presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Телефон шантаж

Кимге ишенебиз?
(Уландысы.
Башы 1-бетте)
М.Б.: - Биринчи күндөрү Гаипкулов, Мырзакматовдор, башкалары мени менен байланышта болушкан. Мен аларга балдар, алар силер эмнени кааласаңар ошону убада кылат. Ишенип койгула, кийин алар силерди сатып, ал тургай түрмөгө камайт. Алар үчүн түштүктөр адам эмес. Силер кийин эшек кайтаргыч болосуңар. Силердин балдарыңар да кийин эшек кайтарат дегем.
Ж.Б.: - Мм. Да.
М.Б.: - Алар түштүктү тебелеп ташташат. Азыр сокку ургула десем, тигилер "макул, макул" дешип, бирок эч нерсе кылышкан жок. Алар эми араң тигилерге кереги жок экенин түшүнүштү. Эми тигилер баарын тартып алып, өздөрүн арыктатарын түшүнүштү.
Ж.Б.: - Балким аларды каржылоонун кереги жоктур.
М.Б.: - Жок, канткен күнү да мен алар менен жолугам. Болгону азыр сизге айтканды мен аларга айтам. Анткени муну айтыш керек. Баары бири мен аларга муну айтам.
Ж.Б.: - Алайлыктар Маратты алып чыгышсын.
М.Б.: - Орустар азыр бир аскер адамын даярдап жатышат. Азыр ал жакта баарын колго алыш үчүн бир лидер, беш жүз жакшы үйрөтүлгөн зөөкүр керек. ИИМ аларды кармаганга барат дейсизби? Эч качан, барбайт.
Ж.Б.: - Азыр эч ким барбайт.
М.Б.: - УКК буга барбайт. Ишине берилген аскер адамдарынан он чактысы барар. Бирок, бул эч нерсе эмес.
Ж.Б: - Каршы чыккандар таш менен ургулашы мүмкүн. Бирок, 300-500 киши жетиштүү. Артынан дагы беш жүз адамга бир аз акча берсе баары жакшы болот.
М.Б.: - Эгер муну ишке ашырсак, бийликке келчү адам керек. Бул шеф. Ал легитимдүү, мыйзамдуу. Билгениңди кыл деп кое алат. Мен шеф менен сүйлөштүм. Ал жакта ошо күнү баягыда болгондор да болот экен. Мен "андан да көп болот, катуу аракет кылыш керек" десем шеф болбой жатат.
Ж.Б.: - Ал буга барбайт.
М.Б: - Мен тынчтык жолу мен басып алуу болбойт деп жатам.
Анда ким болот? Ким төңкөрүш жасабасын ал легитимдүү болбойт. Ал тигилер менен бир тепкичте болот.
Ж.Б.: - Биз бул тууралуу айтпайбыз да. Туурабы. Анда бизди ким колдойт?
М.Б.: - Ооба, андайды да табыш керек.
Ж.Б.: - Камчы, Акмат сыяктуулар. Алардын буга дарамети жетет.
М.Б.: - Камчы буга даяр эмес.
Ж.Б.: - Ага өлкөнүн бир районун көтөрүп чыгышың керек деп айтышыбыз керек.
М.Б.: - Желекти сен көтөрүп чыгышың керек деппи?
Ж.Б.: - Желекти сен көтөрөсүң, сен бизден алкыш аласың деп экөөнүн бирин түртүш керек.
М.Б.: - Экөө кийин бизди сатпайт деп ким кепилдик берет?
Ж.Б.: - Алар баарын жасайт бирок, эмне кыларын билбей калышат. Ошондо шефтен добро алып, бирөөнү официалдуу түрдө шайлоо керек.
М.Б.: - Ооба, анан официалдуу легалдаштыруу зарыл.
Ж.Б.: - Ооба, анан акырындап мыйзамдаштырыш керек. Бирөөнүн кымындай нерсеси билинсе ага асылуу кыргыздардын оорусу. Сен кийинки кадамдарды ойлонушуң керек. Жети жүрүш бар.
М.Б.: - Бул жерде жаман жагы Камчы регионалдык фактор. Анда түндүк түштүктөр келип, баарын талкалап жатат деп көтөрүлүп чыгат.
Ж.Б.: - Анда аны премьер кылып, Нариманды президент кылыш керек.
М.Б.: - Анан экөө бири-бирин өлтүрүп жаны тынат деңиз.
Ж.Б.: - Бизге ушу керек эмеспи.
Ж.Б.: - Биринчи кадам ушундай болсо, экинчисин жасайбыз. Ошон үчүн ийгиликтүү, жакшы мезгилди күтүш керек.
М.Б.: - Ооба, беш жүз адам уюшкандыкта, жүз-жүздөн бөлүнүп, куралданып барышы керек. Антпесе, тигилер буларды кырып жоготот.
Ж.Б.: - Угушума караганда бул жактан кимдир бирөөнү алдын ала сатып алышкан турбайбы?
М.Б.: - Караңыз. Феликске 1 млн. рубль беришкен. Алар Алмазга да акча беришкен. Сариевге да беришкен. Кандай ойлойсуз, Сариев, Атамбаев, Куловдун электораты бир да, туурабы?
Ж.Б.: - Ооба, алар бир региондон.
М.Б.: - Алардын экөө солто, бирөө кытай. Алар ич ара тытышуу үчүн ушуну жасашты.
Ж.Б.: - Ооба, алар эч качан бириге албаган немелер.
М.Б.: - Ошондуктан менимче, бизге канал табышыбыз керек. Мен алардын бардыгы менен сүйлөшүп баштайм. Мен сүйлөшүүнү Текебаевден баштайм. Биз ага, мына сага акча берем, биз сени элге мактайбыз деп кепке келтиребиз. Ошентип алардын бирин өтө мактап, бирин "төпөштөп" баштайбыз.
Ж.Б.: - Анын баары сенин атыңан кетеби, же башкалардын атынанбы?
М.Б.: - Албетте менин атыман, ачык эле болот. Мен ачык эле болгон ресурсту сага багыттайм деп айтам.
Ж.Б.: - Анан шарттарды коесуң да?
М.Б.: - Ооба, чындыкка жакын болуш үчүн реалдуу шарттарды коем. Азыр аларда ансыз да башаламан болуп жатат. Эл мындан тажап бүттү. Орустар да парламенттик башкарууну каалабайт. Аларга бардык көзөмөлдү колго алган бир гана адам керек.
М.Б.: - Сизден орустар неге бөлүнүп кетти?
Ж.Б.: - Билбейм, аларга бирөө келип жолукмак дешти. Мен мейли, кийин казактардын, же өзбектердин территориясынан жолугабыз дедим. Анан аларды кетирдим. Кийин кайра барган жокмун.
М.Б.: - Түшүнүктүү.
Ж.Б.: - Аларга өтө кадырлуу адам чалыптыр. Билишимче, ал ставканы аз койдуңар деп нааразы болуптур.
М.Б.: - Сиз орустар менен байланышып көрбөйсүзбү. Балким, сиздин карта менен ойнойбуз. Сиз орустар үчүн идеалдуу адамсыз. Алар сизге окшогон тоготпос, аскердик адамды жакшы көрүшөт эмеспи.
(Сүйлөшүү жарым сааттан ашык созулгандыктан, кыскартуу менен берилди)




