21.05.10 - 27-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кылмыштын улуту жок

Акылбек БАКАЧИЕВ:

Чүй облусундагы Аламүдүн райондук прокуратурасынын прокурору Акылбек БАКАЧИЕВ менен учурдагы кылмыш деңгээли жана Маевкада болгон башаламандык тууралуу кеп курдук.
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
- Аламүдүн району Бишкекти түндүктөн, түштүктөн, күн чыгыш тарабынан курчап турат. Ошондуктан шаардагы болгон кылмыштуулуктун көбү биздин аймактан чыгат. Көбүнчө оор кылмыш жасап, адамды өлтүрүп, биздин районго ыргытып жиберишет. Оор кылмыштуулуктун сексен пайызы ыргытылган адамдардын өлүктөрү болот. Кыз зордуктоо да шаардын ичинде көп болбойт. Мындай кылмыш көпчүлүк учурда жаратылышка эс алганы чыгышып, анан биздин аймактан болот. Азыр да оор кылмыш фактылары чыгып атат. Ушул эле айда жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын өлүгү Чоң Чүй каналындагы тосмодон табылды. Жаңы төрөлгөн эки эркек ымыркай кыргыз улутунан экен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыргытылган ымыркайлардын энелери издөөгө алынды. Негизи, жылына биздин аймактан 30-40 адамдын өлүгү табылат. Бирок, бул оор кылмыштын баары бияктан болбойт. Болсо да 15-20 пайыз болушу мүмкүн. Калгандары, окуя башка жакта болуп, акыры бул жерге келип такалат. Көпчүлүк учурда шаардан канал менен агып келген адамдын өлүктөрү табылат. Таштанды салчу челектерде ыргытылган да адам өлүктөрү чыгат. Мындан бир нече жыл мурун айтылган баягы кулагы, сөөмөйү кесилген адам да биздин аймактан чыккан. Андан тышкары Медетбек Садыркуловдун өлүгү, аны өлтүрдү деп жоопко тартылган Осмоновдун өлүгү да биздин аймактан табылды. Азыр бул иштердин баары кайра каралып атат.
- Жакында болуп өткөн башаламандыкта жер басып алуу да силердин аймакта болсо керек…
- Маевка, Төмөнкү Ала-Арча, Пригородный, Кара-Жыгач, Көк-Жарда болгон жер басып алуулар биздин аймакка карайт. Элдик кошундун жардамы, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге мыйзамсыз басып алынган жерлерди бошоттук. Ал жерди басып алгандар, өзүлөрүнүн документи жок болуп туруп, башкаларга да сатып жиберген фактылар чыгып атат. Бул иш боюнча прокуратура менен милиция эки иш козгоду. Ага чейинки 19-апрелде болгон Маевкадагы массалык башаламандык боюнча да эки иш козгодук.
- 19-апрелде Маевкада көз жумган адамдардын так саны айтылбайт, кээси төрт киши өлдү десе, кээси беш дейт?
- Ал жерден төрт киши көз жумган. Бир түрк улутундагы адам, үч кыргыз бала өлгөн. Эки кыргыз балага ок тийген, бирөө болсо белгисиз абалда ошол тополоң күнү машинеси менен өрттөнүп кеткен. Азыр бул туурасында тактоо иштери жүрүп атат. Ал баланы машинасы менен айдатып жүргөндөр болгон деп айтылууда. Ал эми эки түрк улутундагы адам ооруканада оор абалында реанимация бөлүмүндө жатат. Түрк улутундагы адамдардын 27 үйүнө өрт коюлган. Алардын алты үйү күлү калбай өрттөнүп кеткен. Бул боюнча биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп аттык.
- Маевкадагы тополоңдо мындан тышкары кандай фактылар катталды?
- Ал жерде мал уурдап кеткен фактылар бар, баскынчылар бир түрктүн алты букасын, койлорун уурдап кетишкен. Бул боюнча да кылмыш иштери козголуп, уурдаган кишилерди суракка алып,тергөө жүрүп атат. Анүстүнө, адам үйү өрттөнүп атса, малын деле издебейт экен. Короосун өрттөгөндө малы кошо күйүп кеткен фактылар да болду.
- Жакында улуттар арасында араздашуу болду деген кеп жүрүүдө?..
- Жок, андай эмес. Мисалы, Маевкада жер басып алган уюштуруучулар карапайым элди үгүттөп, "бул жердин баары түрктөрдүкү, тартып алышыбыз керек" дешкен. Прокуратура, мамлекеттик органдардын баары түрктөргө кызмат кылып, алардын жерин коргоп атасыңар, аларга сатылгансыңар деген күнөөнү коюшкан. Ал жерде түрк, кыргыз, орус жана башка улуттагылар да бар. Чындыгында, ал жерде кыргыздардын саны көп. Былтыр өкмөттүн айдоо жерге үй салганга болбойт деген указы да чыккан. Аны түшүнбөй эле жер басып алуучулар кетпей коюшту. Ошондо өкмөт макул жер берели, бирок, бул жерден эмес, башка жактан берели деп мыйзам чегиндеги келишимди айтышкан. Бирок, жер басып алуучулар ага көнгөн эмес. Акырында эч жерден жер алалбай калышты.
- Учурдагы кырдаалдан пайдаланып, крим чөйрө баш көтөрдү деп атышат?
- Чындыгында бул тууралуу такталган фактылар жок, бирок, имиштерди угуп атабыз. Бизге расмий түрдө арыз жазып кайрылгандар болбоду. Эмнегедир алар коркуп атышат. Мисалы, рейдерлик басып алуу фактыларын айтып атышат, бирок, атайын арыз жазып, эч ким кайрылбады. Атүгүл укук коргоо органдарынын кызматкерлери коркутуп акча, оокаттарын тартып алып атыптыр деген маалыматтар жетип атат, бирок арыздангандар болгон жок. Бул боюнча эч кимден коркпой, прокуратурага кайрылышса болот. Биздин Конституцияда деле жазылган, ар кимдин жеке менчиги сакталат, корголот деп. Азыр жер-жерлерде ишкерлер, бизнесмендер иштебей атышат. Себеби, баарында коркуу сезими бар. Анткени, революциядан кийин мыйзамсыз текшерүүлөр милициядан же салык, финансы полициясынан көп барып атышат. Учурда мурдагыдай эле мыйзамдар иштеп атат. Жеке ишкерлерди текшерүү үчүн бардык органдар атайын прокуратурадан уруксат алыш керек. Ошонун негизинде текшериши шарт. Биздин уруксатыбыз жок текшерүү мыйзамсыз.
- Жакында Конституциялык кеңешмеде прокуратураны жоюу маселеси каралды эле...
- Бир-эки кишинин амбициясы менен прокуратураны жоюп салуу туура эмес. Акыркы үмүтүбүз силерден деп келгендер көп. Мыйзамды көзөмөлдөй турган бир орган сөзсүз керек. Эгерде прокуратура жоюлуп кетсе анархия башталат. Башка өлкөлөрдө прокуратуранын ишин күчөтүп жатышат. Бизде да прокуратуранын ишин күчөтүү зарыл.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Ыр бар жерде чыр да болот

