21.05.10 - 28-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Тагдырдын табышмак ташы

"Ата, биз сизди сагындык…"

Бакас АБДЫЛДАЕВ аттуу жигит "Агымга" келип, мындан эки жыл мурун дайынсыз кеткен атасы Карыбек Абдылдаевге издөө салып, санаасы санга бөлүнүп атканын айтты. Атасы Карыбек 1951-жылы туулган экен.

- Ош облусунун Алай районунун Сопу-Коргон айылында ата-энем, төрт бир тууганым болуп жашачубуз. Мындан беш жыл мурун апамдын буту ооруп Бишкекке алып келгенбиз. Атам Абдылдаев Карыбек биртоп жыл райондогу сейсмология борборунда иштеп, пенсия курагына аз калгандыгына байланыштуу айылда калган. Эки жыл мурун пенсияга чыккан. Мен аскердик кызмат өтөөгө кеткенче атам экөөбүз айылда чогуу жашадык. Аскерден келгенден кийин атам айылда биртоп убакыт жашап калды. Учурда апам биринчи топтогу майып, басалбайт. Дайыма доктурдун көзөмөлүндө. Аны улуу байкемдин келинчеги карайт. 2008-жылы атам пенсияга чыккандан кийин анын да буту ооруп Бишкекке доктурга көргөзгөнү алып келгем. Бишкектеги №4 шаардык ооруканада дарыланып аткан. 12-ноябрда түшкү эс алуу убагында, саат экилерде кайра келем деп сыртка чыгып кеткен боюнча ооруканага келбептир. Апама таарынып кеттиби дейли десек, экөө урушуп же таарынышканын көргөн эмеспиз.
- Палатада чогуу жаткандар ким менен кеткенин көрүптүрбү?
- Ал күнү эч ким келген эмес дешти. Кол телефону да жок эле. Мурунку күнү биз барып кеткенбиз. Анын бир жакка кетүүгө ою деле жок болчу. Бир жакка качып кете тургандай эч кандай олуттуу маселе деле болгон эмес. Душмандары деле жок болчу. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй калдык. Ошол күндөн бери издебеген жерибиз калбады. Апам атамдын дайынсыз жоголгонуна санаага батып, учурда буту баспай төшөктө жатат. Атамдын мүнөзү өтө жумшак, адамдын көңүлүн оорутпаган, көп сүйлөбөгөн, колунан көөрү төгүлгөн уста эле. Бирөөгө жамандык жасабаган, ишенчээк да жайы бар болчу. Азыр ар кандай адамдар бар, мүмкүн аны кимдир бирөө үйүнө ээрчитип барып, курсагын тойгузуп, кийим-кече кийгизип, иштетип күчүн алып атабы деп да ойлодук. Милицияга да кайрылдык, бирок жыйынтык чыкпады.
- Атаң ооруканада жатканда жанында документи бар беле?
- Тилекке каршы, ошол күнү жанында бир да документи жок болчу. Мүмкүн бирөөлөр жантаслим кылып кеткен жокпу деп Бишкектеги өлүкканаларга барып, ошол күндөн ушул күнгө чейин түшкөн маркумдардын сүрөттөрүн карадым. Архивден издеттим. Ал жакка бир эмес бир нече жолу бардым. Телевидение аркылуу издөө салып, телефон номурларыбызды, даректерибизди калтырган элек. Арадан көп өтпөй силердин атаңарды Токмок шаарынан көрдүк деп тааныштар телефон чалып калышты. Биз Токмокту үч күн түрө кыдырып жүрүп, акыры тааныштар айткан ошол кишини таптык. Ал атама окшош башка киши болуп чыкты. Андан кийин Бишкек шаарынын Ворошилов көчөсүндө башка аял менен жашап жүрүптүр деп угуп барып калдык. Башка аял менен жашаса да мейли, аман эле болсо экен дедик. Аталган дарек боюнча барсак, ал да атама куюп койгондой окшош башка адам болуп чыкты. Ал атамдын сүрөтүн көрүп, ушунчалык да окшоштук болобу деп таңгалды.
Атамдын төрт биртууганы бар болчу. Агасы айылда, карындашы Бишкекте жашайт. Дагы бир карындашы каза болуп калган, атам ага топурак салган жок. Бир туугандары да, алардын бала-чакасы деле издеп атышат. Шаарда үйүбүз жок, 5000 сом төлөп батирде турабыз. Чындыгында материалдык жана моралдык жактан кыйналып кеттим. Атамдын көзү тирүү болсо балким келээр беле деп калам. Мүмкүн Казакстанга бирөөлөр алып кетип иштетип аткандыр деген да жаман ойлор келбей койбойт. Эмне кылышты билбей айлам кетип турат.
Эгер бул гезитти атам окуп калса, андан абдан суранат элем. Ата, биз сизди сагындык. Сыртта күн суук болуп калса, атам көчөдө үшүп жүрөбү деп санаага батабыз, күн ысыса ысып атабы дейбиз. Үйдө тамак жасасак, атам ачка жүргөн жокпу деп эстейбиз. Кайда жүрсөңүз да аман болуңуз, эң негизгиси, бизге кайда экениңизди билдирип койсоңуз. Азыр Кыргызстанда боорукер адамдар деле көп, мүмкүн сүрөттү көрүп, тааныгандар болсо кабарлаар.
Топурак суутат демекчи, эгер анын дүйнөдөн өтүп кеткенин билсек, көксөбүз сууп калат беле... Бирок, баарыбир атамды жамандыкка кыйгыбыз келбейт. Баарынан да белгисиздик жаман экен. Балдарынын сый-урматын көрүп төрүбүздө отурар кезде дайынсыз жоголгону апамды жана бир туугандарымды кайгыга салды.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА






