21.05.10 - 26-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кимдин ким экендигин биле жүр, достум

Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе

Москвада болуп өткөн Улуу Жеңиштин 65 жылдыгында орустар колдон келишинче кандай держава экендигин далилдөөгө аракет кылышты.
9-май күнү Москвада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Израилдин президенти Шимон Перес жолугушту. Ал эми күзүндө Шимон Перестин Астанага расмий визити болору белгилүү. Анткени Казакстан быйыл төрагалык кылып турган ОБСЕ өлкөлөрүнүн саммитине Израиль да катышат. 1995-жылдан тарта Перес Назарбаев менен башка КМШ президенттерине караганда тез-тез жолугушуп турат. Казакстанда бир нече израилдик компаниялар иштешет.

Ал эми Москвада окумуштуулар үйүндө Шимон Перес еврей ишмерлери жана экинчи дүйнөлүк согушка катышкан улутташтары менен жолугушту. Бул иш-чараны Нурсултан Назарбаевге жакын казакстандык магнат Александр Машкевич уюштурду. Перестин визити болордо КМШ өлкөлөрүндөгү еврей диаспоралары ушу жолугушууну өткөзүү боюнча бири-бирине катуу атаандашты. "Кабыл алуучулардын" ролу Евразиялык еврей конгрессинин (ЕАЕК) жетекчиси Александр Машкевичтин жана Россия еврей общиналарынын федерациясынын жетекчиси раввин Берл Лазардын ортосунда талашка түштү. Натыйжада Перестин Назарбаев менен жакын тааныштыгынанбы, же Машкевичтин Израиль элитасы менен жакшы мамиледе экени себеп болдубу, айтор, Перес акыры Машкевичти тандады.
Израиль президенти Москва синагогуна да барган жок. Ал окумуштуулар үйүндө өз кандаштары менен ой бөлүштү. Александр Машкевич бул жыйында еврей калкына карата согуш дагы эле улантылып жаткандыгын билдирди. Ал Иранга жана башка араб өлкөлөрүнүн иштерине басым жасады. Перес болсо Россия президенти Д.Медведев да, премьер-министр В.Путин менен да сүйлөшкөндө Израилге алардын өтө чоң сый-урматын байкагандыгын, демек орус-израиль өнөктөштүгүн мындан ары да тереңдетүү үчүн бардыгын жасай тургандыгын билдирип, 30 минут сүйлөдү.