А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын жетекчиси Болотбек Осмоновго нааразы болгондордун бири, КР эл сүрөтчүсү Маратбек Шарафидинов менен баарлаштык. Анын айтымында, театрдын азыркы жетекчиси Болотбек Осмоновдун театрда иштөөгө моралдык укугу жок экен.

КР эл сүрөтчүсү,
Маратбек ШАРАФИДИНОВ:
"Директордун театрда иштөөгө моралдык акысы жок"
- 2002-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан ошол кездеги опера жана балет театрынын жетекчиси Болотбек Осмонов сот жообуна тартылган эле. Кызмат абалынан кыянат пайдаланып, театрдын бюджетине чоң залака келтирген. Анын кандай кылмыш кылганы тууралуу ошол кездеги маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Болотбек Осмоновдун кылмыш ишин караган Свердлов райондук соту анын мамлекетке чоң суммада зыян келтиргендигин оор кылмыш деп тапканы менен, мурда кылмыш жообуна тартылбагандыгын, улгайган жаш курагын эске алып, бир чети амнистияга туш келип, айып пул төлөп кутулган. Арадан алты жыл өтпөй кайрадан ошол эле театрга жетекчи болуп келиши көпчүлүктү таң калтырды.
- Анын кайра келгенине жамаат каршы чыккан жокпу?
- Биздин жамаатта анын достору бар болчу. Айлыгына анча-мынча акча кошуп берип койсо эле ыраазы болуп, ал баарын билет, келсин деген аксакалдар болду. Министр С.Раев да адегенде аны кызматка койгонго болбойт деп аткан. Андан кийин аны кызматка койсо болот, себеби анын кылмышы амнистияга туш келиптир деп калыптыр. Бирок, канча жолу амнистияга туш болбосун, анын бул жерге кайра иштегенге моралдык укугу жок болчу. Мисалы, мен театрда башкы сүрөтчүмүн, сахнада оюн коюларда канча каражат керектелерин жакшы билем. Артисттердин бутунан башына чейинки кийим-кечегине, сахнанын жарыгына, декорацияга канча сумма кетерин билем. Анткени кааласам-каалабасам да чарба менен иштегенге туура келет. Билип, көрүп тургандан кийин мынча акча кайда кетип атат деп айтасың да. Б.Осмонов 2008-жылы келип, мындан беш-алты жыл мурун эле оңдолгон жерлерди кайрадан оңдото баштады. Эмне үчүн башка жагын карабай, оңдолгон жагын кайрадан эле оңдоп атасың, акчаны кайра эле ошол жака жумшай бересиңби десем, унчукпайт.
Ал эми театрдагы чыгармачыл инсандар чарба иштерине көп кийлигише беришпейт. 2008-жылы "Социалдык жана маданият тармагындагы кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү" боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Бишкектеги айлыгы аз театрлардын маянасы көтөрүлгөн. Опера жана балет театрынын эмгек жамааты айлык акыны көбөйтүү үчүн Б.Осмоновго айтып отуруп, эми гана министрликке өткөрдү. Эми бул мамлекеттик бюджетке кириш үчүн эмдиги жылы гана каралат. Аны театрдын бухгалтериясы иштеп чыгышы керек. Экөөбүз сүйлөшүп отурсак ал "сен билесиңби, айлыкка 250 сом эле кошулат" дейт. Жаңы өкмөткө да кат жөнөткөнбүз, алар маселени чечип беребиз деп убада кылды. Биздин жаңы өкмөткө кайрылуу жасаганыбызды билип, мен кетпейм, жакшы эле иштейм деп кол чогултуп, ордунда калуунун аракетин жасап жүрөт.