  Жаштыкты бир эстегилечи

"Тузу жок" жатакана жана 2000 сомго бүткөн сессия

7- апрелде октон жалтанбаган көпчүлүктүн 80 пайызы жаштар болду. Алардын негизги бөлүгү студенттер экени белгилүү. Андыктан студенттердин жашоосунун бир чекесин чагылдыруу максатында айрым студенттик жатаканалар тууралуу кеп салалы.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун жатаканаларында совет мезгилинен эстеликке калган имарат, жууркан-төшөк, керебет, үстөл, отургучтар, шкаф жана башка буюмдар азыркы күнгө чейин жүз жолу оңдолуп, кайрадан студенттердин колунда. Жатакананын жашоосуна көз сала турган болсок, өзүнүн ички мыйзамдары бар өзүнчө эле бир мамлекет. Вахта эртең менен саат 6да ачылып, кечкисин 10до бекилет. Башка учурларда кирем же чыгам десең терезеден же башка тешик табууга туура келет. Жүздөгөн студенттердин жашоосун жөнгө салуу коменданттын колунда.
Үй-бүлөлүк жатаканадан башкасынын ар бир кабатында тамак жасоочу ашкана бар. Мында да эзелтен бери келаткан кыздардын тамагын балдар уурдап кетип ичкен "салт" кала элек. Бирок кээ бир жатаканаларда тамак-аш жасоочу ашканалар да ким бирөөлөр тарабынан жашоочу бөлмөгө айланып кеткен. Жакшы жөрөлгө катары студенттердин өзүн-өзү башкаруу уюму - студенттик кеңештин ишин айтсак болот. Маданият, спорт, тазалык секторлорунун жетекчилери, кабаттын башчылары жана студенттик кеңештин төрагасы жатакананын студенттеринин күндөлүк жашоосун уюштуруу менен алек. Бул активист, шыктуу студенттердин өзүн көрсөтүүсүнө шарт түзүп берет. Өзүнүн жөндөмүнө жараша тажрыйба топтоп, казаны кайнап турган турмушка карай чыйыр жол ушундан башталат.
Айрым студенттер билим алуу менен гана чектелбестен, акча табууну да жолго салып алышкан. Көбүнчө кыздар кафелерде официант болсо, жигиттер коопсуздук кызматы сыяктуу жумуштарда иштешет.

