presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

Кыргыз кайгы
Кайдасың, байыркы элдин баатырлары?
Байлыгы, жалгыз минген аргымагы.
Мени көр! Мени кара дебей эле,
Мекенге курман болгон асыл жаны.
Кыйратам, жыргатамын дебей эле,
Канжыгада төгүлгөн кызыл каны.

Кайдасың, байыркы элдин акылманы?
Байлыгы элге чачкан акылдары.
Кыргызым кыл чайнашпай жашаса деп,
Бир эле биримдик деп чакырганы.
Бийлигин билимине берип салып,
Тилеги, жакшылыкта аткан таңы.

Кайдасың, байыркы элдин асылдары?
Жөнөкөй аалам-дүйнө таанымдары.
Бирөөдөн илим-билим үйрөнбөйле,
Бир сөзгө маани кошкон жаңы-жаңы.
Билгенин бийиктикке Манас кылып,
Билбесин таразалап абийир, ары.

Кайдасың, байыркы элдин акындары?
Кыргыз сөзүн кылымга ашырганы.
Угуттуу укмуш сөзүн селдей төгүп,
Жармачын тишке катып жашырганы.
Оосурагын жыттабай оокаттуунун,
Ок келатса жалтанбай качырганы.

Кайдасың, байыркы элдин чечендери?
Калк баркын кара тоодой көтөргөнү.
Уюткан Улуу Сөздү - рухуңа,
Уккандын улуулукта жазган чери.
Демине дем кошулган, намыс козуп,
Толкуган тоодой Сөздүн аккан сели.

Кайдасың, байыркы элдин сулуулары?
Калкынын алтын мончок шурулары.
Этегин эри гана ачып көргөн,
Эзелтен эс-акылдуу, тунук ары.
Ак жүзүн аңгилерге булгатпайле,
Аруулук абийир болгон бой тумары.

Кайдасың, байыркы элдин болуш-бийи?
Болушкан элдин сүрү, элдин үнү.
Алдасам, адаштырсам дебей эле,
Аз оокат, топук менен өткөн күнү.
Кызыгын кыз койнунан издебейле,
Жооруткан жонун, колун элдин жүгү.

Кайдасың, кылым-доорду бузган журтум?
Ата арбагын тумардай туткан журтум.
Күйкө болуп калдыңбы чычкан алган,
Кыраан болуп, күн-бийик учкан журтум.
Карачы, айланаңды акыл калчап,
Качан канат көз эмес, көөдөн уйкуң?

Барсыңарбы, байыркы Күндүн эли?
Тар кезеңде таш өрттөп турган деми.
Түркөйлөрүң түрүндү билектерин,
Түндүк-түштүк деп бөлүп бир денени.
Эр өлүп эрегиштен кунсуз калды,
Бар окшоп байыртадан калган кеги.
Чычалабай, уккунуң айкөл элим,
Кебетебиз ушундай сенин, менин.
Асманың, айың, күнүң ордунда эле,
Ала-Тооң, аккан дайраң, жашыл төрүң.
Дардаңдабай, көзүңдү ач, даанышман бол,
Дардаңбайлар казбасын жатчу көрүң.

Ала-Тооң саз болобу балыр баскан,
Куу, митаам кур бакалар чардап жаткан.
Катын баакы калпычы "жакшыларың",
Калыстыкты чак түштө карекке аткан.
Кускуң келип, кузгундар айткан калптан,
Өлмөй болдуң - жалаптай жалмаңдаган



саясаттан!

Тарыхы океандай мелмилдеген,
Боорукер, пейлиң кең, жоомарт элең…
Тилазар бир Телибай эл болдукпу,
Тилек айткан ак тойдо арак менен?
Өлүк чыккан жериңде өксүк-ый жок,
Өгүз сымал өлөөрчө тамак жеген.

Жети эмес, эки атасын билбейм деген,
Жетесиз жетимектей уул чыкты.
Көк асабаң көк тиреп желбиребей,
Күн карама күлкүмүш тууң чыкты.
Дини да жок, тили жок, намысы жок,
Дили кара, тилазар бир муун чыкты.

Алдамчы, кошоматчы толуп алган,
Аркаңдан кайыш тилип жонуп алган.
Кыраандын тууруна кыйын болуп,
Кузгундар куркулдаган конуп алган.
Карайлатып өз калкын алдап, жалдап,
Кактабастан кандарын соруп алган.

Катындары Каныкей, өзү Манас,
Эки тизгин, бир чылбыр колуна алган.
Элин атып жаткандар "эрдик" жасап,
Эрмин дешип, генерал болуп алган!
Баатыры бир, бийи миң кайран элим,
Тоңуп турат калп деген жааган кардан.