Кыргызстанга дүрбү салган Машкевич
Назарбаевдин тилин тапкан казакстандык магнат Александр Машкевичтин түпкүлүгү Кыргызстандан. Казакстанда эки миллиардер болсо, экөөнүн бири Машкевич. Азыр Евразиялык еврей конгресси (ЕАЕК) дегенди түзүп алып, КМШдагы өтө чоң еврей диаспорасын жетектейт.
Кыргызстандагы 7-апрелдеги төңкөрүштөн кийин Машкевич кыргызстандык кандаштарын кокус бирдеңке болсо куткарууга даяр турган. Анын айтымында, убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсү менен жекече тааныштыгы бар. Кыргызстандагы мындан аркы абалды болжоп болбойт деп эсептейт. "Биз кырдаалды тыкыр байкап турдук. Эгер керек болсо бизде жардам берүү жана адамдарды куткаруу механизмдери бар эле. Евразиялык еврей конгресси бу континенттеги бирден бир (крыша) еврей уюму болгондуктан, еврейлер үчүн жоопкерчиликти алып жүрөт, ошон үчүн биз адамдарды куткарууга даяр элек. Биздеги маалыматтар боюнча (а биз Кыргызстандагы еврей общинасын жакшы билебиз) бир да еврей жабыр тарткан жок. Еврейлерге карата зордук-зомбулук болгон жок. Эгер кырдаал көзөмөлдөн чыгып, массалык түрдө адамдар кырыла баштаса, анда мен бүт еврейлер үчүн жоопкерчиликти сезүү менен оор абалда калган еврейлерди Израиль менен ЕАЕК чыгарып кетмек". Чын эле башаламандыктар болуп атканда еврейлерди көчүрүп кетүү жөнүндө маалыматтар да жарыяланган.
Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн башында тургандар жөнүндө "Бул бир нече дымактуу адамдардын чоң тобу. Алар маселелерди өз ара кантип чечишет, эч ким билбейт. Азыркы учурда бул республикада кырдаал кандайча өнүгөрү жакынкы жарым жылга чейин белгисиз" дейт IzRus порталына берген маегинде Александр Машкевич. Бишкекте башаламандыктар башталганда аяктагы синагогдун кайтаруусун бир ай бою Александр Машкевич каржылап турганы белгилүү болду. Ал эми Израилдин кайтып келүү мыйзамы боюнча Кыргызстандан чыгып кете ала турган 1200 еврей бар. Алардын көпчүлүгү борбордо турат. 7-апрелден кийин өкмөт үйү курчалган темирде "Максим сыяктуу булганыч еврейлерге Кыргызстанда орун жок" деген плакат илинип турду. 8-апрель күнү жаштар тобунун бир жетекчиси "биз орустарды сыйлайбыз, а еврейлердин баарын өлтүрүү керек" деп билдирген. 9-апрелге караган түнү Бишкек синагогуна күйүүчү зат толтурулган үч бөтөлкө ыргытылган.
Перестин кимге пейили ак?
Өткөн жумада Москвада Израиль президенти Шимон Перес КМШ өлкөлөрүндөгү еврей бизнесмендери менен жабык жолугушкан. Жолугушуу тоолук еврей миллиардери Тельман Исмаиловдун вилласында өткөн. Аны уюштурган баягы эле Александр Машкевич. Виллага негизинен Машкевичке ири байланышы бар 20дай бизнесмен чогулган. Александр Машкевич менен Тельман Исмаиловдон тышкары кечеде украин-британ магнаты, бүт дүйнөлүк еврей конгрессинин вице-президенти Эдуард Шифрин, ЕАЕКтин вице-президенти Марк Шабад жана мультимиллионер Мераб Елашвили болушкан. Шимон Перестин олигархтардын кечесинде болушу биртоп диаспоралардын жана израилдик чиновниктердин түрдүү реакциясын пайда кылды. А Перестин басма сөз кызматы "Шимон Перес өзү барган өлкөлөр менен экономикалык жана маданий кызматташууну тереңдетүүнү милдети катары эсептейт. Ал мындай иштерди Азербайжанда, Казакстанда, Бразилияда жасаган. Россияда да ушундай иш болду" деп тигилерге жооп кылды.
Айтмакчы, Машкевич менен Исмаилов жакынкы бир жарым жумада Израилге келишет. Анткени ЕАЕКтин президенти орус тилдүү басма сөздүн бүт дүйнөлүк ассоциациясынын съездинин уюштуруучусу да болуп эсептелет. 23-майда Тель-Авивде ачыла турган бул съездге Израиль премьер-министри Биньямин Нетаниягу да катышат. Ага чейин Машкевич Израилдин орус тилдүү ММК баш редакторлору менен жолугушуу өткөрмөкчү. 23-майда Тельман Исмаилов да келип съездге катышмакчы.

Черкизов базарынын чендетпеген кожоюну
Биз өйдөтө сөз кылган еврей улутунун эки чыгааны кыргызга деле жакшы тааныш. Александр Машкевич Бакиевдин учурунда Кыргызстанга келгени, Бишкек ТЭЦин сатып алмакчы болуп, бирок чыгашасы көп экен деп албай койгону белгилүү. Анын жогоруда IzRus порталына берген маегинен Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга тыкыр көз салып турганын байкоого болот.
Ал эми Тельман Исмаилов азыр жок болгон, бирок убагында аты далай жерге угулган Москвадагы Черкизов базарынын кожоюну болгон. Он жылдан ашык бул базарды "саап" миллиардер болгон соң ордун Москва бийлигине өткөзүп берип, өзү Түркиянын Антальясына жети жылдыздуу отель куруп, анысын өз атасынын атынан "Мардан-палас" атаганын орус ММКсы убагында көп жазган. Черкизов базарынын күнгөй-тескейин, эмне үчүн миллиарддаган доллар турган, эшиктеринин туткасына алтын жалатылган жети жылдыздуу отелди Россияга эмес Түркияга салганына сай-сөөгү сыздагандар көп болгон. Тельман Исмаилов мындан ары Россияга кире албайт, эми ал келсе орус бийлиги көргүлүктү көрсөтөт дешкен.
Бирок заманаң карышкыр болсо сен андан ашып түш дегенди жакшы өздөштүргөнбү, Тельман Исмаилов Д.Медведев башында турган орус бийлиги менен тез эле кайра тил табышты. Тилдин таттуулугун ушундан билсе болот, ушу тапта Исмаилов Сочиде 2014-жылы өтө турган кышкы олимпиаданын объектилерин курууга катышып жатат. Машкевич аркылуу Назарбаевдин да тилин тапкан белем, Астанада да чоң базар куруп жатканы белгилүү болду. Ал гана эмес, мынабу эле биздин карачечекей Дордойдун ары жагынан да чоң участок алып коюптур, КМШ өлкөлөрүнүн ар бирине базар салып, бардыгын туташ кармайт экен деген кеп-сөз жүрүүдө.
Бу еврей дегениң кайда болбосун бири-бирин колдоп турганы, акыркы кезде алардын кызыкчылыктары бир өлкөнүн алкагына сыйбай, дүйнөлүк деңгээлге чыкканы кыргыздар үчүн сабак болобу деген гана кеп.
Саадат ТУРСУНОВА




