ЖАКЫПОВго эки-үч суроо менен кайрылдык.
- Кадырбек мырза, облус аймагында абал кандай?
- Түзүк эле. Ала-Бука району жана башка айылдарда жергиликтүү жашоочулар жыйналып, улуттар аралык маселени тынчтандыралы деген позицияда турушат. Жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
- Шаршембидеги жаңжалды уюштургандардын артында экс-депутат Кадыржан Батыров турганы айтылды. Батыровдун кайда экенин тактадыңыздарбы?
- Бул маселе боюнча укук коргоо органдары иштеп атат. Анын кай жерде жүргөнү туурасында так маалыматым жок.
- Губернатордун милдетин аткаруучу Бектур Асановдун сабалганы чынбы?
- Исмаил Исаков менен Бектур Асанов ат майданына барган. Чындыгында айрым кишилер провокация уюштуруп, Асановду көздөй таш ыргытып, колдору да тийиптир. Тилекке жараша, жеңил жаракат алыптыр. Азыр абалы жакшы.
- Элдин койгон талабы качан аткарылат?
- Тиешелүү органдар Кадыржан Батыровго кылмыш ишин козгогон. Бүгүнкү күндө иликтөө амалдары жүрүүдө. Кандай чечим чыгарын күтүп атабыз.
Батыровдун "штабы" алынганда
19-майдагы тополоңдо Кадыржан Батыровдун тарапкерлери Элдердин достугу университетин ээлеп, чыкпай турушкан. Кечээ таңда атайын кызматтын көмөгү аркасында имарат бошотулду. Милиция кызматкерлери окуу жайдын ичинде канча адам болгондугун ачык жарыялабады. Маалыматтарга караганда, имарат зыянга учураган эмес. Болгону айрым айнектери талкаланыптыр. "Бүгүнкү күндө аталган окуу жай укук коргоочулардын толук көзөмөлүндө" дейт жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.
Экинчи борбор тынч
Ош облусундагы кырдаал менен жакындан таанышуу үчүн эркин журналист Алишер ТОКСОНБАЕВге телефон аркылуу байланышып, буларды билдик.
- Өзбек туугандардын басымдуу бөлүгү Ошто жашайт. Учурда абал тынч. Улуттар аралык пикир келишпестик көрүнүштөрү байкалбайт.
- Ал жакта дагы Жалал-Абаддагыдай тополоң орун албашына кепилдик барбы?
- Эртең кандай болорун бир Кудай билет. Кудайдан башка андай кепилдикти эч ким бералбайт. Себеби, билинбегени менен улуттар аралык маселе курч деңгээлде. Бакиев, андан мурдагы Акаев режиминде иштеген адамдар азыркы жаңы бийликке ич күйдүлүк кылып, көралбастык мамиле жасашы ыктымал. Мындан сырткары, сырткы күчтөрдүн да таасири бар. Алар бирикчү болсо, улуттар ортосуна от жагып коюшу мүмкүн.
- Бу жаатта жергиликтүү бийлик төбөлдөрү кандайдыр бир аракет көрүп жатканын баамдадыңызбы?
- Губернатордун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков, мэрдин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов алыскы аймактарды кыдырып жүрүшөт. Эки жетекчи тең бардык улуттун көйгөйлөрүн жеринде иликтеп, тез арада чечүүгө аракет жасап атышат.
P.S. Гезит басууга даярдалган маалда "Телтору" ат майданында жыйналган адамдар тараганы маалым болду. Ал эми Исмаил Исаков Кадыржан Батыровду кармап жазага тартуу үчүн үч күндүк мөөнөт сурады. Буга улай облустун басма сөз кызматы элдик кошун түзүлгөнүн жарыялады. Кошунчулар тартип сакчылары менен биргеликте кырдаалды көзөмөлдөшмөкчү.


Нурканбек КЕРИМБАЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы





??.??