күч биримдикте

Шаршемби күнү убактылуу өкмөт башчысынын биринчи орунбасары Алмазбек Атамбаев "Вечерний Бишкек", "Агым", "МСН" гезиттеринин журналисттери менен жолугушту. Ал убактылуу өкмөттүн акыркы кезде жасаган иштери, чечилбей келаткан көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору тууралуу айтып берди.
Кыргызстандын азыркы абалдан чыгуучу бирден-бир жолу биримдик экендиги, ички жана тышкы деструктивдүү күчтөргө бирге каршы туруу менен гана сексенден ашык адамдын каны аркылуу жеткен эл бийлигин сактап калууга болорун белгиледи.


  Узун кулактын убарасы

Тыңшагандарды да издеп жатабыз

19- майда интернет булактарында А.Бекназаровдун, Т.Сариевдин, А.Атамбаевдин үнүнө окшогон адамдардын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн аудиожазмасы тарап кеткен. Бул тууралуу коомчулукта ар кандай ой-пикирлер айтылып, уу-дуу ушак сөздөр көбүрүп-жабырып чыкты. Ушуга байланыштуу убактылуу өкмөт расмий билдирүүсүн таратты.
Билдирүүдө: "…аталган убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ортосунда жогоркудай сүйлөшүүлөр болгондугу ырас. Андагы айтылган 1 млн. долларга жакын каражат убактылуу өкмөттүн чечимине ылайык 12-14-майдагы деструктивдүү күчтөр уюштурган саясый акцияларды жөнгө салууга жана коомдук тартипти сактоо чараларына керектөө үчүн күч структураларынын өтүнүчү менен бөлүнгөн. Укук коргоо органдарынын көрсөтмөлөрү боюнча айтылган суммадагы каражат атайын операцияларды уюштурууга, чыр чыккан аймактарга кошумча күчтөрдү жеткирүүгө, элдик кошундарды колдоого жумшалган" деп айтылат.
Ошондой эле убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү коомчулук үчүн ар дайым ачык, алардын ишине байланыштуу коомчулукта пайда болгон бардык суроолорго жооп бергенге, ошону менен бирге эле сөз болгон телефондук сүйлөшүүлөр боюнча да маалымат бергенге даярбыз дешет.
Мындан тышкары, белгиленген мыйзам чегинде уруксат алынбагандыктан жогорку айтылган аудиожазманын мыйзамсыз экендигин баса белгилешиптир. Ага улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын башка официалдуу структураларынын да тиешеси жок.
Бул маселе боюнча убактылуу өкмөт башчысы Р.Отунбаева кылмыш ишин козгоону, телефондук сүйлөшүүлөрдү мыйзамсыз жазып алгандарды таап, "көргүлүктү көрсөтүүнү" Башкы прокуратурага тапшыргандыгы айтылат.