Жуулуп жатып жукарган бөздөй болуп,
Кызыл жүзү кер сары оңуп алган.
Кун жетпеген карызды кантем дешип,
Куурап турат кырсыктан тооруп алган.
Толубайдай карайлайт тоом жолдо,
Жанкечти хан көздөрүн оюп алган.
Көзкамандар көпкөлөң көсөм болуп,
Көз жашына журтунун тоюп алган.

Борборуңда бош жер жок аяк коер,
Бокмурундар чеп куруп коруп алган.
Бата тарткан аракка тоюп туруп,
Баба наркын жоготуп жоюп алган.
Бокко толгон курсагын салаңдатып,
Боккөтөндөр борсоюп толуп алган.
Арбак урган, атурган ач күсөндөр,
Адам атын итине коюп алган.

Сактабасаң - абалкы айкөл наркың,
Сактабасаң - абалкы асыл баркың,
Сактабасаң - ааламды таң калтырган
Сак доорунан келаткан эрдик-даңкың,
Салтанатың самандай сапырылып,
Санаа болоор саргайткан Заман-артың!

Көкөйүңдө көрүнбөй көбү жатат,
Көбүктөнүп жалгандын көлү жатат.
Санаа менен кыялга тунуп калган,
Сары алтындай сабырдын чеги жатат.
Чайпалармын, төгүлбөйм деген гана,
Үзүлбөгөн үмүттүн сели жатат.

Манаке го, Манаке болгон дечи,
Баелуктан маң болгон акыл-эси.
Байыркы бир уламыш деген менен
Ушу эмеспи адашкан Кыргыз-Көчү?..

Кыйыгынан кыйылып турган жокпу,
Кыйры чексиз кылымдын аркы бети?
Атым Кыргыз, а затым канаке? - деп,
Азыр элим Манаке болгон кези!
Ылайым мен болоюн Манаке чал,
Ыйлаганың калп дечи, жалган дечи?!

Эстен чыгып Бакайдын улуу сөзү,
Эстен чыгып Чоң-Казат улуу көчү.
Эстен чыгып айкөлдүн осуяты,
Жол таба албай Жоломан болуп кыргыз,
Ыркырашып, ыдырап турган кези.
Чачырап чагылгандай айбат-сүрү,
Чакчелекей чар учкан акыл-эси!

Келечегиң туңгуюк, катты башың,
Калыстык жок карыңда, маңкурт жашың.
Көрбөгөндү көрдүм деп, караны ак деп,
Кошоматчы эл болдуң мынча бачым.
Шумкар дедиң карганы, түндү күн деп,
Кылмыш-стан болобу Кыргыз атың?..

Тилиң тантык, далбаалап дилиң жүдөө,
Сен миңсиң, эси жогуң экөө, бирөө.
Тек жүргүн деп кое албай тентегиңди,
Теңириңе бересиң кырк күн түлөө…
Бүгүн шайлап, эртеси жогол дейсиң,
Ошондо кыйнадыбы сени бирөө.
Эки ооз калп, эки жүз грамм менен,
Эртеңкиңе болгону ошол сүрөө.
Эселек, эпчилдерге добуш берген,
Элим сенин өзүңдө эң чоң күнөө.

Эликтей ойго, кырга октон качкан,
Эстечи эзелкиңди мүргүп баскан?
Көрөсүң бүгүнкүңдүн бүлүнгөнүн,
Көздү эмес, көкүрөктү кенен ачсаң.
Аркалык, анжияндык болуп алып,
Ашатып бирин-бири сөгүп жаткан,
Кайраттуу калкын коргоп чыга калса,
Как сүбөөсүн талкалап каңдап жаткан.
Биригип бак талашпай, так талашып,
Бычагын ич тарлыктын кайрап жаткан.

Кызындай болгон аруу наристесин,
Катындыкка кармалап тандап жаткан.
Көрүп туруп көпкөлөң Телибайды
Көбөштү көкөлөтүп шайлап жаткан.
Соолуп салтың, каадаң, эне тилиң,
Суусу жок казан болдуң кайнап жаткан.

Бир сааттык үлпөтүнө бектериңдин,
Бир жылдык акчаң жетпейт айлап тапкан.
Бир байкуш өлүмтүгүн көмө албаса,
Бир зөөкүр кандек итин майлап жаткан.
Талантсыз тантыктарың төргө чыгып,
Манасчың сыртта калды сайрап жаткан.
Сатылып намыс-арың, диниң, тилиң,
Таптакыр талаа болдуң чаңдап жаткан.

Өрттөбө битке өчөшүп көйнөгүңдү,
Өзүңсүң өз башыңды каңдап жаткан.
Эл барбы, аргымакка кошуп туруп,
Эширейген байгеге эшек чапкан?
Коңурбайды койгонсуп кан кустуруп,
Кошоюңду Тазбаймат жайлап жаткан!