Окуудан көрө "развод" оңой
Кыргыз агрардык университети өткөн кылымдын 30-жылдарында айыл чарба институту болуп түптөлүп, ал кездеги сабатсыздыкты жоюуда зор роль ойногон. Мамлекетибизге алдыңкы адистерди берип, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзгөн. Бараандуу тарыхы болсо дагы агрардык университеттин азыркы абалы өтө оор. Айла жок, агрардык мамлекет болгондон кийин жаштар окуп жатышат. Окуу жайдын студенттеринин 95 пайызы айыл жергесинен келгендер. Андыктан жатаканага болгон муктаждык өтө чоң. Бирок, жатакананын абалы жетер жерине жетип турган чагы. Совет мезгилинен бери толук кандуу ремонт боло элек. Жашоочулардын жуунучу жалпы душунун абалы дагы оор. Тамак жасоочу ашканага да жашоочулар кирип алгандыктан, студенттер тамакты өз бөлмөсүндө жасап ичишет. Жатакана жалпы болуп аткан соң тазалык деген биринчи орунга коюлушу керек эле. Ажаткананын абалы адам чыдагыс. Миңдеген студенттер контракт төгүшөт. Анын бир пайызы гана билим берүү министрлигине которулат. Андан сырткары, жатаканага ар бир студент 1800 сом төлөйт. Анча акча менен жатакананы шумдук болбосо да, анча-мынча ремонт кылып койгонго кантип болбосун. Акча төгүп эле тим болбостон студенттер бөлмөлөрүн өздөрү ремонт жасашат. Жатаканадан орун алат элем деген студенттердин саны суюла элек болсо дагы, коммерциялык жол менен 1000 сом төлөп жашаган квартиранттар да жок эмес. Оор шартта жашап жаткан агрардык университеттин студенттеринин эркинин күчтүүлүгүнө, билимге болгон умтулуусунун курчтугуна баа берсе болот. 1-2-курста гана окууга барчубуз, андан көрө иштеп акча тапканыбыз оң экен. Сессияны акчага (орто эсеп менен 2000 сомго) бүтүрүп алабыз. Окуйлу десек билим берүүнүн сапаты өтө начар, сабакка барып жүргөндөн көрө "развод" менен бүтүргөн он эсе оң деп ачыгын айтышты. Айыл чарбасына адистерди даярдоонун абалы бул болсо, агрардык өлкөнүн тагдыры эртең эмне болор экен?
"Тузу жок" жатакана
Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттер шаарчасы борбордун Жал кичирайонунда жайгашып, жалпы аянты 90 га. Курулуш иштери акырына чыга элек. Эгер чыга турган болсо өзүнчө эле шаар пайда боло турган. Чындыгында студенттердин окуп билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Студенттерден аракет менен эмгек гана талап кылынат. Мисалга алсак, бекер интернет, студенттердин окуудагы жетишкендиктерине жараша ай сайын 25 долларга чейин стипендия, ал гана эмес студенттердин шейшептерин 10 күн сайын алмаштырып беришет. Кийимдериң кирдесе 1 килограммын 10 сомдон жуудуруп алуу студент үчүн жыргализм да.
Аталган окуу жайдын жатаканасында ар улуттун өкүлдөрү жашайт. Казакстан, Түркмөнстан, Азербейжан, Түркия, Өзбекстан, Кытай, Афганистан, Иран, Алтай, Тува жана Монголиядан келген студенттердин өз ара аралашып жашашы жакшы көрүнүш. Бөлмөлөр 4-6-8-10 кишиге ылайыкташтырылган. Ар бир бөлмөнүн өзүнүн жуунучу жайы менен ажатканасы ичинде. Жатакананын дагы бир өзгөчөлүгү - имарат бир болсо дагы балдар өзүнчө, кыздар өзүнчө блоктордо жашап, бири-бирине катташа албайт экен. Чын-чынына келгенде, жигит-кыздар кошуна жашаса жаштыктын, жатаканадагы студенттик күндөрдүн кызыгы ошондо да. Мындай көрүнүш кандайдыр бир деңгээлде тузу жок тамак ичкендей эле таасир калтырат. Бу жердин студенттеринин моралдык-психологиялык жактан, коомдук-саясый көз караштарынын башкалардан кандайдыр бир айырмасынын себептеринин бири балким ушундадыр. Бул жагынан алып караганда, мынчалык шарт түзүлбөсө да биздин өз жогорку окуу жайларыбыз төөлүк өйдө. "Хандын үйүндө калтырап жатканча, кулдун үйүндө кутуруп жатканың жакшы" дечү беле?

Санжарбек САМАГАНОВ