Болжолдуу түрдө Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго таандык делген сүйлөшүү:
А.Б.: - Алло?
Т.С.: - Азимбек Анаркулович? Тиги Кубан келди да, айтып жатпайбы биз бардыгын Нацбанкка өткөрүп бергенбиз деп. Эми процедурасын кандай кылабыз? Аларга азыр бир миллионду берсең чалкасынан кетет да. Ошон үчүн прокурорго кат жазыш керек.
А.Б.: - Ошон үчүн баарысын Минфинге өткөзүп салбайлыбы? Алло?
Т.С.: - Анда өткөзүп туруп, за минусом одной деп жазыш керек да. Хранение деп. Аны алып чыгып кетиш керек болуп жатпайбы. Аны кантип алып чыгып кетебиз?
А.Б.: - Жолу болуп жатпайбы, эми бир секрет…
Т.С.: - Эми сиз прокурорсуз да. Прокурор кандай кылыш керектигин ойлонуш керек. Шашылыш түрдө.
А.Б.: - Силерге баарын бериш керек. Бирок, силерден кандайдыр бир кагаз керек да.
Т.С.: - Ооба алдык деген кагаз керек. Суммасы канча аерде? 19 млн. 600 дейт. Анда 18 млн. 600 деген кагазды бул жакка бериш керек да.
А.Б. - Ооба. Кубан сенин жаныңда отурабы?
Т.С.: - Ооба, Кубан менде отурат.
А.Б.: - Экөөң сүйлөшкүлөчү. Биз мындайда секретный неме чыгарып коебуз. Буга укугубуз бар да.
Т.С.: - Жок, азыр бул бербейт деп жатпайбы. Бул Нацбанкка берген экен. Азыр мен бер десем чалкасынан кетет да.
А.Б.: - Албетте, ошон үчүн силерге албайсыңарбы?
Т.С.: - Анда казначействодон өткөрүшүбүз керек да. Казначействодон өткөрсөк фиксировать этилип калат да. Анда өкмөттүн токтому керек болуп калат. Секретный болбой калат да. Ошон үчүн бизге өткөрүп бере турган болсо, бирин минус деп өткөрүп бериши керек.
А.Б.: - Мейли, минус деп өткөргүлө. Минусуна булар токтом чыгарат кандай деп. Токтомдо кимдир бирөө алыш керек. Силерден бирөө алыш керек. Баягында эле мен ошондой кылгам.
Т.С.: - Жок, андай болбойт. Өткөндөгүнү эч токтому жок биз тияктан алып спецоперацияга деп берип салганбыз да. Кийин анан беш жылдан кийин текшерсе булар жеп койгон деп айтат да. Ошон үчүн кагаз калбаш керек аерде. Мурунку актыларды айрып туруп, 19ду 18 деп жазып, бирин берип, анан ошону менен кетиш керек.
А.Б.: - Кубан менен сүйлөшчү анда, ал жакта аны-мунулар да катышкан да.
Т.С.: - Ошондою бар да, эмне кылабыз анан?
А.Б.: - Ошон үчүн жанагы сенин вариантың жакшы да. Башка бир бизнесмендерди таап келип аларды кызыктырыш керек. Ошол жеңилирээк да. Эми андай адамдар сенде бар да.
Т.С.: - Жок, эми андай адамдар милдеттенме алыш керек да. Баягыда билесизби, экөөбүз эмнени гана кылган жокпуз. Аны сиз жана мен билем. Көптөрү аны түшүнгөн жок да. Ойлоп атышат да бизди жыргап эле калды деп.
А.Б.: - Ошентип чуркап жүргөндөр бар. Ошолор менен сүйлөшпөйсүңбү?
Т.С.: - Менде жок эми, айтсаңар мен бирөөлөр менен сүйлөшөм. Бирок, эртең мына тиги сүйлөшүп атат деген сөздөр чыгат да. Азыр баары эле артынан коркуп жатат.
А.Б.: - Эми сүйлөшсөң мындайга шыгы, кызыкчылыгы барлар менен сүйлөшүш керек. Ойлонуп көргүлөчү, мен да бул жерден ойлонуп көрөйүн.
Т.С.: - Жок, тиги үч жарымда деп күтүп отурбайбы. Бербесем өлөт да тиги.
А.Б.: - Сен анда өзүңдөн бирдеме кылып турбайсыңбы? Биз анан тыштайбыз да.
Т.С.: - О, досум, менде андай сумма жок да. Өткөндө майда-чүйдөлөрдү силерге берип жатпадымбы. Менин абалымды көрүп жатасыңар го.
А.Б.: - Кубан экөөң сүйлөшчү, мен да бияк менен кеңешейин.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы
а ­е¦Є.НҐй«