  Күйгөндөн айтам бир сабак

Жетекчиси жок эл жетим

Илгери Жаныбек деген хан бүт элин чогултуп, "Бул дүйнөдө үч жетим бар. Кана, ушул үч жетимди тапкылачы" деп суроо салыптыр. Көпчүлүк ары ойлоп, бери ойлоп суроого жооп таба албай түйшөлүп калат. Хан: "Менин табышмагымды укпаган элде киши калдыбы" деп сураштырса, Карабаш деген акылман, чечен адам кабарсыз калган экен. Ошол киши хан алдына келип минтип жооп бериптир:
- Ханым, жетим үчөө эмес, бешөө. Чөп өспөсө жер жетим, издеп алары жок болсо кыз жетим, уга турган адамы болбосо сөз жетим, элинен азган эр жетим да, жетекчиси жок эл жетим, - деп.
Жоопко ыраазы болгон Жаныбек "Ысымыңды койгондо атаң жаңылышкан экен. Карабаш эмес Алтынбаш деп атаганда жарашмак экен" дептир.

Ошол Карабаш айткан жетекчиси жок жетимчилик дал бүгүн кыргыздын башына түшүп турат. Анткени 2010-жылдын 12-майында К.Бакиев менен залимдин заманын эңсеген эл безерлер кайрадан төңкөрүш жасап, элдик бийликти кулатууга аракет жасагандан кийин (кыргыздар өз элине чыккынчы болгон улгайган адамды сакалың өрттөнгүр деп коет) сакалы өрттөнгүр Үсөн Сыдыков К.Бакиевдин куйруктарын уюштуруп, бирок кара ниет максаты таш каап эл алдына бети ачылып калды.
Ушул окуядан кийин 14-майда теле берүүдөн бүгүнкү күндөгү жүздөн ашык саясый партиялардын айрым белгилүү жетекчилеринин сөздөрүн, ой-пикирин угуп отуруп, каражандан түңүлдүм. Тактап айтканда, Мирослав Ниязов, Адахан Мадумаров, Аликбек Жекшенкулов, Феликс Кулов бүгүнкү күнү бакиевчилер этектен тартып кыргызды кайрадан канга бөлөгөнгө аракеттенип жатышканда, убактылуу өкмөткө баарыбыз чогулуп жардам берели дегендин ордуна баары тең сырттан байкоочу болуп, кантер экен убактылуу өкмөт, ушуну менен ээрден шыпырылып түшөр бекен деген кыязда сын-пикир айтуу менен чектелишти. Бир гана Дастан Сарыгулов нукура кыргыздын салты менен "убактылуу өкмөттөгүлөр өз-өз партиясына таянып, калың элге кайрылуу жасабай жатат. Башкача айтканда, ар ким ат көкүлүндөй болгон өз партияларына эмес, жалпы элге таяныш керек эле" деп абдан туура айтты. Ушул сөздүн артында кыргызга жарашпаган ачуу чындык - жүздөн ашык саясый партия ар кимиси өз кызыкчылыгы менен жүзү жүз жакка тартып, калың эл башын бириктирген жетекчиси жок каларын ачык-айкын көрсөттү.
Эгер К.Бакиев тарабынан кулга айланып, анан жок болуу жолуна түшүп бараткан кыргыз элин 2010-жылдын 7-апрелинде кыргыздын жолборс жигиттери менен окко башын тосуп сактап калбаганда, улут катары жок болбойт белек. Ушуну саясый партиянын жетекчилери билбейби? Билип туруп, көздөрү жетип туруп, кой кокуй, баарыбыз биригип бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, кыргыздын келечегин сактап калалы дегендин ордуна, ар кимиси сырттан карап, байкап турушат. Силерге уят, кыргыз жигиттери. Роза деген бир кыз керек болсо өлүмгө башын байлап, элди-жерди сактап калуу үчүн бар күч аракетин жумшап жатканда сыноочу, байкоочу болбой жалпы шымалана киришип, элди-журтту бириктирип, жалпы элге аттай арка, тоодой медер болушуңар керек эле, анте албадыңар. Бирок, Манас атанын арбагы колдогон кыргыз эли эч качан душманга жеңилбейт!
Мукан УСУБАКУНОВ, Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш орто мектебинин тарых мугалими