Арагына айкөлдүн атын коюп,
Ата арбагын алтымыш сомго саткан.
Энесин элүүдөгү чанып таштап,
Кызынын койнун эңсеп, арын саткан!
Энөөлүгүң койбосоң эмитеден,
Эл болосуң эртеңки таңын саткан!

Эстеп көрчү эселек жети ханды,
Эр Манастан элирип өөн тапкан?
Чакчелекей кылымың чаңкай түштө,
Чыгаан деген "көсөмүң" жанын саткан.
Баланча миң бербесең өлөсүң деп,
Балнийсаң базар - адам канын саткан!

Бир ооз сөзгө тирилип, өлгөн кыргыз,
Миң сөзүңдү түшүнбөйт зар какшасаң.
Ит ордуна көрөбү кошуналар,
Ич араңдан бөлүнүп ирип жатсаң.
Манасыңдын эли азыр тентип-тербип,
Малай болуп мандикер кирип жаткан!
Бийлигиң битче көрбөй билимдүүсүн,
Бириндеп Алтай, Каңгай качып жатса.
Ишенген кожолоруң душман чыгып,
Ичтегини сыртыңа ташып жатса.
Идиректүү элим деп баш көтөрсө,
Итче көрбөй чак түштө атып жатса.
Ириген сүттөй болуп илбирс элим,
Итийип ичин курт жеп сасып жатса.
Өткөнүңдү унутсаң, келечегиң,
Кантесиң замбиректен чекеге атса?

Жан кечтилер жей турган жемиң сатса,
Жериңе кошуп туруп Көлүң сатса.
Көмүлбөй калчу күнүң ойлойсуңбу,
Көк-Дөбөдөн казылчу көрүң сатса?
Кыйкырымыш этесиң - Кетсин! Кетсин!
Кырып коет бир күнү эбин тапса!

Бакырымыш болосуң сүрмө топто,
Тирүүлөй өрттөдүң го өзүңдү отко…
Ак үйүңдө отурган Абыкелер,
Акылыңды көргөн жок жуккан бокчо!
Түндүгүңдү кыйратып көчө качтың,
Теңелбе десе болбой ары жокко.
Кеп бекен кен сатылмай, көл сатылмай,
"Жакшылар" каптады го, жаныңды окко!

Мактанасың - казакты баккамын деп,
Мактанасың - кытайды чапкамын деп.
Уйгур, дунган, өзбек, орустарды,
Уялаш бир туугандай сактадым деп.
Уялбай ушу бүгүн жалдырайсың,
Ар кимден кайыр сурап, ачкамын деп.

Баатырсыйт барбалаңдап башчыларың,
Бакубат жыргал күнгө баштадым деп.
Бектериң беттеринде кызылы жок,
Жанынын жалын түгүл ысыгы жок.
Кытылдап, эрдин жалап, санаасы ток
Кыргызды да бир алдап таштадым деп.

Беделдүүсүн мертинтип белге чапкан,
Өнөрүн өргө чаппай көргө чапкан.
Кыздарын араб, түрк, кытай, немис,
Кылгыртып, куш тойбогон жемге саткан.
Өзгө эмес, өлөөр намыс - арды булгап,
Өзүңсүң кылгылыкты кылып жаткан!

Туш-туштан түркүн диндер тытып кирди,
Туш-туштан түркүн тилдер кысып кирди.
Сыйыртмагын даярдап "сый меймандар",
Сыртынан ар ким тонун бычып кирди.
Өзүңдү-өзүң тааныбай калдың бүгүн,
Карагың келбей чанып, кыргыз күндү,
Цивилизация ушул деп мырмыңдасаң
Көп узабай көрөсүң каран түндү!

Жыргал доорго элимдин салты барат,
Куттай ыйык эзелки даңкы барат.
Ак калпагын айкара алгылантып,
Ата салтын намыска камчылантып,
Ата-доордон келаткан баркы барат,
Кыраан Кыргыз деген эл ушул дешип.

Каада, намыс, эне-тил, ынтымагың,
Ырыс коштоп ыраакка жалпы барат.
Мыйзамы, заң-закүнү, насыяты,
Оо, замандан калтырган осуяты.
Пейли куту, абийири, көк жалдыгы,
Өз рухуң өзүңө болот канат!

Унутуп, күчтүүлөргө жем болгонду,
Унутуп, үркүп, качып кем болгонду.
Унутуп, тентип-тербип камгак болуп,
Унутуп, аккан жашың сел болгонду.
Тарыхтын айрыктарын жамап-жаскап,
Унутпа ушунчалык эл болгонду!

(Уландысы бар)
Табылды АКТАН





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы
а ­е¦Є.НҐй«