Болотбек ОСМОНОВ:
"Алар Акаев, Бакиевдин учурунда да артыман арыз жазышкан"

Жогорудагыларга опера жана балет театрынын жетекчиси Болотбек ОСМОНОВдун жообу төмөнкүчө болду:
- Революциядан кийин театрларда, мекемелерде ушундай адамдар жетекчиликке нааразы арыздарын жазып атышат. Булар Акаев, Бакиев убагында деле менин артыман арыз жазышчу, азыр деле жазып жүрүшөт.

Мага ошол кезде ушулардын каты боюнча эле жалаа жабылып, сот болгон. Бирок, ал убакта айлык 4-5 ай кечигип берилчү. Мен ал учурда фестивалдарды көп өткөрчүмүн. Мисалы, Б.Бейшеналиева, Б.Миңжылкиевдин фестивалдарын өткөрүп, башка жактан келген артисттерди жатаканага жаткырып, тамактантышым керек эле. Өзүбүздүн каражатыбызды казыначылыкка (казначейство) берип, кайра алышыбыз керек эле. Эгерде ал жакка берип койсок, беш-алты ай ошол жакта калмак, кайра кайрылып келмек эмес. Бул өзүбүз тапкан каражат эле. Ошон үчүн ал жакка бербей эле мейманканага төлөп, тамагына жумшаганбыз. Эмне үчүн мындай болуш керек деп, булар артыман арыз жазып отурушуп, финполицияга өткөрүшкөн. Ошол кезде финполиция текшерип келип бизге тыйын-тыпыр берсеңер, ишти жаап кете беребиз дешкенинен, акча бербейм, менин күнөөм жок десем, кетип калышкан. Бирок, ишти сотко өткөрүп жиберишиптир. Соттон мага айып төлөйсүз деп, ушундай иштерди жасаганым үчүн амнистия беришкен. Эгерде соттон мени кылмышкер деп тапса, анда мен мамлекеттик кызматта иштей албайт болчумун. Мен ошол соттон кийин маданият министринин орунбасары болуп, дагы башка кызматтарда иштедим. Булар жазган арыздар боюнча ондогон комиссия келип текшерген. Былтыр Бакиевдин учурунда Жаныш Бакиевдин атына жазышкан. Ал каттар менде сакталуу. "Улуу урматтуу Жаныш Салиевич, бизде ушундай Болотбек Осмонов деген акмак директор бар, фестивалды өткөрөрдө атайын Татьяна Бакиевага кол салабыз деп адамдарды театрга койгон. Дагы жакшы, ошол күнү Татьяна Бакиева келбей калды. Биз Курманбек Салиевичти жакшы көрөбүз, сүйөбүз, ошон үчүн анын аялынын коопсуздугуна тынчсызданып жазып атабыз" деген каттары бар. Эми болсо, жаңы өкмөткө кайра кат жазып атышат. Театрдын директору Осмоновдун аялы менен Бакиевдин аялы тууган дейт. Ошондуктан ал театрдын директору болду деп жазып атышат. Бир жагынан аларды сотко берейин десем, убакытты текке кетиргим келбейт. Жакында эле комиссия келип, бүт баарын текшеришти. Бизде беш-алты эле адам эмес, 500 адам иштейт, башка адамдар ошол эле өкмөткө кайрылуу жасап, ушуларды токтоткула деп 200 адам кол коюп, кат жиберишти.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА